Warning: include(../../yandex_h.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/0506_15.htm on line 1

Warning: include(../../yandex_h.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/0506_15.htm on line 1

Warning: include(): Failed opening '../../yandex_h.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/0506_15.htm on line 1
п»ї
"Обон", 06.05.08 - 15-бет: Кыргыз искусствосунун кайраткерлери...•

Коомдук-саясый гезит
№14, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/0506_15.htm on line 32

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/0506_15.htm on line 32

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/0506_15.htm on line 32




  Кыргыз искусствосунун кайраткерлери

Тайгак кечүүдөн кийинки бийиктик…
Бир улуу ойчул "Таланттар байыр алган жер кереметтүү жер" деген экен. Чынында эле талант менен тагдыр коштолгон кереметтүү чарбакка баш бакканыңда руханий асылдыктарды өзүңө сиңирип, жан дүйнөң бир башкача толкуп-ташып, ырахат алат эмессиңби.
Канчалаган залкарлар көзү тирүүсүндө анчейин барк алынбай, кай бирлери наам, сыйлыктарды алмак турсун "Ырахмат" деген сөздү укпай, бул оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн оорчулуктары менен алышып жүрүп кете беришти.
Аттиң... Колдон келгени ушул экен. Жок дегенде залкарлар туурасында эскерүү жазып, алардын басып өткөн жолу жөнүндө жаштар билип калса деген тилек.
Тамара Жумакаева... Бул ысымды укканыбызда кадимки Курманжан датканын элеси көз алдыга тартылгансыйт.
Анткени, Тамара Жумакаева дал ушул датка энебиздин ролун ийине жеткире аткарып, театр өнөрүнө өчкүс изин, сыймык менен кылымдар жашап калчу атын калтыра алды. Бир гана театр өнөрүн эмес, ыр дүйнөсүн да өзүнө багындырган зор талант ээсинин өрнөктүү өмүрү кандай өткөн, жеке адамдык сапаты кандай эле? Мына ушуларды билүүгө аракет жасап көрдүк.
Бул киши ата-энесинен кичине кезинде ажырап, балдар үйүндө тарбияланып, чоңойгон. Ата-энесинин мээрин көрбөй, элдер менен көп аралашпай өскөнгөбү, чапчаң, шатыра-шатман, эркек мүнөздө чоңойгон. Кандай ишти жасаса да майын чыгара аткарып, ачык айтып, ак сүйлөгөн калыс адам болгон. Кандай жерде, кандай жагдайларда болбосун оюн бетке айтканды жакшы көргөн. Кайран киши кимдир бирөөнүн кемчилигин көрүп турса кайдыгер болуп, кол шилтеп басып кетпей, көзүнө ок аткандай эле тарс этип атып, туура эмес нерсени ташка тамга баскандай катыра айтып салчу тура. Өзү да дал ушул мүнөзүнө кээде өкүнүп: "Ушул мүнөзүмдү калтыра албай койдум. Бул ээн өскөндүгүмдүн таасиринен болсо керек. Кээде өзүм да уялып калам. Бирок, Кудай ушундай кылып жаратып коюптур, арга барбы..." деп калчу экен. Бирок, ошого жараша ашыкча боорукер, ак көңүл, ишенчээк адам болгон.
Ишенчээк, ак көңүл демекчи, Таттыбүбү да дал ушул асыл сапаттары менен "адам жапайылардын" жемине айланбады беле, аттиң...
Ичинде кири жок Тамара эже адамдардын баарын эле өзүндөй көрүп, алданып басып жүргөн. Ошондо да "Кудайдан жетсин, мейли" деп жаркылдап, кабагым-кашым дечү эмес. Оокат жагынан алдына киши салдырбаган, узчулук чеберчилиги бар эле. Тор токуп, сайманы келиштире сайган.
Анан да өтө меймандос, кең пейилдиги адамды өзүнө тартып турган. Улуу-кичүү дебей, баарына бирдей мамиле жасап, достукту бийик койгон.
Ал эми актрисанын үй-бүлөлүк абалына токтолсок, жолдошу экөө эки айрылыш жолго түшүп, эртелеп эле ажырашып кетишкен. Анын себеби, барып-келип эле кызганыч сезимине такалса керек. Анткени, жолдошу "театрда иштебе" деген оюн билдирген. Башка эч кандай талаш-тартыш, чыр -чатак болгон эмес. Бирок, актриса өмүрлүк жарынын оюн сыйлаганы менен баары бир театрды таштап кете албайт болчу. Бул кишинин жашоодогу жан шериги, табылгасы, байлыгы, сырдашы, муңдашы театр боло турган.
Түгөйү башка адамдын колун кармап кеткен соң, белди бекем бууп, уул-кыздарын өзү тарбиялап, эрезеге жеткирген. Антсе да жан дүйнөсү кенен адам балдары менен атасынын ортосундагы байланышка каршылык кылган эмес.
Чыгармачылык жаатына келсек, жогоруда сөз болгондой Тамара Жумакаева бир гана актрисалык өнөр менен чектелбестен, уккулуктуу, мукамдуу үнү менен ырды да жогорку чеберчиликте аткарып, "Ырдын ханышасы" атыккан.
Белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиев менен чыгармачылык жакын мамиледе болуп, өмүр бою ошол кишинин ырларын аткарып келген. Композитордун көп чыгармалары Тамара Жумакаеванын аткаруусунда калды. Алар кылымдар жашап калаарында шек жок.
Көпчүлүк музыканттар бул адамга обондорун көрсөткөндөн тартынышчу экен. Анткени, жеңил-желпи музыкаларды укса: "Мен ырдай албайм, оңдоп кел!" деп койчу тура. Көрсө, укмуштай бийиктикке, тазалыкка көнүп калган адам өзүн сыйлап, өнөрдү аздектеп, аны алдагысы келбеген.
Бул кишинин жердиги Нарын облусунун Куланак айылынан. 1942-жылы 8-майда төрөлгөн. Улуу актриса театр тармагына кенедей кезинен аралашып, анын ысык-суугу менен тең жашады. Жаш кезинде "Оптимисттик трагедия" деген спектаклде комиссардын образын жаратып, ошондон тарта оозго алынып, көпкө чейин "Комиссар кыз" деген ат менен аңыз болуп айтылып жүргөн. Андан кийин да канчалаган мыкты образдарды жараткан. Санай берсе өтө көп.
Дегеле актриса Нарын театры үчүн опол тоодой кызмат жасаганын баары айтышат. Баарынан да актрисанын башкалардан өзгөчөлөнгөн артыкчылыгы - бийик даражага жетип турса да майда, кичине роль тийип калса тартынбай аткарган. Мейли, комедиябы, драмабы, трагедиябы, баарын кыябына келтирип, ойной алган. Ал театрды: "Менин жаным, менин жашоом!"- деген. Өмүрүндө сыйлыкка, атак-даңкка умтулбаптыр. "Сурап алган да наамбы?! Наам алсаң, ошого жараша анын жүгүн да татыктуу көтөрө билиш керек. Ал элдин жүгү, милдети болот. Алгандар ала берсин . Кудай ай, баарына эл тараза эмеспи"- дечү экен. Актрисанын өмүрү күн-түн дебей театрда өткөн.
Өмүрүнүн акырында ал айтылуу Курманжан датканын ролун аткарууга үлгүрдү. Дагы канчалаган образдарды жаратат эле. Аттиң, өмүрү кыска болду. Ким билет, дагы көп жашайт беле... Көрө албастык, ичи тардык, бут тосуулар кайран кишиге ок болуп тийип, көңүлүн бырчалап, жүрөгүн оорутуп, азапка салган. Бийик талантты өлөөрүнүн акыркы жылдары театрдан күчкө салып чыгарып коюшкан. Кара кылды как жарган калыстыгынан, бетке чабар мүнөзүнөн улам жетекчилик менен да тил табыша албай калган. Кезинде залкарлар менен иштешкенгеби, андан кийинки келген жаштар менен иштешүү да улуу адамга оорчулук туудурса керек. Эмнегедир жаштар менен иштешкенге алымсынбаган окшобойбу. Чоң бийиктикке чыккан адам ылдый түшкүсү келбейт экен. Ал өзүн эмес, өнөрдү ылдый түшүргүсү келбеген.
Театрдан чыгарып коюшканда кайран талант үйүндө олтуруп калып, кадимки кыргыздын гербин кол менен сайып, сатып калган. "Азыр ошол колго сайылган көркөмдүү гербдер Нарындын губернаторунан тартып, бардык чоңдордун үйлөрүндө, мекемелеринде бадырайып илинип турат" дешет...
Убагында көп нерсе жашырылып, көмүскөдө айтылбай келди. Анткени, өткөн доордун саясаты ошондой эле да.
Тамара Жумакаева акырында өз театрынан, өз жамаатташтарынан катуу басмырланды. Өзүнөн кичүү эле жан дүйнөсү жарды адамдар: "Театрдан кет! Сен тирүү турганда бизге роль артпайт!" дешкенге чейин барышкан. Ал гана эмес, жаштар арасында ага карата кол салуулар да болгон экен. Улуу адамдар өзүлөрүнө чамалаш таланттар менен ат салышып, атаандашса кадимкидей курчуп, күч алат эмеспи. А тескерисинче, жанагыдай руханий байлыктан куру калган ыплас адамдар жолунан чыкса, улуулукту тебелеп-тепсеп, өлтүрүп таштайт тура. Дал ошондой адамдар Т.Жумакаеванын өлүмүнүн эртелешине түздөн-түз себепкер болуп коюшкан.
Залкар адамдын "Мына, быйыл күзүндө 60 жылдыгымды берем" деген аруу тилеги орундалбай, чоң кыйынчылык, азап менен тургузган эмгегинин үзүрүн көрбөй, 59 жашында жарык дүйнө менен түбөлүк кош айтышып кете берди.
"Бири кем дүйнө" деген ушул белем. Кыйынчылык менен чоңойткон уул-кыздарынын жакшылык -сыйын эми көрөөрдө ажал алып кетти.
Эх... Өтө кейиштүү болду. Антсе да Тамара Жумакаева таланттуу актриса, белгилүү аткаруучу катары тарых барактарында бадырайып жазылып кала берет.
Анын кыргыз театр өнөрүнө жасаган Теңир -Тоодой эмгеги эл эсинде, көңүл борборунда өчкүс болуп калууга тийиш. Кезинде зор талантка тоскоол болгон пенделердин азыр аты-жыты да дайынсыз болуп жоголду. Бирок, алар дале башкалардын жолуна бөгөт болуп, "кара торун" жайып жүрүшөт.
Ал эми кыргыздын дагы бир сыймыктуу кызы Тамара Жумакаева мукамдуу кайрыктары менен талантка ширелтип жараткан образдары менен, кыргыз искусствосунун кайраткери, баштоочусу боло алды. Көзү тирүүсүндө ал сыйлыкты, наамды эмес, дал ушундай таза, татыктуу атта калууну эңсеген эле...
Н. Сагынбаева

P.S. Тамара Жумакаева туурасында тереңден билгендердин көбүнүн көзү өтүп кетти. Антсе да залкар адам менен чогуу иштешип, чогуу жүрүп, бир туугандардай болуп калган таланттуу жубайлар Табылды Актанов менен Зууракан Акыловаларга кайрылгам.
Ал кишилерге ыраазычылык билдирем. Жогорудагы макала дал ушул адамдардын эскерүүлөрү боюнча жазылды.




Жаныш Кулманбетов, драматург:
- Тамара Жумакаева чыгармачылыктагы көп кырдуу талант деп айтсак жарашат. Ал бир гана белгилүү, белдүү актриса болбостон, таланттуу аткаруучу катары да татыктуу, сыймыктуу атка ээ боло алды.
Убагында "Нарын жылдыздары" деген топ жарк этип чыккан. Анда Тамара Жумакаева баштаган Гүлсүн Мамашева, Калыйбек Тагаев өңдүү таланттар бар эле.
Бул адам ролдорду ишенимдүү, ынанымдуу ойногондугу менен башкалардан өзгөчөлөнүп, көзгө көрүнүп турчу. Маселен, ал "Оптимисттик трагедия" спектаклинде комиссардын, залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде коюлган "Кыямат" спектаклинде Акбаранын ролун кыябына келтирип ойногондугу театр сүйүүчүлөрүнүн эсинде калды. Актриса Шекспирдин чыгармаларында да бир топ образдарды ачып берген. Андан тышкары бул адам жакшы ырдайт эле. К.Тагаевдин, Ж.Шералиевдин ырларын да элге жеткирген ушул киши болгон. Дагы бир өзгөчөлүгү, колунан көөрү төгүлгөн уз эле. Анын колунан чыккан укмуштуудай оймо-чиймелерин баалап-барктаган адамдар анын жасаган иштерин пайдаланып жүргөнүн билем.
Ал эми адам катары Тамара Жумакаева принципиалдуу, өз оюн эркин айткан, тартынбаган жан эле. Анын өмүрүн Нарын театрынын этаптуу басып өткөн жолуна байланыштырсак болот.



Эгемберди Бекболиев, актёр:
- Мен бул кишини адам катары да, талант катары да терең урматтачумун. Качан көрбөйлү, жадырап-жайнап, көңүлдүү маанайда жүрөт эле. Аты даңкталып, бийиктикте жүрсө да көтөрүлүп, мүнөз күтпөй, улуу-кичүүгө бир калыпта мамиле жасай билгенине ыраазы болчубуз. Мындай зор инсандардын өрнөктүү өмүр жолунан биз көптөгөн үлгү, сабак алып, тарбияландык.
Тамара Жумакаеванын Нарын театрына кошкон салымы өтө чоң. Анын аты ар бирибиздин көңүл борборубузда, жүрөгүбүздүн төрүндө жашап кала берет.











а ­е¦Є.НҐй«