№14, 06.05.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү
залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

"Тилим ордуна кирип, жатып алды"
Асанкул Шаршенов жетектеген топ кыдырып концерт коюп жүрүп, Ош шаарына келгенде "Алай" мейманканасына жайгашат. Бригадир катары Асакеге өзүнчө бир бөлмө тиет. Ыңгайы келип калганда ырчы Бурулча Какишева менен азилдешип алайын деп Асаке базарга барып уйдун тилин сатып келет да, артистеринин биринен Бурулчаны чакырып коюусун суранат. Себеби, бир сапар: "Айланайын Бурулча, командировкалап жүргөнүбүзгө 3 ай болду, экөөбүз кээде көңүл ачып коюп жүрсөк кантет?" -деп тийишип тамашаласа "Ушу сенде уят жок, жаштардан уялсаң боло?" -деп Бурулча качып койгон. "Эмне жаштардын жаны жок бекен, алар эмне кылып жүргөнүн биз кайдан билели"-деп Асаке жооп кайтарымыш болгону менен "кеги" ичинде калат. Оюнда эч нерсе жок Бурулча шашып келип, өлгөн кишидей суналып, оозунан тили булайып жаткан Асанкулду көрүп коркконунан эси ооп жыгылат. Өлүмүш болуп жаткан Асакең атып туруп уйдун тилин ката коёт да, полдо жаткан Бурулчанын башын көтөрөт. Анын жаны жаннатка узап кеткенсип денеси шалактаганынан чочуган Асакең шашып-бушуп тез жардам чакыртууга мажбур болот. "Тез жардам" тез эле келип, Бурулчаны алып кетет. Артынан Асанкул да жетет. Барса, Бурулча эсине келип калган экен: "Ой, Асанкул, деги амансыңбы? Ботом жанагы көгөргөн тилиң кайда кетти?" деп сурайт. Анда Асакең "Ээй Букен, сени "тез жардам" апкеткенде тилимдин көгөргөнү, шишиги тарап, ордуна кирип жатып алды. Андан көрө айтчы, менин баягы сунушума макулсуңбу?"-деги десе Бурулча "Өлгөнү турсаң да тамашаң калбайт экен го сенин, жүрү эми кетели, кечинде концерт"- деп ал жерден жетелешип чыгып кетишкен дейт.


Эки чанач
Гастролдо жүргөн кыргыз филармониясынын өнөрпоздору Токтогулдун чоңколор жашаган айылына туш келишиптир. Сахнага Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков чыгып, айтышып калышат. Аңгыча астыңкы катарда отурган бир чоңко гезиттен оролгон килейген тамекини оозуна тиштеп алып, чеккен сыяктуу түр көрсөтүп калат. Анда арттан кимдир бирөөсү бакырат дейт:
- Эй, түтөтпөй токтотпойсуңарбы, эки чаначты кийин деле ыштап аласыңар!
Байкап көрүшсө чоңколор курсактуу, жоон-жолпусунан келген эки ырчыны шакаба чегип жатышыптыр.

Унутулган юбилей
Кадимки жазуучу Сейит Жетимишев телевидениеде иштеп жүргөн убагы. Адаттагыдай жумасына бир болчу жыйналыш болуп, орустун акыны Сергей Фиксиндин юбилейлик маарекеси планга кирип, элге көргөзүлмөкчү болуп калат. Анда жини келип тура калган Сейит агай:
- Аалы Токомбаевдин юбилейин унутасыңар да, кайдагы Сергей Фиксин-миксинди эстейсиңер деп шашкалактап кетип "Ф" тамгасынын ордуна, "С" тамгасын айтып жиберип, кесиптештерин күлдүрүп, аялдар аралашкан жерде же туралбай же чыгып кеталбай ыңгайсыз абалда калган дешет.

Аяк менен чыны
Түптүн Ичкесуусунан Намазбек деген абышка ВДНХ га жолдомо менен барып келиптир. Айылдаштары жабыла жетип келишип:
- Ии, Маскөө кандай экен? - деп сурап калышса, айыл менен шаардын ортосундагы ат менен төөдөй айырмачылыкты кантип түшүндүрүштү билбей, айласы кеткен абышка:
- Атаңкөрүү… Анын эмнеси сурайсыңар! Бир сөз менен айтканда биз биякта жыгач чөйчөккө чай ичсек, тиякта чыныга чычат экен -дептир. Азыр деле унитаздуу ажатканаларды көрө элек кыргыздар бар эмеспи.

Көкүрөк согот…
Токтогулга келген артисттер сөзсүз түрдө Коргоолго жолукчу. Бир сапар келген артисттер да аны чайканадан ырдатышат. Акын ырдап келип эле аягында күңгүрөнүп калат. Ошондо келиндердин бири "Аба, ырыңыз жакшы экен, аягын бүдөмүктөтпөй ачык ырдаңыз" -деп суранат.
- Ээ балам, өзүң сурадың, эми капа болбой угуп тур, -деп Коргоол минтип ырдаган экен:
- Өф-үү - ү, көгөргөн жайлоо көп турбайт,
Көбүргөн шыбак, чөп турбайт.
Көргөндө сендей сулууну,
Кантейин, көкүрөк согот, кө-ө-өт турбайт, ааа…
А.Асранкулов.

Леди жөнүндө легенда
Орус маданиятына эмгек сиңирген ишмер Раиса Максимовна АКШга официалдуу визит менен барат. Коштошуу банкетинде Рейган ага жалтыраган жаңы лимузинди белекке тартуулайт.
- Апей, кызык киши турбайсызбы? Бул белек тууралуу СССР укса эмне деген гана ушак болот билесиңерби?
Рейган таңдана туруп калып, кайра оңой эле жол таап кетет:
- Болуптур, анда сатып алыңыз?
- Баасы канча болот?
- Эми, символикалуу түрдө 1 доллар
- Раиса Максимовна капчыгын оодарып, 5 бүтүн долларды алып чыгат. Ошол учурда Рейгандын чөнтөгүндө да майда жок болуп калат. Ал ыңгайсыздыктан бул жолу Раиса Максимовна алып чыгып кетиптир:
- Убара болуп чөнтөгүңүздү аңтара бербеңиз. Андан көрө ашканына жаңы 4 эле лимузин берсеңиз болот.

"Жели чыккан" жеңе
Апендинин агасынын достору келип калат. Агасы апендини: "Жеңеңе бар да, эртерээк атка мингизип алып келе кой"-дейт. Апенди жеңесине барып: "Сизди акем чакырып жатат, эртерээк келсин деди"-деп шаштырат. Жеңеси эмне болду деп чочуп кетет да, шашып эле атка минет. Келатып апендинин жеңесинен "жел" чыгып кетет. Жеңеси дароо эле билип калбасын деп: "Ап-хи… ох-х, агаң дагы эмне деди?"-деп сурайт.
Анда апенди: "Жел чыкмактан, дамбалы булганса да алып кел деди"-деп жооп берет.

Дудук болгон каракчы
Банкты тоногон каракчы: "Акчанын баарын пакетке салып, эч кимге байкатпастан мага бересиң"-деп кагаз жазып бере салат, акырын пистолетинин учун чыгарып. Бат эле кассир да жазуу түрүндө жообун берет: "Галстугуңузду оңдоңуз, сизди сүрөткө тартып жатат"-деген жазуу бар экен. Жообун алган каракчы оозуна суу жутуп алгандай дудук болуп, акырын банктан чыгып кетиптир.

Тамакты жетим балдарга бергиле
Дзержинский Ленинге телефон чалат:
- Владимир Ильич, качан аталы, түштөн кийинби же түшкө чейинби?
- Түшкө чейин аттыргыла, а түшкү тамакты жетим балдарга бердиргиле.

Даярдаган Алмазбек Эркебай