presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№14, 06.05.08-ж.
  Саламат плюс

Ар түрдүү оорулардын башаты -
геморрой
"Геморройду толук айыктырса болот"
Геморрой - бул көтөн чучуктун чыга беришиндеги кан тамырлардын кеңейип кетүүсүнөн келип чыккан илдет. Бул ооруну адамдар илгерки Гиппократтын убагында, тагыраак айтканда б.э.ч. I - II- кылымдарда эле билишкен. Геморрой деген сөз гректин сөзүнөн алганда "Гемморагия" - кан агуу дегенди билдирет. Азыркы медицинада бул оорунун кайсыл даражасын кандай жолдор менен дарылоо керектиги толугу менен изилденген жана аны толугу менен айыктырса болот.

Геморройдун белгилери
Көпчүлүк убакта пайда болгону билинбей калат. Адатта геморройду чоң заарага барып, көчүгүнөн кан агып баштаганда байкашат. Кээ бир убактарда ачышкан-кычышкан сыяктуу белгилерден байкалат. Бирок, көбүнчө адамдар буга маани бербей жүрө беришет. Анан акырындык менен геморройдун түйүндөрү чоңоюп, чоң заарага барганда сыртка түйрүлүп чыга баштайт. Негизинен геморрой оорусунун 4 даражасы бар. Төртөөндө тең кан агышы да, акпашы да мүмкүн.
1. Геморрой түйүндөрү сыртка чыкпайт. Кичине кычышып, ачышкан белгилер байкалат.
2. Геморрой түйүндөрү чоң заарага барганда сыртка чыгып, өйдө турганда кирип кетет.
3. Геморрой түйүндөрү чоң заарага барганда сыртка чыгып, бирок, өзү кирбейт. Кол менен түртүп киргизишет.
4. Адам басып жүрсө деле геморрой түйүндөрү сыртка чыгып кетет.
Геморрой түйүндөрүндө токтоп, уюган кан жанында жайланышкан урук чыктагыч бездеги кандын токтоосуна шарт түзөт. Мунун негизинде геморрой оорусу пайда болгондо эркектер простатит оорусуна чалдыгуулары да мүмкүн. Аялдардын жыныс органдарында да кан токтоонун негизинде ар түрдүү оорулар пайда болот.

Дарылоо жолдору
Геморройдун 1-2-даражасында аны дарылоонун жолдору көп. Анткени азыркы медицинада аларга жакшы жардам бере турган свеча жана майлар бар. Бирок, булар геморройду толугу менен жок кыла албайт. Геморрой түйүндөрүнүн ошол убакта болуп жаткан сезгенүүсүн гана кетирет. А кеңейип кеткен геморрой түйүндөрү ошол бойдон калат. Кийинчерээк ар кандай себептерден улам оору кайра сезегениши мүмкүн. Анткени, азыркы убакта Кыргызстанда геморройдун 1-2-даражасын операциялык эмес жол аркылуу толугу менен айыктырганга мүмкүнчүлүк бар. Бул инфра-кызыл нуру менен күйгүзүү жолу. Дарылоодо бул нур адамдын ден-соолугуна эч кандай зыянын тийгизбейт. Күйгүзүү процедурасы убакытты да албайт. Адам өзүнүн ишин кылып, беймарал жүрө берсе болот. Минтип дарылоочу аппаратты Германиядан өздөштүрүп, 1996-жылы алып келгем. Бүгүнкү күнгө чейин шаардык 8-поликлиникада көптөгөн оорулууларды айыктырып келатам. Операциялык эмес жол менен башка методикаларда дарылоочу аппараттар бар. Тилекке каршы, андай аппараттар биздин Кыргызстанга жете элек.
Ал эми геморрой 3-4- даражага өтүп кеткенде айыктыруунун эң башкы жолу - бул операциялык жол менен дарылоо. Республикабызда атайын бул оору боюнча дасыккан дарыгерлер иштей турган проктология бөлүмү бар экендигин көпчүлүк убактарда оорулуулар билишпегендиктин натыйжасында, жалпы хирургия бөлүмүндө операция болушат. Бирок, мындай учурларда көбү толук натыйжага жетишпейт. Андыктан геморрой боюнча проктология адистерине кайрылышкандарында дарылануу алда канча натыйжалуу болмок. Канткен менен адис деген адис да.

Ысакжан Бектенов, Улуттук Госпиталдын
проктология бөлүмүнүн бөлүм башчысы,
жогорку категориядагы хирург, проктолог:
Геморройдон кантип алдын-ала сактануу
керек?
Эң башкысы, адам өзүнүн чоң заарасын жөнгө салуу керек. Ал үчүн күнүнө бир жолу чоң заарага барууга, өзүн көндүрүүгө тийиш. Себеби, адамдын заңы катып, көбүрөөк ыйынган сайын Геморрой түйүндөрүнүн кеңейишине шарт түзөт. Ал эми чоң заара кылгандан кийин биздин ата-бабыздан келе жаткан эң бир пайдалууу ыкма - бул даарат алуу. Жөнөкөй эле муздак суу менен эч коркпостон даарат алса болот. (Көбүнчө адамдар муздак суу менен жуунганда суук тийип калат деп коркушат) Анткени, даарат алганда кол менен массаж кылынып жуулат. Мунун негизинде эч кандай суук тийбейт. Албетте, бутуңарды жылуулагыла, сыз жерге отурбагыла, бирок көчүгүңөрдү муздак суу менен жуугандан эч коркпогула деп айтмакчымын.

Айдоочулардын
Өнөкөт оорусубу?
Ооба, көпчүлүгү ушинтип айтышат. Бирок, мындай түшүнүү туура эмес. Геморрой оорусуна көбүнчө чоң машина айдап алып, алыскы жолго чыккандар чалдыгышат. Анткени алар жолдон ар кандай кургак тамактарды сааты жок, кайсыл учурга туура келсе, ошол учурда жей беришет. Убагында чоң заарага барышпайт. Ыгы келгенде отуруп, келбесе жок, натыйжада ичтери катып, ошонун негизинде көчүктөрүндөгү кан тамырлар кеңейет да геморрой пайда болот. Андыктан, бул ооруну айдоочунун гана оорусу дегенге болбойт. Адам болгондон кийин геморрой менен дарыгерлер өздөрү деле оорушат. Деги эле бул оору менен ооругандар учурда аябай көп.

Көчүктөрү ооруса эле аптекага барышат…
Бүгүнкү күнү көпчүлүк адамдар атайын проктолог адистиги бар экенин билишпей эле, алтургай жашаган жериндеги хирургдарга да көрүнүшпөй же көрүнүүдөн уялышып, көчүктөрү ооруса эле аптекага барышт да: "Мен геморрой болуп атам, мага геморройдун дарысын бергилечи" деп кайрылышат. Ал эми аптекарлар адистерге барып, текшерүүдөн өтүп келгиле дегендин ордуна, геморрой оорусуна деп ар кандай майларды, свечаларды бере беришет. А чындыгында ал жерде геморройдон тышкары бир топ оорулар болушу мүмкүн. Балким, операциялык жол менен айыга турган оорудур. Мындай көрүнүштүн негизинде көпчүлүк оорулуулар геморройдон тышкары башка өтүшүп кеткен көптөгөн оорулар менен адистерге кечигип кайрылып калышат.
Дареги: Операциялык эмес жол менен дарылоо: Чүй проспектиси 40, 8-поликлиника, 31-кабинет. Тел: (0555)512040
Операциялык жол менен: Тоголок Молдо 1, Улуттук госпиталдын проктология бөлүмү; 621022

Асхат Айсаракунов




  Ден соолук!!!

Рак, онкология, миома, жүрөк, кан тамыр, инфаркт, инсульт, ашказан жарасы, гастрит, гепатит, бруцелез, остеохондроз, полиартрит, радикулит, кант диабети, геморрой, тукумсуздук, тери оорулары, анемия, импотенция, гипертония
Тибет ден-соолукту чыңдоо медицинасы мына ушул оорулардан айыгууну сунуш кылат. Стабилдүү жыйынтык! Дарыгер дайындоосу жана кеңеши акысыз!
Тел: 0773 63-48-43, 0555 67-14-18

Новопавловка айылынан
5 бөлмөлүү кирпич үй сатылат. Абалы жакшы. 12 сотых жери, кенен короосу, телефону, газы бар. Келишим баада.
Тел.: (0772-) 67-57-41.




  Жылдыздар төлгөсү

5 - 11-майга
Кой (21.03-20.04)
Апта агымынын башталышында сиздин пландаган ар бир ишиңиз жана акча жаатындагы маанилүү маселеңиз ойдогудай ийгиликтүү орундалат. Мындай эки жактуу алга карай жылуулар беделиңиздин өсүүсүнө өбөлгө болот, бирок, мунун арты максатыңызга тоскоолдук жараткандай сезилгени менен пайдасы гана тиерине бекем ишениңиз. Бейшембиде жеке жашооңузга да тереңден ой жүгүртүп ден-соолугуңузга кам көрө билиңиз. Апта аягында бирөө менен жолугушууда өзүңүздүн чыныгы кадыр - баркыңызды билесиз.

Букачар (21.04.-20.05)
Жуманын биринчи бөлүгүндө мүмкүн болушунча активдүү болууга аракет жасаңыз. Башкы ийгилик өзүңүздүн күжүрмөн эмгегиңизге байланыштуу, андыктан чечкиндүүлүк менен жакын адамыңыздын көмөгүнөн да баш тартпаганыңыздын натыйжасы сиздин пайдаңызга чечилет. Жума күнү капысынан олжолуу болушуңуз ыктымал. Мунун арты менен капчыгыңыздын калыңдаганына кубанбай, анын артын терең ойлонгонуңуз жөндүү. Ушул аралыкта кесиптештериңизге моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп койсоңуз ийгилик сиз тарапка жылоолойт.

Эгиздер(21.05-21.06)
Жеке жашооңузда өзүңүзгө тиешелүү маселелер көп болгондуктан, активдүүлүгүңүздү күчөтүүгө туура келет. Мындайда ишкердүүлүгүңүз, анан байкагычтык сезимиңиз менен гана кырдаалдан оңой-олтоң чыгып кетүүгө болот. Бейшембиде капысынан жолуктурган чоочун адамдан кабатырланбай аны кепке тарта билиңиз. Мүмкүн жан дүйнөңүзгө жакын адамды ушул ирет жолуктурасыз.Убакытты туура пайдаланып, үй-бүлө жаатындагы майда маселелерди четке калтырбаганыңыз оң. Жекшемби күнү көңүлүңүздөгү жакыныз менен жолугушуудан көрө эртеңки ишиңизди планга киргизиңиз.

Бөйөн (22.06-22.07)
Аптанын алгачкы күнү акча жаатында маселе келип чыгат. Мүмкүн алыс жактарга көз чаптырып, өзүңүзгө ашыкча жүк арттырбай эле койгонуңуз оң. Маселени эртеңки күнгө калтырбай терең ойлоп кырдаалдан абалдан токтоо мүнөзүңүз менен гана чыга аласыз. Бир чечимди кабылдоодон мурун терең ойлонуп, жүрөгүңүз менен чече билүүгө көнүгүңүз. Жуманын экинчи жарымында кызмат ишиңизде алга карай жигердүү жылуулардын болуусун байкайсыз. Мындайда капысынан келген чакырууну колдон чыгарбай, карьераңыз үчүн пайдалана билиңиз. Аптанын эс алуу күндөрүндө кызмат иштеринин көптүгүнөн эс алууга да чамаңыз келбейт.

Арстан (23.07-23.08)
Аптанын агымында өзүңүздүн керт башыңыздын гана камын көрбөй, сизди курчап турган жамаатты да ойлоңуз. Мүмкүн сиздин өзүмчүлдүк касиетиңиз чектен чыгып баратат. Байлык колдун кири эмеспи, кызмат ордуңуздан жосунсуз пайдаланып, өзүм билемдикке салганыңыз аз күндө эле сизди калчап коерун жадыңыздан чыгарбаңыз. Жеке жашооңуздагы ийгилик мүнөзүңүзгө жараша түрдүү шартта өзгөрүлүп турат. Аптанын бейшемби же жума күндөрү кимдир бирөө менен романтикалуу жоолугушуулардын болуусу күтүлүүдө. Убакыттан пайдаланып, сиз үчүн эң кымбат сүйүктүүңүзгө сюрприз даярдаңыз.

Бийкеч (24.08-22.09)
Жумушчу аптаңыздын алгачкы күнү кызмат маселесинде жагымдуу жаңылык менен башталат. Бул күнү сүйүү жаатындагы азаптанууну унуткандай болгонуңуз менен дабасыз ооруңуз кайрадан күч алат. Бейшембиде жүрөк дарысын дабалоонун жеңил жолун издебей чечкиндүү боло алсаңыз жылдызыңыз жардамга келет. Жума күнү жеке турмушуңузга байланышкан келишимди кабылдоого ылайыксыз, көңүлгө карап ыксыз абалга кабылып калуудан абайлаңыз. Жекшембиде үзгүлтүккө учураган убактыңызды толуктоого ыңгайлуу, андыктан убакытты туура пайдаланыңыз.

Тараза (24.09.-23.10)
Бул жумада жеке өзүңүзгө тиешелүү иштер көп болгондуктан, активдүү болууңузга туура келет. Сиздин ишкердүүлүгүңүзгө эч ким тоскоол болбосун кааласаңыз, бир туугандарыңыздан кеңеш сурабай эле койгонуңуз оң. Бейшембиде капысынан жолуктурган адамдан чочулабаңыз. Мүмкүн жан дүйнөңүзгө жакын адамды ушул ирет жолуктурасыз.Убакытты туура пайдаланып, үй-бүлө куруу маселесин да планыңызга киргизип коюңуз. Ишемби күнү көңүлүңүздөгү жакыныңыз менен жолугушуу кечени уюштуруп, көңүлдөгү көмүскө иштерди тездетиңиз.

Чаян (24.10-22.11)
Дүйшөмбү күндү өзүңүздүн ден-соолугуңузга арнап, таза абада көбүрөөк эс алганыңыз оңтойлуу. Шейшемби жана шаршемби күндөрү жеке өзүңүзгө кызыктуу болгон илимий булактардын агымынан пайдаланып көптөн бери түйшөлүп келген маселеңиздин багытын таап алууңузга ыңгайлуу күндөр. Жуманын экинчи жарымында көпчүлүк арасында керт башыңызды ойлоп өзүмчүл болуудан сактанууңузду жылдыңыз эскертет. Аптанын эс алуу күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушасыз.

Жаачы (24.11-22.12)
Бул жумада майда бирок, маанилүү үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн чечимине жалгыз баш катыргандан көрө, туугандарыңыздын кеңешине кулак салыңыз. Мындайда баарын өзүм билемдикке сала берсеңиз эң жакын адамыңыздын ишениминен чыгып калууңуз толук ыктымал. Бул убакыт аралыгында өзүмчүл болуудан сактаныңыз. Апта аягында арты кыска, көңүл ачуучу оюндарга кызыкпай эле койгонуңуз оң.

Текечер (22.12-20.01)
Аптанын биринчи бөлүгүндө жакын достор менен жолугушуп маектешүүңүздүн арты жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулайт. Мунун арты сиздин пессимистик жашооңузга жаңыча көз караш, кызыгууларды тартуулоо менен бирге романтикалуу жоолугушуулар күтүлүүдө. Жуманын экинчи бөлүгүндө көп адамдар менен маектешүүгө туура келет. Мындай шарттан тажабай эле коюңуз, бул жаат сизге руханий жактан булак болуп берет.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Аптанын биринчи жарымында кызматыңызга байланыштуу бардык иштерди чечип алуу оңтойлуу. Андыктан дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жумушуңузга керектүү болгон шарттарды түзүп алсаңыз ашыктык кылбайт. Жуманын экинчи жарымында карьераңызды өзгөртүүгө ыңгайлуу учур табылат. Мүмкүн сиз көптөн бери издеп келген жаңы багыттын булагына кезигесиз. Эгер чечкиндүү болсоңуз артыңызга улам кылчактап кечиктирбей, жаңы жумуш ордун жаңыртсаңыз болот. Жеке жашооңузда ар дайым алга карай умтулуп, келечекке максат кое билсеңиз, ийгилик кушунун тууру сиздин гана колуңузда.

Балык (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө жаратылыштын сырткы көрүнүшү көңүлүңүздү таң калаарлык жаркытат. Мүмкүн сиздин талбай билим алууңузга дал ушундай чөйрө өз таасирин тийгизет. Бейшемби жана жума күндөрү жаңы мүмкүнчүлүктү пайдалана билиңиз. Бул күндөрү каьераңыз үчүн жандык курмандыкка чалууңузга туура келет. Мунун натыйжасы менен ишиңиз илгерилеп, итиңиз чөп жешине өбөлгө болоору калетсиз. Ишембиде капысынан бейтааныш адамдан кызыгаарлык белек аласыз.
А жекшембиде ушул жаатта достор арасында күтүлбөгөн түйүндүү көйгөй келип чыгат.









??.??