presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№15, 13.05.08-ж.
  Пекин-2008

Олимпиада оту Эверестке жетти
Бейшемби күнү Кытай альпинисттери дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусуна (8848м) Олимпиада отун алып чыгышты. Бул жетишкендик Олимпиада тарыхында биринчи жолу.
Бул окуя биздин убакыт боюнча саат 07:00 дө болгон.
Чокуга жеткенде альпинисттер 30 метрлик эстафетасын өткөрүп, олимпиада менен Кытайдын желегин тургузушкан.
Олимпиада оту Кытайда 113 шаарды жалпысынан 40000 чакырымды басып өтөт.

  Теннис

Пекинге кимдер барат?
Пекиндеги Олимпиада оюндарында теннис боюнча Россиянын катышуучулары аталды. Россиянын теннис Федерациясынын президенти Россия курама командасынын капитаны Шамиль Тарпищев Пекинге Мария Шарапова, Светлана Кузнецова, Анна Чакветадзе, Елена Дементьева бараарын билдирди.
Дүйнөнүн төрт эң күчтүү теннисистерине кирген Шарапова жана Кузнецова алтын медалга күчтүү талапкерлерден экени айтылган.

  Бокс

Виталий Кличко келишимге кол койду
8-майдан 9-майга караган түнү украиналык Виталий Кличко менен нигериялык, WBC чемпиону - Сэмюэль Питер Мехико шаарында келишимге кол коюшкан. Алар оор салмактагы WBC дүйнө чемпиондугуна атаандашмакчы. Экөөнүн мушташы 2008-жылдын октябрь айында Европада болуп өтөт. Азырынча мушташтын так убактысы белгилене элек.
Нигериялык Сэмюэль Питер 2008-жылдын 8-мартында Олег Маскаевди нокаут менен жеңип, WBC чемпиону аталган. Виталий Кличко акыркы жолу 2004-жылы декабрда мушташкан.
Чагаев - Валуев
Немец журналисттердин билдирүүсүндө Руслан Чагаев менен Николай Валуевдин мушташы 5-июлга жылдырылган. Бул чечим Чагаевдин оорусуна байланыштуу. "Чагаев вирус инфекциясына кабылган" -деп билдирген доктор Микаэль Экерт.
Матч-реванш 31-майга белгиленген эле.
Николай Валуев өткөн жылы апрель айында Руслан Чагаевге упай менен жеңилип, WBА чемпиондук титулун алдырып койгон. Руслан Чагаев бул титулун январь айында британиялык Мэтт Скелтонду жеңип бир жолу коргогон.

  Баскетбол

ЦСКА - Европа чемпиону
Россиянын ЦСКА баскетбол клубу төртүнчү жолу Евролиганын чемпиону аталды. Испаниянын борборунда болуп өткөн Евролиганын финалында Россиянын 14 жолку чемпиону - ЦСКА Израилдин 47 жолку чемпиону "Маккаби" клубун 91:77 (22:21, 20:20, "1:16, 28:20) эсебинде жеңип бул жылы чемпиондук наамына ээ болду.
Оюндун баалуу оюнчусу ЦСКАнын коргоочусу Траджану Лэнгдону аталды. Ал оюнда командасына 21 упай алып келген.
Ошентип, ЦСКА эки жылдан кийин кайра Европанын эң күчтүү клубу аталды.

  Велоспорт

Италияда "Джиро д Италия" веложарышы башталды
Сицилияда 10-май күнү "Джиро д Италия" көп күндүк веложарышы башталды. Бул жарыш "Джиронун" 99 жылдыгына арналган.
Жалпысынан бул жарышка 198 спортсмен катышууда. Анын ичинде Россиядан 11 спортсмен ат салышат. Көп жылдык тарыхында "Джиро" көп күндүк веложарышында орустар эки жолу жеңишке ээ болушкан: 1994-жылы Евгений Берзин, 1996-жылы Павел Тонков. 1996-жылдан бери 1-орунду италиялыктар ээлеп келет. Оюн 1-июнга чейин созулуп Милан шаарында аяктайт. 23 күн ичинде спортсмендерге 2 күн гана эс алууга убакыт берилет.

  Футбол

Англиялык фанаттар 600 автобус менен камсыз болот
21-майда "Лужники" стадионунда өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнунда чет өлкөлүк күйөрмандарына атайын 600 автобус бөлүнөт.
Финалга даярдык көрүү комитетинин билдирүүсүндө 42000 англиялык фанаттардын 30миңи 20-майдан 21-майга караган түнү Москвага учуп келишет. Күйөрмандардын алгачкылары 19-майда келишет. "Челси" менен "Манчестер Юнайтеддин" фанаттары бөлөк рейстерде жана бөлөк аэропортторго келишет. "Челси" фанаттары - Шереметьева жана Внуково, Манчестердин фанаттары Домодедова аэропортуна конушат. Азыркы учурда чет өлкөнүн авиакомпанияларынан 120 арыз түшкөн.
21-май күнү финал оюнунан кийин англиялык фанаттар дароо аэропортторго жеткирилет. Себеби, шаарда мейманкананын саны аз болгондуктан, экинчиден англиялык фанаттар дүйнөдө эң эле агрессивдүү келгендиктен ар кандай кылмыш иштерин болтурбоо үчүн шаарда автобустар колонна түрүндө МАИ автоунаалардын коштоосунда жүрөт.
Эскерте кетсек Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну 21-майда Москва шаарында "Лужники" стадионунда "Манчестер Юнайтед" менен Челсинин ортосунда болуп өтөт.

 21 күндө 8 оюн

"Рейнджерс" клубу Шотландиянын премьер - лигасынын башкармалыгына бир канча оюндарды УЕФА финал оюнунан кийинкиге жылдырууну суранышкан эле. Бул аларга "Зенит" менен боло турган УЕФА Кубогунун финалдык оюнуна даярданууга убакыт берет. Бирок башкармалык ага уруксат берген эмес . Ошентип "Рейнджерске" 21 күн ичинде 8 оюн өткөрүүсүнө туура келет. Ал эми Зенит командасынын Россия Чемпионатында "ЦСКА", "Локомотив", "Луч - Энергия", "Спартак" менен боло турган оюндар финалдан кийинкиге жылдырылган.

  Италия курама командасы

Италиянын футбол боюнча башкы машыктыруучусу Роберто Донадони ушул жылы Европа чемпионатында ойной турган 23 футбол оюнчуларын атады. Курама командага 3 дарбазачы, 8 коргоочу, 7 жарым-коргоочу, 5 чабуулчулар кирген. Италиянын биринчи оюну 9-июнда болуп өтөт. Оюнчулардын көбү "Ювентус", "Милан", "Рома" командаларынан. Италиянын Сгруппадагы атаандаштары - Голландия, Франция жана Румыния. 9-июнда Италия Голландия, 13-июнда Румыния, 17-июнда Франция менен беттешет.
Аленичев футбол менен коштошту
Өткөн жумада Москванын "Локомотив" стадионунда Россиянын белгилүү футбол оюнчусу Дмитрий Аленичев менен коштошуу оюну болуп өттү. Бул оюнда "Спартактын" 90-жылдардын жылдыздары менен Мадриддин "Реал" клубунун ардагерлери ойношту. Эсеп 4:4 менен аяктаган.
Дмитрий Аленичев Россиянын футбол тарыхына чоң из калтырып кетти. Ал "Порту" командасынын курамында Чемпиондор Лигасын, УЕФА кубогун жеңүүгө жетишкен. Аленичев мындай ийгиликке жетишкен жалгыз россиялык оюнчу. Карьерасынын эң көп бөлүгүн "Спартак" клубуна арнаган. Оюндун башында Дмитрий Аленичевди Госдуманын төрагасы Борис Грызлов, маданият жана спорт агентсвосунун башчысы Вячеслав Фетисов жана "Портунун" экс-машыктыруучусу Жозе Моуриньо куттукташкан.
Оюндун аягында Тамара Гверцители "Прощай, король" ырын Аленичевге арнап ырдап, стадиондо Аленичевдин урматына салют атылды.



  Кыргыз спорту

Дагы 3 лицензия колубузда
Кыргызстан спортсмендери дагы 3 лицензияга ээ болушканын Улуттук Олимпиада комитетинин генералдык катчысы Канат Аманкулов билдирди. Алар:
Эркек күрөш боюнча 55 кг салмакка чейинки Турарбек уулу Нурлан, дзюдо боюнча Чеджу (Корея) шаарында болгон Азия чемпионатында Елена Проскуракова (70 кг чейин) жолдомо алган. Оор атлетика боюнча Японияда Азия чемпионатында Улан Молдодосов (100 кг) жалпы спортсмендердин 15 - болду.
Ошентип, азырынча Кыргызстандан 15 спортсмен Пекинге даярдык көрүүдө.
"Жел тамандар" таймашы
Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясы Жеңиш күнүнө карата 3, 10 жана 21 км. аралыктарга жарыштарды өткөрүп, 100 дөн ашуун жөө күлүктөр мелдешке катышты. 3 км. аралыкта жарышта марага бишкектик Виталий Чегиминцев биринчи келди. Муса уулу Адилет экинчи орунду ээледи. 10 км. аралыктагы жарышта баш байгени бишкектик Айбек Жанаркулов жеңип алды. Кыздардан Анастасия Ротанова биринчи орунду ээледи. Жарым марафондук жарышта марага караколдук жөө күлүк Валерий Писарев келди. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды жана медалдарды өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов тапшырды.
Эл аралык турнир өттү
Өспүрүмдөр арасындагы турнир 5-майдан бери өтүп жаткан. Ага Кыргызстандан "Дордой", "Алга" жана Бишкек футбол мектеби, Өзбекстандан "Пахтакор", Казакстандан "Кайрат", "Цесна", "Тараз" футболдук командаларынын өспүрүмдөрү катышты. Натыйжада биринчи орунга "Пахтакор" (Өзбекстан), экинчи орунга "Цесна" (Алматы) жана үчүнчү орунга "Алга" (Бишкек) командалары ээ болушту. Жеңишке ээ болгондорго атайын белектер жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Үч негизги орунду ээлеген үч командага ар бирине 300дөн АКШ долларынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бишкекте "Лейлек күрөшү"
9-Майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковду эскерүүгө арналган салтка айланган лейлек күрөшү өттү. "Лейлек күрөшүнө" көрүүчүлөр арбын келишти. Адатта, бул таймашка бир эле Кыргызстандын эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин да балбандары катышып жүрүшөт. Күрөш жылына эки ирет, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры Самат Садыковдун атына жана 31-августта Абдрахман балбандын атына арналып, өткөрүлүп келет. Бул жолку күрөштө баш-байге катары мамлекет президентинин атынан "Нива" автоунаасы коюлду. Лейлек күрөшү быйыл Бишкекте 34-жолу болуп өттү.
Кыргызстан - Афганистан - 0:1
Кыргызстан курама командасы Азиянын эң начар командасына 0:1 эсебинде жеңилип калган. Афганистан ФИФА тизмесинде (196 орунда) Кыргызстан тарыхында экинчи жолу бул мамлекетке жеңилген.
Кыргызстан Бангладешти утту,
бирок...
Азия Футбол Федерациасынын Чакырык Кубогунун бул жолку беттешүүсүндө Кыргызстан менен Бангладеш өлкөлөрүнүн командалары беттешип, экинчи таймда эсепти бангладештик чабуулчу Хасан Жахит ачып, командасын алга сүрөдү. Беттешүүнүн 70- мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу, Бишкектин "Шер" командасынын мүчөсү Роман Корнилов эсепти теңеп, 1:1 болду.
Ошондой эле "Дордой" футбол командасынын капитаны, жарым коргоочу Руслан Сыдыков көкөлөп учуп келаткан топту башы менен дарбазага таамай сүзүп киргизди.
Ошентип Кыргызстандын тандалма командасы 2:1 эсебинде Бангладештин футболчуларын утканы менен Азия Футбол Федерациясынын Чакырык Кубогунун финалдык тобуна кошулбай четке чыгып калды. "С" тобунда Кыргызстанды 1:0 эсеби менен уткан Ооганистандын футболчулары лидер катары финалдык оюндарга катышат.
Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында "С" тобунда Ооганстан, Бангладеш, Кыргызстан жана Лаос өлкөлөрүнүн тандалма командалары беттешмек. Тилекке каршы Лаостун футболчулары Бишкектеги беттешүүгө келбей, оюндун мурда белгиленген ирети бузулду. Мурда белгиленгендей бир күнү эки беттешүүнүн ордуна үч команда болгондуктан бирден гана оюн болду.
Чакырык кубогунун алгачкы беттешүүсүндө Ооганстан менен Бангладештин футболчулары эки жолу киргизген топторун калыстар жаратпай, эсеп ачылбай 0:0 боюнча тең чыкты деп эсептелип калган.
Бишкекте Чакырык кубогунун "С" тобунда жеңип чыккан Ооганстан өлкөсүнүн командасы эми 30-июлдан 10-августка чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтө турган финалдык таймашууга катышууга укук алды.
Даярдагандар Санжарбек Абдырахманов, Кабыл Макешов










??.??





??.??