presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№13, 29.04.08-ж.
  Жаргылчак

Элдин табитин талкалаган "паразит" ыр
Жаргылчакты баарыңар билсеңер керек. Жаргылчакка түшкөн дан соо чыкпайт эмеспи. Талкаланат, майдаланат, анан кийин тиричиликке пайдалуу талканга айланат. Бүгүнкү мезгилде кыргыз ырлары үчүн дал ошол жаргылчак зарыл болуп туру. Максат ырларды талкалоо эмес, ар тараптуу талдоо, ырдын сапатын жакшыртуу. Маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуу, жаштардын муза дүйнөсүнө болгон табитин тарбиялап, келечек муунга жакшылыктын, ыймандын, тазалыктын, аруулуктун үрөнүн себүү. Анда, үн кошкула. Кат жазгыла. Келечек үчүн чогуу кам көрөлү.
Бысымылда дегенде "Жаргылчакка" акыркы учурларда хит болуп жүргөн "Беш бармак" деген ырды ырдаган Жеңишбек Айтиев кабылды. Аталган ыр жөнүндө маданият ишмерлери ой
бөлүшөт

Беш бармак
Сөзү, обону: Абдумалик Айтиевдики
Биринчи колум бармагым,
Бир окууга баргамын.
Бир партада олтуруп,
Сырыңды сурап алгамын

Кайырма:
Атаң барбы, апаң барбы?
Айтып койчу танцага
Эжең барбы, сиңдиң барбы?
Айтып койчу танцага

Экинчи колум сөөмөйүм,
Ак бетиңден өбөйүн.
Ак бетиңден өппөсөм,
Коргошун жутуп өлөйүн.

Кайырма:
Акең барбы, жеңең барбы?
Айтып койчу танцага
Бөлөң барбы, жездең барбы,
Айтып койчу танцага

Үчүнчү колум ортонум
Оштон чыккан чолпонум.
Көчө жакка көп чыксаң,
Көз тийет деп коркомун.

Төртүнчү колу аты жок,
Сүйгөн кызым өтө шок.
Кат жазамын сагынып,
Жазган каттын жообу жок.

Бешинчи колум чыпалак,
Сен жүрөсүң чычалап.
Мен аскерге кеткенде,
Калдың колуң булгалап.

Балбай Алагушов,
КРнын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер, музыка изилдөөчү:
Мындан үч күн мурун УТРК уюштурган "жылдын мыкты ыры" деген конкурстун 2-туру болуп өттү. Мен калыстар тобунда элем. Ушунчалык капаландым. Элдин табитин талкалай турган ырлар иттин капталындай көбөйүптүр. Көзгө сүртөөргө бир жакшы ыр жок. Баардыгы мышыкча мыёлогон, итче кыңшылаган ырлар. "Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага" деген ыр дагы ошондой ырлардын бири болуп саналат. Чынымды айтсам мындай ырларды укканда жүрөгүм айланат. Ушул да ырбы? Ыр деген эки канаттан турат. Бир канаты- сөз, экинчи канаты- обон. Бул ырдын же сөзүнүн же обонунун дайны жок. Анан ушундай ырларды "Кыргызстан обондору", "Миң кыял", "21-кылым", "Тумар" радиолору күн-түн дебей пропагандалап, кыргызды бузуп атышат. Илгери Калык Акиев: "Түңкатар түнтай журт экен, түтүнү сайын ырчы экен" деп ырдаган. Анын сыңарындай азыр бизде түтүн сайын ырчы. Баардыгы сапатсыз, келекей ырлары менен кууратып атышат. Кайсы абийирлери менен ушундай ырдашат, ыя? Кыргыздын бир жыты байкалбайт. Эми улуттук калорит жөнүндө кеп кылуунун кажети жок. Сөзү кыргыздыкы, обону казактыкы, өзбектики, түрктөрдүкү. Айтор, ырлар жөнүндө айта берсе арман көп. Маданият жаатындагы жетекчилер муну көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен. Азыркы ырчылар өзү акын, өзү обончу, өзү аткаруучу болуп алышып, күйгүзүп атпайбы! Жанагы интернет дегениңер ит экен ай. Ошондон алынган даяр музыкалар шорубузга шор кошуп атат. Өзүбүздүн элдик музыкабыздын жоголуп баратканын ким тана алат? Биздин эл музыка боюнча алганда айыкпаган бир ооруга кабылып, шордуу эле болдук.

Шайлообек
Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны:
"Атаң барбы, апаң барбы, эжең барбы, жездең барбы, айтып койчу танцага" ушул да ырбы? Бул ыр эмес. Тамтаңдаган сөздөр менен жазылган "паразит" ыр. Анан радио-телелер ушундай ырларды байма-бай берип, ырчыларга кошулуп элдин табитин өлтүрүп атышат. Мындайча айтканда өзүбүздү өзүбүз талкалап жатабыз. Жоокердик заманда душмандар "кыргызды кантип жок кылабыз?" деп баш оорутуп олтурганда, бирөөсү "кыргызды жок кылыш үчүн, кыргыздын дилин жок кылыш керек" деген экен. Дил дегенге ыр, чечендик өнөр сыяктуу биздин рухий байлыктарыбыз кирет. "Акең барбы, үкөң барбы?" мынакей бүгүнкү биздин рухий "байлык". "Паразит" ырларга тыюу салыш керек. Антпесек мите курттай биздин табитти жеп бүтөөрү бышык.

Каныкей Эралиева, КРнын эмгек сиңирген артисти, композитор:
Бул эми частушка ыр сыяктуу болуп калган. Отурушта, той-топурда ырдала турган ыр. Чоң сахнага ырдаганда болбойт. Мааниси терең эмес. Сөздөрү такыр жарабайт. Обонун обон деп айтууга мүмкүн эмес. Жеңил-желпилиги менен элдин, өзгөчө жаштардын табитин бузуп атат. "Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага" дегени кыргыз элинин укмуштуудай ыйманын талкалаганы да. Ырды жараткан автордо угармандын алдында чоң жоопкерчилик болуш керек. Анда эч кандай жоопкерчилик жок экен. Өткөндө ушул ырдын авторун сындап койсок "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" деп айтыптыр. Күлкүң келет. Атай экөөбүз андай ыр жаза турган болсок, бир күндө ойноп олтуруп 100дү жазып коебуз. Менин ырым хит болуп атат деп дердейип калса керек. Ушундай тантык ыр жазганы үчүн дердейиштин ордуна бети кызарып уялса болмок.

Актан Исабаев, КРнын эмгек сиңирген артисти:
Эми мындай ырлар кесе айтканда маданиятыбыздын тамтыгын чыгарып бүтмөй болду. Бул көрүнүштөргө каршы мамлекет атайын иш-чараларды жүргүзүшү керек. Жакында маданият министрлигинде ушул багытта чоң чогулуш болду. Улуттук маданиятыбыздын өсүшүнө терс таасирин тийгизип жаткан нерселерди тескей турган комиссия түзүлөт. Атайын түзүлгөн программанын негизинде мыйзамдуу түрдө иш башташат. Музыка тармагындагы деңгээли төмөн, мааниси жок, келекей ырлар жок болот. Алардын ордуна жан дүйнөбүзгө ырахат тартуулай турган ырларды, музыкаларды уга баштайбыз. Мен ошол комиссиянын мүчөсү болдум. Демек, мен дагы элимдин табитин талкалоого жол бербейм. Колдон келишинче күрөшөм. Андыктан, "Атаң барбы, апаң барбы" деген ырдын аз эле күндүк өмүрү калды дегим келет.

Чолпон Алсейитова, ырчы:
Менин ырларга болгон табитим өтө татаал. Менин талабыма гана жооп бере турган ырларды ырдайм. Мен үчүн бул ыр эмес. Эми айылдагы бир короодо өткөн тойдун ыры десек жарашат. Жеке өзүм "атаң, апаң, тагаң, бөлөң барбы" деген начар ырга каршымын.

Замир Арыкбаев, ырчы:
Мен тойлорго көп барам да, ушул ыр тойлордо аябай көп ырдалат. Публика деген ар кандай эмеспи. Бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт. Бирок, элге жакканынан массалык түрдө ырдалып жатат да. Юморлук сезими күчтүүлөргө аябай жакса керек. Чынында бул ырга жаман оюм жок. Эч кимден "ушул да ырбы" деген сөздөрдү уга элекмин. Жалаң эле армандуу ырларды укпастан, тамашалуу ырларды да угушубуз керек деп ойлойм.

Темирлан Сманбеков, КРнын эмгек сиңирген артисти:
Көңүлгө жаккан ырларды, ыргактарды жанталашып угам. Ал эми жакпаган ырларды укпай басып кетем. Ошондуктан "атасы менен да, апасы менен да, тагасы менен да" ишим жок. Уккан эмесмин, укпайм дагы. Мага такыр жакпайт.

Кенжегазы Асанбаев,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Композиторлор союзунун төрагасы:
Муса Баетоев, Атай Огонбаевдер баштаган кыргыз классиктеринин ырлары обондуулугу, мукамдуулугу, маанилүүлүгү менен биздин маданиятты байытып келген. Эмкилердин ырлары алардыкына караандабайт. Батыштык стилге берилишип, сөздүн маанисине, полифониялык ыкмаларга көңүл бурушпай, жыланач ритмге гана басым жасап жатышат. Бул убактылуу нерсе. Түбөлүгү жок. Ошентсе да күн санап көбөйүп атышат. Тыйган, тыюу салган эч ким жок. Сапатсыз ырлар рухий дүйнөбүздү тарытмай болду. Ырлардын сапаты эмес, саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Философияда "сан сапатка өтөт" деген мыйзам бар. Ал бир күндүк нерсе эмес, көптөгөн жылдар керек.

Жаргылчак тарткан Фаризат Асанкалый кызы










??.??