presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№13, 29.04.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов:
"Сүйүүнүн чегарасы да, Мекени да болбойт"
Окуучулук кездеги бантик сүйүү
Мен 4-класста окуп жүргөндө 3-класста окуган бир кызды жакшы көрүп калгам. Ошол кызды мектепти бүткөнгө чейин кадырлап жүрчүмүн. Бирок ал кыз мени тоготчу эмес. Анткени, мектепте эң шок бала мен элем. Атаман да болчумун. Ал кызга эч кимди тийгиздирбейт элем. Ким сүйлөсө эле менден таяк жейт болчу. Аны мен жөн эле коргоп жүрө берчүмүн. Мен сени жакшы көрөм деп өмүрүмдө айткан эмесмин. Кийин студент болгондон соң ойлоп көрдүм, ал кыздын мага эмнеси жакчу экен деп. Студент болгондон кийин артка саресеп саласың да. Элестетсем, ал кыздын башында эки чоң сонун бантиги, анан абдан сонун портфели бар болчу. Көрсө ошону эле жакшы көрчү экенмин. Колунда бардын кызы болгон окшойт, жакшы да кийинчү. Кийин карасам мен сүйө тургандай деле кыз эмес экен.

Студенттик мушташ сүйүү
Студент болгондон кийин өзүм менен бирге окуган бир кызды жактырып калдым. Мектептеги кызды жактырган абал бул кыз менен да ошондой эле болду. Колун бир да жолу кармаган эмесмин. Жөн эле ар кимден коргоп, эч кимге тийгизбей жүрчүмүн. Оштогу пединститутта окуп жүргөндөгү курсташтарым Кадыралы Артыков, Атантай Акбаровдор билет, ошол кызды коргойм деп мугалимди уруп салып окуудан айдалгам. Ал кызга дагы мен сени жакшы көрөм деп айткан эмесмин.

Чыныгы сүйүүм чынара
Кийин 2-курска келгенде жаңы мектепти бүтүп келген Чынараны көрүп калып, сүйүп калдым. Ага арнап "Бакытым сенсиң Чынара" деген ырды жараткам. Ал менин чыгармачылыгыма көп колдоо көрсөттү, илхамдарды жаратты. Ал менин чыныгы сүйүүм болду.

Чыгармачылык бир сүйүүдөн эле жарала бербейт
Менин бардык обонум же ырым Чынарага эле арналып жаралган десем жаңылышып калам. Мен эркекмин да. Эркек болгондон кийин сукийин сулуулукту жакшы көрөм. Чыгармачыл адамдын баары сулуулукту жактырат. Мен азыр деле сулуу кыздарды көрсөм сүйүп калбайм, бирок ичимде ага болгон урматтоо болот, аны карагым, көргүм келет. Мындай сезимдер ар бир чыгармачыл адамда болот. Кеп жетелешип кетип же үйлөнүп алышта эмес. Мисалы, "Адашпа менин периштем" деген ырым мени тоготпой кеткен кыз жөнүндө. Ал эми Роза Шакирова ырдап жүргөн "Үйлөнүү той" деген ыр да бирөөлөргө болгон жылуу мамиледен улам чыккан. Кээ бирөө айтат ырды отуруп алып эле жаза берем деп. Ал туура эмес. Отуруп алып мен деле он ыр жаратам. Бирок ал жүрөктүн буйругунан чыкпай калат да. Ыр жүрөктөн, сүйүүдөн жаралыш керек. Ырларымдын 90 пайыз сөздөрү өзүмдүкү. Мисалы, "Алтын апа", "Жалалабат", "Эламан" сыяктуу.

Үй-бүлөсү тууралуу
Менин бир аялым, эки кызым, бир уулум, бир неберем бар. Улуу кызым Асел Америка университетинде иштейт. Кыргыз улуттук университетинин англис тилин бүткөн. Экинчи кызым Алина Кыргыз-славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде 4-курста окуйт. Эламан ОшМУда бизнес жана менеджмент факультетинде 1-курста окуйт. Жубайым көп жылдар ОшМУда иштечү эле, жакында Эламан экөө Бишкекке көчүп келишти.

Мен абдан баймын
Моралдык жактан мен абдан бай адаммын. Досторум, үй-бүлөм, мени колдогон жамаатым бар. Ал эми материалдык жактан мен абдан бай адамдардын алдында өтө кембагалмын, кембагалдардын алдында өтө бай болушум мүмкүн. Негизгиси - курсагым ток, кийимим бүтүн. Балдарымдын үстүндө үйү, алдыларында машиналары бар. Мен өзүм эң акыркы моделдеги машиналарды алганды жакшы көрөм. Эч кимге карызым жок. Мурда айтчумун, эки карызым бар деп. Биринчиси - апамдын ак сүтүнө карызмын жана Кудайга жан карызмын дечүмүн. Апамды акыркы сапарга узатаардын алдында "силерге берген ак сүтүмө ыраазымын" деп айткан. Канчалык ыраазы болду билбейм, апамдын көзү өткөндөн бери мен Кудайга бир эле жан карызмын. Андыктан, мени абдан бай дегендер да, кембагал дегендер да жаңылышат. Мен материалдык байлыкты Германияда концерт берип жүргөндө тапкам.

Жубайымдын жакшы сапаттары бар
Бизде "өз катынын мактагандан өлгүдөй кач" деп айтышат. Бирок менин жубайым ийгиликтерге жетишимдин негизги булагы болуп берген. Тоскоол болбой, тескерисинче жакамды агартып келет. Кетсең узатып, келсең тосуп алат. Чынара эки жогорку окуу жайда математика жана экономист билимдерин алып, экөөнү тең кызыл дипломдор менен аяктаган. Мен Казакстанда, Түркияда, Германияда көп концерттерди бердим. Бир жолу Германияга кызым менен жубайым экөөнү ала бардым. Ошондо Германиядагы түрктөр, Түркиянын популярдуу ырчылары Эламанды төрөгөн апасын көрөбүз дешип келип, көрүп кетишти. Анткени, "Эламан" ыры түркчө которулуп, Түркияда абдан популярдуу ыр болуп кеткен. Ушул "Эламан" деген ырым аркылуу Германияда 46 концерт бердим.

Адашкан арзуу сезимдер
Биздин убакта сүйүүлөр абдан таза, ыйык, кол жеткистей аяр болчу. Азыркылардын сүйүүсүнө эч түшүнбөдүм. Ушул жашымда балдарым чоңоюп, неберем бар кезде да 1-курстун студент кыздарынан сүйүү жөнүндө кат алам. Бир жолу бир кызга айттым, мен бала-чакалуу, неберелүү адаммын. Бу кандай? - десем "сиз түшүнбөйсүз" дебедиби. Ушул сөз мага абдан катуу тийди. Анан айттым, кандай түшүнбөйм, биздин убакта сүйүүлөр ыйык, таза болчу деп айтып келатсам эле "силердин убак башка болчу" деп салбадыбы. Булардын сүйүүсү кандай экенин такыр түшүнө албай койдум. Бирок мен сүйүү жөнүндө бир нерсени билем: сүйүүнүн кулагы да, көзү да, ата-энеси да, чегарасы да, Мекени да жок. Сүйүү өзүнчө бир укмуш, эркин өскөн гүл сыяктуу таза нерсе.

Маектешкен Сымбат Максутова










??.??