presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№15, 13.05.08-ж.
  Бир собол

- "Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат" -дейт эмеспи.
Ойлонбой сүйлөп алып, ыңгайсыз абалда калган учуруңуз?..
Гүлшайыр Садыбакасова,
"Кыз Бурак" тобунун жетекчиси:
- Адам пенделик кылып, жаза басып, жаңылып сүйлөп алган учурлар да болот. Ошондон улам "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбос" -деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Ал гана эмес учурунда атагы таш жарып, дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу инсандар, ойчул-акылмандар да жаңылыштыкка барышкан.
Маселен, мен кээ бир учурларда байкоосуздан жаңылып сүйлөп, кимдир бирөөлөрдүн көңүлүн оорутуп, капа кылып алган учурларым болуп калат. Андайда өзүмдү оңтойсуз сезип, үч-төрт күн ичтен өкүнүп, бир кызыктай абалга кабылам. Баардыгын тарс эттире ачык-айкын бетке айтып сүйлөгөндү жактырам. Бирок, кимдир бирөөгө туура эмес сөз айтып алсам, сөзсүз өзүмдүн кемчилигимди сезип, андан кечирим сурайм. Ал эми ойлонбой сүйлөп, оңтойсуз абалга кабылган учурумду эстесем, бир кызымды күйөөгө берген элем. Той болуп жаткан. Күйөө баламды сындан өткөрүп көрөйүнчү деп баам салып карасам, өңү сары жигит экен. Аны көрүп "Ой, сен сары экенсиң. Каранын жини келгенче сарынын жаны чыгат эмеспи" -деп байкабай айтып алгам.
Күйөө балам бул сөзгө капа боло түшкөн экен. Ошондо мен өзүмдү ыңгайсыз сезип, кызымды чакырып алып, байкабай сүйлөп алганымды айтсам, ал жолдошуна түшүндүрүп айткан экен. Ошентип, күйөө баламдын таарынычын жазганым эсимде.

Мыктыбек Арстанбек, тележурналист:
- Ооба, чынында эле адам болгон соң, ар кандай кырдаал башыңдан өтүп турат эмеспи. Бирок, мен турмушумда ойлонбой, кызыктай сүйлөп алып, жагымсыз абалга деле кабыла элекмин. Болушунча сөздөрдүн гүлүн тандап, кынаптап сүйлөгөнгө аракет кылам. Туура, мен ыңгайсыз абалга кабылам. Өзүм туура эмес сүйлөп алып эмес, башка айланамдагы кай бир адамдардын тар түшүнүктөрүнө, кайдыгерлигине ызаланам, ыңгайсызданам.
Кечээ жакында эле адамдар чогулган жерде дин боюнча талкуу болуп жаткан. Мен берилип, образга кирип, сүйлөп жаткам. Олтургандардын баары эле мени берилип, угуп жатышкандай болгон. Сөзүмдү бүтүп, "Айланамдагыларга аздыр-көптүр таасир калтырдым го" деп турсам, көпчүлүгү менин кебиме түшүнбөй калышыптыр. Ошондо аларга: "Мен силерге эрте келгем же кечирээк келип калган окшойм" -деп аябай ыңгайсыз абалга кептелдим. Андан көрө дубалды карап сүйлөсөм жеңил болмок экен. Динди көбү түшүнбөйт. Сүйлөсө тилинен чаң чыккан, китептен бир - эки ооз сөздү жаттап алган галстукту келиштире тагынып, костюм кийген академик-докторлордун түшүнүгүн көрүп, кантип оңтойсузданбайсың.


Канат Култаев, продюсер:
- Иштен чарчаган учурларда туура эмес сүйлөп алган учурларым болот. Маселен, бир курдай жумуштан балдар кетип бара жатышып: "Байке, жакшы калыңыз" -деп коштошуп жатышса мен "Кандайсыңар?" деп алыптырмын. Баары дуулдап күлүп жиберишкенде оңтойсуз боло түшкөм. Негизи менде ушул сыяктуу эле майда-барат сөздөр үчүн ыңгайсызданган кездер болуп калат. Ал эми аябай чоң нерсени ойлонбой сүйлөп алып, кыйналган кезим болгон эмес.

Чынгыз Арстанбеков, ырчы:
- Чынын айтсам, мен жаштык кылып, көп ыңгайсыз абалга кабылам. Кайсы бир жолу элдер топтолушкан аялдаманын жанынан өтүп бара жаткам. Ошол учурда мага досум чалып калды. Экөөбүз бакылдашып, бир ишти кызуу талкуулашып кетиптирбиз. Мен уюлдук телефонумдан досума жер карап алып бериле сүйлөп бара жатып, алдымдан чыккан бир орус улутундагы кыздын бутун "балч" эттире басып алгам. Чочуп кетип "Извините" дегендин ордуна "Снимите" деп коюпмун. Эсимди жыйып, кайрадан кечирим сурагыча, баягы орус кыз акырая карап, басып кеткен.

Назгүл Айдаралиева, ди-джей:
- Студент кезим. Анда мен искусство институтунда окуп жүргөм. Ректорат окутуучуларга студенттерди бөлүштүрүп берип, даярдайт эмеспи. Мен фортепионинодон сабак берген мугалим эжеме барып "Мени сизге даярдады" деп айтам деп тескерисинче "Сизди мага даярдашты" деп айтып алгам. Ошондо аябай сүрдөп, мугалимден кечирим сурап, ыңгайсыз абалдан чыккан элем.

Сейит Жетимишев, жазуучу:
- Анда мен радиодо иштечүмүн. Бир жолу жолдошторум менен кызыл винодон ашыкча ичип алып, эртеси башым ооруп калыптыр. Эртең менен таң атпай тураарым менен буфетке жүгүрүп бардым. Буфетке кирсем Мидин Алыбаев олтуруптур. Башым ооруп тургандыктанбы же шашканданбы, айтор, Мидикеңе салам берип-бербей дароо эле: "Ээ, Мидике, эмнеге келдиңиз, эмне олтурасыз?" депмин. Анда Мидикең да жөн калбай: "А эмне, сен дагы гезит окуганы келдиңби?!" -дебеспи. Көрсө, менден мурдараак эле буфетке галстук тагынып, кычырап кийинген министр чалыш бирөөсү келип, Мидикеңе: "Эмне келдиңиз?" деп сураган экен. Анда куйкум сөздүү жарыктык киши "Мен го ичкени келдим. А сиз гезит окуганы келдиңизби?" -деген тура. Ошондо мен Мидикеме жөн жеринен орунсуз суроо узатып алганым үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезип, бетим кызарып, уялып калгам.

Назира Жетигенова, куудул:
- Негизи менин ар бир күнүм күлкү коштолгон кубаныч менен өтөт. Кыскасы, мен төрөлгөндөн тартып эле күлкү-шаттык уялаган жерде жүрөм.
Ойлонбой сүйлөп алып, көп эле жолу онтобой ооруга кабылган кездер болот. Анын баары эсимде жок. Бирок, кичине кезимдеги бир элестен айтып берейин. Майрам сайын туугандар, жакын санаалаштар чогулуп, биздин үйгө келип, жадырап-жайнап көңүл ачып кетишет эле. Бир жолу дагы бир майрам болуп, жакындарыбыздын баары биздин үйгө чогулушту. Улуу-кичүү баары олтурушат. Андайда менин да жаным тынбай калчу да. Эпилдеп-жепилдеп, олтургандарды күлдүрсөм дегенде эки көзүм төрт. Анан "эмнеси болсо да" дедим да олтургандарга бир уят анекдотту айтып кирдим. "Угуп тургула, бир короз болот. Ал тоокторго аябай "секирчү" экен. Анан ал короздун да соодасы бүтүп, картаят. Анын ордуна жаш короз келет. Ал да аябай "бабник" экен. Келээри менен коңшу-колоңдордун тоокторунун баарын "эметип" чыгат. Бир жолу жаш короз чөптүн түбүндө олтуруп калса, ага картаң короз: "Ээй, абайла. Сен да мендей болуп картаясың" десе жөн калбаган жаш короз: "Унчукпа. Алдагы карганы учурсаң, өзүңө секирем "-деген экен деп анекдотумду айтып алып, кытылдап күлүп жатам. Олтургандарды карасам, бири да күлүп койбой, мени мостоюшуп карап калышыптыр.
Ошондо мени апам чакырып алып: "Уят эмеспи. Улуулардын көзүнчө эмне деген кептерди айтасың?!" -дегенде эсиме келип, бетим чымырап, аябай уялып калгам.

Дана, продюсер:
- "Сөздөн жаңылган турбайт, буттан чалынган турат" дейт го. Ар бир сөзүмдү ойлонуп айтканга аракет жасайм. Бирок, кээде бетке чапмай мүнөзүмдөн улам катуу сүйлөп алам.
Жашың өйдөлөгөн сайын токтолуп, орундуу сүйлөгөнгө аракет кыла баштайт экенсиң. Мен үйдүн кичүүсү болгондуктан эрке өстүм. Баардыгы менин оюмдагыдай, каалаганымдай болуш керек болчу. Мектепте окуп жүргөнүмдө класском элем. Баарына чоң сүйлөп, башкарып алчумун. Көп жерден ойлонбой туруп эле опулдап сүйлөп койчумун. Мүнөзүм да эркектердикиндей болуп, тарсылдап, даңкылдап жүрчүмүн.
Бир курдай класста ызы-чуу болуп кетти. Ошондо ээнбаштанып жаткан бир баланы сөгүп, тээп жибердим.
Ал бала ызаланып кетип, колумдан катуу кармады да: "Кыс… Кыз деген кыздай болгону жакшы" -дебеспи. Ошондо эки бетим манаттай кызарып, өзүмдүн орунсуз жоругум үчүн уялып калгам. Кийин ал баладан кечирим сурап, ошол күндөн тарта даңкылдаган мүнөзүмдү таштагам.

Талант Анарбаев, куудул:
- (Күлүп) Мм… Эсимде, мындан беш-алты жыл мурда Ошто жүргөнүмдө бир маршруткага түшүп калдым. Зарыл жумуштарым боюнча эрте мененки саат 8.00 го бир жерге кечикпей барышым керек эле. Алдыда орун жок болгондуктан маршрутканын арткы орундугуна олтуруп алгам. Ойлонуп бара жатып, көзүм илинип кетиптир, Бир кезде чочуп ойгонуп кетип, эки жагымды элеңдей караганымда бара турган жеримден бир топ алыстап, өтүп кетиптирмин. Ошондо ордумдан шарт тура калып "Остановите!" деп айтам деп шашкалактагандан улам " Здравствуйте" деп алыпмын. Элдин баары бүлкүлдөп, күлүп жатышат. Мен туура эмес айтып алганымды билип, бир кызарып, бир бозоруп, маршруткадан түшкүчө шашкам. Ошондо ыңгайсыз абалга кабылганым менен таң атпай элдин көңүлүн ачкан экенмин.


Даярдаган Нур-Кыял










??.??