presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№15, 13.05.08-ж.
  Жер сыры

Табышмактуу жерлер
Кайсыл жерде кандай күндө болбосун адамды жаратылыштын керемети таң калтырып келет. Бүгүн биз табышмактуу жерлерге саякат жасап көрөлүк.

Коралл сепили
Бул табышмактуу сепилди Ригада 1887-жылы туулган Эдвард Лидсколини курган. Курулушунун да өзүнчө тарыхы бар. 26 жашка чыккан Эдвард өзүнүн айылдашы Агнесса Скаффска баш кошуу ниетинде куда түшөт. 16 жаштагы кызга Эддин жүргөн-турганы, мүнөзү жаккандыктан ойлонбостон макулдугун берет. Бирок, эмнегедир үйлөнүү тоюна эки күн калганда Агнесса күтүүсүз өз сөзүнөн, убадасынан баш тарткан. Мындайды күтпөгөн Эд тагдырына, сүйүүсүнө таарынып, өзү жашаган мекенинен безип, бүт болгон акчасына Америкага билет алып, учуп кеткен. Америкага келгенде деле аны эч ким чекесинен сылабагандан кийин бир штаттан, экинчи штатка саякаттап жүрүп, жашоосунун он жылын текке кетирген.
1920-жылы Флоридадан чакан жер аянтын сатып алып, калган акчасына эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жүрүп, аягында көптөн бери көңүлүндө уялап жүргөн тилегин ишке ашырууну максат кылат.
Алгач ал күн баткандан кийин, эч ким көрбөгөн убакта кандай жол менен экенин ким билсин айтор, көп тонналуу коралл таштарын жер аянтына ташып келе баштаган. Бул сырдуу сепилди курганда бир грамм да цемент колдонулган эмес. Кандай жол менен кантип салганы бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калган. Бул өзүнүн эмгегине ал туура 20 жылдык жашоосун сарптап, аны сүйгөнү Агнессага арнаган. 1951-жылы боору ооруп, Эдвард көз жумган. Ал эми чептин сырын ал эч кимге ачпай өзү менен кошо ала кеткен.

Фатиманын жери
Бул жер Португалиядан орун алган. 1917-жылы 13-майда он жашар кыз Фатиманы португалиялык өтө бай, бирок, канча жыл чогуу түтүн булатып келишсе да балалуу боло алышпаган үйбүлө ушул кичинекей мусулман кызды багып алышат.
Башка балдардан өзгөчө мүнөзү менен деле айырмаланбаган Фатиманын эмнегедир тили өтө кеч, 4 жашка чыкканда араң чыгат. Фатима 10 жашка келгенде өзүн алдыда кандай кыйынчылыктар күтүп турганын ата-энесине айтып берсе, кичинекей кыз жөн эле жөөлүп жатат деген жыйынтык чыгарышат. Алгач мындай көрүнүшкө өзү да маани бербеген кыздын алгач эки буту баспай калат. Дал ушундай көрүнүш анын көз алдына бир жыл мурун тартылган. Эми кызына чындап ишенген ата-эне Фатимадан алдыдагы күндөрдө жашоосундагы дагы кандай коркунучтар күтүп турганын сураса, ал атасын дагы бир чоң кырсык акмалап турганын эскертет.
Чынында эле атасы көп өтпөй жол кырсыгынан каза болот. Апасы экөө эле калган Фатимага айлана-чөйрөдөгү адамдар келип тагдырын алдын-ала айтып берүүсүн суранышып, кызыгышат. Фатима айтып берген алдын-алуулардын дээрлик бардыгы дал келген. Ошондон баштап бул кыз Португалияга кеңири таанылган көзү ачык болот.
Фатима картайып 107 жашында көз жумган. Бүт өмүрүн ал Португалия элине кызмат кылууга, ар кимдин тагдырындагы өзгөрүүлөрдү айтуу менен күн кечирип келген. Таңкалыштуусу Фатима жалаң гана кырсыктарды алдын-ала көргөн. Өлгөндөн кийин бул жер Фатиманын жери деп аталып калган

Аркаим шаары
Тоголок формадагы суу менен курчалган бул шаардын дубалынын бийиктиги 5,5 м эле болуп , сыртка чыкканга жалгыз гана бир көчө болгон. Шаар бактардан, илгерки ар кандай түскө боёлгон кирпичтерден куралгандыктан сыртына Аркаим өтө кооз көрүнөт. Аянты 20 миң. кв болгону менен 1,5 миң гана жашоочусу болгон. Эгерде бул шаарга саякатка келсеңиз өтө этият болууңуз абзел. Анткени, аркаимдин ичиндеги курулган лабиринтти анын жашоочуларынан башка эч ким чечкенге кудурети жетпейт. Муну менен алар өзүлөрүнөн башка жашоочуларды шаарына жолоткусу келбегенин түшүнсө болот.
Бүгүнкү күндө окумуштуулар бул шаардын таржымалын билүүгө болгон аракетин жумшашканы менен азырынча эч кандай жыйынтык чыгара алган эмес. Дагы бир кызыктуу нерсе Аркаимдин тургундарынын бирөө да тирүү калган эмес. Бул шаар жөнүндө кененирээк бере турган адам жок болгондуктан окумуштуулардын түйшүгү эки эсе көбөйдү.

Баальбектин тарыхы
Бул байыркы шаар Ливандын борборунда жайгашкан. Имаратты куруу үчүн атайын алдуу-күчтүү адамдарды тандашкан. Бул шаарды курчаган таштар дүйнө жүзү боюнча эң оор салмактагы таштар болуп эсептелинет.
Баальбек шаарын курууда чоң көлөмдөгү таштар колдонулган. Көлөмдүү таштардын эң жеңили 300 тоннаны түзөт. Ал эми бул имаратты курууга кеткен көп сандаган таштардын ичинен эң чоң, орточо салмактагы 27 таш керектелген. Эң чоң таштын узундугу 21 метр, бийиктиги 5 метр, ал эми туурасы 4 метр болсо, салмагы 800 тоннадан ашат. Ушул тири укмуштуу таштар бир убакта - байыркы адамдар тарабынан табылып, атактуу жоокердин урматына салынган. Өмүр бою элине кызмат кылган жоокерди тирүү кезинде эч ким баалап, барктабагандан кийин көзү өткөндөн соң дайыма жанында жүргөн кан досу баатырдын кылган иштерин даңазалоо иретинде дал ушул шаарды курууга киришкен.
Учурда окумуштуулар мындай чоң шаар жөн эле карапайым адамдар тарабынан курулушу такыр мүмкүн эмес дешип, кандайча, ким тарабынан курулганын изилдешкенде, кадимки эле карапайым адамдардын эмгеги экени аныкталган. Эми алар цементи жок кантип бул чоң таштарды бириктиришкен деген суроого баш катырышты эле ага азырынча жооп табыша элек. Бирок, шаарды курууда чын эле эч кандай аралашманын жардамы жок эле тургузулганы табышмак. Сыягы байыркы доордо жашаган адамдардын сырын бүгүнкү күндө чечиш оңойго турбаса керек.

Тибеттеги кайластын сыры
Кайлас-ыйык тоонун бири. Анын бийиктиги 6714 метрге жетип, Тибет, Индия, Непал аттуу төрт дарыя башталат.
Бул бийиктикти эч ким багындыра алган эмес. Тактап айтсак алгач бул тоого өзүн-өзү билип, чыккысы келгендер жолго аттанып, кайра артка кайтып келишкен эмес. Башында мындай көрүнүштөрдү жөн эле кабыл алышчу. Мисалы, жолдон ит-кушка жем болду же дагы бир кырсыкка кабылды деп гана жыйынтык чыгарышчу. Кийинчерээк муну мистика менен байланыштыра баштаган. Бул тоонун башы ыйык болгондуктан ага карапайым адамдарга орун жок деген түшүнүктөр да жаралган. Мындай мистиканы жокко чыгаруу ниетинде альпинисттер атайын чамынып Кайласка бет алышкан. Бирок, тилекке каршы алар да дайын оту менен жоголушат. Мындай көрүнүшкө таң калган белгилүү альпинист Райнхолд Месснер атайын Кытайдын бийлигинен уруксат алып, тоого чыкмак болот. Эмнегедир коркконбу, айтор, аягында бул оюнан баш тарткан.
Байыркы адамдар бул тоого чыгып сыйынышкан деген пикир айтылып келсе, ага карама-каршы бул тоого эч бир адам баласынын буту баскан эмес, ал эми бул оюн ишке ашырууну каалагандар түп-орду менен жоголуп же болбосо максатына жетпей орто жолдон акыл-эси айнып келген деген да ойлор бар. Сыягы Кайластын сырын эч ким, эч качан чече албайт окшойт. Көрсө өзүн баарынан күчтүү сезген адам баласы багындыра албаган бийиктиктер да бар тура.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??





??.??