presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№15, 13.05.08-ж.
  Жаңырган издер

Жаңы Мырза
Кыргыз калкыбыздын тарыхка из калтырган кыздарынын бири Жаңыл Мырза жөнүндө жазууга дагы убакыт келип жетти. Ооба, Жаңыл Мырза тууралуу буга чейин не бир түркүн вариантта басма сөз беттерине жазылып, ал турсун китеби да чыкканын билебиз.
Ошентсе да, дагы бир жолу Жаңыл Мырза жөнүндө билгенибизди үстүртөн кеп кыла кетүүнү туура таптык.
Үч тамгадан турган "кыз" деген сөз кандай баалуу жана барктуу. Бул дүйнөнүн туткагы, көркү дагы биз кеп кылган кыздар жана аялзаты менен эмеспи.
Анын сыңары аялзаты жөнүндө сөз өзөгүн козгосок аягы түгөнбөйт. Эмесе сөз өңүтү баатыр кыз, өз учурунун кадыр-баркына ээ Жаңыл Мырза баянында. Жаңыл Мырза кыз болуп төрөлүп калганына өкүнүп, өзүнүн тагдырына нааразы болгон убагы көп эле болсо керек. Дегеним, баатырлардай ат үстүнөн түшпөй, кылыч чаап, жаа атып, чет душмандар менен беттешкен учурлары эле анын өкүнүчүнөн белги берип турат го.
Бардык эле аялзаты өзү каалап тийген күйөөсүнөн баатыр уул же сулуу кыз төрөгүсү келгени белгилүү эле иш эмеспи. Анын сыңары, Жаңыл Мырза дагы бой тартканы көңүлүнө толгон жигитти көзүнө чалдыктыра албай жүрүп, Сарбагыш уруусунан чыккан Сарсейиттин эки уулу Үчүке, Түлкү жөнүндө кулакка жагымдуу сөздөрдү угуп, ал экөөнү көрүүгө куштар болот? "Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" деп айткандай, Жаңыл Мырза баатыр кыз болгону менен бой мүчөсү келишкен, эркек жанды жалт карата тургандай өң-түскө ээ, сөздү чукугандай тапкан, намыска бек кыз болгону анык. Эл-жер үчүн күйүп жанган, патриот болгондугунан баатыр аталып, артынан эл ээрчиген. Анын көзгө атаар мерген болгону өзүнчө бир чоң сабак кеп.
Ошол мергенчилик өнөрдү өспүрүм кезинен эле өздөштүрүп, эркек балдардай атка дагы чапчаң секирип минип, көбүнчө талаа-түстө жүргөнгө абдан көнгөн. Убакыттын өтүшү менен Жаңыл Мырзанын ысымы алыска угулуп, бир сөзгө эки сөз кошулуп айтыла баштайт да даңкы Үчүке менен Түлкүнүн энесине угулуп, ал Жаңыл Мырзаны келин кылып алууну ойлонуштура баштайт.
Бир күнү көктөн издегени жерден табылып, Түлкү баатырдын аялы кайын энеси даарат сындырып атканда, аны байкабай, алдынан кыя басып өтүп кетет. Ушул окуя чырдын түйүнү табылганга шылтоо болуп, Үчүке менен Түлкүнүн Жаңыл Мырзаны көздөй аттанып чыгуусуна себеп болот.
Илгери, эненин оозунан кандай сөз чыкса, бала үчүн мыйзам болуп аткарылчу экен.
Каарын жүзүнөн чыгарган Сарсейиттин аялы чай кайнам убак келинин урушуп, качан гана эки уулу алыстан ат арытып келгенде үнүн өктөм чыгарып, кыйкырыкты салат.
Ошол убакта Үчүкенин үч уулу болгон Маматкул, Дөөлөс, Надырбек деген. Ал эми Түлкүнүн Тынай деген бир уулу гана болгон экен.
- "Түлкү, сенин аялың мени көзгө илбей, менин намысымды тебеледи"- деп болгон окуяны көбүртүп-жабыртып, буркан-шаркан түшүп, жөн эле келини баса калып сабагандай түр көргөзүп, өзгөртчү жерден өңүн өзгөртүп айтып берип, бул катыныңды кетир дагы кыйын болсоң, колуңдан келсе Нойгуттун кызы Жаңыл мырзаны мага келин кылып бер. Анын даңкы элге чыкса, ал мага кызмат кылсын"-дейт. Көрсө, Түлкүнүн энеси Жаңыл Мырзаны келин кылып алганга шылтоо таппай эле жүргөнү айтылган сөзүнөн улам билинип калат. Түлкү жай сөзгө өтүп энесине түшүндүрөт:
- "Апа, сизге Жаңыл Мырза эле керекпи. Аны сизге келин кылып берем, бирок, азыраак убакыт бер"- дейт. Бул сөздү уккан энеси:
- "Мен сени эмнеге төрөдүм. Менин айткан сөзүм чукул арада аткарылышы керек. Керек болсо бүгүн эс ал да эртең жөнө. Убакыт деген учкан куш. Убакыт өткөрүп мени алдагың келеби?"
Андай кызга көз арткандар көп. Башка бирөө алып кетсе, мен Жаңыл Мырзадай келиндүү болбой калбаймынбы деп албууттанганда Түлкү башын ийип макул болот. Аялдын көпкөнү эрине же баласына зыянын тийгизет деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары, Түлкүнүн энеси абышкасы менен кеңешип, калың берип кудалашып алганда, Жаңыл Мырзанын колунан анда кыргыздын эки асыл уулу бейажал өлүмгө туш болбойт эле го. "Жакшы аял жакадагы дөөлөт, жаман аял кетпес мээнет"- деп айтылган кеп бар эмеспи. Анын сыңары, Үчүке менен Түлкүнүн өлүмүнө энеси себеп болгон деген кеп айтыла калып жүрөт. Бул эми Үчүке, Түлкү баянынын бир варианты.
Тарых барактарына көз жүгүртсөк ириде кеп кылынгандай, Үчүке, Түлкү Жаңыл Мырза жөнүндө айтылып калган не бир түркүн сөздөргө күбө боло алабыз. Ал кезде азыркыдай жазуу, кагаз бетине түшүрүү жок болгондуктан ооз эки айтылып, ооздон - оозго өткөн сөз бурмаланып кеткенин эске алганыбыз оң.
Ошентип, Үчүке менен Түлкү жандарына жигиттерин ээрчитип, Жаңыл Мырзаны алып келүү үчүн жолго чыгышат. Жол алыс болгондуктан жолду ката аң уулап, кайберен атышып, жол азыктарын өздөрү камдаганга дагы мүмкүнчүлүк табышат.
Ошол кезде Жаңыл Мырза күлүк тайганы менен көңүл ачып, уудан жаңы эле келген болот.
Үчүке, Түлкү жай сөзгө келбей алгач жылкы тийип, түнү кол салышат. Күтүрөтүп жылкы айдап бир топ жерге чейин келишип, эми сөзсүз куугун келет. Ошондо Жаңыл Мырзаны колго түшүрүп алып кетебиз деп келген куугунду күтүп туруп калышат. Бул да болсо илгерки жоокер убактагы намыскөйлүктүн белгисиби, ким билет. Болбосо, жай сөз менен сүйлөшүп, жок дегенде салтка салып, ала качып кетсе анда ал кездеги болгон чыр азыркыга чейин айтылып калбайт эле го.
Айтылгандай Жаңыл Мырза жигиттерин жанына алып, өзүнөн калбаган тайганын ээрчитип, жылкысын кайрып келүү үчүн кол салган жоонун артынан түшөт. Узун чачын төбөгө түйүп, баатырларча зоот кийимди кийип, кол баштап чыгат. Бул да болсо, Жаңыл Мырзанын баатыр кыз болгонун, эл-жер үчүн күйгөнүн, эл ишенип, эл керегине жаралганынын белгиси экенин кантип танабыз. Эх, ал кезде азыркыдай булганган эл, жер саткан, сатынып жашап калган алдым жуттумдук, ач көздүк ойго дагы келбеген иш болсо керек. Азыркы эл багарлар менен ал кезди салыштырып болбойт. Күнү-түнү ат үстүндө жүрүп, тең жолго жетпеген жерден Жаңыл Мырза жылкы тийгендерди кууп жетип, эки жигитти чалгынга жиберет. "Кимдер экенин билип келгиле"-деп. Эки жигит өз иштерин так аткарганды билген үчүн, алар ишеничти, берилген тапшырманы өз учурунда аткарып, жоо "Үчүке менен Түлкү" -деп айтып келишет. Жаңыл Мырза экөөнүн ысымын укканда, аларды өз көзү менен көргүсү келип, токойлуу жылга менен эч кимге көрүнбөй жол арытып келип, кеч күүгүмдө экөөнү көрөт да, айлананы караңгылык каптап кеткендиктен, жакшы сынай албай калат. Кайра өз ордуна келип, эртеси жанына эки жигитин ээрчитип, жай сөз менен сүйлөшүп көрөйүнчү деп ат бастырып чыгат. Бул учурда Үчүке менен Түлкү жигиттери менен таңкы насипке олтуршкан болот. Жаңыл Мырза жакын келип, эки асылды көргөндө экөөнөн көзү өтөт. "Эй, адамдан да ушундай асыл жан туулат экен ээ"- деп Үчүке менен Түлкүнүн көзү тойбой карап, Үчүкенин жашы өйдөлөп алган экен. "Тиги Түлкү сөзгө келсе, андан падыша болчу чыныгы эл керегине жараган уул төрөйт элем"-деп сын берип, сынаган сыны аягына чыга электе, тайганы аларга чукул барып калат. Ошондо Түлкү - " Канчыктын тайганы келип калыптыр, жигиттер сак болгула"-дейт. Бул сөздү укканда Жаңыл Мырзанын тиги экөөнө болгон жакшы ою бузулуп, Түлкүнүн "Канчыктын тайганы" деген сөзү намысын козгоп, алгач жебени Үчүкени көздөй мээлеп атат да, андан соң Түлкүнү так жүрөккө атып, аттын башын тетири буруп, бастырып кетет. Эх, ошондо Түлкү "Канчык" деген сөздү айтпаганда, Жаңыл Мырза менен тил табышып, үйлөнөт беле ким билет?
Чын-чынында, Түлкүгө көзү түшүп, көңүлүндө жактырып калган Жаңыл Мырза болгону бир ооз сөзгө гана намысы козголуп, өзүн-өзү кармана албай, бир эмес эки адамды өлтүргөнүнө өкүнүп канча убакыт жүрдү болду экен?...
Адамдын душманы тил деп айтылган кеп бар эмеспи. Эгер Түлкү Жаңыл Мырзаны "Канчыкка теңеп, Канчыктын тайганы" деп айтпаганда, Жаңыл Мырзадан кыргыздын керегине жарагандай уулду болот беле, аны так кесе айтуу кыйын.
Бул да болсо, Жаңыл Мырзанын намыскөйлүгү, баатырлыгы, адамдык сапатты сактай алганы, өзүнүн деңгээлин коргой билгени эмеспи. Азыркы эл билермандарынын жоруктары, суунун бул өйүзүнөн тиги өйүзүнө байлык, мансап үчүн секирип өткөндөрү, өз элине сөзү өтүп, башка элдин алдында башын жерге салып олтурган намысы жок чиновниктерибизге салыштырмалуу кыз да болсо Жаңыл Мырзанын намыскөйлүүлүгү, баатырлыгы ошол кездеги жасалган иши, туруктуулугу жогору болгон үчүн, тарыхта аты калып, али күнгө чейин ооздон түшпөй айтылып келет.
Ооба, Жаңыл Мырза баатыр эле болбостон сынчы болгону да өзүнчө бир чоң сабак кеп. Болбосо, Үчүке менен Түлкүнү сынап, аларга көзү түшпөйт эле го. Ооба, чынында Үчүке менен Түлкүнүн сыймыгы күчтүү болгону жөнүндө да айтылган кеп бар.
Атасы Сарсейитке Турду сынчы келип:
- "Я, Сарсейит, колдо бар алтындын баркы жок"-деп айтылгандай, менин баркымды билбей жүрөсүң. Эгер мен сенден алыс жашасам, атайын ат чаптырып алдырып, кызыр эм тай сойдуруп эки балаңды сынатат элең. Эки уулуңдун убагы өтүп бараткандай, бир сынатып койсоң боло?" -дегенде, Сарсейит күнөөсүн мойнуна алып, Турду сынчыга эки уулун сынатат.
Сынчы Үчүке менен Түлкү боз үйдүн оң капшытынан кирип келгенде, олтурган ордунан үч обдулуп туруп, кайра отурат. Бул көрүнүшкө таң калган Сарсейит өзү сыртка чыгат да, эки уулундай эле дабыш чыгарып басып келет. Бирок, сынчы ордунан кебелбейт. Ошондо Сарсейит таарынган түр менен:
- "Эмне, эки кенедей бала кирип келсе, олтурган ордуңдан үч обдулуп турасың да, мен келсем кебелбейсиң"-дейт. Сынчы мыйыгынан күлүп:
- "Сенде эч кандай сыймык болбосо, мен кантип сенден жазганам. Адам карыганда сыймык оолактайт. Тигиндей ээндеп басалычы деп жашыруун сыр айтчудай белги берет да, ээн жерге келгендеТурду сынчы:
- Сарсейит, эки уулуңа тез аял алып берип, тукум алып кал. Экөөнү экиден төрт арстан ээрчип келди. Төрт арстанды көргөндө мен ордумдан үч обдулуп турдум. Эки уулуңдун сыймыгы абдан күчтүү экен. Бирок өмүрлөрү кыска, дагы айтам тез үйлөнтүп тукум алып кал"- дейт.
Ошол себептен Үчүке менен Түлкү жашыраак үйлөнгөн экен. Турду сынчы көргөн сыймыкты Жаңыл Мырза дагы көрүп, экөөнө ашык болгонунун себеби ушунда. Айткандай, "алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи, Жаңыл мырза дагы баатыр уул же өзүндөй эл керегине жараган кызды Үчүке менен Түлкүдөн төрөшүнө көзү жеткен үчүн экөөнүн бирөөнө турмушка чыгууга көңүлсүнгөнүн окуянын өңүтү эле айтып турбайбы. Чынында Жаңыл Мырза өзүнүн гана кызыкчылыгын эмес, кыргыз элинин келечегин ойлонгонун ушундан улам билсек болот. Болосо, өңдүү-түстүү өзүнүн жигиттеринин бирөөнө эле тийип албайт беле. Ооба, Жаңыл Мырза сулуулугуна эмес, намыскөйлүүлүккө, туруктуулукка, улуулукка, келчегине көңүлүн бурганы үчүн, өзүнөн баатыр, тектүү жердин уулун, чыныгы "күйөө" деген атка татыктуу мырзаны издегени айкын болгон.
Айткандай, Жаңыл Мырзанын баатырлыгы, чечкиндүүлүгү, намыскөйлүгү, туруктуулугу болбосо, анын ким болгону бизге чейин жетпейт эле го. Өз учурунун чыгаан инсаны, эл эгеси, кол башчысы болгонун кеп кылбаганда дагы, кыргызга керек уул төрөп берүү үчүн Үчүке менен Түлкүгө көз артканы эмне деген сөздү ичине камтыйт. Балким анын бизге жетпеген дагы өнөрлөрү болгон чыгар. Болбосо, үч-төрт кылым илгери жашап өткөн Жаңыл Мырзанын аты бул заманга чейин жашабайт эле. Айткандай анын азан чакырылып коюлган ысымы Жаңыл болсо керек. Анын мырзалардан кем калышпагандай өзүнө аброй күткөн үчүн Жаңыл деген атына мырза кошулуп, "Жаңыл Мырза" аталып калганы өзү эле билинип турбайбы. Неси болсо дагы Жаңыл Мырзадай эл керегине жараган намыскөй кыздарыбыздын саны арбысын деп, бул баяныбыздын аягына чекит койгонубуз оң болуп турат.
Бердикожо Бийназаров

P.S. Гезитибиздин кийинки санында Хан Ормондун кызы "Кулан кыз" жөнүндө билгенибизди сиздерге тартуу кылабыз, урматтуу окурман.




  Жылдызыңыз жөнүндө толук маалымат

Чаян (Скорпион) (24-октябрь - 22-ноябрь)
Демейде Чаяндын чакканы өлүм коркунучун алып келет. Алар өздөрүнүн мүнөздөрүн жакшы текшере алышат, бирок, бул кишилерди биле турган белгилер бар. Алардын көздөрү гипноздук нур чыгарып турат, көз карашы болсо сизге терең өтүп кетет. Деги Чаян - сүрөттөлүш. Ал өз баасын жакшы билет, өзүндөгү оюн эч нерсе өзгөртө албайт. Кордоо сөз тийип, кайта ыргыйт, а мактоо сөз болсо эч кандай сезим пайда кылбайт. Алар өздөрүнүн кемчилиги, жетишпегендиги жөнүндө бирөөлөрдөн угууну каалабайт: өзү жөнүндө баарын билишет. Сыртынан жумшак, баёо адамга окшоп турган менен андан абайлагыла.
Жумушта жана милдеттүү иште ал темирдей эркин көрсөтөт. Эч качан алдамчы элестерден коргонуу издебейт. Окуянын, адамдын чабал жерин тез табат. Чаян тубаса күрөшчүл, максатка жетүү үчүн бардыгын пайдаланат. Адамдар менен болгон мамиледе өзүн түзүк, чынчыл киши катары кармайт, бирөөгө чындап көп асылбайт.
Эркек - Чаян
Чаян бардык нерседе кызуу кандуу: достукта, саясатта, жумушта, тамакта, балдарда, туугандарда… Эгер ашкере толкундануудан корксоңуз сиздин психикага туура келчү адам бул эмес.
Бир караганда ал бир мүнөз, токтоо, аңгемелешчү адам болуп көрүнүшү мүмкүн. Ал үчүн биринчи кыйынчылык - бул жашоо. Анда ийгиликке жетүү үчүн күч- кубат, жандуу акыл, баары эле бар өңдөнөт, бирок өздөрүнүн туталангыч мүнөздөрүнөн улам өзүнө көп душман чогултуп алат.
Чаян сизди өзүнүн эки жактуулугу менен таңгалтырат: анда акыл менен кызуукандуулук, маалыматтуулук менен толкундангандык айкалышып турат. Ал акылдуудан чоңураак, турмуштун сырына кызыккан, жоопко абдан жакын келген терең философиялуу адам. Эч кандай жасалгасыз жашай алган чаяндар бар. Адатта ал өзүн жасалга менен курчап алат. Ал тамакты, ичимдикти, наркотикти жана албетте, сүйүүнү ашыкча колдонушу мүмкүн. Сүйүү аны эч качан коркутпайт жана даяр эмес учурун эч ким көрбөйт. Турмуштагы эч нерсе аны кайдыгер калтырбайт. Бул эркектеги темпераменттүү мүнөз сиздин бүткүл өмүрүңүзгө жеткидей жаралап коюшу мүмкүн. Анын чакканы чынында эле абдан оорутат. Ал өзүн жакшы башкарат. Албетте, ал сизге тизеси менен туруп көркөм формада сөз айтышы мүмкүн, алданбаңыз, ал жөн гана коомдо ошондой түшүнүк болгондуктан, өзүнүн кадырын сактагысы келет.
Ал көпчүлүктүн көзүнчө өзүнүн сезимдерин аз байкатат, сиз менен жалгыз калганда чыныгы оюн айтышы мүмкүн. Турмушка чыккандан кийин айрым бир кооганы туюушуңуз мүмкүн. Бирок? ал учурга чейин сиз туш-туштан жараланган болосуз. Анын катаал мамилесине чыдоо кыйын деп айтуу сизге пайдасыз. Андай учурда ал сизге: "А мен сени кармабайм"- деп айтат. Анын өзүнчөлүгүнө көнүү үчүн убакыт талап кылынат. Эгер сиз өтө жумшак болсоңуз, анда дайыма кейип жүрөсүз.
Кызганыч жөнүндө болсо, бул жерде да сиз абдан абайлашыңыз керек. Башка эркекке көз ирмеп эле койсоң, ал жарылып кетет, бирок өз кызганычыңызды сандыкка салып кулпулап коюңуз. Сиздин кекетип, көз жаш төккөнүңүз ага эч кандай таасир бербейт. Ал абдан талаптуу ата болушу мүмкүн. Анын балдары жалкоо, тил албас болуп өсүүгө жол ала албайт. Ал аларды өзүн сыйлоого үйрөтөт. Башкалар сыяктуу баланы чындап сүйсө да, коргосо да аларды өзүнчөлүккө үйрөтөт.
Чаян эч качан аялын акыл айтууга жол бербейт. Ал - эркек, сиз -аялсыз.
Аял - Чаян
Ал терең сырдуу сулуулукка ээ. Өзүнө тарткан, текебер жана өзүнө чексиз ишенген чыныгы аялзаадалыктын үлгүсү экендигине ишенет. Анда албете сүйкүмдүүлүк, азгырыктуулук жетишээрлик. Бирок ой тереңинде жагымдуулугу аз, мүмкүндүгү көп.
Аял - Бөйөн эки типте болот, экөө тең -абдан күчтүү. Эгер биринчиси жашыруун темпераментке тиешелүү болсо, анда экинчиси - чыныгы кокуй аял. Биринчиси өзүнүн мүнөзү боюнча эркекти эске салат. Эркек кара курт жөнүндө айтылгандардын бардыгы ага да тиешелүү. Аларда эркектин акылы ыкмасы, ооздукталбаган кубат бар. Мындай аялдын күчтүү мүнөзү, адатта чабал, пассивдүү, чечкинсиз эркектерди, эркектик жөнүндөгү анын ойлогонуна жооп бербеген немелерди өзүнө тартат.
Экинчи типтегиси - билүүгө кызыккан сезгич, шайыр, ачык, сараң. Бул абдан коркунучтуу аял!

(Кийинки саныбызда Жаачы жылдызын
окуй аласыздар)













??.??