presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№15, 13.05.08-ж.
  Дарамет

Ырчы Нурбек Айдаров:
"Жанарага темир ботинке да түтпөйт"
"Динара" эстрадалык тобунда көп жылдар бою эмгектенип, "Кызыл гүлүм ай" деп созолонтуп бир убакта популярдуу болуп турган Нурбек Айдаровдун караанын бүгүнкү күндө негедир көрбөй калган элек. Эмнеси болсо да, ырчы жигитибиз көрүнбөй жүргөнү менен жубайы Жанара Атабекова эки тизгинди колго алып, эртең менен Улуттук телерадио компаниясындагы "Замана" студиясында жана "Тумар" радиосунда өз угармандарын кубантып жакшы маанай тартуулап келүүдө. Өз "кызыл гүлүн" жолуктурган Нурбек мырзабыз бүгүнкү күндө бир уулдун атасы. Окурмандарга маалымат берүү иретинде чыгармачыл жубайларды кепке тарттык.

- Сиздин жоголуп кеткениңиз күйөрмандарыңызга табышмак болуп жаткандыр, деги барсызбы?
- Ооба, чындыгында шоу-бизнестен алыстап кеттим десем болот. Мунун албетте, өзүнө жараша себептери бар. Жаңы эле өзүбүзчө түтүн булатып, эми гана баш кошуп , жаңы үй-бүлө болгондуктан түйшүктөр болбой койбойт экен. Ошол себептен кичине бала менен үйдө отуруп калдым. Ошол эле учурда чакан соода иштери менен алек болуп жүрдүм.
- Шоу-бизнеске кайра кайтайын деген оюңуз барбы?
- Албетте, бар. Чынын айтсам бир жылдан бери жаңы ыр жарата элек экенмин. Бүгүнкү күндө изденүү менен жаңы ырларды жаздырып атабыз, даяр да болуп калды. Кудай буюрса бир жуманын ичинде радиолордон берилип калат. Бул ырлардын экөө өзүмдүн репертуарымда болсо, экөө дуэт.
- Азыркы учурда Жанара эже эки жерде иштеп жүрбөйбү, кызганыч болбойбу?
- Албетте, сүйүү бар жерде кызганыч болбой койбойт. Эгерде аябай эле кармалып, кечигип баратса "Кайда жүрөсүң, качан келесиң?" деп телефон чалып сурап койгонум болбосо, жумушуна тоскоол болгум келбейт. Тескерисинче, ушундай жубайым менен сыймыктанам.
Жанара: - Кийинки күндөрү эки тизгинди колго алып жүргөнүңүз жалпыбызга маалым. Эки жумушуңуз бири-бирине тоскоол этпейби?
- Эгерде жасап жаткан жумушуң жүрөгүңө жагып, чын дилден аткарсаң бири-бирине тоскоол эмес, дем-күч берип коштоп турат. Кээде эки жумушка жетише албай, кыйналган учурлар да болот. Маселен, "Заманадан" чыгып, "Тумарга" жетишпей калган учурлар кездешет. Бирок, ошол убакытты туура пайдаланып бардык жумушту өз учурунда аткарганга аракет кылып жүрөм.
- Мурда "Кыргызстан обондору" радиосунда иштеп кеттиңиз эле. Эки радионун кандай өзгөчөлүктөрү бар экен? "Кыргызстан обондорунун" стили менен сүйлөп алып уруш жей элексизби?
- Эки радио тең кыргыз тилдүү болгондуктан бул жагынан окшош. Бирок "Кыргызстан обондорунда" жалаң кыргыз тилдүү ырлар берилгендиктен, алардын маанисин түшүнүп биздин сүйлөгөнүбүзгө да оңой болот эле. Ал эми "Тумар" радиосунда бүт тилдеги ырлар берилгендиктен түшүнгөндө түшүнүп, кээде түшүнбөй калган учурда ошол жердегилерден сурап, териштирип кичине кыйналып калат экенсиң. Жаңы жумушка келгенде "Жашоо керемет" деп айтып же "кыргыз" деп бара жатып кайра оңдоп кеткен учурларым болду. Бирок Кудай сактасын, туура эмес сүйлөп, уруш жеп же сын уга элекмин.
- Жанара Үтүрова, Атабекова, Айдарова деп үч фамилияны алып жүргөндүгүңүздүн себеби эмнеде?
- Негизи Үтүрова өзүмдүн фамилиям. Окуу жайда окуп жүргөндө телевидениеге көп барат элем. Ошол жактан Сыймык Бейшекеев менен таанышып чогуу ырдап калдык. Ошол ырларыбыз радиолордон да кетчү. Анан "Кыргызстан обондоруна" ишке кирип калганда "ырчыны ди-джей кылып алышыптыр дешет, ошон үчүн башка фамилия ал" -деп калышты. Анан ошентип өзүмдүн төртүнчү атамдын атында Атабекова деген фамилия менен чыгып калдым. Ал эми турмушка чыкканда салт болуп калгандай күйөөмдүн фамилиясына өтүп Айдарова деп ырдап келатам.
- Келиндик кызмат өтөп, кыйналган күндөрүңүз болдубу?
- Жок, таптакыр келиндей болуп жүргөн жокмун. Себеби, кайненемдин өзү аябай заманбап аялдардан экен. Анын ушул убакка чейин юбка кийгенин чанда эле көрүп калам. Милиция кызматкери болгондуктан өзү да шым кийип жүрөт. Мен да узун юбка кийип, эртең менен эрте туруп короо шыпырып, жүгүнбөдүм. Келиндик түйшүктү тартпадым десем да болот.
- Жарыңыздын кайсыл сапаты жакпайт?
Нурбек: - Жанаранын бут кийимди жаман кийгени жакпайт. Алып бересиң, бир аздан кийин карасаң айрылып калган болот. Ага темир ботинка алып берсең да бат эле жыртып коёт.
Жанара: - Нурбектин уйкучулугу, акчаны көп короткону жакпайт.
- Акча деп калдыңыз, үйдөгү акчаны ким кармайт?
Нурбек: - Менин колумда канча акча болбосун бардыгын көчөгө чачып, бир тыйыны жок кайра келем. Акчаны Жанара жакшы сактайт. Үйдүн кычыктарына тыгып, бир жакка 100 сом койсо, бир жакка 200, 500 сом бекитип коёт. Ал албетте, акча калбай калган күндө чоң жардамын берет. Негизи Жанара эмне албасын кантип иштетпесин, чогуу отуруп кеңешип, ээрчишип алып каражаттарды жасайбыз.
- Эфирде кечке сүйлөп, үйдө да башыңызды чакпайбы?
Нурбек: - Бардыгы мен жаңы үйлөнгөндө ди-джей кызды алып алдың, эми кантет экенсиң деп күлүшөт эле. Көпчүлүгү ойлошот эфирде сүйлөсө эле үйдө да ошондой сүйлөйт деп. Үйдө ашкананын кожойкеси. Бардык нерсени өз орду менен жасайт. Балам Нуртилек апасын тартып калган. Эки жарым жашта болгону менен тили так.
- Үйлөнгөндөн кийин дүңгүрөтө той-концерт бердиңер эле, дагы концерт берейин деген оюуңар барбы?
- "Генерал болгусу келбеген солдат, солдатпы" -деп коёт эмеспи. Биздин да андай оюбуз бар. Бирок азыркы учурдагы концерттерди көрүп уяласың да. Эки ырдын башын бириктирип "мега шоу", "грандиозный шоу" деп концерт берип жатышат. Ошолордон өзгөчөлөнүп бир башкача концерт берсек деген тилек кылуудабыз.
Нурбек: - Кудай буюрса күз мезгилинде же кийинки жылы бир өзгөчө театралдаштырылган концерт берсек деп тилек кылабыз.

Маектешкен Нурзат Жусупова




Ырчы жийде мурат кызы:
"Анарбек Ибраевден таалим алгам"
Блиц - Анкета
Туулган жылы - 1981-жыл, 7-июль
Туулган жери - Чоңкеминдин Тарсуу айылы
Жашоодогу урааны - "Талбай эмгектенүү!"
Эңсеп жеген тамагы - лянфу
Баалаган ырчысы - Ы.Осмонкулов, Ж.Мамажанов
Жакшы көргөн жаныбары - мышык, күчүк

- Кичинекей кезиңизден бери ырчы болууну самачу белеңиз же бул жөн гана хоббиңизби?
- Мен мектепте окуп жүргөндө эле ырдап-бийлеп конкурстарга катышып, майрамдарды уюштурчумун. Чоң энемдин колунда тарбияланып, өстүм. Окуп жүргөндө айылга концерт коюп, көп келишчү. Мына ошол концерт болоор күнү уй эрте саалып, тамак бышырып, үй жыйналып, кыскасы эзели жасалбаган жумуштар эрте жасалып, суранаарга келгенде чоң энем жибербей койчу. Бир жолу Динара Акулова концерт коюп келип, айдоо менен качып барганым эсимде. Үйгө келсем киргизбей, өзү коридордо, мен болсо тепкичтин үстүндө күчүк менен отурам. Чоң энем: "Эмне, ырчы болбой калдыңбы? Динара кабыл албай койдубу?"- деп намысыма тийген. 11-классты ийгиликтүү аяктаарым менен Бишкекке келип, дизайн-модельер окуусун аяктап, андан соң Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студиянын эстрада-фольклор бөлүмүн бүтүргөм. Мен КР эл артисти, эмгек сиңирген артист Анарбек Ибраев агайдын колунан тарбияланган кыздарданмын.
- Такай чыгармачылыктын үстүндө иштегениңизге канча болду?
- Билинбей эле сегиз жылдын жүзү болуптур. Сахнанын оош-кыйышына сүңгүп кирип, чыгармачылык менен алпурушуп, бир топ ырчылар менен бирге иштешип, жер-жерлерди кыдырып, өнөрлөрүбүздү тартуулап келдик. Гастролдун майын чыгара Казак жергесин кыдыргам. Мындан ары да өркүндөтүп, кыргыз элиме жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү өнөрүмдү тартуулап, жеке концертимди берсем деген тилегим бар.
- Жагымсыз учурларга кабылганда, ал абалдан кантип чыгасыз?
- Жагымсыз учурларда ичиңдеги бугуңду чыгарыш үчүн өкүрүп-бакырып ыйлап алганың жакшы да. Бирок, мен оңой менен көзүмө жаш албайм. Качан гана менин жакшылыгымдын, сыйымдын кадырына жетпеген адамдарга нааразы болгондо, ызаланып ыйлап алам.
- Жоктон бар кылуу аялдын эң жакшы касиеттеринин бири дегенге кошуласызбы?
- Албетте, аялзаты канчалык сарамжалдуу болсо, кийими бүтүн, дасторконунда нан болуп, береке төгүлүп турат. Бирок жашоодо ар кандай адамдар бар эмеспи. Бири акчаны баарына жеткирсе, кай бирлери акчанын баркын билбей, самандай чачып жибергендер да кездешпей койбойт. "Эл эмгегин жер жебейт" демекчи, канчалык аракет кылып эмгектенсең, ошончолук акы бети кайтып, жемишин аласың. Негизинен маңдай териң, мээнетиң менен тапкан акча таттуу болот.
- Качан турмуш курайын деп жатасыз? Кеч болуп кеткен жокпу?
- Акыркы учурларда ушул суроо мени ойлондуруп келет. Эми Кудайдын буйругу менен ханзаадама жолугаармын. Бирок, ушуга чейин бир да мырзаны үзүлүп түшүп жактырып көрө элекмин.
Маектешкен
Мээрим Сатарова




Ырчы ынак осмоналиев:
"Келинчегим менен дуэт ырдайм"
- Бирине бири окшош концерттерден эл да тажап калды. Сиздин жакында боло турган концертиңизден кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
- Чындыгында бири-бирине окшош болууда. Алар эмнеден? Бир эле сахна, баягы эле катышуучулар болсо, албетте окшош болот. Ал эми бул концерттеги өзгөчөлүк бир гана жаш ырчылар эмес, улуу муундагы Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева эжекелерим да коштоп келмекчи. Бир эле бул эмес, келинчегим менен да дуэт ырдайын деп турам. Ошондой эле жандуу үн менен өз талантымды көрсөтүп берем.
- Концерттин бардыгы жандуу үн менен коштолобу?
- Жок, эстрадалык ырларды жандуу үн менен ырдаганга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Аппаратуралар талапка жооп бербейт. Ошондуктан аккордеон менен коштолгон ырларды гана жандуу аткарам десем болот. Эски ырларды да эстен чыгарган жокпуз. Ошол ырларды улуу муундагы адамдарыбыз да сагынып калса керек. Ошолордун сагынычын таркатайын деген жакшы ойлорум бар.
- Аккордеондо дагы ырдайм деп калдыңыз, дагы кайсы аспапта ойной аласыз?
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" -дегендей комузда ойнойм. Музыкалык билимим жок болгонуна байланыштуу угуу сезимим менен колдон келишинче аракет кылып жүрөм.
- Сиздин оюңузга нота билбеген ырчы, ырчы боло алабы?
- Нота билбей туруп ырдоо татаал. Бул адамдын дээрине, талантына көз каранды. Нота билбей туруп деле эң сонун обондорду жаратса болот деп ойлойм.
- Концерттин аталышын "Гүлдөр" деп койгонуңуз эмнеде?
- Бардык эле ырчылар өзүнүн "хит" болуп турган ырынын атынан коёт эмеспи. Мен да ошолор сыяктуу эле "Ак кар" деп коёюн десем жаз келип калды, ага байланыштуу "Гүлдөр" деп атап койдум.
- Анда концертиңизге ийгилик каалайм.

Нурзат Жусупова










??.??