№14, 06.05.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Чоу Юн-Фат
Ар бир экинчи азиатка белгилүү актер Жет Ли, Жеки Чан сыяктуу атактуу актерлордун катарына кирген Чоу Юн-Фат бүгүн дүйнө жылдызы рубрикасында.
Чоу Юн-Фат 1955-жылы 18-майда Аимма шаарчасында (Гонконгго караштуу) жарык дүйнөгө келген. Үйүндө темирдей катуу тартип болгону менен ата-энеси баласынын билим алуусуна көзөмөл деле кылышпаган өңдөнөт, айтор мектеп курагында Чоу билими менен тегерегиндеги теңтуштарына үлгү боло алган эмес. Окуусун бүткөндөн кийин "Кайсы окуу жайга тапшырам?" деген суроого башын катырбастан, үйүнөн анча алыс эмес жерде жайгашкан телестудияга жумушка орношуп алган.
Табиятынан түнт, көп сүйлөбөгөн Чоу ата-энеси менен кеңешпей өз билгенин кылгандыгы үчүн атасы ага абдан нааразы болгон. Бирок, убакыттын өтүшү менен баласынын тил албай, өз билгенин баары бир кыларын түшүнгөн ата-энеси аны жайына коюшкан. Телекөрсөтүүдө алты айдан ашык эмгектенип, өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгү, жоопкерчилиги, элпектиги менен кесиптештеринин көзүнө илине баштайт. Ал жерден пастановщик Ринго Лама менен жакындан таанышып, достошууга үлгүрөт. Рингонун сунушу менен 1976-жылы "Массажистка" телесериалында кичинекей эпизодго катышып, ошол бойдон беш жылдан кийин гана кайрадан киного тартылуу сунушу түшөт. "Ву-Вьеттин тарыхы" тасмасында башкы ролду өтө жакшы аткаргандыгы үчүн дароо эки сыйлыкка татыган. Карьерасы көтөрүлүп, төбөсү көккө жетип турганы менен жеке жашоосунда бороон-чапкын болуп турган. Себеби, өзү сүйүп, арзып жүрүп алган жубайы Ю- Он - Он өзүнө жетишээрлик убакыт бөлбөгөндүгү үчүн ызаат менен ажырашууга барат. "Жашоомдо биринчи жолу ушундай баш айландырган ийгиликтерге жетишкениме маңдайым жарыла сүйүнсөм, ошол жакшылыктарымды бөлүшө турган жакын адамымдын жок экендигине күйүндүм "-дейт зээни кейиген Фат. Бирок, тагдырына таарынып, наалат айтып отуруп калбастан досу Ринго Ламанын жардамы менен кино дүйнөсүнө биротоло аралашууну чечет. "Абактагы жалын" киносуна тартылгандан соң Фаттын талантын, атайын актердук билими жок болсо да, кино тармагындагы жөндөмүн Кытайда гана эмес, америкалык режиссерлор да баалап, ар кандай кинолорго тартылуу жөнүндө сунуш киргизе башташат. Гонконгго аты шамалдай тараган Фаттын атактуулугуна көз артып, көрө албагандар өмүрүнө коркунуч туудуруп, кол салганга чейин барышат. 1983-жылы досу Ринго менен Азияда саякаттап жүрүп Сингапурда ити чөп жеген бай адамдын Жасмин деген кызы менен таанышып, ага баш кошот.
Юн-Фатка дагы бир атак жана көп суммадагы киреше алып келген "Анна жана Кароль" аттуу кино болгон. Джоди Фостер өзүнүн назиктиги, көңүлүнүн жумшактыгы менен Фатка жакшы таасир калтыргандыгын актер ар бир берген интервьюсунда баса көрсөтүп келет.
Актердун дагы бир айта кетчү артыкчылыгы эч качан терс каармандын ролун ойнобойм -деп талап койбостон, кандай каарман болбосун ийинине жеткире аткаргандын аракетин кылып келет.
Чоу Юн-Фат кээде беш жылда араң үч тасмага тартылса, кээде бир жылда отуз киного тартылган учурлары кездешет.




Тимати 300 000 еврого темир тулпар алды
"Sprandi" фирмасы менен түзгөн келишимдин мөөнөтү бүтүп, белгилүү рэпер Тимати үзүрлүү эмгегинин жемишин көрүп жаткан учуру. Акчасы колуна тиери менен рэпер дароо машина алганы жөнөгөн. "Ауди R8" маркасындагы ак түстөгү темир тулпар Тиматинин 300 000 евросун чөнтөгүнөн кагып түшүргөн. Калган акчасына "Honda RVS" маркасындагы мотоциклди 25 миң еврого сатып алган. Ал эми андан арткан акчасынын баарын өзүнүн жеке музыкалык бизнесинин өнүгүүсү үчүн жумшаган. Эми Тимати калган кирешени бизнесинен эки эсе көрөм деп кыялга семирип турган кези.

Аристарх Венес өзүнүн сүйүүсүн таптыбы?
"Кадетство" телесериалынын каарманы 18 жаштагы Венес Аристарх "Ранетка" телесериалындагы башкы каармандын ролун аткарган 13 жаштагы Яна Студимина менен жылдызы келишип, жылуу мамиледе жүрүшкөн чагы. Экөө мамилесин көпкө чейин жашырып келип, жакын арада гана ачыкка чыгарышкан. Экөө кокусунан коомдук унаадан таанышып калышкан. Венес мурунку сүйүүсүнөн кол үзүүсүнө да Яна себепкер болгон. Жаш болсо да Аристарх "Мен жеке жашоомо эч кимди, өзгөчө кабарчыларды кийлигиштирбейм. Себеби, менин жеке жашоомо эч кимдин иши жок" - деп ишенимдүү жар салат.

Диана Гурцкая кымбат жасалагасын тапты
Гурцкая жолдошу менен Швецарияга эс алганы барып, 30 000 доллар турган кымбат баалуу жасалгасын жоготуп келген. Арадан бир топ убакыт өткөндүктөн ырчынын канчалык ичи ачышса да, табалбагандан кийин кол шилтеп коюуга аргасыз болгон. Бирок, Швецарияда конгон мейманкананын сакчылары ырчыга телефон чалып, жасалгасы табылганын маалымдашты. Көрсө Гурцкаянын өзүнө кызмат кылган үй кызматчы кыздын бөлмөсүнөн табышыптыр. Кызды сотко берип, жоопко тарттыргысы келбеген айкөл ырчы кылган кылыгын өз уятына коюуну туура көрүптүр.

Басков арыктоонун айласын издөөдө
Сары чачтын, бийик үндүн ээси, опера ырчысы Николай Басков учурда ашыкча майлардан арылуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, атактуу актерлор Шэрон Стоун, Жордж Клунилер көрүнгөн доктурга барып "Тез аранын ичинде кантип арыктоо керек?"- деген суроосу менен кайрылган. Ашыкча салмак ырдоого тоскоол болгондуктан Басков үчүн да бул ашыкча түйшүк жаратууда.
Толуп кеткенин себебин Николай жар салуудан уялбайт. Испаниядагы түрдүү, даамдуу тамакты көзү кыйбай, "Жакшы тамак калгыча, жаман курсак айрылсын" дей берип Басков тез аранын ичинде кандайча токчулуктун символуна айланганын өзү сезбей калыптыр.

Лариса Долина жаңы альбом жаздырды
Отуз жылдан ашык шоу-бизнесте дүйнөлүк масштабга чыгуунун аракетин кылып келген Л. Долина тилегине жетти. Тагыраак айтканда "Hollyw mood" аттуу альбомду америкалык композитор Жордж Дюктун жардамы менен жаздырды. Альбомунун бет ачары Москвадагы эң кымбат ресторандардын биринде өткөрүлдү. Ырчынын жакшылыгына ортоктош болуп сахналаш достору, жакын туугандары келген. Эми жалаң жаңы ырларга толгон дискттер Россияда гана эмес, АКШда да сатылат. Композиторго ыраазычылык билдирүү ниетинде эң кымбат алтын саат белек кылды.

Биландын түгөйү Уфада жашайт
Келбеттүү, таланттуу ырчыга коёндой окшош түгөйү Артур Иждигатов Уфада официант болуп иштейт экен. Бул окшоштук ага бир жагынан пайдасы тийсе, бир жагынан зыяны да тийбей койбойт. Тамактануучу жайга келген адамдардын теңинен көбү Артур менен сүрөткө түшкөнү келишип, автограф сурагандар да жок эмес. Ыңгайсыз абалга туш болгон Артур аны тегеректеген ар бир кардарга ырчы эмес экенин, жөн эле карапайым официант экенин түшүндүрүүгө аргасыз болот.
Ал эми Иждигатовго телефон чалып алышып, Биландын аты менен облустарга гастролдоп келели деген сунуш менен кайрылгандар да жок эмес.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева