presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№15, 13.05.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Райкан менен жетелешкен Мидин
Күндөрдүн биринде сатирик, драматург Райкан Шүкүрбеков менен кадимки күлдүргүч Мидин Алыбаевди Кыргызстан Борбордук Комитети чакырып, биринчи катчы Исхак Раззаков кабыл алып калат. Башкы жетекчи экөөнү алмак-салмак карап туруп:
- Сиздер эл тааныган акындар болуп туруп, эмне үчүн аракты көп ичесиздер, жолдоштор? -деп маселенин "өлө" турган жеринен баштап калат. Анда Мидин:
- Биз вино гана ичебиз.
- Вино менен арактын айырмасы кайсы?
- Айырмасы жолдош Орозалиев менен Жакишовдой (Анда БКнын идеология боюнча катчысы Орозалиев, Кыргыз Тагдын директору Жакишовдор, бирөө өз атасына, бирөө чоң атасына катталып алган немелер экен)
Дагы маек уланат:
- Көп ичет окшойсуздар?
- Исхак Раззакович биз аз эле ичебиз, 100 грамм. Анан өзү эле андан ары алып жүрүп кетет, -дегенде дагы күлкү уланат.
- Үйбүлөчүлүктө да көп маселелер бар окшойт, үч аял кетирипсиз, ушул чынбы?
- Мен бир эле аял кетиргемин, калган экөөсү мени кетирген Исхак Раззакович, -деп кайрадан жылуу жылмаюуларга бөлөгөн экен, кайран асыл адамдар.




Башы барды сүй
Сахнадагы артисттик чеберчилигине куюлуштура сүйлөгөн куйкум сөздөрүнө эрип, толкунданып алган бир кыз концерт аяктаган соң Манасты издеп келип калат. Таанышышат. Кыйлага чейин сүйлөшүп олтурушат. Анан эле толкуп-ташып бараткан өткүр кыз:
- Манас байке, мен сиздин башыңызды айландырайын деп жатам -дейт азгыра жылмайып. Анда өзүнө нааразы болгон куудул:
- Ээ, айланайын башта бирдеме болсо айландырбайсыңбы! -дептир жаш кызга.

Ажатканадагы азил
ОблОНОдон барган инспектор мектептин ажатканасына кирип калбайбы. Ортосуна жука фанера кагылгандыгы менен гана айырмаланбаса эркектердики менен аялдардыкы чогуу салыныптыр. Анын артынан эле кирген эки келин Арсланбаптын шаркыратмасындай "шар" коё беришет. Ажаткана өтө терең казылгандыктан жаңырып эле жатып калат. "Ой, кыздар этияттагыла, агып кетип жүрбөйлү" - дейт инспектор аларга угуза. Эки тарап тең үнсүз отуруп калышат. Бир топ тынчтыктан кийин келиндердин бири экинчисине : "Инспектор агып өлдү окшойт, дымы чыкпай калды" -дейт шыңкылдай күлүп.

Ж. Толтоев




  Достук азилдер

Сен кимсиң, сен бир куудул жамансары
Абдылда Иманкуловго
Сен кимсиң, сен бир куудул орто семиз, мойну жоон, көзү тосток, бели тегиз. Чайнектей чанайган чоң курсагың бар, сахнанын көркүн бузуп турат чексиз. Сени биз ай ааламга аты чыгып, тез эле арыктаса керек дейбиз…

Жамбыл
Камчиевге
Сен кимсиң? Сен бир куудул- башы кашка, түксүйгөн сакалынын түсү башка. Түн үрккөн "страшный" түрүң көрүп, ойлойсуң чыгыптыр деп токсон жашка. Эки аял аламын деп эбин таппай, эсиң ооп калдың башты уруп ташка…

Күмөндөр Абыловго
Сен кимсиң, сен бир куудул- үнү кыркы, соктурган чала -моңол созуп ырды. Жүз ирет кайталасаң бир азилди, кападар болуп кетем өлүп ышкы. Жансың го бир аялды пир тутунган, сөзү бал, а кудурет күчү шылкы…

Кубан
Алимовго
Сен кимсиң, сен бир куудул - жаагы сүйрү, туураган тоту куштай ар кыл үндү. Түшүнбөй маанисин түк турсаң дагы, урдура берген эрсиң тилди түрдүү. Кээсине майдай жагып турсаң дагы, кээсине жүргөн жансың болуп күлкү.




  Армиядагы азилдер…

Мекенди коргоо - өзүңдү коргоодон башталат.
Майор:
- Рядовой Алымбаев, көзүң эмне көгөргөн?
Солдат:
- Койлубаев коюп жиберди.
Майор:
- Койлубаев выйди из строя!
2-солдат:
- Есть.
Майор:
- Эмне үчүн Алымбаевди көзгө койдуң?
2-солдат:
- Ал мени дайыма эле "молодойсуң" -деп күн көргөзбөйт. Позорить этет. Койдум.
Майор:
- Ты молодец, Алымбаев сенден эки эсе чоң болсо да корккон эмессиң. Кимде-ким өзүн коргой алса, ал Родинасын да коргой алат. Сени башкалар кордобос үчүн бүгүндөн баштап сержантсың.
2-солдат:
- Служу Родине!
Майор:
Встать в строй.
3-солдат:
- Товарищ майор, разрешите обратиться?
Майор:
- Култаев кыргызча эле сүйлөй бер.
3-солдат:
- Товарищ майор, Алымбаевди берки көзгө койсом, мага да "сержант" бересизби?
Майор - …
К. Саралаев




  Ырымчыл ууру же ырчынын батинкеси

Карасуунун Папан айылында Жаныбек деген жигит конок күтүп, чоң той берет. Тойго Ибрагим Жунусов, Рахман Разыковдор баш болгон жоон топ таланттар да чакырылыптыр. Эл быкпырдай кайнаган тополоңдун учурунда Ибрагимдин кооз, кымбат баалуу бут кийимин кимдир бирөөлөр кымтып алат. Чамасы, балам да таланттуу өссүн деп ырым кылып бирөө жымырган көрүнөт. Анан микрофондон "Ким туфлимди таап келсе 500 сом берем"-деп ырчы жарыясын айтат. Сүйүнчү акысы 800 сомго көтөрүлөт. Бирок, бут кийими табылбай галош кийип үйүнө кайтат. Жолдо келатып Рахман Разыков
"Тойго бардым Папанга
Батинке кийип жарашкан.
Тойдон кайттым томсоруп,
Батинкам жок галошчон"-деп ырдаптыр Ибрагимге тийишип. Ушул кезге чейин тойго барам деп бут кийим уурдаткан белгилүү таланттардын катарында З.Үсөнбаев, Ж.Камчыев, Б.Токтобаев, М.Осмоновдор да бар.

Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.









??.??