presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№13, 29.04.08-ж.
  Чачыла

Обон - шоу
times
Сайкал кызыл дипломдун ээси
Өнөр дүйнөсүндө 30 жылдан ашык өмүрү бар, айтылуу "Кыз-Бурак" тобунун эң кенже ырчысы Сайкал Садыбакасова Ош шаарындагы П. И. Чайковский атындагы Искуство мектебинин фортепиано бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаганы жатат. Кубанычы койнуна батпаган ырчы кыз учурда мамлекеттик экзамендерге кызуу даярданууда. Эмне дейбиз, эмгекчил жаш канаттын чыгармачылыгын ийгилик коштоп, өсө берсин!

Эки "дөө" Караколдо
Белгилүү "Кылым муза" жана Элла Акулова продюсердик борбору биригип, Каракол элинин тургундарына 9-майда унутулгус шоу концерт уюштуруп берүүнүн алдында турган чагы. Жеке эле Бишкек шаарында концерттерди уюштуруу менен чектелбестен, жаш таланттардын өнөрлөрүн тартуулап, элден бата алып, ыр ышкыбоздорунун жарпын жазганы турат.

Күйөрман кыздардын талашында калган ырчы
Тармал чачтуу, өзгөчө үндүү ырчы жигит Азат Болотбек Караколдогу концерттен чыгып, түнү жол жүрүп келатып, "Холодная водадан" муздак сууга бетин чайып алуу үчүн сууга келип токтогон кезде, күйөрман кыздарынын таламекейине калган. Айласы кеткен Азат ар бир бийкечке жылуу сөзүн арнап, ыраазычылыгын билдирип, автограф берип, араң кутулган. Уйкусу чайыттай ачылган Азат кыздардын сүрүнөнбү, айтор тердеп-кургап, аптыгып, толкунданып олтуруп, борбор калаага боз ала болуп заматта кирип келген.

Асема эми сүйүүдө ууру атыгат
Кыргыз киносу бүгүнкү күндө жаш, жаңы таланттар менен толукталып, маданиятыбызга кайталангыс, өзгөчөлөнгөн көрк берип турганы чын эмеспи. Ал эми "Боз салкын" аттуу кино тасмасы менен элдин жүрөгүнөн түнөк таба алган Асема Токтобекова таланттуу режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Сүйүүдөгү ууру" аттуу киносуна тартылат. Чыныгы турмушунда мындай болбосо да бул тасмада Асема сүйүүгө уурулук кылган образды жаратат.

Керемет жомок тартуулаган бийчилер
Ырчыларды, куудулдарды чимириле бийлегенге үйрөткөн "Назик" бийчилер тобу 7-майда спорт сарайында дүңгүрөтүп бий дүйнөсүндөгү керемет жомок "Миң бир түн" аттуу концертин тартуулоонун үстүндө кызуу даярданып жаткан учуру. Боорду эзген "Дем" театрынын балдары, ырчы, куудулдар жана "Назик" бийчилер тобунун 600 баласы бийлеп чыгып, сахнанын көркүн ачат.

Кубиктин кубанычы
"Сакадай бою сары алтын" ырчы, куудул Кубик Калыковдун сүйүнүчү койнуна батпай турган кези. Анткени, көптөн бери тилеп жүргөн тилеги ишке ашып, "Ырлар, сатиралар, монологдор" аттуу китеби 1000 нуска менен жарыкка чыкты. Белгилей кетсек, май айында китептин салтанаттуу кечеси өтөт.




  Дасторкон

Гималай тоосундагы дүйнөдөгү бийик чокулардын бири Эверест эмеспи. Бишкек шаарында ушул ат менен кеңири таанымал кафе Совет көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Атына заты жарашкан бул кафенин ашпозчусу Жамакеева Тамара үч жылдан бери бул салатты жасоонун устасы болуп калыптыр. Жалпы салмагы 250 граммды түзгөн бул фирмалык салатка төмөнкүлөр керектелет.
1. Ышталган тоок эти - 70 г
2. Уйдун эти - 70 г
3. Таякча, жука тууралып майга куурулган картошка (фри) - 40 г
4. Грек жаңгагы - 10 г
5. Каймактын соусу - 30 г
6. Сыр - 10 г
7. Жумуртка - 0,5 даана
8. Помидор - 1 даана
9. Салат жалбырагы
Тоок этин, уйдун тилин таякча түрүндө туурап, грек жаңгагын каймак соусун кошуп аралаштырабыз. Салат жалбырагын, помидорду чоң-чоң кесип тарелканын четине кооздогон соң, даяр болгон салатты салабыз. Жогорудагыларды аралаштырып, тарелкага салынгандардын үстүнө майда тууралып, майга куурулган картошканы (фри), анын үстүнө кыргычтан өткөрүлгөн сыр менен жумуртканы салабыз. Мына салат даяр. Эскерте кетүүчү нерсе картошка, жумуртка, сыр, каймак соусуна аралаштырылбайт.
Даамын татып отуруп, бул салатты жеген да, жебеген да арманда экенине көзүбүз жетти. Себеби, даамында сөз жок. Келип даам сызып кетиңиз. Эгерде мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, үй шартында эле даярдаганга "Дасторкон" рубрикасы жардамын аябайт.

Даярдаган Нурзат Жусупова




  Сен сүйгөн обон

Айнура Салахидинова
"Сагыныч"
Балбылдап жанган көздөрүң,
Жалооруп сага жетпедим.
Жаш кезек өтүп кетсе да,
Оюмдан такыр кетпедиң.

Кайгыдан жүрөк жанчылып,
Карекке көзүң тартылып.
Караймын дайым жолуңду,
Кайгынын жүгүн артынып.

Сагыныч мени жүдөттү,
Саналуу далай күн өттү.
Сагынтпай келсең болбойбу,
Сароору кылбай жүрөктү.

Кайгыдан жүрөк жанчылып,
Карекке көзүң тартылып.
Караймын дайым жолуңду,
Кайгынын жүгүн артынып.










??.??