presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№13, 29.04.08-ж.
  Атадан калган туяк

Санжар-"Газанда":
"Документим боюнча Манастын баласы эмесмин"

Кыргыз насилинде, өнөр таржымалында "Алма сабагынан алыс түшпөйт", "Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот", "Тулпардан тулпар, шумкардан шумкар туулат" деген жакшы сөз бар. Ошон үчүн тулпардан калган туяк деп бекер айтылбастыр. Тулпардын туягы баралына келгенде ата-баба жолун улап өнөрүн өргө сүйрөйт. Булактан дарыя болуп агып, күлүктүн күлүгүнөн озуп мөөрөй алат. Талант-шыктын жолу ушундай. Кайткыс каркырадай ааламга тамган бүтүндөй кыргыз журтчулугу сыймык кылган, элибиздин чыгаан уулу, өзүнүн куйкум сөздөрү, кулк-мүнөзү менен адамдын күлкү безин ойготкон белгилүү куудул Манас Бердибековдун туң баласы Санжардын өмүр жолунан атасынын өнөр чөйрөсүнө таштанган үрөөнүн, жаш өнүмдү көрүүгө болот. Кадырман калкыбызга аттын кашкасындай таанымал, маданият тармагында өзгөчө орду бар кайталангыс талант Манас Бердибеков 45 жаш күлгүн курагында оо дүйнөгө сапар алып, артында беш туягы калган. Мына ошол балдарынын ичинен ата жолун улаган таланттуу куудул Санжар Бердибеков менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

- Санжар мырза, учурда концерт берем деп катуу камданып жаткан экенсиз. Маегибизди ушундан баштасак?
- Чоң рахмат. Сиздердин редакцияңыздарга келгенде менин алгачкы чыгармачылыгым көз алдыма тартылды. Анткени, өнөр майданынын босогосун аттаганда басма сөз беттеринен эң биринчи жолу ушул "Обон" гезитине чыкканмын. Ар бир кадамдын алгачкысы эсте калат дегендей "Обон" гезити чынында кулагыма жагымдуу, жакын угулат. Ал эми концерт боюнча айта турган болсом, мен жеке концертимди тартуулай элегиме 3 жыл болду. Андыктан бул менин отчеттук концертим болот. Экинчи жагы атам тирүү болсо 15-майда 52 жашка чыкмак. Атамдын туулган күнүнө карата 5-майдан 11-майга чейин Ош, Жалалабат, 13-14- майда Бишкек шаарында концерт берип, 15-май күнү атамдын досторун, тууган-урук, жакын санаалаштарды чакырып куран окутайын деп жатам. Жылда ушул күнү айылга барып аксакалдарды чакырып куран окутуп, күмбөзүнө барып турчумун. Буюрса, быйыл атамдын 52 жаш курагын ушул жакта белгилейин деп турам. Концертте атам ойногон интермедия-сатираларда атамдын ролун ойнойм.
- Атаңыз сизди кантип эркелетет эле. Кайсы сөздөрү кулагыңызда калды?
- Атамдын жанында жүргөндү жакшы көрчүмүн. Атам раматылык абдан шайыр, жүзүнөн күлкү кетпеген, бирөөгө жаман сөз айтпаган, тамашакөй, кичипейил адам эле. Мени "Газанда" деп эркелетчү. Дайыма "Эй Газанда кайда жүрөсүң?" деп чакырчу. Ошол сөзү азырга чейин кулагымдан кетпейт.
- Атаңызга кайсы мүнөзүңүз окшош?
- Атамдын достору басканың, кылчайып караганың, каткырып күлгөнүң Манастын эле өзү деп айтып калышат. Мүнөзүмдүн болсо, берешендигим, ак көңүлдүгүм, анан тез жиним келгендиги окшош. Бирок, атамдын тез жини келип, тез тарачу экен. Айырмасы, менин тез ачуум келген менен оңойчулук менен жазылбайт.
- Манас Бердибеков киши колдуу болгон деп бир учурда гезит беттерине чыгып да, азырга чейин эл ичинде айтылып да жүрөт. Сиз буга эмне дейсиз?
- Атамдын бу дүйнөдөн кеткенине 7 жыл болду. Ушундай имиш-ушактар ошончо жылдан бери айтылып келет. Эл оозунда элек жок. Эл деген эл да. Мен ага такыр ишенбейм. Менин атамдын кабат-кабат заңгыраган үйү же стул талашкандай кызматы болбосо эмнеге өлтүрмөк эле. Атам өзү бирөөгө жүгүн артчу эмес. Ошон үчүн ооруганын да эч кимге айтпай ичтен сызып жүрө берип, ашказанындагы жара жарылып кетип, кан куюлуп бу аалам менен коштошкон. Менин оюмча атам өз ажалы менен эле кайтыш болду. Адам колдуу болду деген жөн гана бекерчилердин чыгарган сөзү.
- Сиз таене, таятаңыздын колунда өскөн турбайсызбы. Баладан небере таттуу болот демекчи, абышка-кемпирдин колтугунан чыкпай чоңойсоңуз керек…
- Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы иши кылса балалыгымдын залакасын эми тартып жатам. Жашым 30 га келсе да тентектигим, шоктугум калбай өзүң айткандай таенемдин кучагынан чыгалбай жүрөм. Үч айлыгымдан таене, таятамдын он биринчи баласы болуп чоңойдум. Эркелемек түгүл эркиндикте талтаңдап кеткем. Таэнемдин бир катуу сөзүн уккан жокмун. Күбөлүгүмдөн баштап, паспортума чейин Үмөталиев Санжар Мамашарипович деп таятамдын атына жазылган. Документ боюнча Манастын баласы эмесмин. Таята-таенемди ата-апа деп, өз ата-энемди ака, эже деп чоңойдум. Чынында Манас атамды артист кесиптештей эле көрөт элем. Мектепте болсо менден өткөн шок бала жок болчу. Сабак окубай барган балдар уялганынан эжекенин алдында баш тырмап турса, мен тескерисинче качан эжеке эшикке чыгып кет дейт экен деп атайлап сабак окубай, шоктук кылат элем. Мугалимдин оозунан "Үмөталиев чык эшикке" деген сөздү укканымда унчукпай Кудайдын бергени деп сүйүнгөн бойдон үйгө карай зуу койчумун. Ойлоп көрсөм өтө эле чектен ашкан эрке болгон экенмин.
- Эң биринчи сахна босогосун аттаган күнүңүздү эстеп көрүңүзчү?
- Алгачкы жолу чоң сахнага филармонияда өтүп жаткан "Түштүк таланттары" деген концертке Айбек Карымов алып чыгып алып баруучу болгом. Андан кийин спорт ордосундагы бир концертте куудул болуп чыгам деп зал толгон элди көргөндө өзүмдү жоготуп койдум. Сүрдөгөнүмдөн өзүм сүйлөп эле өзүм күлө бергем, акырында сөз таппай калып "Ушундай болуптур да" деп чыгып кеткем. Ошондо Бороончу аке тердегенимди көрүп алып "Ии, Санжар атыңды таппай калдыңбы" деп тамашалап күлдү. Анан атам эл алдына чыгып, бул менин уулум, жаш бала, жаңы чыгып жатат деп тааныштырганда араң өзүмө келгем.
- Акыркы кезде куудулдук өнөр менен гана чектелбестен ырдап да жүрөсүз. Репертуарыңыздагы "Трактор" деген ырыңыз жөнүндө көптөгөн сын-пикирлер айтылып келет…
- Бул ыр боюнча өзүмө деле айтып жүрүшөт. Сөзү начар экен, акындар менен иштешсең болмок деген ойлорун да билдиришти. Негизи бул казактардын ыры. Бирок аларда жай аткарылат, мен мунун сөзүн өзүм жазып, шаңдуу, шатыра-шатман кылып кайрадан иштеп чыккам. Кийин ушул ырды ырдабай эле койсом болмок экен деп ойлонуп калдым.
- Жашоодогу урааныңыз?
- Өкүл атам Бек Борбиев мени "Эмгек, эмгек жана эмгек" деп жүрүп өлүп кетпе"-деп тамашалап калат. Ошол сыңары менин урааным алга карай умтулуу!
- Сизди 2-3 аялы бар деп угабыз. Үй-бүлөңүз жөнүндө да айтып кетсеңиз?
- Бир жолу бир концертте күйөрмандардан "Санжар байке, сиздин 3 аялыңыз бар экен го, ошол чынбы?" деген кат келиптир. Анан ал катты сахнада окуп берип, ооба, менин 3 аялым бар, макул болсо төртүнчү кылып кат ээсин да алам деп тамашалап койгом. Анан ушул катты күнүгө концертте колдонуп, ушул эле жообумду кайталай бердим. Кызыгы Ильяз экөөбүз Россияга концерт коюп барсак, ошол жакта да ушундай кат келип, ага да ушундай жооп узатып койгом. Бул сөз ошондон келип чыккан. Чыныгы турмушумда андай эмес. Нарындын Акталаа районуна күйөө бала болуп, жубайым экөөбүздүн бирге түтүн булатканбызга 8 жылдын жүзү болду. Ортодо Берадор аттуу 5 жаштагы балабыз бар.
- Берадор деп Бек Борбиевдин атынан койгонсуз го?
- Ооба. Бек Борбиев- менин өкүл атам. Анан ушул кишидей Эл керегине жараган адам болсун деген аруу тилек, ак ниет менен Берадор койдук.
- Канча бир туугансыз?
- Бир ата, бир энеден жалгызмын. Бир жолу Жолболду Алыбаевге "Кумайыкмын" десем аябай каткырып күлгөн. Негизи аталаш төрт, энелеш төрт бир тууганым бар. Баарысынын эң улуусу менмин. Бир үй-бүлөдө чоңойгон бир туугандай болуп катташып, бири-бирибизге көз салып турабыз.
- Коңгуроо кылып тынчыңызды алган кыздар жок эместир?
- Көп болот. Телефонумду тез-тез алмаштырсам деле таап алышат. Азыркы кыздардын жүрөгү тоо, үй-бүлөң бар экенин билсе да, коркпой туруп мектеп окуучулары кат жазып, арзууларын айтышат. Андай селкилерге жаныңдан сенин жакшы жүр ээ деп коём.

Жубайы Рахат Иканбекова
- Рахат, айтсаңыз куудул жигиттин кайырмагына кантип илинип калдыңыз?
- Ош базары жактан "Баэл" деген кафеде Санжар музыкант, мен официантка болуп иштеп жүрүп табыштык. Айдан ачык мүнөзү менен куудулданып жүрүп эле мени өзүнө арбап алды окшойт.
- Санжар куудул, өмүрлүк жар катары кандай адам?
- Боорукер, ак көңүл, табышкер, үй-бүлөгө бекем адам деп айтсам жаңылышпайм. Кыскасы экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнүшүп, сыйлашып турабыз.
- Кимиңер кечиримдүүсүңөр?
- Санжар кечиримдүү.
Санжар: Буга мен жооп берейинчи. (Күлүп) Жаңы үйлөнгөнүбүздө Ош базарына барып элди аралап жүрүп, Рахатка болбогон эле бир сөздү айтсам отуруп алып, көгөрүп турбай койсо болобу. Жалдырап, жалынып-жалбарып атып араң алып кеткем. Жаш кезинде ушундай көк болчу. Азыр эне болуп токтолуп калды.
- Кыздар телефон чалса кызганасызбы?
- Менин көзүмчө эч ким менен сүйлөшпөйт. Эгер Санжардын талантын сыйлаган чыныгы күйөрман кыздары болсо кызганбайм, анан эриккенде эрмектешейин деп жөнү жок чалган кыздар болсо ошого ылайык жоопту Санжар өзү эле берип коёт го. Ашыкча кызганбайм деле. Негизгиси мен Санжарга ишенем.

Санжардын сахналаштары
Абдылда Иманкулов, куудул:
- Мен Санжардын атасы менен көп жыл бирге жүрүп, чогуу иштешип калгам. "Талант атадан балага өтөт" деген калетсиз айтылган экен. Санжарда атасындай ташкындаган талант бар. Мүнөзү да маркум Манасты тартып калганын байкап калам. Бир нерсени тез кабыл алат. Санжардын сахнада ойногондорун көрүп жүрөм. Менимче, талант менен эмгек бири-бирине камыр-жумур болуп аралашып, айкалышканда гана ийгилик жаралат. Чынында Санжар таланттуу жигит. Бирок, мен сыяктуу бир аз жалкоолук жайы бар. Менден кийинки жаш сахналаштарыма мен сыяктуу жалкоолуктан алыс болгула деп айтаар элем. Ал эми Санжардын жеке турмушу туурасында жакшы билбейм. Саламыбыз, чыгармачылык мамилебиз түз.
Назира Жетигенова, куудул:
- Санжар, акты ак караны кара деген дүйнөсү таза адам. Анын ичинде кымындай арам ой жок. Сахналашымды жан дүйнөсүндө кошоматчылык, алдамчылык ич күйдүлүк деген такыр жашабайт. Мына ушундай туура сүйлөп, түз жүргөнү менен аны чыныгы эркек деп айтам. Чынында мындай эркек адамды табыш кыйын. Анткени, азыр жигиттерге караганда калпты -чынды койгулаган жигитчелер көбөйдү. Алардын алдында Санжар досум алтын адам.
Жакут Сыдыков, куудул:
- Санжар кыргыз элинин сыймыгы болгон алп куудулдун уулу. Бала кезимден Манас Бердибековду өтө сыйлап ыйык тутчумун. Бул дүйнөдөгү бир арманым ошол өзүм кумир туткан адамды көрбөй калганым. Мен сахнага келген жылы каза болду. Андыктан ушундай адамдын баласы менен дос болуу мен үчүн сыймык. Санжар досум адам менен бат тил табыша билген, адамгерчиликтүү, өтө жөнөкөй, жүрөгү таза адам. Чыгармачылыгы тууралуу айтсам Санжарда тубаса талант бар. Өнөр жаатында абдан эмгекчил, тырышчаак бала.

Маектешкен Ж. Бороева










??.??