№14, 06.05.08-ж.
  Шырмаек

"Каракече көмүр" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Нурлан Мотуев менен маек
"Телефон чалып
"таскамды" чыгарган
кыздарды жоготтум"
- Нурлан мырза саламатсызбы? Сиз менен маектешели деп "Обон" гезитинен тынчыңызды алып жатабыз.
- Жакшы, жакшы. Сурооңорду бере бергиле, мен даярмын.
- Айтыңызчы, саясат сизге эмне берди?
- (Бир топко унчукпай туруп) Так, мм… Саясат биринчиден мага адамдарды ажыратып, кимдин ким экенин таанып билүүнү үйрөттү. Экинчиден элдин урматтоосун берип, атак-даңктын туусуна себепкер болду. Саясат айдыңында ушул эки нерсеге жетиштим.
- Атак-даңк дегенди кандай түшүнөсүз?
- Эми атак-даңк деген шариятта макүрүлүк болуп калат. Негизи атак-даңктуу деп Иса пайгамбар, Муса пайгамбар, Мухаммед пайгамбарлар эсептелет. Анткени булардын аты эч качан өчпөйт, ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт. Ошол эле Македонский, Гитлериң жаман жагы менен эле миң жылдан кийин эстелбесе, көбүнчө унутулуп калат. Андыктан түбөлүктүү атак-даңк пайгамбарларда эле болот. Ал эми биздин азыркы ырчымын, бийчимин, актермун деп жүргөндөрдүн даңкы да, баркы да ашып кетсе 1-2 жылдык.
- Сиз өзүңүз намаз окуп шарият жолунда жүрөсүз. Анын үстүнө сизди чириген бай деп айтышат. Айтайын дегеним соопчулук, кайрымдуулук иштерин жасайсызбы?
- Кайрымдуулук иштерин, тиги Каракечеде иштеп турганда абдан көп жасадым. Жумгал, Нарын, Кочкордо эле эмес Бишкек, Чүй, Карабалтадагы аз камсыз болгон үйбүлөлөргө, жетим -жесирлерге 10 млн. сомдук 10 миң тонна көмүрдү бекер бергем. Андан кийин, тилекке каршы абактан чыккандан бери менин күнөөмдү таппай же бүтүрүп салбай же бүткөн жок деп суракка чакырбай эки анжы болуп атып бизнесим кичине аксап калганына байланыштуу акыркы 1 жылдан бери эч кимге жардам бере элекмин. Менден жардам алып жүргөндөр Нурлан эмне болду деп кабатыр болуп аткандыр.
- Каракече демекчи, ошол Каракече көмүр кенинде сиз кууп чыккан тарап азыркыга чейин миллиондогон акчаны Нурлан Мотуев жеп койду деген сөздөрдү айтып келишет. Сиз буга эмне дейсиз?
- Албетте, ууру өздөрү. Миллиондогон акчаны мен жутуп койсом, былтыркы болгон сот менин эки бутумду чырмап туруп, эбак эле 10-15 жылдык мөөнөт менен камап салмак. Мен соттон утуп чыгып чоң сенсация жараттым. Чынында жебегенимди далилдеп, баары туптуура чыккандан кийин "аа" деп туруп анан Игорь Чудинов семинарда так менин идеямды мыйзамдаштырып, Каракечени мамлекетке алып койбодубу. Анткени, КГБ баш болгон өкмөттүн бардык структуралары иштейт да. Алар чыныгы ууру ким экенин билди. Бул жердеги менин эрдигим Каракечени эч кимге талатып, тонотпой жок дегенде мамлекетке өткөрүп бердим. Ошол эле туу тутуп, жомоктогудай көрүп жүргөн Америка, Европа өлкөлөрүндө да мындай стратегиялык мааниси бар обьектилерди, мисалы электр жарыгын, көмүр алтын кендерин эч качан биздегидей жеңил ойлуулук кылып жеке колго берип салбайт. Бүт баарын мамлекет өздөрүнө алып иштетет. Анткени бул бирден- бир кирешенин булагы болуп эсептелет. Эмне үчүн биздин айлыгыбыз, эмне үчүн тиги ата-энеңиздин пенсиясы жогору эмес. Алардын баары мына ошол Жолдошбаевге окшогон өз көмөчүнө күл тарткандардын чөнтөгүнө түшүп атат. Ушундай алдым-жуттумдардын кесепетинен биздин эл башына тартса бутуна жетпеген жашоону баштан кечирип жатат.
- Кыргызстанда чындык бар экенине ишенесизби?
- Эээ… чындык деген… кандай десем. Чындык Аллахтан жаралган нерсе. Аллах чындыкты гана жакшы көрөт. Ал эми жасалмалуулук калыстык шайтандын колтугуна кирип алган сыяктуу. Азыркы революциялык бийлик чындыкты орнотуш үчүн Акаевди тактан түртүп салып, ал түзүп кеткен системаны чекеден талкалап келатат. Демек, Бакиевдик система ушинтип иштесе, акырындык менен чындыктын өзү болбосо да "чымыны" болооруна ишенем.
- Шартылдап, күпүлдөп, күүлдөп жүргөнүңүзгө караганда сизде кайгы-капа деле жок болсо керек?
- Эми, эр жигиттин намыстуулугунун кайраттуулугунун эң негизиги белгиси ушул да. Ичиңде көңүлүң чөгүп турса да, сыртыңдан жаркылдап, шатыра-шатман жаркын маанайда жүрүү бул менин Америкадан алган тарбиям болду. Кайгырып, өкүнүп, депрессияга кабылуу ар бир адамда болсо керек. Бирок мен ага да жол бербейм. Мындай учурда намаз окуп жеңилдеп алам.
- "Супер" саяк экениңизге сыймыктанасызбы?
- Негизи саяк элдин шогу" деп коёт. Бул сөздүн маанисине революциядан кийин мен далил болдум окшойт. Өзүңөр күбө болгондой 1 жыл Каракечени кармап, туруштук берип турбадымбы. Менин душмандарым Куловго, Жолдошбаевге баш ийбей койдум. Демек, мен саяк экенимди көрсөттүм. Андыктан "Супер" саяктар мени менен сыймыктансын.
- Абакта 1 жыл олтурупсуз. Ал жактагы жашоо кандай экен?
- Ал жерде эрк, кайраттуулук, эркек мүнөз керек. Эң негизгиси өзүңө ишенүү зарыл. Кылтың-мылтыңы жок түз сүйлөп, түз жүрсөң баары урматтап сыйлашат. СИЗОдо отурганымда, милициянын камерасына камайлыбы, анткени авторитет "Черный мир" өлтүрүп коюшу мүмкүн деп сурашты. Анан мен айттым, "мен милицияда же КГБда иштебесем эмнеге өлтүрмөк эле" деп өзгөчө режим менен 20-30 жыл Россияда олтуруп келген зектер менен отурдум. Алар менин буту-колумду сындырмак түгүл таң атпай чай кайнатып келип, кел чай ичип ал, кантсе да камакта отурабыз кыйналып калба дешип көзүмдү карап турушчу. Кыскасы, ал жактын түрмө деген эле аты болбосо, андагы биз жинди болуптур деген адамдар бул жактагы мен кыйынмын деп төш каккылаган мыктылардан акылдуураак.
- Туура эмес иш жасап өкүнгөн учурларыңыз болдубу?
- Мен өзүмдүн өмүр баянымды карап көрсөм Кудайга шүгүр акыркы койгон кадамым түз , бир багытта кетип жатат. Ислам дининдеги мусулманчылыкка да убагында келдим. Ал эми өкүнгөнүм көп жылдар бою арак-шараптын акесин таанытыпмын. Аракка тоюп, кыштын ызгаар күндөрүндө кар үстүндө сойлоп жатып калган учурларым болгон. Менин кемчилидигим да, туура эмес иш жасаган учурларым да ушул убактарда болуп өттү.
- Ар бир тирүү жандын жүрөгүндө сезим болот. Аны эч ким тана албайт. Андыктан мындай жагдай сиздин жан дүйнөңүздө да жашагандыр. Жер бетиндеги түбөлүктүү сүйүү темасында сүйлөп берсеңиз?
- Мен Жумгал районунун Чаек айылында чоңоюп өспөдүмбү. Мен окуган орус мектеп мурда Москва аталса, азыр Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы ыйгарылган. Ал мектепте Т.Турсунбаева, Н.Турсунбаев өңдүү кыргыздын керегине жараган азаматтар билим алган. Анан ошол айдай жүздүү Таттыбүбүнүн сиңдилери кантип сулуу болбосун. Өң десе өңү, бой десе бою бар келишимдүү, сымбаттуу назик кыздар көп эле. Дагы бир жагы биздин мектепте жалаң эл башкарган, чоң сөрөйлөрдүн уул-кыздары окучу. Бул мактангандык эмес, чынын айтсам мен кыздарды сүйбөй эле, кыздар мени сүйүп калып жаман болушкан. Анткени мектептеги татынакай бала мен эле болчумун. Мектепте жалаң "5"ке окуп, болоор бала башынан дегендей, ошондо эле лидер болчумун.
- Айтууңузга караганда сизди кыздар көбүрөөк сүйгөн экен. Жигиттик сөзүңүздү айтыңызчы, өзүңүз сүйгөн учурлар да болду беле?
- Эмии… мен муну айталбайм. Айтсам, азыркы сүйлөшүп жүргөн аппагым таарынат. Жакында ал кызга үйлөнөм.
- Ага чейинкилерин айта берсеңиз кантип болбосун…
- Жок дебедимби… Гезитке мактанам деп сүйгөн кызымдын 10-15 күн коңгуроомо жооп бербей басып турганын каалабайм. Чынын айтканда эски сүйүүлөрдүн баары тарых болуп калды. Ал жөнүндө китеп жазып калсам окуйсуңар. Бирок менин азыркы турмуш кура турган болочок жубайыма болгон бир эле сүйүүм бар.
- Жашыруун болбосо кайсы жерге күйөө бала болгону жатасыз?
- Кудай буюрса, өзүм сүйгөн 23 жаштагы Оштук кызга үйлөнүп, түштүккө күйөө бала болгону жатам. Майдын аягында үйлөнүү той кылабыз, ошого сизди чакырам сүрөтчүңүз менен келип репортаж жасап кетесиз. Сүйлөштүкпү?
- Нурлан мырза, бир убакта үйбүлөм бар, эки баланын атасымын, үйбүлөм азыр Америкада жашайт деп гезит беттериндеги маектериңизден окудук эле. Ошол биринчи үйбүлөңүз эмне болду?
- Жок. Мен такыр үйлөнгөн эмесмин. Менин атымдан бирөө сүйлөп бергенби же мен жөнүндө макала керек болуп журналисттериң өздөрү жазып койгонбу, айтор, мен Америкада жүргөндө жоктугумдан пайдаланып, жалган маалыматты чыгарып жиберишиптир. Чындыгында өмүрүмдө биринчи жолу эми турмуш курганы жатам.
- Жашыңыз бир топко келип калды. Ушул кезге чейин эмнеге үйлөнбөй жүрдүңүз?
- Менин көпчүлүк убактым билим алуу менен өттү. Бишкекте, Россияда, Америкада окудум. Окууну бүткөндөн кийин дароо эле оппозицияга кошулдум. Андагы оппозицияда Замира Сыдыкова, А.Бекназаровдор бар эле. Саясий оюн деген бул өзүнчө эле чоң кумар турбайбы. Ошондон бери эле күнү-түнү эл-жерди ойлоп жүрүп саясаттан башым чыкпай келатат. Арка-алдымды карап келечегимди ойлоп, эми эсиме келип, баарынан мурда үйбүлө күтөйүн деген чечимге келдим.
- Бир жолу КООРТ телеканалынан "Кыздар телефон чала берип, таскамды чыгарды"-деп айттыңыз эле. Мындай кыздар азыр деле тажатышабы?
- Мен абакта отурганга чейин башка бир кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Бу кыз дегениң деле чыдамсыз калк болот экен. Тиги телевидение дегениң да акмактай болду да. Мотуев 100 миллионду жеп койду, изделип атат, чукулуп жатат деп атып жанагы менин сүйгөн кызымды айнытышты. Ошол учурда жана сиз айткан кыздардын коңгуроолору, sms тери азайып отуруп, акыры өздөрү да жок болуп тынышты. Кудая тобо кылдым, сөз ушундай жаман экен бирөө эле эмес, жанагинтип тынчымды алып кайра-кайра чалып аткан акмончок, көкмончоктордун баары дайынсыз болуп кетти. Бир чети кулагым тынчып жакшы болду.
- Маегиңизге чоң рахмат. Бактылуу болуңуз.
- Сизге да рахмат. Ийгилик болсун.

Ж. Бороева

P.S. Маегибиз оңдолбостон, өзгөртүүсүз берилди.