presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№14, 06.05.08-ж.
 "Өз үнүм, өз жүзүм менен жашаймын"

Аты-жөнү - Алтынбек ИСМАИЛОВ.
Туулган жылы, айы, күнү - 1982-жыл, 1-январь.
Туулуп өскөн жери - Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк айылы.
Сүйүнгөнү - Аким болбой, акын болсом деп дегдеп турганы.
Күйүнгөнү - "Уяты жок" заманда жашап жаткандыгы.
Ыйык тутканы - Сөз.
Учурда - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, Евразия жазуучулар бирикмесинин Кыргызстандагы өкүлү, Республикалык жаштардын Ж. Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты.

- Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиң?
- Акындын башкалардан айырмасы ушунда, ал ой азабын, сөз азабын тартып, толгонгон учурда гана жан дүйнөсү коргошундай балкып, чексиздикке сүңгүп кеткен кезде гана чыгармачылык менен шугулданат. Калган учурда алар деле карапайым адамдар сыяктуу күндөлүк көр оокат менен алектенет, жашоо үчүн күрөшөт. Демек, менин турмушум да дал ушундай жашоо мыйзамына баш иет. Ырдын тили менен айтканда:
Кайран ырлар, калдайган канат белем,
Көккө чыгып, жер үстүн карап келем.
Куйругумду көр оокат жулбаганда,
Кушка айланып, асманда калат
белем?!
- Таланттуу адамдардын жүрөгү назик, сезимтал келет эмеспи. Кимдир бирөөгө капа болуп, көңүл калган учурларың болду беле?
- Бул сурооңо да ыр менен жооп бергим келет:
Себеби жок күнөөлөбөй бирөөнү,
Сен өзүңдөн изде дайым күнөөнү...
- Бирөөлөрдү туурап, ыр жазып көргөнсүңбү ?
- Бала кезде, жаңыдан калем кармай баштаган учурда сүйгөн акындарыңды туурап, ыр жазууга дилгирленесиң. Кийин бир аз такшалып, чыгармачылыктын чытырман токоюна кирген мезгилде гана өз чыйырыңды издей баштайсың. Мындай көрүнүш бардык акындарга таандык. Ушул өңүттөн алганда, мен да "мадыра баш" кезде айрымдарды туурасам керек. Бирок азыр таптакыр туурабаганга аракеттенем, өз үнүм, өз жүзүм менен жашагым келет.
- Поэзия дүйнөсүндө сени эмне таасирлентти?
- Поэзия мага көп нерсе берди. Мен өзүмдүн турмушумду поэзиясыз элестете албайм. Мезгил учкан мейкиндик талаасына мен ырларды, а ырлар мени жазып жатат деп айтар элем. Эң башкысы поэзия дүйнөсү мага аруулукту, тазалыкты, акыйкатты үйрөттү.
Издебедим бак-таалайды базардан,
Издебедим ыйык жайдан, мазардан.
Көкүрөктү кир сезимден арылтып,
Кандай бакыт, көз ирмемге тазарган!

ЭРГҮҮ
Ыр жазып кыялдардын учагында,
Ысык ой тыбырчылайт кучагымда.
Талп этип кайра жерге кулап түшөм,
Талпынып бийиктикке учамын да...

ҮМҮТҮМДҮ
ТАРАТАМ
Асыл ойлор баш багып айланаман,
Аруулукка жанашсам АЙГА барам.
Туңгуюкка капталып кээ бир кезде,
Түптүз жерден басалбай тайгаланам!

Чындык таппай чымырап алаканым,
Чак түштө да чыйрыгып баратамын.
Үшүк урган үмүттү КҮНГӨ кактап,
Үнүм жеткен жерлерге таратамын!..

АРУУЛУККА
УМТУЛУУ
Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин "пенделиктен"!

Алданып көр оокаттын жупкасына,
Айрымдар жүгүн артса, журт башына.
Акырын: "АДАМ бол" деп шыбыраган,
Асылып турам тагдыр туткасына!

Жогору койгон кезде "теңгени" мен,
Жеңилген күнүм арбыйт жеңгенимен.
Бошонгум келет менин биротоло,
Булганган сезимдердин чеңгелинен!

Мык кагып, мерес жандын денесине,
Махабат мазамды алып келесиң ээ?
Мен дагы калкан болуп тургум келет,
Мезгилдин зуулдаган жебесине!!!

ИЧИМДЕГИ БИР АДАМ
Эмнегедир коркунуч басат мени,
Ээн баш ойлор алкымдан асат мени.
Мезгил учкан мейкиндик талаасына,
Мен ырларды, а ырлар жазат мени...

Көңүл чөгүп, бычаксыз канап турдум,
Күн отуна сөөгүмдү калап турдум.
Көз жүгүртүп көкүрөк күзгүгө мен,
Көпкө дейре өзүмдү карап турдум!

Көөдөнүмдү ансайын тушап жалын,
Күйдү, күйдү жалбырак, бутак-шагым.
Муңга толгон жүрөктүн отун алчу,
Муздак ташты моюндан кучактадым!

Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,
Бир заматта ошол таш ысып чыкты.
Алоолонгон жанымды билбейм бирөө,
Аскаларга алпарып жышып чыкты!

Тыңшап үнүн табигат, теребелдин,
Түрмөктөлгөн ырларга тебелендим.
Түп нускамды табалбай түп нускамды,
Тегерендим дүйнөнү тегерендим...

Сезбей качан түн кирип, таң атканын,
Сезбей күндүн жарык нур таратканын,
Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен,
Көлөкөлөр жетелеп баратканын!

Ичким келди... А бирок ичирбеди,
Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.
Иттик кылып жатканын көрдүм анан,
Ичимдеги бир адам ичимдеги!

Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп турдум,
Көргүм келбей, күзгүдөн коркуп турдум.
Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,
Ичимдеги "өзүмдөн" коркуптурмун!

Маектешкен Мээрим Сатарова




(Башталышы
өткөн сандарда)
- Ал жарак - тетигил адамдын колундагы карапайым көрүнгөн түтүк. Анын аты- чоор.
- Чоор дейсизби? Эң сонун жарак тура! Аты да кооз, үнү да кооз. Мынчалык сыйкырдуу добушту мен эч качан уккан эмесмин.
Кудай кейигенсийт:
- Коркунучтун баары чоордо. Ал адамдын колунда турганда жансыздын да, жан-жаныбардын да баарында күн жок. Анда алар тигил экөөнүн кулу болот да калат. Карачы, каардуу деген чагылгандын оту да тигилерге каршылык кыла албады. Чоор колдорунда турганда жан-жаныбардын баарысын алар каалагандай бийлешет. Эмгектенгенди унутуп, жалкоо болушат. Жан кыйнабай дүнүйө тапкан жерде адамды акылы мокойт. Алга жылуу, өсүш токтойт…
- Азретим, анда бул макулуктар кантип күн көрөт? Асманда жүргөн отту кантип багынтышат?
- Мен аларга эч жанда жок акыл бердим. Ойлонуп, эмгектенишсин. Ошондо алар отту да табышат. Сонун-сонун шаарларды курушат. Эмгек бар жерде гана турмуш ыракаттуу болот. Өздөрүнүн жаны ооруп кыйналмайынча башкалардын кыйналганы менен иши болбойт адамдын. Жан кыйнап мээнеттенмейинче адам тукуму жакшырбайт. Алар үчүн өмүр сүрүү кызыксыз болот. ..
- Андай болсо буйругуңуз барбы, Азретим? Мен дагы сиздин бир макулук, аткарууга даярмын.
- Сен азыр барып, Адам атанын колундагы чоордун жанын алып тын. Ал эми анын тулкусу, өзү алардын колунда кала берсин. Ошондо гана чоор алардын эмгектен чарчаган кездеринде көңүл жубатчу аспабына айланат.
Айткандай эле, Кыдыр Иляс Адам атанын жанына барып:
- Кана алдагы түтүгүңдү мага берчи. Мен дагы ойноп көрөйүн, -деп сураган экен.
Чоор колуна тийгенде Кыдыр Иляс аны эрдине такай үйлөмүш болуп ойноп көрөт да, түтүктүн үнүн калтырып, анын сыйкырын, жанын өзүнө оп тартып алып коёт. Адам ата чоорун кайра алып үйлөп көрөт. Андан баягыдай эле кооз үн чыкканы менен үн өздөрүнөн башкаларга керексиз болуп, жан-жаныбардын баарысы өз жайларына тарайт. Шамал да мурдагысындай жүрүп, дарыялар да өз-өз нугу менен ага баштаптыр. Ал эмес чагыландын оту да аларга туткун болбой көккө учуп кеткен дейт.
Ошентип, Бакалбай чал чоор туурасындагы аңгемесин бүтүп, Бөрүбайды тиктейт.
- Мен чоордун сиз айтканчалык касиети бар экендигин билген эмесмин деп, басып кетмекчи болгондо, чал ага кайрадан эскертет.
- Карыянын кебин капка сал, уулум. Мен сага бекеринен кеп уруп жаткан жокмун. Чоордо ойногонуңду мындан ары токтот. Болбосо бир балээге кабыласың. Кыдыр Иляс чоордун сыйкырын алып койгон деп эскерттим. Бирок баары бир ал жаныбар аспап. Айттым го башында: чоор жаннаттын буюму. Зериксең, куса болсоң комузда ойногонду үйрөн. Комуз черт.
Бакалбайдын айтканына ыза боло мулуйган Бөрүбай жооп бербестен бастырып кетмекчи болгондо, чал анын артынан кыйкырып калат.
- Балам чоордо ойногонуңду токтот. Дагы айтам, сак бол…
Анан Бөрүбай чоорду ойногонун токтотуптурбу? Сурооң туура Эсентур, кептин баары Бөрүбайдын чоордон ажырабагандыгында. Байкап атам, жомогум силерге жага түшкөн сыяктанат. Андай болсо, мен уланта берейин. Ошентип койнуна катылган чоорун үч күнгө чейин колуна албайт. Бирок жалгыз бой эме аябай зеригет. Ойноюн десе карыянын сөзү эсинде. Неси болсо да Бакалбай куучу укпаса болду да деп ойлогон жигит бир жолу айылдан алыс оолактайт. Жалгыз гана муңдашы - чоор, ал койнунда. Бөрүбай Чүмкөк деген жайлоонун этеги чендеги чытырман токойго кирип алып ойной берет да, акыры иңир кирип каш карайганда гана үйүнө келчү экен. Бир жолу токойдон кайтып келатса, жолундагы көк жондо олтуруп алып, кылкылдай тоодон ары батып бараткан күндүн кызылынан көзүн албай Бакалбай чал комуз чертип отуруптур. Буйтап өтө албай жигит ага кайрылып салам айтат. Акырын баш ийкей алик алган куу чал, ошол комуз черткен боюнча өзү менен өзү сүйлөшөт:
- Атаңдын көрү арман күн. Көр четине дагы бир кадам жакындадык. Туулдум - өлдүм деген кеп чын тура…
Карыянын сөзүнө Бөрүбай кадимкидей нааразы болуптур.
- Жарыктык, баткан күндү, өткөн күндү эсептеп санааркайсыз. Ушундай да жашоо болобу… Мен сизге таңмын. Өлүмдү ойлобой, эч нерседен капарсыз жашагым келет. Чыккан күнгө бой балкытып, кубангым келет.
- Өлүмдү ойлобогондук - жашоону урматтабагандыкка жатат. Жаман айтпай жакшы жок, уулум. Кузгундун жашына келген карыянын тилин албай, чоорду ойногонду токтотпой, өз билгениңди кылдың. Мейли эми айла жок. Сен барган жердин аты - Жыландуу. Ал жер - жыландын ордосу. Кандай күнгө туш болоор экенсиң, бечарам. Билип кой: сенин чооруңдун үнү, муңу жана өзүңдүн күйүтүң жыландын да боорун эзет. Бар бара бер. Бешенеңе жазганды көрөсүң да…
Ошо бойдон Бөрүбай да жүрүп кетет. Ал бул жолу да чалдын сөзүнө маани бербейт. Бул жолу да капарына эч нерсе албайт. Жайлоонун толуп турган кези. Жүрөгү алып - учуп, белгисиз кубаныч көңүлүн көтөрөт. Жашоого болгон кумары тарабачудай. Өмүр сүрүүнүн кызыгын бүгүн сезгенине өзү да аябай таң калат.
Бул жолу Бөрүбай керели-кечке тынбай иштеп, тал кыркат. Түндүккө, кереге- уукка ылайыктуусун өзүнчө ылгап, тез кургап жарактан чыкпасын деген ойдо көлөкө жерге жыят да, жай отуруп ала келген азыгын жеп болгон соң, асман мелжиген кызыл карагайдын түбүнө олтуруп алып, чоордо ойноп кирет. Ойной берет, ойной берет. Ойногон сайын туулуп өскөн эли-жери, сүйгөн жары Арзыгүлдүн айжамалы көз алдына тартыла кыздын элеси, жыпар жыты өзөгүн өрттөгөн Бөрүбай үргүлөй түшөт. Иштеген кызматы жана кусалыктан башка көргөн күнү жок шордуу башка эмне кылмак. Ал кеч кирген ченде гана ордунан турса керек. Илкип-калкып дегендей жай жүрүп олтурса, күүгүм ченде түнөгүнө жетээрин билет. Ашыкканда да аны күткөн эч ким жок. Көк жашаңга тойгон тору аты нары жакта ныксырап, үргүлөп ээсин күтүүдө. Бөрүбай атын токуп минип, бастырып кетмекчи болгондо туура жагындагы жаш кырчындын арасынан "жардам, жардам" дегендей кыздын ичке үнүн кулагы чалыптыр. Аты бышкырып кетенчиктегенине карабай жигит ошол үн чыккан жакты көздөй, бет алмакчы болот. Жакындай бергенде үн шаркыратманын ары жагындагы эчки талдын арасында экенин билип аттан түшөт. Тизгинди бош коё берген ал, аркы өйүзгө секирип өтөт да, кайра бет алдын тике карай албай кетенчиктей бериптир. Ооба, балдарым. Эскертип коёюн, ошол тал түбүндө отурган кыз-бала энеден туума жылаңач экен дейт. Ошондо кызга далысын салып, дит багып карай албаган Бөрүбай сураган тура:
- Сени ыза кылган ким, карындашым? Ушул абалга кандайча туш болдуң?
- Мени эч ким ыза кылган жок, байке. Жайымды анан түшүндүрүп берейин. Андан көрө мени эптеп кызыл жабар кылыңыз…
Кыздын айтканын дароо түшүнгөн Бөрүбай атынын жанына чейин чуркап барып, жаанда чүмкөнчү таар чапанын алып жетип келет да, аны кайра кызды көздөй болжолдоп ыргытып жибере. Кыз чапанды желбегей жамынган соң:










??.??





??.??