presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№14, 06.05.08-ж.
 

Кулов энергетиканы өнүктүрө алабы?
Феликс Кулов Кыргызстанда кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Дирекция өлкөдөгү кичи жана орто масштабдагы энергетиканы өнүктүрүү үстүндө иштейт жана өзүн өзү каржылайт. "Ар намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов президент К.Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, мамлекет башчыга өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча өз ойлорун айтып берген болчу. Анда ал премьер-министр болуп турган кезинде энергетика тармагына чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жаатында бир топ ийгиликтерге жетишкенин билдирген.

Парламент 10-майга чейин тыныгууда
Бул аралыкта ЖК төрагасы баштаган депутаттык топ Камбарата-2 ГЭСинин курулушу жана Токтогул суу сактагычынын абалы менен таанышышты. Калган депутаттар жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүшүүдө. Айрым депутаттар жергиликтүү ооруканаларга, социалдык обьектилерге гуманитардык жардамдарды берип, Улуу Жеңиш майрамынын алдында Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен жолугушат.

Тесттен тез өт, окуучу!
Жалпы республикалык тестирлөөгө алдын ала катталган окуучулардын саны 33 миңге жетти. Бул тууралуу "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" борборунун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Батракеева "Азаттык" менен болгон таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда каттоо дагы жүрүп жатат. Орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билимин текшерген тестирлөө бардык ЖОЖдордогу бюджеттик орундарга өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Алар үчүн 5 000 орун берилген. Мындан тышкары келишим менен акы төлөп окуу үчүн да ушул тестирлөөнүн жыйынтыгы менен барууга болот. Чынара Батракеева жалпы республикалык тестирлөөнүн артыкчылыгы катары -балдарды окуу жайга тапшыруу үчүн шаарларга келип убара тартпай, өзү жашаган жеринде тапшырууга болорун белгилеп кетти.
Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда быйыл акыркы жылы өз ишин аткармакчы. Мындан ары башкача жолун ойлонушууда.

Бишкекте фонтандар иштей баштады
Шаар боюнча 40 фонтан быйыл 1-сентябрга чейин иштейт. Шаардык мериянын турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, башкармалыктын жетекчилиги ушул убакта фонтандардын техникалык абалын текшерип жатат. Алынган маалыматка караганда, күн сайын чак түштөн тарта фонтандар техникалык тыныгуу үчүн эки саатка өчүрүлүп турат.

Жогорку окуу жайында билим алуу акысы жогорулайт
Мындай чечим вице-премьер-министр Нур уулу Досбол менен жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жолугушуусунда кабыл алынды. Ага ылайык бардык окуу жайларда билим алуунун акысы жылына 15 миң сомдон, сырттан, кечкисин жана дистанттык билим алуунун акысы 13 миң сомдон кем болбой турган болду. Чечим Монополияга каршы саясат агенттигинин кароосуна жөнөтүлдү. Буга чейин жогорку окуу жайларда жылдык төлөмдүн эң төмөнкүсү 4 миңди, ал эми бюджеттен жылына бөлүнгөн каражаттын көлөмү 12 миң 700 сомду түзчү.

Жеңиш майрамы кандай өтөт?
Буга байланыштуу митинг-реквием 9-май күнү Бишкектеги "Жеңиш" аянтында өткөрүлөт. Ага президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Коргоо министри Исмаил Исаковдун маалымдаганы боюнча талаа ашканасы уюштурулуп, ардагерлерге аскердик сый тамак берилет. Ушундай эле эскерүүлөр Кыргызстандын башка облустарында да уюштурулат. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 363 144 жоокер аттанып, алардын 130 миңден ашууну мекенине кайтпай калган. Аман-эсен кайтып келген 200 миңден ашуун катышуучунун учурда 6 миңден ашууну гана арабызда.

Сомго 15 жыл
Улуттук Банк буга байланыштуу бир катар иш-чараларды уюштурууну көздөөдө. 10-май күнү Улуттук Банк тарабынан атайын чыгарылган коллекциялык тыйындар аукциондо сатыкка коюлат. Мындан тышкары улуттук валютанын он беш жылдык өмүрүндөгү жетишкендиктери тууралуу Улуттук Банк маалымат жыйынын өткөрүүсү күтүлүүдө. Кыргызстан сомду 1993-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп жүгүртүүгө киргизген. 1997-жылы, 2002-жылдары эки жолу сомдун коргонуу белгилери күчтөндүрүлгөн. 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө 2000-жылы киргизилген. Ага чейин жүгүртүүдө 10, 50 тыйындыктар, 1, 5, 10, 20, 50, 100 сомдук банкноттор болчу. Өткөн жылы жүгүртүүгө 10 тыйындык, 50 тыйындык, 1 сомдук жана 5 сомдук темир акчалар киргизилди.

Темир жолдун кызмат акысы көтөрүлдү
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынын билдирүүсү боюнча 1-майдан тарта жол акы жүргүнчүлөр үчүн да, жүк ташуу үчүн да көтөрүлдү. Ага дизелдик май баасынын жогорулашы себеп болду. Компания ушул жылдын эки айы ичинде 19 миллион 745 миң сомдук чыгым тарткан.

Футбол күйөрмандарына
7-майда Кыргызстандын курама командасы Ооганстандан келген футболчулар менен беттешип, 9-майда ушундай эле таймаш Бангладештен келген команда менен болот. Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун утуп алган команда Азиянын чемпиону аталат.




  Дүйнө дүбүрт

Путин дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын катарында
"Time" журналы 2008-жылдагы абал боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү жүз адамдын тизмесин даярдаган. Эң көрүнүктүү жүз лидердин, чыгармачыл адамдардын жана окумуштуулардын тизмесине Россиянын президенти Владимир Путин да кирген. Тизмедеги биринчи орун Далай-ламага тийген, ал эми журналдын окурмандары жапандардын Nintendo компаниясынын дизайнери Сигера Миямотого өздөрүнүн артыкчылыгын беришкен. В.Путин тизмеде "лидерлер жана революционерлер" категориясында экинчи орунда болгон.

Израилдин премьер-министри тергөөгө чакырылды
Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт полицияга тергөөгө чакырылганы маалым болду. Өкмөт башчысын тергөөгө уруксатты Израилдин башкы прокуратурасы берген. Израилдин Channel 2 телеканалынын маалыматы боюнча, Ольмертти тергөө жума күнү эртең мененкиге дайындалган. Премьер-министр кандай иштин чегинде тергөөгө жооп бере тургандыгы азырынча билдирилбейт.

Хамид Карзайга ким кол салды?
Ооганстандын жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, президент Хамид Карзайды өлтүрүү үчүн уюшулган топтун эки катышуучусу кармалды. Алар - мамлекеттик кызматкерлер болуп чыкты. Ооганстандын коргоо министринын ырасташынча, камалгандардин бири - полициянын кенже медицина кызматчысы, ал эми экинчиси - коргоо министрлигинин курал боюнча эксперти. Президент Хамид Карзайга кол салуу 27-апрелде аскер парады учурунда болгон. Ооган президенти аман калган, бирок башка үч адам өлгөн. Ооган чалгындоо кызматынын жетекчиси кутумдун уюштуруучусу деп Пакистандагы Аль-Каиданы күнөөлөп келет.

Ирак президентинин жубайына кол салуу болду
Жардыруу президенттин жубайы Хиро Ибрагим Ахмед театрга бараткан жолдо болгон. Ирактын биринчи айымы өзү жабыркаган эмес, бирок анын төрт жансакчысы жарадар болушту. Бул тууралуу Ирак президентинин кеңсеси маалымдады.

Ниязовдун айкели борбордон жылдырылат
Түркмөнбашынын күндү карап айланма алтын айкелин Ашхабаддын чет жакасына жылдырууну Ниязовдун мураскери, учурдагы президент Гурбангули Бердымухаммедов сунуш этти. Бул тууралуу "Нейтральный Туркменистан" гезити жазды.

Варламов бутун кокустатып алды
Россиянын хоккей курама командасынын негизги дарбазачысы Семен Варламов 2-майда Квебекте жана Галифакста баштала турган дүйнөн чемпионатынын алдын-ала кезегинде ойной албай калды. Машыгуу учурунда бутун кокустатып алгандыктан улам Варламов бери болгондо бир жума ойнобойт.

Мас айдоочунун машакаты
Украинада мас айдоочу трамвай аялдамасында алты кишини тепсеп кетти. Харьков шаарындагы кырсыктан каза тапкандардын арасында 12 жаштагы улан жана беш жаштагы кыз да бар. Өзү эч зыян тартпаган айдоочуну аялдамада тургандар кармап, тартип коргоочулардын колуна салып беришти.

Шамалдын кесепети
Тропикалык капсалаңда шамал саатына 190 чакырым ылдамдыкта сокту. "Нагриз" циклонунан миңдеген үйлөр урап, электр байланыштары үзүлдү. Жолдор бузулду. Бирманын аскердик өкмөтү беш аймакты, анын ичинде өлкөдөгү негизги шаар болгон Янгонду "кыйроо аймагы" деп жарыялады. Бирмада аталган циклондон 240тан ашык киши каза тапты.

Венесуэланы караңгы каптаганда
Венесуэланын эң ири Гури ГЭСинин жарылышынан улам дээрлик бир нече саатка өлкөдө электр жарыгы жок калган. Негизинен өлкөнүн борбордук жана түндүк бөлүгүндөгү 16 штат жарыксыз калган. Кыязы өтө катуу ысык жана станциянын жабдууларындагы ашыкча иштеген жүк жарылууга себеп болгон.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ










??.??