presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№14, 06.05.08-ж.
  Крим-окуя

38150 сом үчүн кыйылган өмүр
Заман бузулду. Ызы-чуу… Түпсүз туңгуюкту элестетет.
Арзыбаган акча үчүн атасын өлтүрүп, энесин саткан пенделердин жоругуна "Тобоо" деп жакаңды кармап, ичиң ачышат. Акча үчүн канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат. Аттиң… Токтотуучу жол табылса гана. Адамзаттын пендечилик кылып жасаган күнөөлөрү, ыплас иштери, болумсуз жоруктары коомду алсыздандырып, айыккыс илдетке малынтып келет.
Төмөндө келтирилген окуядан жаштар өзүлөрүнө үлгү, сабак ала алат деген ишеним чоң.

Жердештер табышканда

Ош облусунун Өзгөн районунун Макаренко айылында туулган Кадыров Эркинбек Мырзабекович турмуштун айынан Орусияга агылып кетип жатышкан жердештерин көрүп, "Бактымды бир сынап көрөйүн" деген ойдо 2005-жылы үй-бүлөсү менен Россия Федерациясынын Киров шаарына келип, ошол жерден отурукташып, базарда буюм сатып, тиричилик кылып калышат. Бөтөн эл, бөтөн жерде жердештер бири-бири менен жолугуп калса, камыр-жумур аралашып, бир туугандардай болуп кетет эмеспи. Ал жерден Кадыров Эркинбектин жубайы Кадырова Тинара өзүнүн жердеши Керимова Чынара менен жакындан таанышып, жакын мамиледе болуп, бири-бири менен катташып турушкан. 2006-жылы Кадыровдордун үй-бүлөсү туулуп-өскөн мекени Кыргызстанга кайтып келишет. Бул үй-бүлө Бишкек шаарынын Ибраимова көчөсүнүн Серебряков ага тиешелүү №40 үйүнүн 107-квартирасында убактылуу жашап калышат. 2006-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын Дордой базарынан Кадыров Э. бир кездеги жакын санаалаштарынын бири Керимова Чынаранын сиңдиси Тумар менен таанышып калат да, ага "байланышып тур" деген кыязда үйүнүн телефон номерин берет. Тумар да көр тиричиликтин айынан 2006-жылдын декабрь айынын аягында Россияга "бакыт" издеп кетет. Көп өтпөй ошол эле жылдын январь айында эжеси Керимова Чынараны тосуп алууну суранып, Кадыровдордун үйүнө телефон чалган. Ошентип, бир кезде бөтөн жерде катташып, мамилелеш болуп калгандан уламбы, айтор, Керимова Чынараны Кадыров Эркинбек жубайы Тинара экөө жылуу маанай менен тосуп алышат. Чынаранын Бишкекте үйү жок болгондуктан Эркинбектердин үйүндө бир жарым жыл убакыт чогуу жашап калат. Ушул убакыттын ичинде Чынара топтоп келген акчасына сатып алуу үчүн квартира издеп баштайт. Эркинбек ошол эле январь айынын аяк ченинде Чынарадан 120000 сомун карызга сурап алган. Ал акчанын 100000 сомун өзүнүн карызына берип, ал эми 20000 сомун үй-бүлөсүнүн керегине жумшаган.
"Алгандын бермеги бар" деген жакшы кеп бар го. Эркинбектин да алган карызын кайтарып берүүгө убактысы келип калат. Анын үстүнө Чынара 2007-жылдын февраль айында 9-кичирайонунан үй сатып алмак болот да, Эркинбектен карызын кайтарып берүүсүн суранган. Ошол айда Эркинбек өзүнө тиешелүү автоунаасын 3650 Америка долларына сатып, карызын кайтарып берет. Бирок, тилекке каршы 70000 сом акчасы жетпей, карызын толук төлөй албай калат. "Соодада достук жок" демекчи, Чынара андан 120000 сомду толук кайтарып берүүсүн талап кылган. Ошондо амалы куруган Эркинбек Чынарага өзүнүн баалуу алтын буюмдарын күрөөканага өткөрүп, 50000 сом алып турууну, ал акчаны күрөөканага акырындык менен өзү төлөп берип, карызынан кутулууну сунуштаган.
Чынара аргасы жок бул сунушка макулдугун берип, өзүнүн баардыгы 106 граммды түзгөн алтын буюмдарын 2007-жылы 8-февраль күнү Эркинбектин аялынын колуна берген. Ошол эле күнү аталган алтын буюмдарды Кадыровдор Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги күрөөканага бир айлык мөөнөткө өткөзүп, 50000 сом алып, Чынарага беришкен. Ошентип, Эркинбек Чынарага дагы 50000 сом карыз болуп калган.
Убакыт билинбей зымырап өтүп, күрөөканага процентти төлөө убактысы да келип калат. Бирок, Эркинбек акчаны төлөй албасын билип, 10-мартта 2007-жылы Чынара жана жубайы Тинара үчөө барып, мөөнөттү 2007-жылдын 9-апрелине чейин узартып келишкен. 9-апрелде Эркинбек күрөөканага 9000 сом өлчөмүндөгү процентти төлөп, 16 миң сомдук алтын буюмдарын Чынарага кайтарып берген. 2007-жылдын 9-майында Эркинбек үчүн күрөөканага 35000 сом негизги сумма, 3150 сом процентти төлөө калган.
"Багы жокко дагы жок" демекчи, Эркинбек Чынаранын карызын убагы менен кайтарып бере албай аргасы куруйт.

Бейажал өлүм
Ошол каргашалуу күнү саат 14-00дөр чамасында Керимова Чынара Кадыровдордун үйүнө телефон чалып "Үйдөсүңөрбү?" деп сураган. Алар Чынаранын карызын сурап келээрин түшүнүшкөн.
Тинара уулун алуу үчүн бала бакчага кеткен маалда, тагыраагы саат 16-30 да Керимова Чынара Кадыровдордукуна келип, анын алтын буюмдарын кечеңдетпей алып берүүлөрүн талап кылып, Эркинбекке кыйкыра баштаган. Ортодо пендечилик кылышып, эки тарап бир пикирге келбей, катуу жаңжалдашып кетишет. Керимова ачууга алдырып, Эркинбекти көздөй столдун үстүндөгү кашыктарды ыргыта баштаган. Ошол маалда үй ээси да өзүнүн ачуусун кармана албай, аны кекиртектен алып, тынчтануусун талап кылат. Бирок, ачуусу шакардай кайнаган Чынара буга токтомокпу. Албууттанган Чынараны токтотуш үчүн Эркинбек да, жини менен аны муунтуп кирген. Жанталашып, каршылык кылган Чынараны биротоло тынчытууну көздөгөн ал жердеги шнурду ала коюп, аны Чынаранын мойнуна ороп, муунтуп кирген. 5 мүнөттөй убакыт өткөн соң, Чынара дем албастан жатып калган.
Ошондо Кадыров өлгөн денени дивандын алдына жашырып, үйдү бекитип, көчөгө чыгып, сырттагы камоктордун биринен 200 грамм арак ичип, кайра үйүнө келет. Үйүнө келип, Керимованын биротоло тынчыганын көрүп, айласын таппай, кайрадан эшикке чыгып, бир шише "ак моюндан" алып ичип, эки сааттай эңгиреп олтура берген. Андан кийин ЦУМ жакка барып, ал жерден досу Абдразаков Курманбекке телефон чалып, Кызыл-Аскердеги "Малика" кафесинин жанынан жолугушууну макулдашкан. Ошентип, Эркинбек досу менен жолугуп, болгон окуяны айтып берет да, экөө Эркинбектин өкүл атасы Таштемирдин үйүнө барышып, сүйлөшүшкөн. Окуянын татаалдыгын билишип, алар өзүлөрүнүн жердеши Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ де иштеген Жусупка барууну чечишкен. Таштемир менен Курманбек саат 06-07лер чамасында Эркинбекти үйүнүн жанына алып келип ташташып, өзүлөрү Жусупка кетишкен. Ошентип, алардын айтып баруулары менен укук коргоо кызматкерлери келишип, Кадыровду ИИБнө алып кетишкен.

Мыкаачыга чектелген жаза
2008-жылы 8-апрелде айыпталуучу Кадыров Эркинбектин үстүнөн сот иши каралган.
Бишкек шаарынын Свердлов сот курамы: төрагалык кылуучу Н.К.Эсеналиев, соттук отурумдун катчысы Э.Дүйшеева, малекеттик айыптоочу Бишкек шаарынын Свердлов прокурорунун жардамчысы М.Ногоеванын, жактоочулар Арстанов, Т.Абдазовдун катышуусу менен ачык соттук отурумда кылмыш иши каралып, сот төмөндөгүдөй өкүм чыгарган. "Кадыров Эркинбек Мырзабекович Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 97-статьясынын 2-бөлүмүнүн 8,13-пункттары менен күнөөлүү деп табылып, ушул статьянын негизинде 17 (он жети) жылга эркинен ажыратылган, жаза чектелинип, үй-мүлкү конфискациялансын.
Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 61-статьясынын негизинде анын алдын-ала камактагы ар бир күнү күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында эки күндөн эсептелинсин".




P.S. Мына, окурман! Мындай жагымсыз жагдайлар турмушубузда көп эле учурайт. Акча үчүн адам эмнелерди гана жасабайт. Убагында ойлонбой, кийин соң бармак тиштеп, өкүнүүнүн пайдасы болбос.
Аталган окуяны жазуу менен "Эки айрылыш жол бар. Анын бири келечектүү, жаркыраган жашоо, экинчиси түпсүз туңгуюк, калганын өзүң талдап, таразала!" деген ойду айткыбыз келди, бурадар.
Даярдаган Нур - Кыял




  Кызыктар дүйнөсүндө

Арфа Карим Рандхава
(Arfa Karim Randhawa)
13 жашта. Пакистандык Арфа Карим Рандхава 10 жашында Microsoft компаниясынын профессионал адистик боюнча сынактан өтүп, дүйнөнүн эң жаш компьютер адиси болгон. 5 жашында биринчи жолу компьютерди көрүп, Арфа Карим атасына сатып берүүнү суранган. 5 жыл ичинде компьютер программаларын өтө тез өздөштүрүп Пакистандын технология боюнча эң күчтүү институтуна чакырылган.
Арфа Карим Гарвард университетинде окуусун улантып же Microsoft компаниясында карьерасын түзгүсү келгендигин билдирген. Microsoft компаниясынын сертификатын алган соң жаш адис атасы менен АКШда Билл Гейтс менен жолугушкан.

Судхас Гопинат (Suhas Gopinath),
Global Inc. мүдүрү
22 жашта. 14 жашында Судхас өзүнүн компаниясын түзүп, жеке ишкер болгон. Азыркы тапта Судхас
Global Inc компаниясын ийгиликтүү башкарып келет. Анын компаниясы улуттар аралык иштеп, веб-дзайн окуу программаларына электрондук материалдарды даярдайт. Бир жылдык обороту - 100 млн АКШ доллары. Дүйнө жүзү боюнча 400 адам иштейт. Индиялык жаш бизнесмен эл аралык ири компаниянын эң жаш башкаруучусу.

Виктор М.де Леон III (Victor M.De Leon III) профессионал киберспортсмен
10 жашта. Эки жашынан тарта Виктор компьютердик оюнун ойной баштаган. 4 жашында биринчи жолу компьютер оюнчулар арасында мелдешке катышкан. 5 жашында болсо профессионал киберспортсмендер лигасында (Major League Games) ойногон. 7 жашында Виктор дүйнөдө эң жаш профессионал киберспортсмен деп аталган.

Марла Олмстид (Marla Olmstead) сүрөтчү
9 жашта. Бир күнү кичинекей шок Марланы алаксытуу үчүн атасы анын колуна кагаз менен красканы карматат. Жаш Марла ошол эле жерде сүрөт тартууга киришет. Анын биринчи тарткан сүрөтү искусство училищасындагы студенттердин сүрөтүнө барабар болот.
Азыр 9 жаштагы Марла укмуштуудай шедеврлерди жаратууда. Анын чыгармалары Кандинский, Поллоктун сүрөттөрүнө тең келет.
Марланын биринчи 2 жашында тартылган сүрөтү 250 АКШ долларына сатылган. Азыр анын чыгармалары бир канча кымбатыраак турат.

Руфь Лоуренс (Ruth Lawrence), мугалим
36 жашта. Өмүр бою мектепке барбай, апасы Гарри Лоуренстин колунда сабак алып чоңойгон англиялык Руфь Лоуренс 11 жашында Оксфорд университетине тапшырып, 5 жылдык окуу программасын 2 жылда бүтүргөн. 13 жашында Руфь Оксфорддун тарыхында эң жаш бүтүрүүчүсү болгон. Ошол жашынан баштап Руфь Гарвард университетинде, кийинчерээк Мичиган университетинде мугалим болуп иштеген.

Грегори Роберт Смит (Gregori Robert Smith)
Кайрымдуулук фондунун түзүүчүсү, 19 жашта.
International Youth Advocates эл аралык кайрымдуулук фондунун түзүүчүсү Грегори 1989-жылы Пенсильванияда (АКШ) туулган. 10 жашында орто мектепти бүтүрүп, 14 жашында болсо Рандолф-Макон колледжин артыкчылык менен аяктаган.

Даярдаган Санжарбек Абдырахманов









??.??