№13, 29.04.08-ж.
 "Обон"-почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге жөнөткөнгө шашылыңыздар!..
Сиздердин ой-пикирлериңиз гезит бетине жарыяланат. Мыкты деп табылган SMS билдирүүлөргө атайын белектер бар.
69-55-77, 44-98-21 телефон-доруна чалыңыз же болбосо
OBON
сөзүн жазгандан кийин сөзсүз боштук калтырып текстиңизди жазып,
4436
номерине SMS жөнөтүңүз,
SMS баасы 0,5$.

Ошондой эле гезиттин электрондук почтасына,
obon_pr@mail.ru дареги боюнча жиберсеңиздер болот.

Мындан сырткары
0555 002691, 0555 000986
жана 0773 999269
номерлерине SMS жөнөтсөңүз болот.



ОП-13-1. Алабукалыктарга супер салам! Аида

ОП-13-2. Салам "Обон" гезити биз силердин 10-санындагы "Обон почта" берүүңөргө эскертип кетели деп чечтик. Урматтуу Кыргызымдын сулуу кыздары Москва Бишкек эмес өзүңдүн жериңе эмне жетсин. Кыргызстанда эле казаныңды тыкылдата бер. +79269558925

ОП-13-3. Мен досум Пазылов Манасты издейм. Ал Кызылкыядан болчу. Кошоков Мамадияр

ОП-13-1. Мен бирөөнү сүйүп калдым. Эмне кылсам болот. Илгис

ОП-13-4. Апенди эркин микрофонго чыгып айтат. Кыргыздардын өкмөтү Назарбаевдей болуп, качан болот намыскөй. Эмне кылып жүрөт орус тилди өрттөбөй? Орустардын оозун чойдурбай, кыргызча сүйлөттүрбөйбү көптүрбөй. Чынара

ОП-13-5. Ильяз жаңыдан сахнага чыгып келатканда экөөбүз жакын курбу, сырдаш достордон элек. Кийин эле ортодогу көралбастык, бут тосуулардан улам таарынышып, сүйлөшпөй калдык. Андан бери бир жыл өттү. Эч бир телефондон Ильязды табалбай келем. "Эски дос эстен кетпейт" демекчи мен аны сагындым. Аны менен кайрадан бактылуу күндүн кучагында жолугуп сырдашкым келет. Сиздерден сураныч "Кумир менен баарлашуу" рубрикасы аркылуу биздин достугубузга көпүрө болуп берсеңиздер. Диана

ОП-13-6. Ильяз, азыр "шоу бизнес" шаарына учактын билеттери канча болуп калды жана сен канча доллар менен учуп келгенсиң? Мээрим

ОП-13-7. Сүйүктүү кызым Амирхандын туулган күнү менен куттуктайм! 07771670..

ОП-13-8. Кымбаттуу биздин сүйүктүү эжебиз Дөөлөт! Сиздин 22-апрель туулган күнүңүз менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! Сизге ден-соолук, узун өмүр, ишиңизге ийгилик каалайбыз -деп сиңдилериңиз Манзура, Эркайым

ОП-13-9. Жардам бергилечи актер болууга, жанымды берем! Куттубек

ОП-13-10. Мен кумир тутуп сыйлаган белгилүү эстрада ырчысы Азиза айымга салам жолдойм. Азиза эже, сизге чыгармачылык эргүү каалайм. Сиздин ырларыңызды угуудан тажабайм. Мен үчүн сизден өткөн таланттуу ырчы жок. "Обон" гезитинен суранаарым Азиза айым жөнүндө көбүрөөк маалымат берип тургулачы. Анткени, анын ар бир кадамы тууралуу билип тургум келет. Марина

ОП-13-11. Акөргөө жаңы конушунун тургуну, алтындай болгон курбу кызым Жумагулова Айткуляны 26-апрель 18 жаш курагы менен чын дилимден куттуктайм. Жашоого аттанган алгачкы кадамың ийгиликтерди жаратып, ар убак жакшылыктын үстүнөн басып, бул жарыктыкта эч жамандык көрбө. Өмүрүңдүн ар бир күнү түркүн - түстүү боёкторго боёлуп, жүзүңө жылмаюунун нуру толуп, ар дайым ата-эне, бир туугандарыңдын жана биздин бактыбызга бар бол. Сени жакшы көргөн жакын курбуң Наргиза

ОП-13-12. Саламатсыңбы Ильяз, саламын жөнөткөн жердешиң Айпери
ОП-13-13. Анекдот: Сен футболду эмне үчүн жакшы көрөсүң?
- Билбейм, көнүп калсам керек го. - А, үйдө аялым кыйкырат, жумушта жетекчим кыйкырат, а футболдо болсо мен баарына кыйкырам.

ОП-13-14. Зар кылып, сыя кылып кочкул канды,
Сага арнап, тартуу кылам ак
кагазды
Көз жиберип эскерээрсиң каттын ээсин
Жердешиң болгон мендей
жанды.
Ильяз ушул катты окуп мени менен жолугушууңду каалайт элем. 0555135138 Айнура

ОП-13-15. Кумирим Ильяз менен жолугушууну каалайм. Ильяз сахнага чыккандан тарта анын жагымдуу ырларын угуудан тажабайм. Анын ырлары "Кыргызстан обондорунан" көп берилет. Ошол себептүү гана Обонтайды ар качан угуп келем. Ильяздын ар бир жаңы ырынын кассеталары менин үйүмдө сакталуу. Ильяз мен үчүн супер ырчы. Анын "Арманым" деген ыры орус ырчысы Витастын ырларына окшошуп кетет. Мындай дегеним Кыргызстанда жалгыз гана Ильяз Витастын кооз үнү сыяктуу кыйкырып ырдай алат. Мен ырчынын талантын баалайм. Эгер тагдыр табыштырып Ильязга турмушка чыгып калсам, аны өмүр бою чексиз сыйлап өтмөкмүн. Ильяз, сен мен үчүн жалгызсың! Т: 0772 -237-927 Наргиза

ОП-13-16. Ильяз, асманда сенин ырларыңды сүйгөн миң жылдыз болсо, ал жылдыздардын ханышасы - менмин.
Жүзүңө түшкөн кар эрип бир тамчыдан сезген ырахатты мени менен бөлүшөм десең шамал болгон жакты карасаң мен өзүңө шамал болуп жетип келем. Жүрөктөн чыккан ырларымды, асыл сөздөрүмдү сен үчүн арнаймын, талантыңа суктанып чыныгы адамдардын жөнөкөй сезимдери менен эмес, жөнөкөй адамдардын чыныгы сезимдери менен айтылган сөздөрүнө кошулам. Жылдыз 0555353419

ОП-13-17. Ильяз, ты супер! Оставайся таким же и иди только вперед. Шаиргуль

ОП-13-18. Ильяз Алланын амири менен ата-энеңизге алкыш, алкоолор болсун!
Жаш кезекте мүдүрүлбөй, тайманбай, өмүр сүрүп, ийгиликке жетишип, аруу сүйүү, бакыттын күбөсү болуп жүрүңүз. Салтанат 0777900064

ОП-13-19. Ойлоп жаным, жан
ойлоого жаралган
Сизди ойлоп уктай албай
кыйналам.
Ойлобойт деп ойлобогун жан эркем,
Эгер билсең мен сен үчүн
жаралгам.
Мен сени чексиз сүйөм. Кани 0777544959

ОП-13-20. Ильяз, ден-соолуктарың кандай? Сен мага абдан жагасың. Сен жөнүндө ырларды көп жазам. Мен сага аларды окуп бергим келет. Сен да футболго кызыгат турбайсыңбы? Мен да абдан кызыгам. Мен футболго үч жылдан бери катышам. 2-командада ойноймун. Сени көрүп бир жума уктай албай калгам. Мен ошондо сенин концертиңе баралбай калгам. Семанын концертине сен үчүн барган болчумун. Ильяз, менин сага каалоорум чың ден-соолук, узун өмүр. Бактылуу бол. Айсулуу 0777158980

ОП-13-21. Ильяз, кандайсың, иштер кандай ? 0777330718

ОП-13-22. Ильяз, ты супер. Я твой фанат. А дик 0777132144

ОП-13-23. Ильяз желаю тебе всего хорошего что есть на нашей земле и самое главное, взаимной любви будь всегда таким красивым, веселым. Шаки 0772651171

ОП-13-24. Урматтуу Ильяз.
Кудайым берген ырысын,
Кубаласа кетпесин.
Теңирим берген ырысым,
Тепкилесе кетпесин.
Кыдырата даарысын,
Кылымга атың таанылсын.
Тилиңен Куран
Дилиңен ыйман жаңырып турсун. Урматым менен Бегимай 0555279793

ОП-13-25. Ильяз, подари мне свой плакат пожалуйста от Шаиргуль С нетерпением жду 0772651171

ОП-13-26. Ильяз байке, сизге ийгиликтерди каалайм. Шыза 0550134435

ОП-13-27. Ильяз байке, сиздин иниңиз же байкеңиз барбы? 0550134435

ОП-13-28. Ильяз, сиз менин бөлөмө окшошсуз. Ал да сулуу сизге окшоп 0550134435

ОП-13-29. Ильяз, сага Алатоодой бакытты, шаркыраган тоо суусундай тазалыкты, эл таппаган дүйнөдөгү байлыкты каалайм. Кудайым сенден бар жакшылыгын аябасын, сенсиз сахнанын көркү жок экенин билип кой. Урматым менен Наргиза 0773202329

ОП-13-30. Ильяз байке, сиз көп эле ырларды өзүңүз жаратасыз да, ыр сезимдерден жаралат эмеспи. Сиздин сүйгөн кызыңыз барбы? Анан да сиздин үнүңүз жагат. Өзүңүз, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып коёсузбу? Сизди абдан сыйлайм. 0550134435

ОП-13-31. Ильяз, сиз кыргыздын сыймыктанган алдыңкы жигиттеринен болушуңузду каалайм. Терең урматтап Жалалабаттан күйөрманыңыз Наргиза +77024657713

ОП-13-32. Кандай Ильяз? Мен сага бир нерсе айтайын дедим эле. Сен менин жаным, жалгызым, алтыным, аппак сулуу, сүйкүмдүү кичинекей күчүгүмдү көрдүңбү? Кечээ үйдөн чыгып кетип жок. Ийгилик. Ак жол. Кызбурак. 0777469244

ОП-13-33. Анекдот: Мугалим: -Балдар, таң калыштуу дал келүүлөрдү мисалга келтире аласыңарбы? - Мен, айтып көрсөм болобу?
Мисалы, менин атам менен апамдын үйлөнүү тойлору бир күндө болгон.

ОП-13-34. Алиханды келе жаткан 1-май туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! 07721710..

ОП-13-35. 85-жылкы Сурапова Атризага салам. 07721710..

ОП-13-36. "Star dance" шоу балетиндеги сулуу кыз Анара. Мен сени чексиз сүйүп калдым. "Обон", сиздерден сураныч, ушул топ жөнүндө жазгылачы? Адил

ОП-13-37. Шата супер! 11- класс силерге ак жол, ар дайым бар болгула, аман болгула. Каалаган окуунарга өтүп, сүйүктүү кесибиңердин ээси болгула. Силерди терең урматтаган 8-класстын окуучулары жана Кунчу Айпери

ОП-13-38. Салам Д.Доронбеков мектеби. 8-класс супер. Баарыңарды жакшы көрөм. Мини экзамендерди ийгиликтүү тапшыргыла. "ОБОН" Супер! Айпери

ОП-13-39. Кичикемин айылынын 8-б классына ысык салам. Классташыңар Айсулуу

ОП-13-40. Турарга ысык салам. Турар, окууларың кандай?- деп Айзат

ОП-13-41. Темир Назаров, мен сизди сүйөм, чыгармачылык ийгилик каалайм. Мээрим 0555985517

ОП-13-42. "Обон" силерден сураныч фотосериалга Ильязды чыгаргылачы? 07726511..

ОП-13-43. "Обон" гезити, силерге ийгилик каалайм. Өнүгүп - өсө бергиле …

ОП-13-44. Жайыл районуна караштуу Ортосуу айылындагы 10-класстын кыздарына ийгилик. Досторуңар

ОП-13-45. Мен Кичикемин айылында жашаган ата-энем Салмарбек, Жаңылга, эжелерим Эльнура, Гүлнара, байкем Дока жана жезделериме салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм. 0555382819
ОП-13-46. К. Каримов орто мектебинин 11-классындагы классташтарыма салам. Борко айылында жашап жаткан досторума да салам. Гүлнара

ОП-13-47. Кичикемин айылындагы Юнусалиев мектебинин 8-б классынын окуучуларына жана байкем Докага ысык салам Толкун

ОП-13-48. Аскар Акаев президент болуп турган кезинде айтылуу Алайкуу өрөөнүнүн Күйөөташ айылына барып калыптыр. Жергиликтүү жетекчилер, эл менен жолугушуп, шыпылдап тез-тез басып бара жатканын көрүп, ошол айылдын Апы деген аксакалы: "Бу баланы аракка эле жумшай бере турган экен"-деп элди күлдүрүптүр жарыктык. Аку

ОП-13-49. Менин саламым Астанада билим алып жаткан жаным Эммануэлге жолдонот. Билчи жаным, мен сени сүйөм. Байрам

ОП-13-50. Ильяз я тебя не искала,
я тебя не ждала
просто раз увидела и
забыть не смогла.
Живу я лишь табой
Мечтаю лишь о тебе
Думаю лишь о том когда мы будем вдвоем. Айсулуу

ОП-13-51. Salom Ilyaz! Men Gulnoza men sening ashaddiy muhlislangman sening gushiglaringni marog ila eshitaman ijodingga omad! Gulnoza

ОП-13-52. Ира, 1-май туулган күнүң мене куттуктайбыз. Үй бүлөң бала-чакаң менен аман бол. Апара, Венера

ОП-13-53. Анекдот: Ташмат, жүр биз менен балык кармаганы. Мен балык кармаганды билбейм.
- Билбей турган эмнеси бар? Куясың, ичесиң.

ОП-13-54. Ош облусунун Карасуу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндө жашап жаткан сүйүктүү эжем Минаварды 4-майда 30 жашка толушу менен куттуктайм. Эже Кудай берген өмүрдү татыктуу жашап өтүңүз. Сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Минура

ОП-13-55. Жаным,мысыгым, берекем,кош канатым, батыраак айыгып кетишиңди кудайдан тилейм.Сен менин бактыма жаралган жалгыз адамымсың.Сенсиз бул жашоо мага караңгы, супсак.Алтын башың аман болсун ардагым. Ж.Б.М.

ОП-13-56. Дүйшөн, түшүнгөнүмө караганда, сиз гезиттин чоңу окшойсуз. Гезитиңердин деңгээлин көтөрүп сапаттуурак чыгарсаңар деп сындагым келет. Мыногу Назира Айтбековага окшогон тантык кыздарды 1-бетке бересиңерби, ыя? Окурман

ОП-13-57. Мен кечээ билдим, сени чындап сүйөөрүмдү. Жайнаган көздөрүң, жагымдуу, коңур үнүң мени билдирбей арбап алды. Биринчи жолу кечээ көздөрүмө тике карап, колумдан аяр кармадың. Оо, Кудай, жүрөгүм түрсүл кагып, башкача сезимге кабылдым. Мен бактылуумун! Бир гана ушундай көз ирмемди күтүп келгем. Мен каалаганыма жеттим. Эми арман кылбайм, жаным... Нур

ОП-13-58. Атбашы районунун тургуну досум Аидага сагынычтуу салам узатам. Ага бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалайм. Досум, бар бол, бактылуу бол! Асыл