presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№14, 06.05.08-ж.
  Кумир менен баарлашуу

Эстрада ырчысы Ильяз Абдразаков:
"Абийирдүү кыздарды сыйлайм"
Гезитибиздин өткөн санында
"Кумир менен баарлашуу"
аттуу рубрикабыздын
алгачкы мейманы эстрада
ырчысы, жаш талант
Ильяз Абдразаков өз атына келген sms тердин ичинен беш sms ти эң мыкты деп тандаган эле. Аталган sms ээлери редакция тарабынан түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өздөрү кумир тутуп, сыйлаган ырчысы Ильяз Абдразаковго жолугушуп, баарлашышты.

Бегимай Мамбетжусуп кызы,
19 жашта:
- Ильяз, сени менен бет маңдай отуруп сүйлөшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Сен кыргыздын келечектеги мыкты эр - азаматтарынын бирисиң. Мен сенин талыкпаган талантыңды баалайм.
- Рахмат Бегимай, мен да силердей күйөрмандарым менен сыймыктанам.
- "Бакытты байлыктан издебей, ыймандан изде" деп айтып коюшат. Буга сенин пикириң кандай?
- Байлык, бийлик деген эмне? Албетте, бүгүн бар да эртең жок нерсе. Бул сага бакыт болуп бере албайт. Жүрөгүңдө ыйман болбосо сен өзүңдүн ким, кандай адам экениңди билбейсиң. Демек, бакытты өзүңдөн, жан дүйнөңдөн издешиң керек.
- Кийинки убакта кыргыз эстрадасына жаңы муун келип, ыр дүйнөсүндө кандайдыр бир салмак пайда болду. Мына ошол азыркы жаш ырчылар Кыргызстанга салым кошуп жатабыз деп ойлойсуңарбы? Дегеле жардамга муктаж адамдарга кандай көмөк көрсөтөсүң?
- Өлкөбүзгө материалдык жактан жардам бере албасам да, моралдык жактан кандайдыр бир деңгээлде салым кошуп жатабыз десем жаңылышпайм. Мындан сырткары, кайрымдуулук иштери боюнча айтсам, ар бир концертимден түшкөн каражаттын алдын кароосуз калган балдарга жумшайм. Былтыркы март айында өткөн борборубуздагы экинчи концертимде бир эже байланышып, балалуу болдум, ат коюп берчи деп чакырганынан ага барып, наристеге Азирет деп ат коюп, үйбүлөгө бир аз жардам көрсөттүм. Негизи, колуңдан келип турса, кайрымдуулук жасап, сооп алып турган жакшы го. Кызыгы, азыркы адамдар ырчылардан болбогон шылтоону айтып жардам алып жашаганды адатка айлантып алышыптыр. Бир жолу ырчылар чогулуп отуруп, сөздөн сөз чыгып жогорудагы ат койгон бала жөнүндө айтып калсам, Урмат Усенов да ошону айтып жатпайбы. Көрсө, жанагы аял Урматка да мага айткан сөздөрүн айтып Россияга күйөөм таштап кетти, кыйналып атам деп андан да жардам алган экен. Сүрүштүрө келсек ал ушинтип курсак тойгузган аял тура. Көрдүңүзбү адамдардын амалы кандай. Азыр ушинтип жардам сурап келгендерге да ишенбей калдым.
- Бүгүнкү болгон жумушту бүгүн бүтүрөсүңбү же жалкоолугуң кармап кетеби?
- Негизи мен баштаган жумушту аягына чыгармайынча көңүлүм тынч албайт. Ушунчалык чарчап мүмкүн болбой калганда эле арга жок таштап койбосом бүгүнкү жумушту эртеңки күнгө калтырбаганга аракет кылам.
Айсулуу Шералы кызы,
17 жашта:
- Ильяз, мен сенин фанаткаңмын. Сен мага абдан жагасың. Сенин ырларыңды угуудан тажабайм. Сен футболго кызыгат турбайсыңбы. Мен да абдан кызыгам. Үч жылдан бери 2-командада ойнойм. Экөөбүз бир күнү футбол ойнобойлубу. Макулсуңбу?
- Каршы эмесмин. Өзүңдүн командаңды чогултуп кел, мен да чогултайын, анан таймашабыз.
- Эмнеге продюсер менен иштешпейсиң?
- Башынан эле өз тушоомду өзүм кесип, эл алдына чыктым. Алты жашымдан бери ыр дүйнөсүндө жүрүп сахнанын ысык-суугуна бышып бүттүм окшойт. Андыктан продюсер жасаган жумуш өзүмдүн да колумдан келет. Ошон үчүн мага продюсердин көп деле зарылчылыгы жок.
- Ильяз, сенин сахнада өзүңдү алып жүргөнүң, үнүң аябай жагат. Бирок, кээ бир учурда ашыкча бийлеп, сахнадагы эрежени бузуп саласың. Сенин чыныгы күйөрманың катары ушул жагына кичине көңүл буруп койчу деген сунушумду айтаар элем.
- Рахмат Айсулуу. Туура баамдапсың. Өзүм да концерттен кийин теледен көрүп отуруп сен айткан кемчилдигимди сезем. Сизге окшогон күйөрмандар аябай колдогондо берилип образга кирип кетип чыгалбай калам да. Кудай буюрса, кийинки концерттерде ушул көрүнүштү жойгонго аракет кылам.
- Сени эки кыз жактырып калды дейли, сен да экөөнү тең сүйөсүң. Экөө тең акылдуу, ыймандуу, билимдүү кыздар. Айырмасы бири байдын, бири кедейдин кызы. Кимиси менен баш кошот элең?
- Сиздин сурооңузду дароо эле чечип коё турган маселе эмес экен. Бул айтканга оңой болгону менен өтө олуттуу нерсе. Эгер ушундай жагдай башыма түшсө өзүмдөн мурда ошол эки кыздын назик жүрөгүн ойломокмун. Мени ушунчалык катуу сүйүп, башка менен жашоого мүмкүн эмес болуп калса алардын макулдугу менен экөөнү тең алмакмын. Анткени, буга шарият жол берет. Бирөөсү бай, бирөөсү кедей болсо экөө бири-бирин багып жашай берет да. (тамаша)
- Азыр жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Чынын айтсам жок.
- Эмнеге ырчылар сүйгөнүм жок дей бересиңер. Толгон-токой кыздардын ичинен кантип көңүлүңө жаккан кыз табылбасын…
- Көңүлүмө туура келген кыз толтура. Болгону, биздин артисттик жашоого чыдаган чыдамкай селкини табыш кыйын. "Жигит" деген милдетти алгандан кийин сүйгөн кызыңды кафеге алып барып, тоого эс алдырып, ага дайыма көңүл буруп турушуң керек. А бизде буга убакыт жок. Түнкү саат 4тө уктап, эртеси 12де турмай. Биздин жашоо, биздин күндөлүгүбүз такыр башкача. Ага анча-мынча кыз туруштук бербейт. Ой мен сени сүйөм, сен мен үчүн жалгызсың деген кыздардын баары мени менен бир жума жүргөндөн кийин жок болуп кетет.
Диана Айдаралиева,
17 жашта:
- Бир тууган иниң Нияз Абдразаковду да бир концертте ырдап чыкканын көрдүм эле. Ошондон кийин чыкпай калды го?
- Чынында анын таланты, өнөрү жок. Сахна талап кылчу нерсе болбогондон кийин бул чөйрөгө адашып келгендин эмне кереги бар. Анын орду ыр дүйнөсүндө эмес. Мен Россияга кетсем кызыгып, бир концертке чыгып алыптыр. Өзүм келгенден кийин жакшылап түшүндүрүп чыгарбай койдум.
- Казак ырчысы Кайрат Нуртасты сен алып келип жаткан турбайсыңбы. Концерт учурунда сен аркылуу ага жолуксак болобу?
- Кечирип койгула, концерт учурунда андай мүмкүнчүлүгүм болбойт. Ал тургай биздин ырчылар да сахна артына кире албайт. Казак боордошторго иреттүүрөөк болуп, өзүбүздүн жакшы жүзүбүздү көрсөтөлү да. Жанындагы кароолчулары менен эле тил табышып, Кайратка жолукпасаңар, башка жол жок.
- Өзүң теңдүү ырчылардан айырмаланып ырдап эле тим болбой аранжировка да жасап жүрөсүң. Жашыруун болбосо бир ырдын аранжировкасы канча турат?
- Мындан 2 ай мурун 200 доллар болчу. Жакында жаңы, сапаттуу аппаратура сатып келип, азыр бир ырдын аранжировкасын 500 доллар менен жасап жатам.
- Диско-клубдарга барып турасыңбы?
- Клуб дегенди жаман көрөм. 6-классымда Оштогу чоң диско клубдардын биринде ди-джей болуп иштечүмүн. Ошондо дискотека деген көңүлүмө көк таштай тийген. Андыктан кафе, диско-клуб дегенден алысмын.
- Анан кантип эс аласың?
- Тоого чыгып, парктарга барып, бак аралап эс алам. Мен диско-клубга, кафеге барып эс алам дегендерди таптакыр түшүнбөйм. Андагы даң-дуңдар адамды эс алдырбай эле тескерисинче чарчатып коёт го. Анын эмнеси жакшы.
- Эмне үчүн мектепти таштап койдуң?
- Ырчы болом деп таштадым да. Негизи мектепте 5-класска чейин жалаң "5" деген баалар менен окуп келдим. Анан жан дүйнөмдөгү ырга болгон сезимим ойгонуп, музыкага баш отум менен кирип кетип, мектепти таштаганга туура келди. Бала кезде "бандитирээк" бала болчумун. Өзүм окубаганым аз келгенсип балдарды кимиң эркек болсоң бери чык деп, бактын түбүнө барып тамеки тартат элек. Анан 6-класста окуп жатканымда көктөн издегеним жерден табылып Кызылкыя шаарына Абдумалик Шерматов концерт коюп барып калып, ошондо ырчы Мирлан Ниязов менен таанышып, ушул жактан окуйм деп Бишкекке келе бердим. Бул жакта деле ар кайсы мектепке баш багып отуруп кыйратып окуган жокмун. Бирок, бала кезден көксөгөн тилегиме жеттим. Мен үчүн бул чоң бакыт.
- Сен үчүн кыздардын "кыздык белгиси" маанилүүбү?
- Мм… Кыз эмнеси менен айырмаланат. Албетте, сиз айткан абийири менен. Бекеринен "Кыз абийири кымбат" деп айтылбайт да. Ал нерсе мени кызыктырбайт, мага жакшы аял болсо болду деген эркек деле бир күн болбосо бир күн чыгарып алат. Бир бүлөнүн босогосун таза, ак аттаганга не жетсин. Жеңил ойлуулукка алдырып күйөөсү, тууган-уругунун алдында өмүр бою тили кыска болуп өткөндүн эмнеси жакшы. Эртеңки күнү мээримдүү эне, бактылуу жар, жакшы үйбүлөнүн мүчөсү болом деген кыздар үчүн "кыздык белги" чоң роль ойнойт. Андыктан бул мен үчүн да маанилүү. Мен абийирдүү кыздарды сыйлайм.
- Сүйлөшүп жүргөн кызыңдын капысынан боюнда болуп калса эмне кыласың?
- Андайдан Кудай сактасын. Ата-энемдин эл караган бетин жер каратып, алардын алдында уят болушту каалабайм. Эгерде өзүм сүйгөн кыз менен кокустук иш болуп калса, аны боюна болтура койбой, ошол эле күнү үйгө алып келмекмин. Тфү, тфү, анын бетин ары кылсын.
Жылдыз Анарбаева,
22 жашта:
- Ильяз, сага чыгармачылык эргүү каалайм. Эч качан жүзүңдөн күлкү кетпесин. Бактылуу бол.
- Рахмат Жылдыз. Мен да сизге ошону каалайм. Кандай суроолоруңуз бар?
- Көчөдө балдар коркутуп, акча талап кылса кантесиң?
- Мындай учурлар менин башымдан көп эле жолу өттү. Кандай болгон күндө да жиндинин да тилин тапса болот. Мен акча сурагандардын талабын орундатмак түгүл, жол киреге акча бергилечи деп өздөрүнөн алып кетчүмүн. Андыктан мен мындай кырдаалдан кантип чыгуунун жолун өздөштүрүп алгам десем жаңылышпайм.
- Чыныңды айтчы, жөргөмүштөн коркосуңбу же жыланданбы?
- Кичинекей кезимде жыландан аябай коркчумун. Азыр эми бойго жетип болкулдаган жигит болуп калбадымбы. Эми жыланды көрсөм өзүмдү кармап, сабырдуу болгонго аракет кылам да.
- Качан үйлөнөсүң?
- Азырынча мага эрте. Эки жакты көрүп, ак караны, жакшы - жаманды ажыратып, жашоонун бардык багытына бышып алып, анан шашпай үйлөнөм. Ага чейин 27-28 ге чыгып калам.
- Палоо жасап конокко чакырсам барасыңбы?
- Чын көңүлүңүздөн урматтап чакырып жатсаңыз кантип жок деген жооп кайтарат элем. Кайсы күнү, кайсы убакта чакырсаңыз мен даярмын.
- Чачын кыркып, боёнгон кыздар жагабы?
- Эмне кылса да ал ар бир адамдын өзүнүн иши го. Бирок, аялзаты мүмкүн болушунча чачты өстүрүп, узунунан өрүп таштап, өзүнүн нукура келбети менен жарашыктуу кийинип жүрүшсө жакшы болмок. Кыздын көркү- чач болгондон кийин, узун чачы менен эле кыргыз кызымын дегенге не жетсин. Менимче, бардык эле мырзалар ушундай кыздарды жактырат болуш керек.
Даярдаган Ж.Калдарова










??.??