presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№15, 13.05.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Николай Басков
Николай Басков 1976-жылы 15-октябрда Москвада жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси уулунун келечекте белгилүү ырчы болооруна көзү жеткендиктен орто мектепти бүтөөрү менен Гнесин атындагы музыкалык училищага тапшыртышат. Атасы аскер кызматындагы адам болгондуктан кызматына байланыштуу чет мамлекетте (Германияда) жашаганга туура келген. Ал эми апасы болсо биринчи алган айлыгына уулуна эң жогорку сапаттагы кымбат пианино сатып берип, баласынын музыка менен көбүрөөк алектенүүсүнүн камын көргөн. Дээрлик бош убактысы, балалык чагы музыка менен пианинонун жанында өтөт. Музыкалык окуу жайды бүткөндөн соң аспирантурага тапшырып, алган билими менен талантын пайдаланып сахнага чыгыш үчүн өзүнө ишенимдүү продюсер издей баштайт. Ошол учурда тагдырына туш болгон Борис Шпигель менен чыгармачылыгын гана эмес, жеке жашоосун да байлаган, тагыраак айтканда Шпигелдин жалгыз кызы Светлана менен баш кошот. Жашоосундагы бул бактылуу учурду Басков мындайча сүрөттөйт: Ошол маалда чыгармачылык жактан келишим түзүш үчүн Борис Исааковичтин үйүнө келсем, 17 жаштагы кызы Светлана ачты. Алгач экөөбүз бир - эки ооз сөз менен эле амандашып тим болдук. Кеткени жатсам Светлана: "Сиздин ырларыңызды уктум, жакшы ырдайт экенсиз, мага ырдап бериңизчи"-деген. Андан соң мамилебиз кандайча жакындашып кеткенине өзүм да таңмын. Экөөбүз эки жыл сүйлөшүп жүрүп анан баш коштук. Светлана кесиби юрист,өзүнүн атайын чакан ишканасы бар, мен аны иштетким деле келбейт. "Үйдө эркек киши акча таап үйбүлөсүн багыш керек деген принципке мен да кошулам, бирок менин принцибимен аялымдын каалоосу жогору турат"-дегени бар.
Кабарчылардын тынымсыз тынчын алып, ыңгайсыз суроолорунан, окуусунан тажашкан бактылуу үйбүлө чет мамлекеттерге да барып баш калкалашкан. Ошентсе да жаны тынбаган кабарчылар опера ырчысына бүгүнкү күнгө чейин "Светланага сүйүүнүн күчү менен эмес, кайнатаңыздын даражасы үчүн баш коштуңуз беле?"- деген суроолорду берип келишет. Албетте, кесе жооп бере албаган Басков чаргытып ачыгын айтып ого бетер кабарчылардын бүйүрүн кызытып жаткан кези.
Ал эми продюсери тууралуу Николай төмөндөгүдөй маалымат берет: "Менин грим жасоочу бөлмөмө Борис Шпигель жубайы менен кирип келип өзү биринчи жардамын сунуштады. Албетте мен макул болдум. Буга чейин концерттеримен түшкөн каражаттарымдан өзүнө тиешелүү пайыздарын алып турчу. Кандайдыр бир деңгээлде менин атактуулугумдун аркасы менен ал да таанылды. Ошентсе да мага кылган жардамына ыраазымын. Себеби, менин чыгармачылыгымдын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошконун мен эч качан танбайм"-дейт.
Ырчынын кайрадан жеке жашоосуна кайрыла турган болсок, көп убакыттан соң Света экөө Бронислав аттуу уулду болушат. Төрөтү оор өткөн аялынын жанында болуш үчүн ырчы жакынкы арага пландаган концерттери менен гастролдорун бүт токтотуп, баласынын жалаягын жууп, аялынын ден-соолугун кароо менен алек болуп, бүт убактысын, мүмкүнчүлүгүн үйбүлөсүнө арнаган. Чыгармачылыгынан бир аз оолактай түшкөн ырчы күйөрмандарын бир эсе кубантып, бир эсе таң калтырып бул жолу сахнага өзү жалгыз эмес, украин кызы Таиса Повалини жетелеп чыгып, экөөнүн аткаруусунда жаңырган дуэт ырлары бат эле чыгармачылыгынын өсүп жатканын шарттаганы менен аялы Света менен баласы Бронислав көлөкөдө кала берген. Жеке жашоосу менен чыгармачылыгын бирдей алып кете албаган Николай аялы, кайнатасы менен урушуп чет мамлекетке кете берген. Барсилонияда белгилүү монтесеррат Кобальеден тарбия ала баштаган. Бул учурда Светлана экөөнүн мамилеси чын эле ириген сүттөй болгон. Кээ бир маалымат булактарынын айтымында Басковдун учурда 23 жаштагы Ирина аттуу көңүлдөшү бар жана ага жакын арада баш кошот. Ал эми аялы менен бүгүнкү күндө Николай Басков мыйзамдуу түрдө ажырашты. Ырчы эми уулу менен аны жолугуштурбай коёбу деп чочулоодо. Анткени, бул маселени аялы менен кайнатасы Шпигель гана чече алат экен.
Ал эми жакында эле Николайдын продюсери Рашид Дайрабаев Басковдун гомосексуалист экенин буга чейин жашырып, айтпай келгенин жар салды. Сыягы ажырашууларынын дагы бирден-бир себеби ушул болсо керек деген божомолдор бар.




Топалов менен Тимоти элдешти
Көптөн бери бири-бирине тишин кайрап жүргөн эки ырчы жигит жакында элдешип, бири-бирине кек сактабаганга убада беришти. Экөөнүн урушунун себеби "Тату" тобунун солисткасы Юлия Волкова болгон. Бир ок менен дароо эки жигитти атып торуна түшүргөн Юлия сүйүүнүн үч бурчтугуна кабылган. Бул жагдай эки жигитке да жакпагандыктан экөө жакалашып мушташканга чейин барышкан. Ошондон бери бирин-бири көргөнгө көздөрү жок болуп калган эки ырчы жигит жакында эле тил табышып, колдорун бекем кысышып, мындан ары жакын достордон болбосо да, тааныш катары бири-бирин сыйлап жүрүүгө макулдашышты.

Жуков аялына төрөткана тандатты
Тарап жок болгон "Руки в верх" тобунун экс-жетекчиси Сергей Жуковдун жубайы "Сливки" тобунун солисткасы Регина Буро көз жарып эне болуу алдында турат. Эске салсак, эки жаш өткөн жылы декабрда кесиптештеринен жашыруун баш кошушкан эле. Эми алар ата-эне болуу бактысына ээ болгону турушат. Сергейдин биринчи аялынан 6 жаштагы Саша аттуу кызы бар, жакында эле Жуков аялы кайсы төрөтканада көз жараарын тактап, төрөткана менен келишим түздү.

Лера Кудрявцева элдин баарын ашата сөгүп…
"Жылдыздар менен бий үстүндө" аттуу долбоордун жетекчилери менен алып баруучуларын Лера Кудрявцева толгон-токой уят сөздөр менен сөгө баштаган. Мындай жүрүм-турумунун себеби, ал бул долбоордун жетекчилери ага машыга турганга ыңгайлуу шарт түзүп беришкен эмес. Тагыраак айтканда, Лерага эч ким көңүл бурбай ал жоктой мамиле жасаганы анын жинин келтирген. Кесиптештерин ашата сөгөөрүн сөгүп алып, кечирим сурабастан эшикти көздөй бет алган.

Виктор Батурин экинчи аял алат
Жаңы эле Яна Рудовскаядан кол үзгөн ишкер Виктор Батурин башка аял алууга жетишти. Өзүнөн бир топ жаш кичүү Илона учурда кош бойлуу. Экөөнүн үйлөнүү тою 12-майда болот. Ал эми эки эркек баласын Янага көрүүгө Батурин тыюу салды. Анын түшүнүгү боюнча балдар энеси жок эле сонун тарбия алып өсүшөт.

Лазарев кандай жаза алды?
25 жаштагы ырчы жигит концертине шашып бара жатып 120 км ылдамдыкка чейин жеткен. Муну байкаган МАИчилер аны дароо токтотуп айдоочулук күбөлүгүн алып коюшкан. Мындай жагдайга катуу кайгырган Лазарев белгилене турган жерине да жетпей кайра кайткан. Бир ай мурун ал өзүнүн туулган күнүндө алган жапжаңы машинасын чыгаруу үчүн ири суммадагы айып төлөгөнгө мажбур болгон.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??