presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№14, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум




Акыркы убакта кыргыз сахнасы жаз мезгилинде жайнаган жоогазындар менен кызгалдактарга бөлөнүп, эстрада жанрында жаңы күч, жаңы дем менен келген бир топ жаш ырчылардын ысымдары пайда болду. Мына ошол жаш ырчылардын бири, репертуарындагы "Туулган жер", "Бакыраң көз", "Кыздар ай", "Энекем" аттуу ырлары менен музыка сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө айланып, канчалаган кыздардын сезимине бүлүк салып, келечектен көптү үмүттөндүргөн мукам үндүү, таланттуу ырчы Темир Назаровду кепке тартып, маектештик.

"Үч жолу мурдумду сындырдым"
- Темир, азыр өзүң теңдүү ырчылар арбын. Баарыңар бир мезгилде чыгып, бир учурда популярдуулукка жетиштиңер. Бирок, сени жаш ырчылардын концертинен көп көрбөйбүз. Жашыруун болбосо, ич ара келишпестиктер жокпу?
- Жаш ырчылар баарыбыз жакшы, жакын мамиледебиз. Мүмкүн болушунча бири-бирибизге көмөк көрсөтүп, кеңеш берип турабыз. Учурда өзүңүздөр күбө болгондой продюсер деген пайда болгон. Бүгүнкү күндө ырчылардан да продюсерлер көбүрөөк болуп жатат. Андыктан ырчыларда кандай өзгөрүүлөр болсо ал продюсерлерге байланыштуу. Алар ырчыны бул ырчы менен сүйлөшпө, тигил ырчы менен мамиле түзбө деп багыт беришет. Ошонун негизинде кырдаал өзгөрүшү мүмкүн.
- Сенин талантыңды, өнөрүңдү баалагандар толтура. Сага ич күйдүүлүк кылып бут тоскондор да жок эместир…
- Туура айтасыз, менин талантымды баалап, сыймыктангандар көп. Көралбагандар андан көп. Бекеринен шоу-бизнес менен саясатты ыплас нерсе (грязное дело) деп айтпаса керек. Менин жүзүмдү карап бир сүйлөп, бир кадам басканда экинчи бетин ачкан "күн карамалар" ондоп саналат. Бирок мен үчүн 3-4 адамдын бут тосуусу көйгөй эмес.
- Жакында бир топ ырчылар УТРК га нааразычылыгыңарды билдирип бардыңар эле. Ошондогу койгон, талабыңар аткарылып жатабы?
- Акыркы кезде бүтүндөй кыргыз калкым күтүп, сүйүп көрчү УТРК дагы айрым телеберүүлөр 2-3 эле адамдын кызыкчылыгын көздөп калбадыбы. Ошол себептен биз элдик телекөрсөтүүдө чындык, калыстык болсун деген маселени көтөрүп, 24-февралда атайын Оштон келип УТРК нын босогосун аттадык. Ошондо Мелис Эшимканов "Сенин көйгөйүңдү жеке өзүм колго алам" деп айтканда мени жөн эле жаш баладай кылып сооротуп койду го, мындай сөздөр кагаз жүзүндө же ооз учунда эле калып кетчү эле деп көп деле ишенген эмесмин. Жок, көрсө мен жаңылыптырмын. Мелис мырза бир сөзүн эки кылбаган адам экен. Ошол кишинин көз алдында биз койгон талаптар акырындык менен аткарылып жатат. Учурдан пайдаланып Мелис Эшимкановго ыраазычылыгымды билдирем.
- Жан дүйнөң жабыркап, кыйналган учурларың болдубу?
- Өзүм жаш болгонум менен көптөгөн кыйын кезеңди баштан өткөрдүм. Акыркы учурда моралдык жактан кысылып, сыгылып кеттим. Мен көргөн кыйынчылыкты өзүм теңдүү ырчылардын бири көрө элек. Бардыгы оңой тамак менен жашап келатат. Негизи адам жашоосунда эки мүмкүнчүлүгү болот экен. Бири алдыга умтулуу, экинчиси артка кайтып кетүү. Мен дал ушундай тандоо учуруна туш болдум. Жан дүйнөм ооруган кезде кулак укпаган, көз көрбөгөн тынч жашоону эңседим. Бешенеме ата-энем, бир тууганым, досторум бар экен, ошолор менин сезимимди колго алууга жардам берди. Ушул учурларда мен бир нерсеге таң калдым, адам баласы канчалык урулуп-согулса ошончолук бышып, бекемделет экенсиң. Жакшы жагы мен ушундай мүнөзгө ээ болдум. Эми кандай мезгил, кандай кырдаал болбосун, ал учурду оңой эле жеңип чыга алам.
- Сахнага чейин спорт менен машыкчу экенсиң. Азыр эмнеге таштап койдуң?
- Мен ыр дүйнөсүнө келгенге чейин 4-классымдан баштап спорттун "Кикбоксинг" түрү менен машыкчумун. Бул боюнча Ош шаарында өткөрүлгөн КМШ өлкөлөр аралык мелдеште күмүш медалдын ээси болгом. Спортсмен болом деп жүрүп белимден 2 жолу жаракат алып, 3 жолу мурдум сынган. Ошондон кийин ата-энем жалгыз балабызды майып кылып албайлы деп менин көңүлүмө карабай чыгарып алышкан. Мындан 7 жыл мурун сынган мурдума азыр эт өсүп калыптыр, дарыланбасам 2-3 айдан кийин ырдай албай калышым мүмкүн экен. Ошол себептен май айынын орто ченинен тартып ооруканага жатам.
- Бир учурда Түркиянын белгилүү ырчысы Таркан өзү менен иштешүүгө чакырган эле. Ал боюнча кандай жооп узаттың?
- Келишим менен Түркияга барып иштөөгө макулдугумду берген жокмун. Анткени, мен үчүн карандай суу ичсем да, өзүмдүн киндик кан тамган кичи мекеним кымбат. Ошон үчүн жөн гана чыгармачылык байланышта кызматташып туралы деген жооп узаттым. Кудай буюрса ден-соолугум чыңалгандан соң Ташкентке, Турцияга барып концерт коюп келем.
- Болочок жубайыңды Гүлнара Калдарованын сиңдиси деп угабыз. Ушул ыраспы?
- Мен бардык жерде айтып жүргөндөй, муну сыр бойдон эле калтырайынчы. Анткени, адам канчалык сырдуу болсо ошончолук кызыктуу болот. Убагы келгенде менин жеке турмушума күбө болосуздар.
- Күйөрмандарыңдан алган өзгөчө белегиң бардыр?
- Мындан эки жыл мурун Бишкектеги бир концертте жоолук салынган кыз Меккеден келген 500 барактуу алтындан жазылган куран китепти белек кылган. Ушул китепти ыйык тутуп, көздүн карегиндей сактап келем. Өзүм мусулманчылык парызымды аткарып намаз окуп, мечитке барып турам.
- Темир, өзүңө кандай мүнөздөмө бересиң? Сени көп жерде орой, көйрөң жигит деп угуп калам…
- Адамдын сыртынан көрүп эч качан баа берүүгө болбойт. Мени көйрөң дегендердин баары мени менен мамиле түзүп көрбөгөндөр. Өзүмө мүнөздөмө бере турган болсом шайыр, ак көңүл, тамашакөй адаммын. Мени менен бирге жүргөндөрдүн жашоосун дайыма күлкү коштоп турат. Анткени, мен шумданып, күлдүрүп сүйлөгөндү жакшы көрөм. Ошондуктан сиз берген суроо менин ички туюмума туура келбейт. Жашоодо канчалык ийкемдүү болсоң, ошончо ийгилик коштоорун жадымдан чыгарбай, турмушумдун урааны катары колдонуп келем.
- Болочок жубайыңды кантип элестетесиң?
- Негизи жигиттер апасына, кыздар атасына окшогон жар издейт турбайбы. Анын сыңарындай жөнөкөй, кичи пейил, мээримдүү, боорукер, назик, кыскача айтканда бүлө боло турган жүрөгүндө ыйманы бар кыргызымдын бир сулуу кызын элестетем. Өзүм да ушундай келишимдүү кыздын татыктуу жары болгонго аракет кылам. Аманчылык болсо, биз жетчү ийгиликтер, жаркыраган жакшы күндөр алдыбызда кулач жайып күтүп турат.
- Саясатка кызыгасыңбы?
- Кызыгам, бирок ал менин ишим эмес.
- Күйөрман кыздардан тажасаң керек?
- Телефон чалган кыздардын аягы үзүлбөй, номеримди улам алмаштырсам деле таап алышат, кайдан алышат билбейм. Мен мындай күйөрман кыздардан тажабайм. Менин талантымды колдоп жаткан кыргыз селкилерине рахматымды айтам. Мен ар дайым кыздарыбыздын башка улуттардан айырмаланып турган асыл сапаттарын баалап, кыргыз кыздарын сыйлайм.

Ж.Калдарова




  Эстрада ырчысы Урмат Усенов:

"Нан бышырып иштегем"
Урмат Усенов 1981-жылы 11-февралда Талас облусунун Кара - Буура районунун Кара-Сай айылында туулуп - өскөн. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Жеке ырчы.

- Сизде "көп кырдуу өнөр бар" десе болот экен. Сүрөтчүлүк, ырчылык, акындык талантыңызды билип жүрөбүз. Булардын ичинен сизге кайсынысы жакыныраак.
- "Мага бул жагат" деп бөлүп карагым келбейт. Себеби, ырдоодон өзүнчө, ыр жазуудан өзгөчө, ал эми сүрөт тартуудан башкача рахат алам. Булар мени менен кошо туулган касиеттер деп ойлойм. Ошондуктан өмүр бою мени жандап жүрүшөт деп ишенем.
- Сиздин чач жасалгаңыз өзгөчө, имиджиңизди өзгөртүп турууга бирөөдөн кеңеш аласызбы же өзүңүздүн каалооңуз мененби?
- Сөзсүз түрдө стилистке, (Замира Молдошевага) жакын адамдарыма кеңешип өзгөртөм. Негизи өзүмө жакканды алдыга чыгарууга умтулам. Жеке эле сахнада эмес, жеке жашоомдо дагы жарашыктуу кийингенди жактырам.
- Шоу бизнесте ар кандай сөздөр болот эмеспи. Бирок, "Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт" да, сизди "Бактыгүл Бадыева менен жакындыгы бар" деп айтышат…
- Менимче, мен үйлөнүп же ал турмушка чыккычакты бул сөздөр ээрчий берет окшойт. Алдыда кимге жаңы ыр жазып берсем, чыгармачылыгыма аралашса сөзсүз түрдө ал жерде да ар кандай кептер чыгарына шегим жок. Негизи мен бардык сахналаш досторум менен жакын ниеттеш, жакшы мамиледе жүргүм келет.
- Сиз чыгармачылыкка чейин эмне менен алек болуп жүрдүңүз?
- Чыгармачылыгыма чейин сахнаны негизги бута кылып, материалдык көз карандысыздыкты камсыздоо максатында көп жерлерде иштедим. Алгач курулушка киргеним эсимде. Май куюучу жайда, нан бышыруучу, контролёр өңдүү дагы башка иштерде эмгектенгем. Азыркы алектенген ишиме жол тапкычакты оорчулукту жетиштүү тарттым десем жаңылышпайм. Жашыман бош убактым болбой, дайыма "иштерман" болсом деп тилек кылчумун.
- Сүйүүсүз жашоону элестетүү мүмкүн эмес да, жүрөгүңүздүн ээси бардыр, качан жеңелүү кыласыз?
- Туура айтасыз. Сүйүү - жашоонун көмүскө булагы. Сүйүүнүн натыйжасында эбегейсиз зор ийгиликтерге жетишсе болот. Келечекте мен да жүрөгүмдүн чыныгы сүйүүсүн таап, анын сүрөтү менен жан дүйнөмдү толтурсам дейм. Жолугарыма ишенем. Азырынча жүрөгүмдүн ханышасын таба элекмин.
- "Таш ыргытсаң таксист менен артисттин башына тиет" дешет, буга кандай дээр элеңиз?
- Таксистин дагы, артисттин дагы көбөйүшү коомдук талапка ылайык деп ойлойм. Керексиз нерсе өзү эле четтеп, муктаждыктын жоктугунан улам алыстап, анан азаят. Биздин таразабыз угарман, окурман, күйөрман, көрөрман деп ойлойм.
- Сизди көпчүлүк досторуңуз "Мачо" деп аташат экен. Сиз бул ат менен сыймыктанасызбы?
- Мен бул лакапка көп деле көңүл бурбайм. Тамаша түшүнүк менен кароого көнгөм. Досторум да кандай атты ылайык көрүшсө аташсын. Бул мага сыймык дагы эмес, кемтик дагы эмес.
- Кайгыдан же коркунучтуу абалдан кантип чыгып кетесиз?
- Эң биринчи иретте сабырды жаныма чакырам. "Сабырдын түбү сары алтын" деген накыл сөз кулагыма кумдай куюлган. Кайгыдан эртерээк чыкканга аракет кылам. Бирок дайыма утуш мен тарапта болот. Көп нерсени жүрөгүм менен туйганым анча-мынча жаракат бербей койбойт.
- Таластыктар мактанчаак болушат го. Сизде андай мүнөз барбы?
- Бул качып кутулгус фактор. Кесиптештерим менден аз байкалганын айтышат. Бирок, кез келгенде келиштире согуп коюу да бар. Менимче, мактануу ар бирибизге жарашат.
Маектешкен
Фарида Тукаева










??.??