presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№14, 06.05.08-ж.
  Жапайы салт

Экзотикалык адамдар
Азыркы заманда акылга сыйбаган каада-салттары, жөрөлгөлөрү менен өзгөчөлөнгөн экзотикалык уруулардын жашоо-турмушуна назар салып көрсөк.

Биболдай уруусу - ысым ыйгаруунун аңчылары
Бул урууда эркек бала төрөлсө, салт боюнча бакытка балкыган ата башка уруудагы белгилүү үлгү болоорлук бир адамды өлтүрүп, өлгөн адамдын ысымын баласына ыйгарган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин өлтүрүлгөн адамдын туугандары же ошол уруунун башчылары бир кезде өлтүрүп кеткен адамдан өч алуу максатында биболдай уруусуна келип, колуна тийген адамдарды өлтүрө беришкен. Мындай башаламандык улангандан уланып отуруп, уруулар арасында кан төгүүгө алып келген. Эгерде бул көрүнүштү өзгөртпөсө уруулар кырылып калаарына көзү жеткен уруулар арасындагы башчы Тумбола төмөнкүдөй кадамдарга барат: Алгач ал жөн гана сөз менен жеткирүүгө далалат кылып көрөт. Эч натыйжа чыкпагандан кийин борборго барып Голливуд киносунун кассетасын жана видеомагнитафон алып келет. Кинолордон өзгөчө таасир алган билболдайлар өзүнө жаккан экрандагы адамды тандап алышып, баласына ошол адамдын атын койгон. Ал эми ал адамды өлтүрүүнүн ордуна жөн гана кассетаны талкалоого өтүшөт.
Эң биринчилерден болуп бул "эрдикке" биболдай уруусунун башчысы барган. Уулдуу болгон уруу башчы баласына Стивен Сигал деген ысым коюп, актер катышкан кинонун кассетасын талкалаган. Ошондон бери уруулар арасында ынтымак өкүм сүрүп, бейкутчулук орун алат. Ал эми сиңирген эмгеги үчүн Тумбал сыйлык менен сыйланып, биболдай уруусунун ичинде кара терилүү Брюс Уилисттер, Мики Руккилер төрөлө баштаган.

Гуанчи - мумия жасаганды мыкты өздөштүргөн уруу
Африкадан 115 км алыстыкта Канар аралынын алгачкы жашоочулары - гуанчи уруусу болуп эсептелет. Аралда жайгашканы менен кайык деген түшүнүк буларда жок болгон. Алар кара күчүнө ишенишип, бир аралдан экинчи аралга сүзүп өтө алышкан. Гуанчи деген сөз "вулкандын балдары" дегенди түшүндүрөт.
Гуанчи уруусунун адамдары оозунун учун үнсүз кыбыратуу менен бирин-бири эң сонун түшүнө алышкан. Бул тууралуу төмөнкүдөй уламыш айтылып келет: илгери гуанчи уруусунун башчысы кандайдыр бир кылмыш үчүн кылмышкердин тилин кесип жазалаган экен, ошондон баштап ушул күнгө чейин алар эрдинин жардамы менен гана ой алмашып келишет.
Ал эми бойго жеткен кыздарын атайын өзүнчө жол-жоболор менен тарбиялашат. Күйөөгө берүүдөн мурда 100 киллограммга чейин багып семиртишкен. Мындан аз салмакта болсо анда аны эч бир эркек алган эмес.
Өлгөн адамдын сөөгүнөн мумия жасоо да бул урууга мүнөздүү. Адам өлгөндөн кийин анын сөөгүн үңкүргө алып киришип, жерге жаткызышат да, бүт ичегикардын сууруп чыгышат. Денени туздуу суу менен жуугандан кийин, эчкинин майы менен майлашат. Андан кийин 15 күн күнгө алып чыгып кургатышып, эчкинин терисине бекем ороп туруп, атайын өзүнө бөлүнгөн жайга сактап коюшат. Темир менен иши жок болгондуктан, душмандардан учтуу таш менен коргонушкан. 134 жыл бою испанецтер ушул Канар аралында жашаган уруулар менен согушуп келгендиктен гуанчилер өзгөчө акарат көргөзүшкөн. Бирок куралдары жокко эсе болгондуктан, күчтөрү да бирдей болбой, бул уруу артка чегинип, туткунга түшпөөнүн амалын ойлоп, баш калкалоого аргасыз болушкан.

Кайяпо уруусундагы бойго бүтүрбөөнүн амалы
Кайяпо уруусунун амалкөй айымдары табигый чөптөрдүн жардамы менен бойго бүтүрбөөнүн аракетин кылып келишкен. "ме кра кет джа" деп аталган өсүмдүктү кайнатып туруп, белгилүү өлчөмдөгү суюктукту ичип койсо, бойго бүтпөйт экен. Ал эми тескерисинче тукумсуздуктан жапа чегип жүргөн түгөйлөр үчүн да "ме ту жар джа" деген атайын өсүмдүк бар. Таңкалыштуусу ушул өсүмдүктү кайнатып ичкен аял эмчинин жардамы менен гана балалуу боло алган. Алгач "ме ту жаро джаны" коюу кылып кайнатып, аялдын денесине шыбап чыгышкан. Андан соң булактын суусуна жуунтуп, ошол жерде энеден туума жылаңач болуп уктаганга туура келген. Эгерде аялдын түшүнө кичинекей ымыркай кирсе анда ал сөзсүз балалуу болгон.
Кайяполордун дагы бир кызыктуу салты кыздар жетиле элек кезде күйөөгө узатышып, жыныстык жашоого балдарын кичинекей кезинен эле үйрөтө башташат. Ал эми кыздар этек кири келе электе эле турмуш жолуна аттанышат, айызы келгенде ич кийим кийбегендиктен бат-бат сууга түшүп турууга аргасыз болушат.
Бул уруунун ичинде аялы менен күйөөсү бири-биринин көзүнө чөп салып, ала жипти аттап жүргөнү кадимки эле көрүнүштөрдүн бири. Эгер аял кааласа бир эле убакта беш-алты эркек менен жыныстык катнашка барууга толук акысы бар. Бирок, мындай учурда бойго бүтпөш үчүн "ме кра кет джа" ичип алуусу мүмкүн. Бул өсүмдүктүн кубаты ушунчалык күчтүү болгондуктан, такыр бойго бүтпөй калуусу да мүмкүн. Ал эми күйөөлөрүн кызганган амалкөй аялдар "меми рек джа" өсүмдүгүн тамакка же сууга кошуп берип коюшат. Натыйжасында эркек алсырап, жыныстык катнашка бармак тургай, көзүн ирмегенге да алы келбей сулк жыгылат.

Варани уруусу - өзүмчүл калк
Бул уруунун жаралышы тууралуу так маалымат жок, индеецтерден пайда болуп, 16-кылымда өзүнчө уруу болуп бөлүнүп кетишкен. Варани уруусунда аял менен эркектин укугу бирдей. Булар жашаган аймак өтө жаанчыл, күйөөсү аң улаганы кеткенде, аялы да жөн отурбастан өзүнүн бөлүп алган чакан жерин иштетүү менен алек болот. Бул уруунун ичинде өзүмчүлдүк катуу өкүм сүргөндүктөн башка уруудан келген адамдарды такыр кабыл алышпайт. Ал тургай эч кимге баш ийбеген согушчан калк болушат экен. Эгерде варанинин бирөө бөлөк уруудан аял алып же турмушка чыкса, анда аны варанилер бөлүп салышат же өлтүрүп салган учурлары да кездешпей койбойт. Ошондуктан бул урууда нике өз ич ара гана окулат. Бирок, булардын саны өтө аз болгондуктан кээде ата-эне өз балдары менен деле жыныстык катнашка барып, тукум улай берет. Варанилер үчүн кадимки көрүнүш катары эсептелген. Бул жорук алардын тукумунун түп тамырынан бери жоготушу мүмкүн. Бирок, бул урууда жашаган адамдар мындай чындыкты моюндарына ала беришпейт. Күйөөсү каза болгон жесир аялды ошол эле уруудан бирөө алып, бүт түйшүгүн өз мойнуна алат.
Жогоруда айтып өткөндөй булар жеткен өзүмчүл калк болгондуктан чет жакадан саякаттап келген ак терилүү адамдар эч качан тирүү калышкан эмес. Ошондон улам булар жапайы деген атка конушкан. 1987-жылы булардын жерине нефть иштеткени келген адамдар, эң жайлуу аймактарын ээлеп алышкан. Ошондон баштап деңиздеги балыктар азайып, варанилердин жашоо шарты кескин начарлай баштаган. Мына ушул таптан баштап ак терилүү адамдар бул урууну өзүнө өчөштүрүп алышкан. Ал эми өч алуу варанилердин -ыйык милдети болуп эсептелет.

Пигмейлер - жер жүзүндөгү эң кичине адамдар
Африканын жүрөгүнөн орун алган Конго жеринде токой бар. Ошол токойдо биздин планетабыздагы эң кичинекей адамдар - пигмейлер жашашат. Алардын боюнун узундугу 150-120 см ашпайт. Өзүлөрү кичинекей болсо да, жан-дүйнөсү музыкага өтө жакын болушат. Ал эми аңга чыгаарда төрт кишиден турган чакан топ түзүп алып барышат. Себеби чоң жаныбарды өлтүргөнгө кичинекей адамдын алы-күчү жетпейт. Алгач бир пилди аңдып аны колго түшүргөнчө өсүмдүк жер-жемиш менен тамактанышат. Ал эми пилди колго түшүргөндөн кийин урууда чоң той башталат. Пилдин тумшугун уруу ичиндеги аксакалдарга тартуулашат. Бул аларды сыйлагандын, урматтагандын белгиси. Пилге аңчылык кылган адамдар уруу ичинде чоң кадыр-баркка ээ. Себеби, алар бүт пигмей уруусун багыш үчүн өз жанын курмандыкка кыйып жатышат. Кыргызда пилдин тумшугу уча тартканга барабар. Себеби пилдер да оңой-олтоң колго түшө бербейт. Эгерде пигмейди пил көрүп калса тумшугу менен өйдө көздөй челип ыргытат. Шамдагайлык кылып пигмей бакка асылып аман калса калат. Эгерде жерге кулап түшсө пил аны ошол замат таш талканын чыгарат. Пилдер бактардын арасынан пигмейлердин үйүн көрүп калса ошол замат тебелеп-тепсеп таш талканын чыгарып, банан дарагын түп-тамыры менен жулуп ыргытып, адамдарды тебелеп-тепсеп өлтүрүшөт. Ал эми тирүү калган пимейлер башка жер которгондон башка аргасы калбайт экен.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??