presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№13, 29.04.08-ж.
  Адабият айдыңы

"Бүткүл аалам мени карап тургандай…"
Белгилүү акын "Кызылат" (1989), "Боз торгой" (1998), "Асанкул куудул" (2003), "Сагыныч" (2004), "Чокморовго ыр десте" (2006), "Ысыккөл сүйүүнүн көзүндөй" (2006) жана Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты (2005), Маданияттын мыкты кызматкери (2008) деген төш белгиси менен сыйланган Бактыгүл Чотурова бизде мейманда.

- Бактыгүл эже, балалыгыңыздын таза асманы жөнүндө айтып берсеңиз?
- Жалалабат областынын Токтогул районундагы Каражыгач айылында 1955-жылы 29-сентябрда туулгам. Ал эми балалык чагым аралчалуу, токойлуу, кайнама булактары бар, суунун тунуктугунан балыктар көрүнүп, оргуштап турган сууга далай ирет бакан менен келип, суу чачышып ойногон кезим Кызылжазы айылында өттү. Учурда Кызылжазы айылы жана кайнама булактар орду түбү менен жок. Себеби, Токтогул ГЭСи курулганда биздин үй суунун алдында калган. Биздин айыл Каражыгачка көчүрүлүп, ал жерде каражыгачтан башка эч нерсе өспөгөн кумдак жер. ГЭС коңшу мамлекеттерди камсыз кылып турганы менен жергиликтүү калкка кечирилгис трагедия алып келди. Биринчиден өзүбүз өскөн айылды көрбөй калдык, экинчиден канчалаган элдердин жерлери суу астында калды, үчүнчүдөн жети атабыз жаткан көрүстөндөрдү казып, сөөктөрүн башка жерлерге көөмп, орун алган жерин да ыраа көрбөй тартып алыштын өзүндө эле кечирилгис айып жатпайбы... Кээде тургундардын кысталыш турмушун көрүп боорум ооруп да кетет. Балалык чагымдын издерин издеп айылга барганымда мелтиреген көлдү тиктеп, кусаланып кайра келем.
- Чыгармачылыкка кандайча кадам таштагансыз?
- Мектепте окуп жүргөндө эле кыргыз адабиятка өтө ынтызар элем. КРнын эмгек сиңирген мугалими, КРнын эл мугалими деген даражага жеткен Бекмырза Батыркулов агайдын колунан таалим-тарбия алдым. Кыргыздын жигиттери Корчагиндей, кыздарыбыз Жоомарттын Алтын кызындай болуш керек дечү. Ал учурда азыркыдай окуу куралдары жок болсо да, агай сүйлөө речи менен образдуу көңүл бурдуруп, жөнөкөй тили менен окуучулардын жүрөгүнө жеткире алган. Учурда жашым элүүдөн ашса да Бекмырза Батыркулов келатат десе өзүмдү окуучудай сезип, боюмду түзөп калам.
Алгачкы ырым Бекмырза агайдын жардамы менен Токтогул районундагы "Учкун" газетасына калың дептеримден төрт сап ыр жарык көргөндө сүйүнүчүм койнума батпай, бүткүл аалам мени карап тургандай сүйүнгөм. Чыгармачылыкка алып чыккан алгачкы кадамым бул - жакшы тилек болгон.
Тоолор, тоолор,
Менин сүйгөн мекеним.
Туу чокуда мелмиреген эң назик,
Заманымдын мен мүлкү бекенмин.
Ушул саптар мени адабияттын ааламына алып чыккандай сезилет…
- Сизге эргүү кандай учурда келет?
- Чыгармачыл адамдар эч качан орто заар жүрө албайт. Эргүү өтө кайгырганда, өтө кубанганда келет.
- Жаңыдан өсүп келаткан жаштарга кандай карайсыз?
- Бизден кийинки муундар адашкан тайлактай болуп, өз киндиктерин өздөрү кесип калышпадыбы? "Эл ичи өнөр кенчи" демекчи, өнөр эч качан токтобойт. Коомдун прогрессивдүүлүгүндө ар бир муун бири-биринен күчтүү чыгуусу кажет. Эгерде муундун өзүнөн кийинки мууну күчтүү эмес чыкса, анда ал коомдун өспөгөндүгүн билдирет. Ал эми биздин жолубузду андан ары өркүндөтүп кете алган муундар: Ж.Исабаева, Н.Калыбеков, А.Эгембердиевалар жана андан ары улай турган жаш муундун топтому "Калемгер адабий клубунда" тарбияланып келаткан жаш муундар кыргыз адабияттын көчүн андан ары улап кетүү үчүн аларга колдоо көрсөтүү ар бирибиздин тилегибиз болуш керек.
- Турмушта эмнеге өкүнөсүз жана эмнеге кубанасыз?
- Адам баласы өкүнүчсүз жана кубанычсыз жашабайт. Ошон үчүн "алды кызык, арты өкүнүч дүнүйө" деп айтат тура… Көбүнесе адам баласы утуру өткөн жашына өкүнөт. Менин деле өкүттө калган учурларым деле болот. Бара-бара көсөм болот экенсиң, турмуш адамды тарбиялап отуруп 80-90 жаштагы карыларыбыз эмне үчүн даанышман болуп калат десе, турмуштун ысык-суугунан өтүп, жаман-жакшыны ылгап отуруп даанышман болуп калат тура. Адамдын баркын көзү тирүүсүндө баалап, ага стимул берип, мыкты эмгектерди жараткандыгы үчүн, талантынын бааланбай калганынын кимге кереги бар. Коңшу өлкөлөрдө мамлекеттик наамдар жок болгону менен чыныгы таланттарды эл гана баалап коёт. Айрым бир мамлекеттерде 50 жаштагы чыгармачыл адамдар өз баасын алышат. Ал эми бизде талантына 70 жаштан кийин гана көңүл бурулат. Мисалы, кыргызымдын залкар таланттары Б.Алыбаев, Р.Абдыкадыров, А.Бөдөшевдөр баш болгон таланттардын ырына мыкты обондор чыгарылып, өлбөс-өчпөс ырга айланып жүрөт. Менин жеке пикиримде ушул мамлекеттик наамдарды, сыйлыктарды жоюп эле салышпайбы? Анткени, наамдардын айынан басынган учурлар да болот.
Ал эми кубанычым беш кызымды көргөн күнүм, төрт неберемди эркелеткен учурум жана мени сүйгөн, сыйлаган инсандардын жанында отурган күнүм бактылуу.
- Эч бир жанга айтпаган купуя сырыңыз барбы?
- Албетте бар. Бирок, сырымды азыр да айтпайм. Эмне үчүн дегенде адамдын адамдыгы жүрөгүндө катылган купуя сырында.
- Сүйүүнүн баркы эмнеде?
- Сүйүүнү саясат менен салыштырсак. саясат күнүмдүк нерсе. Ал эми сүйүү айтып бүткүс түбөлүктүү темалардын бири. Ар бир акындын өзүнүн стили болот. Менин калемимде бул теманы сыйлайм жана өмүр бою жазып өтөм.

Убакыт таппайт адам өзүнө
Туулгандан өлбөөчүдөй сезиле,
Не бир түркүн тагдырларга кезиге.
Улуу, кичүү көөнүн алам деп жүрүп,
Убакытты таппайт адам өзүнө.

Баланчанын тою болот, барайын…
Түкүнчөнүн түйшүгүнө жарайын…
Балдар жүгү андан оор желкеңде…
Чачыңдан көп иш жылдырбай дамайым…

Бук болосуң жүрсөң дагы эрдемсип,
Бул жашоого чарчоо үчүн келгенсип.
Бута коюп улам арткы жашыңа,
Мезгил дагы мээлеп аткан мерген түк.

Жашыл канат жаз-жаштыкты калтырган,
Жана гана бардай элес тартылган…
Жалгыздыктын толтурууга бөксөөсүн,
Жалгыз жээкте мени аяган-жан турган.

Кымбатына кеч аянып телмиргем,
Кыйраткандай тириликке не жеңдиргем?!
Кыйгач жолду көз жашыма сабатып,
Кылычымды ташка чаап келдим мен.

Мээлүүн сезип мендик сүйүү аптабын
Мен өзүмө неге убакыт таппадым.
Анткен менен атың толкун атаган,
Көөнүм Көлдө - сен сагынган жактамын.

Маектешкен
Мээрим Сатарова




(Башталышы
өткөн сандарда)
Алар кайда карап, кайда барышса, ошоякты карай ээрчий аракеттенишкен эрксиз, кудуретсиз, макулукка айланышкан экен го…
Мунун баарын көрүп, байкап отурган чоң Кудай өзүнүн кетирген кемчилдигин дароо түшүнөт да, Кыдыр Илясты жанына чакырып алып:
- Кудай башым менен катуу чекилик кетирдим, -деп өкүнгөн экен.
- Ээ, кудурети күчтүү жаратканым, аныңызды кандайча түшүнсөк болот?
Кудай сүйлөйт:
- Мына бул экөөнү жакшылап байкачы, Илясым. Калган сөздү анан айтам.
Кыдыр Иляс аларга бир аз көз салып туруп жооп берет:
- Көрүп турам, Азретим.
- Андай болсо билип ал: бул экөө менин кудуретимден жаралгандардын ичиндеги эң аруусу, баалуусу жана сүйкүмдүүсү. Буга чейин мен мынчалык татына, суктанарга арзырлык эч нерсе жарата элек болчумун.
Кыдыр Иляс кадимкидей таң калат.
- Кызык, бул макулуктарда суктанарлык кандай касиет бар?
- Жакшылап байка, Илясым.
- Карап эле турам, Азретим. Бирок бул экөөнөн көзгө урунтуктуу, көңүлгө толоорлук жүрөктү элжиреткен эч нерсе таба албадым.
Чоң Кудай кебелбейт:
- Койчу, жакшылап тикте. Менин көзүм менен карап көр. Аларды канчалык тиктесе да купулуна эч нерсе толбогон Иляс мурдагы оюнан баш тартпай дагы эле өзүнчө ой жоруйт:
- Сиз жараткандын баары сонун. Аларга суктангандан мен эч тажабайм. Мени жазага тартпа, мени кечире көр, жаратканым. Эгер туура көрсөңүз, оюмду айтып калайын…
- Айтып кал. Тартынба, Илиясым.
- Аруу деп, кооз деп мына буларды айт. - Иляс куланды, жейренди, эликти көрсөткөн экен ошондо. Тулку деп ушулардыкын айт. Буттарын, кулактарын, баштарын карачы. Тиктей берип көз кумарың канбайт. Тим эле чыдабай кетип кучактап өпкүң келет…
- Чын элеби? - Кудай кыдыр Илясты таң кала тиктейт. Кыдыр Иляс эми Арстанды, Жолборсту, Илбирсти, Ажыдаарды көргөзүп ого бетер ээрийт:
- Сулуу деп мына ушуларды айт. Биринен бири өтөт. Караган сайын көз тайгылат. Жүрөгүң жибип, көңүлүң көкөлөйт. Чынын айтсам, мына бул макулуктарың мага жаккан жок, Азретим.
- Эмнеси жакпайт алардын? - Кудай да таң калганын жашырбаптыр.
- Буттары айры,ырайы суук. Денелеринде ылайым түгү жок. Сүйрөлүп, сүйрүйүп деги эле кейиптеринен жаманын айтпа. Колдору кыска, кулактары мулук. Тиштери да кыска экен. Деги буларыңыз кантип күн көрүп, кантип жан сактайт. Ысыкка чыдабай, суукта тоңуп өлөт. Ушу жагын ойлогон жоксузбу, Азретим?
Кудай ошондо атайын эле текеберчилик кылган дейт:
- Мына бул кооз дүйнөнүн ээлери - мындан ары ушулар. Буларда акыл бар, аң-сезими күчтүү. Билип кой, булар кызыл жабар түктүн не түрлөрүнө чейин өздөрү табышат. Кызыл жабарды алар каалагандай кылып кооздоп, аземдей алышат. Булардын сулуулугу, күчү жана куралы да акылында. Аларга жей турган тамакты, кызыл жабар кейипти акыл-эс берет. Канчалык ойлонуп, эмгектенип, жан кыйнаган сайын алардын күчүнө күч кошулат. Тиштин курчун, тырмактын узунун, курал-жарактын эң бекемин да алар ар акыл менен табышат. Тирүүсүнгөндөрдүн арасында мындан ары булардан өткөн алдуу-күчтүү, айлакер эч жан чыкпайт.
- Буларыңыздын аты-жөнү барбы, Азретим?
- Бар эмей, буларды адамдар дейт. Мындан ары булардын өздөрүнө окшоп көптөгөн айры буттар тарайт. Ошондо көрүп ал…
Кызыга түшкөн Кыдыр Иляс:
- Азретим, макулуктарыңыздын ошо жагы кызык экен,-деп Адам ата менен Хава мамага жан тарткан тура.
Булар акыры жүрүп отуруп отту табышат. Ошондо сен кооз деген мына бул дүйнөдө жаңы учур башталат.
Кыдыр Илястын өзү да анда "от" деген эмне экенин билчү эмес, балдарым. Ошондуктан ал сураптыр:
- От деген эмне, Азретим?
Ал аңгыча күн катуу күркүрөйт. Чагылган чарт-чурт этип, анын оту чытырман токойго келип түшсө керек. Токойдон өрт чыгат. Алоолонгон кызыл жалын Адам ата менен мама Хава отурган жерди көздөй улам жалындай берет да, ал бет алдындагынын баарын мойсоп олтуруп, тигил экөөнү тең оп тартып кетээрде Кыдыр Иляс кыйкырып жиберген экен.
- Теңирим, баары жексен болот. Токтот капырыңды!
- Шашпагын, азыр көрөсүң баарын, деп Чоң Кудай кайрадан өрттү тиктеген бойдон кыймылдабайт.
Ал аңгыча Кыдыр Илястын өзү кызык окуянын күбөсү болот. Алоолоно каптап келаткан кызыл жалын тигил экөөнүн жанына жетип-жетпей токтойт да, же өчүп калбай, же дуулдап күйгөн бойдон чоор ойногон экөөнү каптап кетпей, алар кайда басса ошоякка октос бере ээрчий, тиги экөөнүн эркинен чыкпай тура бериптир.
- Мына көрдүңбү? - дейт Чоң Кудай. - Жада калса менин эң күчтүү куралым, чагылгандын оту да экөөнө баш ийди.
- Ага эмне үчүн капа болосуз, Азретим! Кайра жакшы болбодубу!
- Баятан бери өкүнүп отурганым бекеринен дейсиңби? Жок, мен кокусунан булардын колуна өтө коркунучтуу жарак берипмин. Аны мен азыр гана түшүндүм…
Чоң Кудайдын айтканын түшүнбөгөн Иляс дагы сурайт:
- Сиз айткан коркунучтуу жарак кайсыл?










??.??