Жаш канат

ЖАНЫМ АЙЗАТ:
"Бактым үчүн базарда семичке сатканга даярмын"
Кыргыз эли байыртадан талантка бай өнөрлүү калк экендиги талашсыз. Кудайга шүгүр, арабызда ата-баба жолун улаган чыгармачыл жаштарыбыз ондоп саналат. Бири ырчы, бири бийчи, бири актер, бири акын болуп өнөр казынасын толуктап турат. Төмөндө мына ушундай таланттардын бири репертуарындагы "Сүйөм сени", "Махабат баяны" аттуу ырлары менен эл оозуна алынган жаш ырчы Алыкул Осмонов атындагы №68 гимназиянын бүтүрүүчүсү Жаным Айзат жөнүндө сөз болмокчу.


- Айзат, жакында алтын уя мектебиң менен коштошуп, турмуштун даңгыр жолуна аттанганы турасың. Айтчы, жан дүйнөңдө кандай сезимдер пайда болуп жатат?
- Албетте, мектепти бүтүп жатканыма бир чети сүйүнүп, толкунданып жатам. Анткени, ар бир эле адам алдына максат коюп жашайт. Мына ушундай келечек максаттарды ишке ашырууга убакыт келип жетти. Анан да адамдын жашоосу жөнөкөйдөн татаалга өтүп, күндөн-күнгө жогорулап турат. Мен эми мындан ары өз жолума коюлган жоопкерчиликти сезе билишим керек. Кудай буюрса, жакында Кыргызстандын жараны деген паспорт колума тиет. Демек мен өз алдымча жашоого умтулушум керек. Бул жагынан алганда менде кандайдыр бир сүйүнүч, сүрдөө пайда болуп жатат. Ал эми экинчи жагы 11 жыл бою бирге окуп, бир туугандай болгон классташтарымдан, ата-энемдей тарбия берген мугалимдеримден, алтын уя мектебимден алыстап, окуучулук алтын күндөр менен кош айтышуу мен үчүн оор. Ошол күндү эстесем азыр эле жүрөгүм эзилип кетет. Бир сөз менен айтканда акыркы коңгуроо - менин эң аянычтуу күнүм.

- Кайсы окуу жайына тапшырайын деп жатасың?
- Кыргызстандагы жолу улуу, эң аксакал Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнө тапшырсамбы деген оюм бар. Ал эми музыка жаатында атайын билим албасам да өнөр адамдарынан сабак алып турам.

- Ыр дүйнөсүнө кээ бирөөлөр чыныгы таланты менен келсе, айрымдары атын чыгаруу үчүн келет экен. Андыктан музыка чөйрөсүндө түбөлүк кызмат кылам деп айталасыңбы?
- Туура. Бүгүнкү күндө сиз белгилеген эки мисалды тең кездештирүүгө болот. Менин кичинекейимден эле ырчы болсом деген тилегим бар болчу. Мына ошол максат менен жашап келем. Бирок, муну түбөлүктүү кесибим деп так кесе айталбайм. Анткени, кесиптик жагынан жогоруда өзүм айткан эл аралык байланыштар тармагын тандап алдым. Ошентсе да менин жан дүйнөмдөгү жалындаган каалоом өчмөйүнчө музыканы таштабайм.

- Балалык баёо кез менен коштолгон окуучулук күндөрдөн бардык жагдайды кездештирүүгө болот. Мектепте "стул" көтөрүп турган учурларың болду беле?
- Мындай күндөр ар бир эле окуучунун башынан өтөт болуш керек. Мен 7-класска чейин орус мектепте окуп, 8-класста кыргыз мектепке которулгам. Сабакта жалаң "4", "5" деген баалар менен окудум. Бирок, тентектигимдин айынан бурчка турган учурларым көп болгон. Бактыяр деген бала менен бир партада отурчумун. Бир жолу мектепке сумкама анар салып барып, столдун үстүнө коюп, танапис убагында эшикке чыгып келип эле анарымды таппай калдым. Анан жанымда отурган баладан көрүп, экөөбүз анардын айынан кадимкидей мушташып кеттик. Бир мезгилде анын мурду канап кетти. Ошол учурда эжеке кирип келип "Айзат, эмне үчүн сабак учурунда мектепке тамак алып келесиң, анарыңды мен алып койдум" -деп аябай ачуусу келип колума стулду карматып 15 мүнөт бурчка тургузуп койгон. Анда мен 5-класста окуйт элем. Окуучулардан уялганымды айтпаңыз. Ошол күнүм такыр эсимден кетпейт.

- Окурмандар үчүн артисттердин жеке жашоосу кызык. Үйбүлөң жөнүндө да кеп козгосок?
- Өзүм Бишкек шаарында төрөлүп өскөм. Негизи атам Өзгөн районунун Көлдүк айылынан болот. Апам болсо Жалалабаттын кызы. Үйбүлөдө 3 бир туугандын улуусумун. Ата-энем өз алдынча бизнес кылышат.

- Татынакай келбетиңди пайдаланып кырдаалдан чыккан учуруң болгонбу?
- Казакстанда жашаган жакын курбум бар. Ошол келип калган кездерде диско-клубдарга барып эс алабыз. Азыр Бишкектеги клубдардын көбүндө 18 жашка чейинкилер киргизилбейт. Буга биздин жашыбыз туура келбейт. Ошондой учурларда "Татынакай кыздар экен, киргизе берели" дешип уруксат беришет.

- Акыркы күндөрү ырчылар үчүн өзүнө өзү ысым коюу модага айланып бараткандай. Эмне үчүн сахнага Жаным Айзат деп чыгып жүрөсүң?
- Негизи өзүмдүн фамилиям Батырбекова. Сахнага гана Жаным Айзат болуп чыктым. Бул продюсерим Тынчтыкбек Кожобековдун идеясы. Ал менен жаңы иштеше баштаганда ар бир угарманың сени суктанып угуп турсун, күйөрманыңдын жаны бол деген ниетте "Жаным" деген жаңы ысымды коюп берген. Ошол бойдон Жаным Айзат болуп эл алдына чыгып жүрөм.

- Сени эмне түйшөлдүрөт?
- Кандай десем… Мени жеңил ойлуу, туруксуз жаштардын көбөйгөндүгү түйшөлдүрөт. Буга мисал катары башымдан өткөн бир окуяны айтып берейинчи. Үч жылдан бери мени менен сырдаш болуп жүргөн жакын дос балам бар болчу. Ал менин курдашым менен сүйлөшүп жүрчү. Ал экөөнү башында мен тааныштыргам. Экөө кыз-жигит болуп үч жылдан бери сүйлөшүп жүрүшчү. Мен экөөнүн ар бир жакшылыгы үчүн сүйүнүп, чын дилимден мамиле кылып, тиги дос баламды да туруктуу деп аябай сыйлачумун. Аны мыкты жигит экен деп жакшы ойдо жүрсөм жакында эле мага келип арзуусун арнап жатпайбы? Мен андан мындай учурду күткөн эмесмин. Кыздарды биринен - сала бирин алмаштырып, оюнчук кылганына абдан ачуум келди. Өзүн акылдуу, туруктуу, түшүнүктүү көрсөтүп курбум экөөбүздүн ишенимибизге кирген дос баламдын ушул жоругу көк таштай көңүлүмө тийди. Карабайсызбы, бул да болсо биздин жаштардын жеңил ойлуулугу да. Ойлонбой сүйлөгөн сөзү үчүн 3 жылдык достугубуз, ортобуздагы жылуу мамилебиз, бири-бирибизге болгон ишенимибиз үзүлдү. Азыр ал баланы көргүм келбейт.

- Азыркы кыздардын көпчүлүгү үстүндө үйү, астында машинасы бар жигиттин колуктусу болсом деп кыялданышат экен. Чыныңда айтчы колу жука адам колуңду сураса эмне дээр элең?
- Арабызда өз милдетин аткара албай турмуштун татаал түйшүгүн аялынын мойнуна жүктөп койгон жалкоо эркектер да жок эмес. Мына ушундай көрүнүштөргө күбө болгон кыздарда сиз айткан түшүнүк пайда болушу мүмкүн. "Байлык - колдун кири" - деп коёт. Үйбүлөдө ынтымак, биримдик болсо биргелешип жоктон бар кылса болот. Эгер кедей жигит колумду сурап келсе, жүрөгүмдүн буйругу менен чечим чыгармакмын. Мен аны сүйсөм базарда "семичке" сатып болсо да бактым үчүн күрөшөт элем.

- Өзүң шаарда чоңоюптурсуң. Чарба иштерине кандайсың?
- Көп кабаттуу үйдө жашагандыгыма байланыштуу уй саап көргөн эмесмин. Шаардын шартына жараша нан жаба алам. Картошка тигип, жер чапканды билем. Негизи жумушка жөндөмдүүмүн. Адам колунан эмнелер гана келбейт. "Башка түшсө байтал жорго" дегендей зарылчылык болсо айыл жумушуна да көнөбүз да.

Блиц- Анкета
Туулган жылы - 1991-жыл 2-март
Ыйык тукан адамы- Ата-энеси
Кумири - Мыскал Өмүрканова
Мезгили - Жай
Эңсеп жеген тамагы - Беш бармак
Сүйгөн жаныбары - Пандо
Колдонгон косметикасы - Amway
Ишенгени - Кудай
Жашоодогу урааны - Бардыгын багындыруу
Сүйүнгөнү - Жашоосунун оңолуп баратканы
Күйүнгөнү - Кыргыздардын орусча сүйлөгөнү

Маектешкен Ж. Калдарова