presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№14, 06.05.08-ж.
  Жаңырган издер

Акшербет сулуу
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт даарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. "Баарынан эне улук" демекчи бул дүйнөнүн туткагы болгон аялзаты жөнүндө сөз учугун баштап, тарыхта ысмы калган кыргыз айымдарынын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.
Эмесе сөз кезегин XVII кылымдын аяк ченинде жашап өткөн Бүргө кызы Акшербет сулуунун өмүр жолунан баяныбызды баштасак.

Акшербет сулуу, учурунда төбөсү элге көрүнгөн, айтылуу Бүргө баатырдын кызы болгон.
Бүргө баатыр кыргыз калкынын сол канатынан тараган Кушчу, Жетиген уруусунан чыккан эл үчүн, жер үчүн күйгөн, көр оокатка, дүнүйөгө азгырылбаган, патриот инсан болгонун басым менен белгилей кетпесек, калем калыстыгы кечирбес.
Болор бала кенедейинен эле элге алынат эмеспи. Анын сыңары Бүргө баатыр Итим уулу дагы он төрт жашында көзгө көрүнүп, өз жерин чет душмандардын суук көзүнөн коргоп, элибиздин арасындагы уруучулук чатактарды калыс чечкен, кедей-кембагалдарга кайрымдуу болуп, артынан жакшы сөз ээрчиген адам болгонуна тарых барактары күбө.
"Жамандан жаан, жакшыдан бөөн туулат" деп айтылгандай, Бүргө баатырдын баркына-барк, даңкына-даңк кошкон кызы Акшербет сулуу, учурунда өнөрү менен элге алынган. Эгер, Акшербет сулуу болуп, бирок, өнөргө бай болбогондо, катардагы сулуу кыздардай эле, аты-жыты билинбей өтүп кетет беле, ким билет. "Өнөрлүү өлбөйт" деп айтылгандай, Акшербет сулуу өнөрүнүн арты менен тарыхта ысмы калып, али күнчө ооздон түшпөй айтылып келет.
Сулуу кыз көздүн кубанычы, айлананын көркү, сезимдин ээси экени тээ илгертен бери эле айтылып келатпайбы.
Анын сыңары Шербет кыз бой тартып, бой мүчөсү жагынан эле келишкен сулуу эмес, акылы тунук, акындык өнөргө жакын сөз баккан, кошок айткан, элдик ооз эки чыгармага бай, колунан көөрү төгүлгөн уз, төрт тарабы төп келишкен көз жоосун алган сулуу кыз болуп чыга келет.
Табият тартуулаган сулуу кызга бара-бара "ак" деген сөз кошулуп, ысмы "Акшербет" болуп айтылып калат. Бул дүйнөдө телегейи тегиз ким болуптур. Хандын дагы бир татым тузу кем болгондой, көптөгөн сулуулардын катарын толуктап, Акшербет да өзү каалап, сүйүп, жактырып турмушка чыкпаганы, өмүрү өткөнчө жүрөгүн өйүгөн экен. Буга дагы белгилүү кудалашуу салтынын кесепети тийип, Кушчу уруусунан чыккан Кубат бийдин уулу Агышайбекке кичинесинен эле башы байланып, сүйүү бакытына ээ боло албайт. Күн айга, ай жылга айланып, Агышайбек менен Шербет кыз дагы бойго жетет. Ал учурда ооздон чыккан сөз аткарылып, убада убагында орундалып, калп айтуу жокко эсе болуп, эл булганбай таза эле да. Кубат бий өзүнүн бийлигине чиренип, Бүргө баатырдын алдында сынып калат да, ошол себептен кызына куда түшүп, калыңдын шылтоосу менен Бүргө баатырдын көңүлүн алат. "Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер" демекчи, Бүргө баатыр айдай сулуу кызын Кубат бийдин жок эмне экенин билбей өскөн эрке-талтаң уулуна ыраа көрбөйт, бирок убада ооздон чыгып калган соң, ичинен сызып тим болот.
Калың өтүп бүткөн соң, Агышайбек күйөөлөп, Бүргө баатырдын үйүнө келип, Акшербетти көрүп эле жактырып калат да ичинен кым эле дей түшөт.
Кимдин эле сулуу, өнөргө бай аялдуу болгусу келбесин. Агышайбек өзүнүн эрке мүнөзүн көргөзүп, Акшербет сулууга жакпай калат. Кыз кылыгы менен кымбат деп айтылгандай, кылыктанган Акшербет күйөө болуучу Агышайбектин түрүн байкап, ичинен түтөп, башын чайкап, өзүнчө сын берип, Агышайбекке ичи толбой "Мени кайындап алчу түгөнгүр, хан уулуна окшобойт. Мени алам деген түгөнгүр, бий уулуна окшобойт" деп жакын көргөн жеңесине айтат. Жеңеси чын-ниетинен кейип айткан Акшербеттин сөзүн угуп, "Кой кыз антип айтсаң, болочоктогу күйөөңдүн көңүлү сынат, эмне болгон күндө дагы анын өзү жаман болсо да, атасынын элге чыккан аты артык. Чанбагын, чансаң анда анын атасы дагы капа болуп, бир балээни баштабасын" деп тыйган болуп, жеңеси ары айтып, бери айтып Акшербеттин көңүлүн ача албай убара болот. Акшербет кабагын түйүп, "Эмне себептен мен кыз болуп төрөлүп калдым экен. Кыздын багы күйөөдөн. Ала көөдөн, алды-артын карабаган, Агышайбекке атам эмнеге менин башымды байлады. Айылдагы толгон жигиттен атамдын тапканы ушул болдубу?" -деп, ичинен сызганы менен сырын сыртка чыгарбайт. Агышайбекти көргөнгө чейин, аны көрүүгө куштар болуп, келечектеги түбөлүк жарын такыр башкача элестеткен Акшербет, соодасы бүткөн сарттай, шалдырап эле олтуруп калганын байкаган кайран энеси дароо бир нерседен сыр алып, кызын сөзгө тартат. Акшербет кабагын бүркөп: жеңесине айткан сөзүн айтып, ичи толмок турсун, көңүлү ага чаппаганын кеп кылып, энесинен жардам сурайт.
Энеси Акшербеттин сөзүн угуп, өзүнүн энелик кеңешин айтып, көңүлүн көтөрүүнүн камын көрөт. Бул убакта Шербет кыздын арзып, көңүлү жактырып сүйлөшкөнү деле жок экен. Ал учурда башы байланган кызга эч ким деле батынып жолочу эмес тура. Анткени салттан чыгып кайда барат. Акшербеттин түнөргөнү күч алып, кабагы ачылбайт. Муну атасы Бүргө баатыр дагы байкап, аялынан сураса, аялы болгонун болгондой айтып берет. Бүргө баатыр иш чатагына айланып кете электе, эбин келтирип, сөз менен Акшербет кызын ийге келтирет. Бутага тийген сөздү уккан Шербет кыз, атасынын куйкасы жөн тилинбегенин билгенден кийин, тагдырына моюн сунуп, Агышайбекке тийгенге бел байлайт да, ичинен ойлойт "Атам менин жолумду ант менен бууса, менин тилимден чыга албай анттан, шерттен тайса, Агышайбекти мен чансам, анда атамдын башын тилген Кубатбий атамды эле эмес, айылды жөн коёбу. Айылды жоого чаптырып, кудалаган эримди чансам анда менин түбүм оңобу? Атамды сөзгө сындыргандан көрө маңдайга жазганын көрөйүн. Баарына көнүп, Агышайбекти эр кылайын, аяк-башын сылайын. Ошондо баркымды билбесе, эртели - кеч ыйлайм да. Эрден багым тайкы экен, эми эмне айла кыла алам. Ургаачы болуп жаралган соң, баш аттаганым болбойт" деп, Агышайбекке эч бир сыр бербей өз каалоосу менен тиет. Акшербеттин бул кылыгына ыраазы болгон атасы менен апасынын көңүлдөрү жай алат. Ошентип, Акшербет кыз, кыз кези менен коштошуп, көңүлү сүйбөгөн жанга турмушка чыгат.
Жаштайынан чыгармачылыкка жакын өскөн Акшербет эрге тийген күндө дагы чыгармачылыгын, кол өнөрүн таштабай өзү менен бирге аздектеп багып алып жүрөт.
Убакыт өз нугунда өтүп, ичээр суусу түгөнгөн Бүргө баатыр дүйнө салат.
Атанын баркын чыгарып кыз бала кошок кошуп, элди ыйлаткан учур илгери көп кездешкен экен. Анын сыңары Акшербет дагы атасы өлгөндө сөздүн тереңине баа бергендей кошок кошуп, элдин көбүн ыйлатып, Бүргө баатырдын баркын көтөрөт. Ошондо, сөөк коюу аземине келген калың эл, Акшербеттин өнөрүнө таң беришкен экен. Кайда болбосун адамдын атын жана даңкын өнөр көтөрөт эмеспи. Айткандай, барган сайын Акшербеттин акындык өнөрү, кошкон кошоктору калың кыргыз эли эле эмес, коңшу казак баурларга дагы жетет.
Бир күнү солто элинин эл жакшысы Баатыр Жангарач ырчы Балык ооздон:
- "Я, Балык ооз. Жаактуудан сенден өткөн ырчы барбы?" -деп, сурап калат. Балык ооз суроону угуп, токтолбостон:
- "Ээ, Жангарач баатыр. Мына биздин Талас өрөөнүндөгү Кушчу уруусунан чыккан Бүргө баатырдын Акшербет деген кызы бар. анын акындык жана ырчылык өнөрүндө чек жок. Эгер, сиз анын өнөрүнө күбө болсоңуз, анда менин ырчылык өнөрүмдү көзүңүздүн кыйыгы менен карап, көңүлдүн сыртынан кетиресиз" -дейт. Бул сөздү уккан Жангарач баатыр, Балык ооз менен убакытты болжоп, Таласты көздөй бет алат, Акшербеттин өнөрүнө күбө болуу үчүн. Ооба, айткандай талантты баалаган киши баалайт. Базарда олтуруп акча эсептеген же болбосо көр дүйнөдөн көзү каткан адамдын бир гана ой-тилеги, дүнүйөгө түркүк болчудай байлык кубалоо менен өтүп кетээри турган иш эмеспи. Жангарач баатыр өнөргө кызыккан үчүн Чүйдөн Таласка Акшербеттин үнү жана ырдаган ырынын мазмунун угууга барат.
Агышайбек ат арытып алыстан келген конокторду сый кабыл алат. Жангарач баатыр койлук конок эмес, тайлык конок болгондуктан, кызыр эм тай сойдурат.
Ал күнү алыстан келгендер мейман болушат. Эзиле бышкан тайдын эти желген соң, тасмалга бата тиленип, жатууга кам урушат. Эртеси таңкы тамакка отурушканда коноктор атайын алыстан эмне максат менен келген жөндөрүн айтышат.
Ошондо Агышайбек аялы Акшербетке кайрылып:
- "Бул коноктор сенин өнөрүңдү арзып, атайын алыстан келишиптир. Бир көргөзүп кой эми өнөрүңдү" -деп уруксат берет.
Акшербет, өнөр сыйлап келген меймандарга болгон өнөрүн көргөзгөндө, Жангарач баатыр чын-ниетинен ыраазы болуп, Балык ооздун айткан сөзүнө ынанган экен. Акшербет кошок кошкондо жана ырдаганда сөздүн бүрүн тандап, чукугандай сөз таап, адамды өзүнө буруп, болгон дитин таштап салчу экен. Ал кезде азыркыдай кош тилдүүлүк болбогондон кийин сөздүн өңүтүнө, маанисине көбүрөөк көңүл бурулуп, өнөр баркталып келген.
Айтмакчы, Акшербет өзү акын болгондуктан кошок кошуп, ыр ырдаганда, эсте каларлык маанилүү сөздөрдү көп пайдаланып, элге тез алынганы айтылып келет.
"Аял жакшы, эр жакшы" демекчи, өзү чанган Агышайбекти көңүлү сүйүп жактырбаса дагы, жаман жагын жашырып, жакшы жагын чыгарып, болгон акылын айтып, эр кылып, катарга кошуп кеткени бар, бул жагын дагы унутта калтырбай, басым менен белгилей кеткенибиз оң.
Эгер Акшербет "сүйгөн жокмун" деп, келечектен сезимди өйдө койгондо, анда мынчалык деңгээлде баркталбайт эле.
Акылы тунук Акшербет, алдын ойлоп, атасы менен энесинин жана элинин келечегин, сүйүүдөн жогору койгону баатырлык эмей эмне? Айтмакчы, табигый сулуулук менен таза талант эч качан эскирбей, жашара берээрин көңүл тереңине түйүп, жасалмалуулуктан алыс болсок гана, барктуулук сакталаарында эч шек жок.

Бердикожо Бийназаров




  Жылдызыңыз жөнүндө толук маалымат

Тараза (Весы)
(24-сентябрь -
25-октябрь)
Эреже катары булар жеңил, айкын акылы бар, ак көңүл адамдар. Венера аларга келишимдүүлүктү, келбетти, сүйүү жөндөмдүүлүгүн берген. Таразалар турмушта шайкештикти тез табышат. Ошол эле убакта таңгаларлык баёо келишет, өздөрү саат бою сүйлөп жатып ошол эле учурда башкаларды да уга алат. Булар активдүү адамдар, бирок айрым учурда гана шашылыш иш бүтүрөт. Сизди бул сапаттар оңтойсуз кылдыбы? Бул сапаттагы айрым айкашуулар атүгүл алардын өздөрүн да таң калтырат. Башкы максаты бардык нерседе белгилүү болгондой - тең салмактуулук.
Алардын негизги абалы-көңүл абалынын өзгөрмөлүүлүгү. Алардын жылмаюусу Венераныкы, сиздин салкын кандуулугуңузду эритет, булардын алдында туруштук берүү кыйын. Кээде алар кандайдыр бир чечим кабыл аларда чечкинсиз абалда болушат, дайыма шайкештикке умтулган менен айрымдары тамакты, ичкиликти, сүйүүнү ашкере пайдаланып жиберишет.
Эркек - Тараза
Бул киши сизге көптөгөн кеңешти бере алат. Сиздин маселе жана суроолорго карата даяр чечим анда дайыма бар. Бирок аны сиздин идеалыңыз деп ойлоого болбойт. Ал сүйүүнү баш кылып, эсептеп турганына таңданасыз. Ал эми Тараза - эркек сизге өзүнүн куштарлыгын билдиргенде аны менен мамилени үзүү оңой эмес экендигин көрөсүз. Андан кутулууга аракет жасоо деген, катуу капканга кабылып калып кутулмак болгон сыяктуу эле оор иш.
Ал ушунчалык назик жана жагымдуу болгон учурда сиз анын кыжырыңызды келтирген кемчиликтерин унутуп коёсуз. Сиздин жүрөгүңүз кайрадан ага кайрылат. Ошол учурдан баштап сиздин күрөш жеңилди деп эсептеңиз. Ал үчүн кандайдыр бир чечим чыгаруу чоң кыйынчылык, чечим кабыл алгандан кийин да сизге эскертпей туруп эле өзгөртүп жиберет. Албетте, өз оюна каталык кетирдим деп эсептесе.
Тараза -эркектер "жок" деп айтууну сүйбөйт. Кимдир бирөөгө адилетсиз болуу киши өлтүргөн сыяктуу эле. Булар соттор. Дайыма эстегиле, эркек таразалар абстрактуу кызыгуучулуктан туруп талашат. Ал сиз ойлогондой ушакчы эмес. Андан сыр тартуу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Ошондуктан ага ишенүүгө болот. Сиз ага сырыңызды толук төгүп болуп, сиздин ички кайгыңыз аны кейите албаганынан азап чегесиз. Ал өз түгөйүнүн көңүл абалын түшүнбөгөндүктөн абдан көп жагымсыздыктар болуп турат. Тараза эркектер сараң эмес, бирок аны эл көп чогулган жерге сүйрөбөгүлө, ал көпчүлүктү сүйбөйт. Ал чатакташууну, жагымсыздыкты, татаалданууну жек көрөт. Бул дүйнөдөгү тынчтык баарынан кымбат. Көп учурда тагдырдын эркеси.
Аял - Тараза
Венеранын колдоосу бул аялдарды жагымдуу, жароокер өзгөрмөлүү кылган. Алардын негизги иши - сүйүү. Анын ролу - жагымсыз окуяларды жумшартуу. Чыныгы аял - таразада сиздин моюнуңузга таштай илинип алчу адат жок. Атүгүл ал сиздин жолдогу бардык таштарды терип салгысы келет. Жоопкерчиликтүү иштерди сизге таңуулабайт. Эң орто делген аял- тараза абдан иштиктүү талдоо жөндөмүнө ээ. Бул сизге ишке байланышкан маселени чечүүдө чоң жардам берет. Мындай жөндөмдүүлүгү анын мүнөзүндөгү көп кемчиликтерин жаап кетет. Тараза аялында болсо бейтааныш киши сиздин үйгө келип Адам менен Ева бейиш багында жүргөн экен деп ойлошу мүмкүн. Ал сизге келген катты эч качан ачпайт, ал анын башына да келбейт. Сиздин сырды ачпайт, башчыңыздын алдында да оңтойсуз абалда калтырбайт.
Анын сүйүүсүнүн жетишпегендигин сезбейсиз, себеби сентименталдуу жана абдан сезгич. Анын негизги тагдыры сизге аял болуу. Сиздин тараза-аял "ооба" деп көбүнчө айтат, сүйлөгөндү сүйөт, бирок сизге аудитория керек болгон учурда жакшы угуучу да болот. Бул аял катуу, ошол эле учурда жумшак. Мындай тең салмакты аялзаттарынын көпчүлүгү сактай албайт. Сиз жакшы кеңешке муктаж болуп турганда анын жардамга сунулган колу кандай гана зарыл экендигин сезесиз. Ал сиздин ролду эч качан төмөндөтпөйт, бул үчүн ага ыраазы болуңуз, ага дайыма таянууга болот.
Ал балдарын сүйүп ага кам көрөт, бирок ачык айтканда алар сизден кийинки, экинчи планда. Алар кичи кеңешчи, а сиз президентсиз, бул жөнүндө ал унутпайт. Балдарын дайыма камкордук менен карайт. Анын балалуу болгондорунун башкы себеби сизди бактылуу кылуу, баланы ал өзү үчүн эмес, сиз үчүн төрөйт.
Көпкө чейин унчукпай отурган учуру да болот. Бул анын эмоционалдуу тең салмагы бузулган кезде болот. Мындай учурлар көпкө созулбайт. Анын таразасы өзү тең салмакка келет, бирок тең салмакка жеткиргенге сиз да жардам бериңиз.
Белгиси - Аба, Венерага баш ийет. Сыртка чыкпаган сезгичтик, жайдарылык, сылыктык, жагымдуулук, салтты кармоо жана эч кимди капа кылбоо.
Жетилүү доору: 35-46 жаш, бейкам бакыт, кабыл алынган акылмандык.
Аялуу мүчөсү - бөйрөк, бул мүчөнү бала күндөн абайлаш керек.
(Кийинки саныбызда Чаян жылдызын
окуй аласыздар)














??.??