presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№14, 06.05.08-ж.
  Пекин-2008

"Чебурашка" Пекинде
Пекиндеги Олимпиада оюндарында Россия курама командасынын символу - Чебурашка болот. Анын түсү - кызыл. Бул идеянын автору бизнесмен Михаил Куснирович.
Кызыл түстүн тандалганынын себеби Кытайда кызыл түс - кубанычтын жана ийгиликтин белгиси. Орустарда болсо - сулуулуктун белгиси. Орус спортсмендери Пекинде сулуу жана ийгиликтүү болушуна ишенишет.

"Бавария" - "Зенит"
УЕФА кубогу боюнча жарым финалда Россиянын "Зенит" жана Германиянын "Бавария" командалары ат салышты. Оюн жыйынтыгы 4:0 эсебинде аяктап, ийгилик "Зенит" командасын коштоду.
"Зенит" тарыхында биринчи жолу УЕФА кубогунда жарым финалда ойноп, финалга чыккан.
Германиянын чемпиону "Баварияны" жеңгенден кийин "Зенит" командасы чемпион болуусуна чоң мүмкүнчүлүгү бар экендиги шексиз.

Европа чемпионатын орус милициясы көзөмөлдөйт
Орус милиция кызматкерлери Австрия - Швейцарияда өтө турган Европа чемпионатына европалык коллегаларынын коопсуздук кызматына жардам берет. Бул кабарды тышкы иштер министринин орун басары Михаил Суходовский билдирген.
Милиция кызматкерлеринин барып келүү жол акысын ТИМ тарабынан төлөнөт. Жашаган жайын жана тамак-ашын Австрия жана Швейцария өкмөтү өз мойнуна алган.

  Чемпиондор лигасы -2008

"Манчестер" - "Челси" финалда
29-30- апрелде Англияда Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын матчтары болуп өттү.
Биринчи оюн "Олд Траффорд" стадионунда "Манчестер Юнайтед" менен "Барселона" арасында болуп өттү. Жарым финалынын биринчи оюнунда 0:0 эсеп менен эки команда тең чыгышкан эле. Өткөн жумадагы оюнда Манчестер күчтүүлүк кылып 1:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. 30-апрелде Англиянын "Челси" менен "Ливерпуль" командалары ойноп, 3:2 эсеби менен "Челси" финалга чыкты.
Финал оюну 21-май күнү Москва шаарында "Лужники" стадионунда болуп өтөт. Бул стадион 69,5 миң орундуу. Билдирүүлөргө караганда финалдык билеттер сатылып бүткөн. Жалпысынан 70000 билет сатылып, анын 42000 билети Англия фанаттарына сатылган.

"Манчестер Юнайтед" - эң бай клуб
Дүйнө жүзү боюнча эң бай футбол клубу "Манчестер Юнайтед" аталды.
Америкалык FORBES журналы өткөн жумада басмадан чыгарган. "Манчестер Юнайтеддин" жалпы суммасы - 1,8 млрд. АКШ доллар. Бул Англиялык клуб төрт жылдан бери 1-орунду ээлеп келет.
Азыркы учурда Манчестердин кирешеси 111 млн. АКШ доллары. Экинчи орунду 1,285 млрд. доллар менен "Реал Мадрид" ээлеген.
Биринчи 10 орунга Англиянын 4, Германия, Италия, Испания мамлекеттеринен 2 ден клубдар кирген.
1. Манчестер Юнайтед (1,8 млрд$ )
2. Реал Мадрид (1,285 млрд $)
3. Арсенал (1, 2 млрд $)
4. Ливерпуль (1,05 млрд $)
5. Бавария (917 млрд$)
6. Милан (798 млн$)
7. Барселона (784 млн$)
8. Челси (764 млн$)
9. Ювентус (510 млн$)
10. Шальке (470 млн$ )

  Кыргыз спорту

Кыргызстан - Оман
Оман мамлекетинин борбор шаарында Кыргызстан - Оман мамлекеттеринин ортосунда футбол боюнча достук оюну болуп өттү. Оюн кызуу өтүп Оман курама командасы күчтүүлүк кылып, эки бөлүктө биздин дарбазабызга бирден гол киргизип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
Айта кетсек, ФИФА нын тизмеси боюнча Оман футбол боюнча дүйнөдө 80-орунда Кыргызстан - 131 орунда турат.
Голдор: Ибрагим Сабир Аль Мухаинс (45)
Юнус Мубарак (70)
Америка футболу болот
10-майдан 12-майга чейин борбор калаабызда Америка футболу боюнча биринчи жолу АКШ, Казакстан, Кыргызстан командаларынын катышуусу менен өтөт. оюндар "Спартак" стадионунда болот.
Башталышы - 17-00.
Турнирдин тизмеси:
10-май "Титандар" (Казакстан)- "Cursiders"(АКШ)
11-май "Барстар" (Кыргызстан) - "Титандар" (Казакстан)
12-май: "Барстар"(Кыргызстан)- "Cursiders"(АКШ)
"Алай" 3 жолу жеңди
"Алай"- "Абдыш-Ата - 91" - 3:1(1:0)
Голдор: 1:0 Акбаров (18), 2:0 Абдуллаев (63), 3:0 Юлчиев (65), 3:1 Гервичев (88)
"Алай" бул убакка чейин 3 оюн өткөрүп үчөөндө тең жеңишке ээ болду. 9 упай менен "Алай" тизмеде 2-орунда, "Нефтчиден" кийин турат.
"Жаштык - Ак - Алтын" - "Дордой - Плаза" 1:1 (0:1)
Голдор: 0:1 Конокбаев (5), 1:1 Сабиров (90+1 пен)
"Жаштык- Ак - Алтын" эки оюн ойноп, тең эсеп менен аяктап бир да жеңишке жетише элек. Бул оюнда "Дордой-Плаза" 5 - мүнөттө эсепти ачты. Оюндун аягына чейин Дордой үстөмдүк кылган. Акыркы мүнөттө Карасуулук Сабиров пенальти аркылуу эсепти тең кылды.
"Нефтчи" - "Кант - 77" - 2:0
Голдор: 1:0 Юлдашев (7), 2 Менетов ()
Кочкораталык "Нефтчи" кезектеги оюнун да жеңиш менен аяктады. 9 упай топтоп, нефтчи азыр тизмеде 1-орунда.

Даярдаган Санжарбек Абдырахманов




 "Тай - цзицюань - бул менин жашоом!"

Император -
Каган массажын негиздеген чыгыш медицина адиси, Медер Итибаевдин өз колунан массаж алдым. Жашырганда не, абдан пайдалуу экен. Массаж бүткөн соң Медер агай мени тай-цзицюань көнүгүүлөрүн үйрөнүп, ци-гун тераприясына катышуу үчүн атайын залга жиберди. Көрсө, көбүбүз билбей жүргөн дени сак, сергек жашоо так ушул жерде экен. Зал толо жаштар. Ичиң жылыйт. Мына ушул залдагы жаштардын машыктыруучусу Медер агайыбыздын шакирти
Бакай Нурбековду кепке тарттым.

- Чыгыш жоокердик өнөрү менен машыгып калышыңызга эмне себеп болду?
- Дегеле адам баласы табигатынан ааламдагы сырдуу дүйнөгө кызыгып, анын сырларын ачууга ашыгат эмеспи. Бала кезимде ата-энем мени окумуштуу болот деп ойлошчу экен. Буга кошумча башка жигиттердей эле менин да жүрөгүмдө муштум өнөрлөрүнө болгон терең кызыгуу бар эле. Ошол себептен бир топ жоокердик өнөрлөрдүн даамын татып көрдүм. Көңүлүмө туура келбеди. Ош шаарында жүрүп, 2003-жылы студент кезимде тай-цзи мектебине барганда көктөн күткөнүм жерден табылгандай эле болду. Алгачкы мугалимдерим, устатым Медер Итибаевдин окуучулары Талант, Аскат, Болот деген жигиттер. Андан кийин биринчи агайым Акыл Абдрахмановдон тай-цзи техникаларын үйрөнүп жүрдүм. Андан бери болсо устатым (экинчи атам десем да болот) Медер Итибаевдин кол астында тай-цзи көнүгүүлөрүнүн ички түшүнүктөрүн, деги эле турмуштун принциптерин окуп үйрөнүп жатам.
- Негизинен спорт ден-соолукка пайдалуу дешет. Тай-цзициюандын ден-соолукка кандай пайдасы бар?
- Ооба, спорт ден-соолуктун булагы. Биздин ата-бабаларыбыз кыймыл бар жерде жашоо бар деп айтышкан. Ал эми жаныбарлар да, канаттулар да, микробдор да өздөрүн коргой алышат. Мисалы: Канаттуулар өз балапанын ачып чыгарууда жумурткасын күндө, күн алыс оодарып турушат. Болбосо сасыткы болуп калат. Ошондой эле биз дагы ички органдарыбызды оодарып, кыймылга келтирүүбүз зарыл.
Тай-цзи цюаньтехникалары негизинен кандын айлануусун жөнгө салып, ички тең салмактуулукту (инь-ян) психиканы нормага келтирип, стрессти жогорку деңгээлде түшүрүп, адамдын физикалык, психикалык жана руханий жактан көтөрүп, табигаттын закондорун түшүнүүгө алып келет. Ал эми бардык оорулардын башаты ошол психикадан, табигат закондорун бузгандан болуп жатпайбы.
- Тай-цзицюань чеберлери башка спорт чеберлеринен эмнеси менен айырмаланат?
- Тай-цзицюанды "турмуш жөнүндөгү илим" деп да которсо болот. Ал башка спорт, чеберлериндей өздөрүнүн жетишкендигин көрсөтпөй, тескерисинче жөнөкөй, кичи пейил, ыймандуу, жумшак мүнөз болот. Тай-цзицюандын негизги философиясында: "үйрөнгөн өнөрүң бирөөгө көргөзүш үчүн эмес, өзүңдү-өзүң таануу үчүн" деп чечмеленет. Ошол эле убакта анын ички күчүн мындай караса болот: Өтө тез ылдамдыкта айланып жаткан чыгырыкты көздөй ташпы, темирби же жыгач болобу ыргытсак, тиери менен эки эсе тез ылдамдыкта учуп кетет. Тай-цзицюань чеберинин ички кудурети мына ушунда.
- Деги эле тай-цзицюань чебери болууга канча убакыт талап кылынат?
- Так бир убакытты айтуу өтө кыйын. Негизинен 5-10 жылда тынымсыз машыгуу менен жетишсе болот деп айтышат. Эгер бул убакытта да устатыңдын жүрөгүнүн ачкычын таба албасаң, өмүр бою да жетишпей калышың ыктымал.
- Демек, мындай учурда тай-цзицюань менен өмүрдүн акырына чейин машыгуу керек болот экен да?
- Тай-цзицюань менен машыгуучулар экиге бөлүнөт. Үстүртөн жана терең деп. Үстүртөн машыккандар негизинен ден-соолугу үчүн машыгышат. Алар жарым сааттан бир саатка чейин машыгышса - бул жетиштүү. Ал эми тереңден же жоокердик багытта машыкандар эки сааттан кем эмес, бир күндө эки-үч маал машыгуулары керек. Башкача айтканда жети денеңден тер чыкканча машыгасың.
- Тай-цзицюань чебери көчөдө баратат дейли. Топтошкон балдар жалгыз кызды же баланы тоноп жатышат. Чебердин көргөн чарасы?
- Чыныгы тай-цзицюань чебери атаандашын эч бир кыйынчылыксыз эле бир гана сөөмөйүнүн соккусу менен оо дүйнөгө узатып коюуга толук мүмкүнчүлүгү жетет. Менин айтайын дегеним абалга жараша мамиле кылуу керек. Жардам берүүнүн башка деле жолдору бар- сүйлөшүү, башка адамдарды жардамга чакыруу аркылуу. Эгер эч бир жолу табылбаса, анда эч бир кыйынчылыксыз эле түз качырып барып кол сала алат.
- Өзүңүз ушундай абалга туш болдуңуз беле?
- Мен тай-цзицюань өнөрү менен жаңы машыга баштаганда 3 балбан (борец) балдарга туш болгом. Тай-цзицюандын жеңил эле ыкмалары менен аларды жеңип коюп кетип калгам. Бул көрүнүштү жатакананын алдындагы жүздөгөн студенттер көрүп турушкан. Бирок, кимдин акыл-эсинде мушташ ареналары жашаса, ал турмушта да ошол мушташтарга жолуга берет. Андыктан тай-цзицюань өнөрүн тажрыйбалап, акыл-эстеги мушташ ареналарын өчүргөндөн бери мындай абал менде кайра кайталанбасын билем.
- Кыргыз жаштарынын тай-цзицюань өнөрүнө болгон кызыгуусу кандай болууда?
- Биз кыргыз эли жоокер калкпыз, биздин каныбызда жоокердик ар-намыс, боорукердик, улууну урматтоо, кичүүгө сый көрсөтүү, ыймандуулук деген сезимдер жашап келет. Улуу устат Чжан Юкунь: "Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк жаштар негизинен Кунфунун сырткы (булчуңдун күчүн колдонгон) мектептерине кызыгышат. Эң эле назик, жумшак, эң эле күчтүү, коркунучтуу стиль - тай-цзицюанга карабай өтүп кетишет" деп айткан экен. Чынында эле жаштардын энергиясын от деп аташат. Алар тез убакытта эле ичиндеги отту сыртка чыгарууну каалашат. Ал эми тай-цзи тескерисинче ошол отту өзүнүн жүрөгүнө багыттоону үйрөтөт.

Маектешкен
Асхат Айсаракунов









??.??