presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№15, 13.05.08-ж.
  Бешене

Жашоонун соңку деми
"Саламатсыздарбы "сезим сырлары" рубрикасы? Көптөн бери көөдөнүмдү көлөкөдөй каптаган букту ким менен бөлүшүүнүн амалын таппай, акыры сиздер менен тең бөлүшүүнү туура көрдүм. Мына эми ак баракка арман толгон көөдөн сырын калем сыясы менен төгүп олтурам. Мен бул жашоодо кечирилгис көп иштерди жасадым, бирок, мунун баарын өз бактым үчүн жасаган кадамбы же…
Анда, сөз ээсинин жүрөк түпкүрүндө катылган сырын сиздер менен тең бөлүшмөкчүбүз…
SMS жазып өз оюңузду билдириңиз окурман.
Байланыш тел: 0773 35-42-81

Мен үй-бүлөнүн кенжеси болгондуктан бой тартып чоңойгончо айткан - дегеним таптакыр, аткарылбай калчу эмес. Ошол эселек бала кезимден тарта мугалим болсом деген аруу тилегим менен окууму да аяктадым. Көпчүлүктүн шары менен мен Токмоктон борбор калаага келип, көптөн тилеген тилегим орундалып, окууга өттүм. Шаарда өзүбүздүн турагыбыз жоктугунан улам атамдын бир тууган инисинин үйүндө жашоого туура келди. Үй-бүлөдө эрке анан эркин өскөнгөбү мырчыя караган абамдын колуктусунан бат эле тажап, энеме да кеңеш салбай чогуу окуган курбу кыздарга кошулуп жатаканага жашап калдым. Алгач мугалим окуган лекциябы, кошумча тапшырмаларбы айтор, баарын түгөл аткарып, сабактардан жетишүүм менен студенттердин арасында кадыр-баркка ээ болдум. Алгачкы студенттик күндөрүмдө жашоом мен элестеткендей көңүлдүү анан шатыра-шатман өтүп жатты. Ошондой шайыр күндөрүмдүн биринде жүрөгүмдү ээлеген тунук сүйүүмдү кезиктирдим. Мурда мен билип көргөн нерселердин эч бирине окшобогон бул сезимди тартуулаган оштук жигит Кайрат болду. Ал мага жасаган камкордугу, жароокерлиги менен жолуккан күндөн тарта мени өзүнө арбап алган эле. Экөөбүздүн жылуу мамилебиз, жүрөк түрсүлүбүз тең согуп, жалындаган махабат балын татып, бири-бирибизсиз жашоону элестете албай калган элек. Ошондой бактылуу күндөрдө, Кайрат экөөбүз батирде чогуу жашап алдык. Күндөр билинбей тогоосу-тогоосуна уланган чынжыр сымал өтүп жатып, кош бойлуу болуп калганымды байкадым. Мындай эне болуу кубанычымды Кайратка айтпай жүрүп акыры ичимдеги күмөндү кечки тамакта айттым. Кайраттын жүзүндө эмнегедир кубануу эмес, тескерисинче кумсаруу пайда болду. Санаа тарткан адамча бир топко ойлонуп анан:
"Биз наристе күтүүгө азыр шартыбыз жок, ичиңдегини кеч боло элегинде алдыргын!" - деп колума акчаны карматты да тамагын да ичпей, жатып алды. Түнү бою көз-жашымды көлдөтүп ыйласам да Кайрат терс карап жаткан калыбында үн катпады. Ыйлай берип акыры жашым да чыкпай калды. Амалсыз эрте менен шишиген көзүмдү жашыра албай бейтапканага кайрылдым. Ал жерде мени энемдей болгон эжеке энелик кеңешин айтса да тун сүйүүмдүн ээсине эрегишип, наристеден баш тарттым. Дарыгер аял өз ишин аткарып мени жолго салды. Көзүм караңгылап заматта көөдөнүмдү көөдөй боштук ээлеп алды. Жан дүйнөм жанчылып сыздасам да бөлмөгө кайрылбастан айылга ата-энемдикине жөнөдүм. Энем мени мурдагы наристе кезимдей жүзүмдөн сылап кабыл алды. Өз үйүмдө көпкө тура албай шаарга жөнөөрүмдө энем:
"Сак жүр, турмуш жөнүндө ойлонсоң да өз жерибизден гана болсун, жашооңо терең ойлонгун балам." -деди. Ичим куйкаланып кала бердим. Шаарга келсем Кайраттын мени издегенин, ойлуу жүргөнүн курбум айтып олтурганда ал мени издеп, жатаканага келип калды. Анын жадыраган анткор жүзүнө тез эле алданып, таарынычымды мендеги сагынуу үстөмдүк кылды. Эми экөөбүз эч качан айрылышпайбыз деген Кайраттын сөзүнө ишенип, үйдөгүлөргө да айтпай чакан үлпөт менен ал экөөбүз баш коштук. Мурун кыңыр иш кырк жылда билинет десе, азыркы учурда кырк күндө эле билинет экен. Атайын айылдан атам келип, "сендей кызым жок" деп топурагын түйүп, жүзүмдү көрсөтпөөмдү эскертип кете берди. Муну тагдырдын сыноосу катары түшүнүп, эрдимди кесе тиштеп олтуруп калдым. Бул күндөрү Кайрат кээде үйгө түнөсө кээде түнөбөй сайран тээп жүрүп, үйгө көпкө келбей калды. Бир жагынан батирдин ээси акчаны төлөгүн деп келсе, экинчи тарабынан акыркы сессиям шайымды оодарды. Үйгө түнөбөгөн Кайраттын артынан акмалап жүрүп анын башка өзүнөн улуу аялдын үстүнө кирип жашап алганын кийин билдим. Мен түшүнгүчө баары кеч болуп калды, "мен ал адамсыз жашоом жок!" - деп мага айткан жомокторун айтты. Аргам кеткенде тагдырыма наалат айтып жалгыз кала бердим. Ошентип мезгил өз нугунан тайбай чебеленип өтө берип кантип окуумду аяктаганымды да сезбей калдым. Айылга барбасам да энем менен кабарлашып жүрдүм. Атамдын алдына күнөөкөр адам болуп баралбай жүргөнүмдө катуу ооруганын угуп тура албадым. Үйгө барсам атам таарынып көпкө сүйлөгөн жок. Акыры өз баласын кыя албасын сезди окшойт, экөөбүз эски мамилебизге келдик. Атам төшөктө көпкө жатып дарыгердин күчү менен айыгып кетти. Шаарга көнө түшкөнүмдөнбү айылга көпкө турбай таежем аркылуу иш таап, борборго келе бердим. Атам үйдөн кетиргиси келбей кыйылып жатып узатып калды. Калаага келгенден тарта кысылбай жанданып иштей баштадым. Үч бөлмөлүү үйдө таежем, жездем, бөлөм анан мен болуп төртөөбүз жашачубуз. Күндүз баарыбыз жумушта болуп кечинде гана чогулабыз. Кээде таежем түнү да иштеп, үйдө болбой да калган күндөрү көп эле. Бөлөм болсо жаштыктын доорун сүрүп көпчүлүк учурда түндөсү келбей калчу. Ошондой күндөрдүн биринде жездем, жумуштан кызуу келди. Таежем экөө уктоочу бөлмөсүндө жаткан, улам мени чакырганынан оюмда эч нерсе жок кирип бардым.
- "Сизге эмне керек?" дегенимче үлгүртпөй, төшөгүнө басып жыгылды. Алгач каршылык көргөзгөнүм менен бара-бара анын эрки менен болуп, күчүмдөн тайып баратканымды өзүм да сезбей калдым.
Чынында жездем мага адамдык сапаты менен мурун эле жакчу. Бирок, мындай болот деп такыр ойлобогом. Кийин таежем үйдө болгон учурунда да жездем мени кылгыра тиктеп көз кыйыгын салчу адат тапты.
Эх, мен кандай акылсызмын… кээде өзүмдү да кечире албайм. Таежем менен бөлөмдөн жашырынып жездем экөөбүз көпкө жүрдүк. Таежем командировкага кеткен учурда жумушту да эстен чыгарып, ал экөөбүз рахатка батчубуз. Акыры мындай жашыруун мамиленин аягына чекит коюлду. Жездем, таежем менен ажырашып, эч ким тоскоол болбогон башка жакка кетебиз деген чечимге келди. Муну токтотууга менин эрким жетпей, баарына кайыл болдум. Жездемден айрылсам башка эркектер мени, Кайрат сыяктуу алдап кетчүдөй сезилди. Биздин жашырган сырыбыз өзүнөн-өзү ачыкка калкып чыгып, тууган-уруктун баары, эне-атам да, жездем экөөбүздөн терс бурулуп жерге түкүрүштү. Бөлөм болсо, "акыры бир күн тар ааламдан кездешээрбиз, ошондо көргүлүктү көргөзөм!" -деп уюлдук телефондон коркутат. Баарына кайыл болуп чет жакага сапар алдык. Ал жакта чогуу жашаган эки жарым жыл арасында көп нерсени түшүнүп, туулган жеримди, тууган урукту сагындым. Жездем Марат менен чогуу жашаган күндөр кызыксыз өтүп жатканын сезсем да баарына чыдап жашап жүрдүм. Ал да жалгыз баласы менен туугандарын, мүмкүн кыз алган колуктусун сагынса керек. Акыркы күндөрү үйүбүздө ызы-чуу көбөйө баштады. Тагдырымдын таш боордугун ай, балким бала төрөп, эне болуу бактысынан куру болбосом жашообуз уланып кетет беле… Марат мага мурдунан күңкүлдөп коюп кайрылбай басып кетти. Тагдырдын тамашасына дагы бир жолу тан берип, бөтөн жерде жалгыз калбай кайрадан мекениме кайтып келдим…
Азыр өзүмдү өлүмгө кыя албай баш катырып олтурган учурум. Башта тогуз ай омурткасын сыздатып, жарык дүйнөгө алып келген энем түшүнүп, колдоо көргөзчү эле. Эми, а киши да тоодой күнөөмдү кечирбей терс бурулду...
Урматтуу окурман менин мындан аркы жашоом кандай болот? Канткенде мени ата-энем, бир туугандарым кечире алат?.. Сиздерден сураныч мага кеп-кеңешиңерди бергилечи? Эмне кылуум керек?
Замандашыңар Динара.
Даярдаган Чынара Абдраева,
Сүрөтүн тарткан
Эркебек Жекембаев




(Башталышы өткөн
сандарда)
- Барбайм, ооруган эч жерим жок. - Мындай учурда апам өкүрүп-бакырып эчтеке укпай ажаанданып кетчү. Бул жолу анткен жок. Тескерисинче менин жаныма отуруп алдай баштады.
- Врачтар сени алып калмак беле? Ооруңду көрөт, баш ооруңа дары берет. Андан чыгып экөөбүз киного киребиз. Парк аралап кичине эс алалы макулсуңбу?...
Апамдын минтип жасакерлениши ого бетер жинимди келтирди.
- Барбайм. - Апам ордунан туруп, тигил бөлмөгө кетти да, жумушка даярданып жаткан атама бир тийди.
- Тиги кызың соо эмес. Өзүң сүйлөш. - Апамдын бардык маселени өзүнө түртө салышын жактыра бербеген атам:
- Мен жумушка барбаймынбы!?...
- Жалгыз кызың минтип ооруп жатса сага жумуш кызыкпы? Ишиң эле керек болсо анда бар, бара бер. - Апам ыйлап кирди шолоктоп. Апамдын ушул ыйы дайыма атамды жеңет, мен муну билем. Атам үнүн катуу чыгарып үшкүрүндү. Чынында алар мынчалык кер-мур айтышчу эмес, үйдөгү ушул абалга мен Бахидди күнөөлөдүм. Ал болбосо, анын өзү айткандай, дубаланган курмасы болбосо, баары жайында болмок. Биздеги мындай абалдын маани-маңызын бир гана Бахид түшүнүшү мүмкүн. Ушул ойлорго келгенде, анын элесин алыстан кайрадан көрдүм… Шалдырай түштүм, башым дагы айланганын сездим. Калганын билбейм…

***
Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Ак халат жамынган апам отурат жанымда. Айда ыйлаган окшойт, эки көзү тоодой шишиген. Мен көзүмдү ачаарым менен отургучун алга карай жүткүнө жылдырып, анан шыбырады. Анын үнү кулагыма үзүл-кесил угулуп жатты.
- Эмка, алтыным! Айтчы, сага эмне болду? Кайсы жериң ооруйт? Менден жашырбачы, алтыным… - Апам көнгөн адатына салып бул жерден да бышактап кирди. Ыйлаганын көрсөң кадимки жаш баладай солуктайт, карап турган кишинин боору ооручудай. Кантип соороторумду билбейм. Айтып берип алаксытайын десем, эмнени айтып бермек элем. Карап туруп кайра жиним келип кетти.
- Болдучу! Эмнеге ыйлайсыз? - Катуу айтып алып кайра өзүм өкүнүп кеттим. Мындай учурда апам мага акыл үйрөтө турган сен болуп калдыңбы деп бакырып-өкүрүп катуу урушчу, бул жолу антпеди. Тескерисинче өңү мусаапырдай боло түштү да:
- Эмка, балам, эмне мынча кыйнадың? Эмнең ооруйт? Жашырбай айтсаң боло?.. - Акыркы үмүтү ишке ашпай калгандай муңайым унчукту. Ойлонуп калдым. "Деги эмнем ооруйт". Мына бул жерим ооруйт дегидей катуу ооруган жерим деле жок. Кичине башым ооруганы болбосо, мындай кыйнаган кесел деле билинбейт. Эгер башка нерсе болсо бир жөн, антип-минтип шылтоо айтып кутулуп кетсең болот. Ал эми бул жерде өзүңдүн ден-соолугуңа карата кантип калп айтасың. Апам четин укса аягына чейин түшүп, артынан калбай дарылатаарын билип турам. Ошондуктан чынын гана айтышым керек.
- Эч жерим ооруган жок.
- Кантип ооруган жок? Минтип башың айланып жыгылып жатсаң, кантип ооруган жоксуң? Кызым, ооруңду менден жашырбачы… - Апамдын үнү ыйлачудай болуп каргылданып барып токтоду. Бирок ыйлаган жок. Өзүн-өзү токтотуп калганы байкалып турду. Апамдын абалын көрүп туруп жардам бергим келди. Кантип жардам берем. "Болгон чындыкты айтып жатам го" деп ойлодум. Көңүлүңө карап калп айтайын десем ал артыман кубалап жүрүп кереги бар да, кереги жок да дарыларды ичирээри бышык. Ал эми Бахид жөнүндө айткым келген жок. Дагы бир жолу чындыкты айттым.
- Эч жерим деле ооруган жок. Кичине башым айланганы болбосо, ден-соолугум деле баягыдай. Үйгө кете береличи? - Менин акыркы сүйлөгөнүм апама безге сайгандай тийди.
- Башың тегеренип жолдон жыгылып калсаң кантем. Сенин диогнозуң чыгып, башың тегеренгени басылмайын эч жака барбайбыз. - Аны менен кыжылдашып отуруу бекер деп ойлодум да, ары карап жатып алдым. Бул аракетим анын жинин абдан кайнатты. Жулкулдатып өзүнө каратты да:
- Эмка, сен мени эмне мынча кыйнадың? Жаманбы, жакшыбы мен сенин энеңмин го. Мен деле сендей кезимде болгон нерселер тууралуу энем менен акылдашчумун. Мага башкасынын кереги жок, болгону кайсы жериң ооруп жатканын жашырбай айтсаң боло. Сенин калган проблемаңа кызыкпай эле коёюн. - Мамамдын көзүнө тике карадым. Жалооруганы каректеринен да сезилип турду. Биринчи жолу чын дилимден аядым окшойт. Аяганда эмне, эмнени айтам…
- Мама, чынын айтсам, азыр эч жерим деле ооруган жок. Эгер ооруса эле сизден кантип жашырайын. Башкага айтпасам да, сизге жашырбай айтат элем го. - Бул сөзүмө апам муюгансыды. Оор үшкүрүндү, туруп терезени карады. Кимдир бирөөнү күткөндөй түр көрсөттү да, кайра келип отурду. Мен дубалды карап жата бердим. Башыма чалды-куйду ойлор келет, атайын ой топтоп ойлонгонго деле эч кандай себеп жок.
Бир маалда шарт эшик ачылып, Мамыт аяш атам менен атам кирди. Бул киши врач экенин мурда билчүмүн. Бирок кайсы тармакта экенин билчү эмесмин. Алар келгенде апам тура калды. Анын кыймылы сүйүнгөнүн жашырган жок. Аяш атам менен тыңгылыктуу учурашпай туруп эле:
- Муну үйдөн чыгарчу эмес элем, бир жолу сельхозработага жибере коём деп, минтип оорукчан кылып алдым. Мага оорусу жөнүндө эч нерсе айтпай койду, өзүң сүйлөшчү, балким сага айтып калаар, -деди да сыртка чыгып кетти. Анын эмнеге чыгып кеткенин түшүндүм. Ыйлап жибербейин деди да, болбосо дагы көп сүйлөп бир топту түшүндүрмөк, Мамыт аяш атама. Апам чыгып кеткенде мен жеңилдей түштүм эмнегедир. Анткени анын чындай кылып айткан божомолдорунан кээде уялып кетем.
Жаныма келген атам маңдайыман сылады. Ручкадан башка кармабаган жумшак алаканынан кандайдыр бир жылуулукту сездим. Бахид эсиме түшүп кетти. Анын алакандары кандай болду экен

(Уландысы кийинки санда)











??.??