presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№15, 13.05.08-ж.
  Коломто

"Тунгуч ТВ" студиясында "Күлкүлятор", "Сегизинчи шар" аттуу берүүлөрдү элге тартуулап келаткан "Тунгуч" театрынын таланттуу
актерлору "Кампос" деген ат менен кеңири таанымал Мурат Мамбетов жана жубайы Венера Сатылганова бизде конокто. Айтмакчы, Кампос 52 жашта ал эми Венера 16 жашка кичүү.

Мурат Мамбетов:
"Менден жакшы дарыгер чыкмак"
- Эң оболу сөздү сиздин атыңыздан баштасак. Мурат дегенден мурда "Кампос" деген атыңыз элге таанымал. Ушул ат менен сизге кайрылса таарынуу болбойбу?
- Муну баары билсе керек. "Бөрү зындан" деген киного тартылганда "Кампостын" ролун аткаргам, ошол кинодон кийин "Кампос" атка конгом. Эмнеге таарынмак элем, көнүп деле калганмын.
- "Болоор бала дээринен" деп коёт эмеспи. Бала кезден эле "чымындуу" болсоңуз керек эле?
- Кичинекей кезде эле артист болууну самачумун. Мен шаарда өсүп, ошол жакта окуп калдым. Айылга барганда мен шаарда кино көргөм, силер аны көргөн эмессиңер деп он чакты баланы отургузуп алып, бир жарым сааттык кинону баш аягына чейин айтып берет элем. Азыр ойлонуп отуруп таң калам. Кантип ошого фантазиям жетти экен деп. Кино көргөндү аябай жакшы көрчүмүн. Режиссер болгум келчү. Анан бир киного тартылып калып, ошондон кийин актер болуп кеттим.
- Анда чыгармачылыктын чыйыр жолун эрте эле баштаган турбайсызбы?
- Мен бул жолду 15 жашымда баштагам. Биринчи жолу "Аккуулар конгон айдың көл" деген фильмге тартылгам. Анда 9-класстын окуучусу элем. Мектепти аяктаган соң Алматы мамлекеттик университетинин актердук бөлүмүнө тапшыргам. Ал жакты ийгиликтүү аяктап келгенден кийин Кыргыз Драма театрына ишке киргем. Ошол күндөн тартып, ушул күнгө чейин канчалаган фильмдерге тартылдым. Жараткан образдарымдын баары жүрөгүмө жакын.
- Ушул кесипти тандап алып, өкүнгөн учурларыңыз болдубу?
- Жок, мен өкүнбөйм. Кээде майда-чүйдө нерселерге кап, мындай кылбаптырмын деп калбасам, жалпы жонунан алганда такыр өкүнбөйм.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат"- дешет го, сиз дагы кандай таланттын ээсисиз?
- Талант деген өтө оор нерсе. Актердук кесиптен сырткары режиссерлукту да аркалап жүрөм. "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кууш жолдор", "Кара жолтой", "Тор" деген сериалдарды тарттым. Ушулардын сценарийлерин өзүм жазып, ошол эле учурда өзүм да роль аткарып жүрдүм.
- Көбүнчө кайсыл жанрга басым жасайсыз?
- Философиялык тил менен эмес, адамга түшүнүктүү, турмуштан алынган нерселерди жазганды жакшы көрөмүн. Өзүмдүн башымдан өткөндөрдү, бирөөлөрдүн айтып бергенинен жыйынтык чыгарып, адамдын жүрөгүнө жете турган кылып жаратканга аракет кылам.
- Сиз менен чыгармачылыкты бөлүп кароого болобу?
- Мен көп ойлончумун, эгерде чыгармачылык менен кетпей, актер болбой калсам ким болот элем деп. Менимче эч качан милиционер же мугалим боло албайт болчумун. Мени зордоп мединститутка тапшыртып койсо, менден жакшы доктор чыкса керек эле. Себеби, бирөөнү айыктырганга, дарылаганга күчүм жетет. Ыраматылык атам өмүрүнүн акырына чейин врач болуп адамдарды дарылап өткөн. Каякка кааласаң ошого тапшыр деп мага мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ушунчалык ыраазымын. Башка кесип менен мен өзүмдү көрмөк турсун, элестете албайм.
- Бүгүнкү күндө театрга келген кишини чанда кездештирбесек, дээрлик көрбөй калдык. Талантыңар бааланбай жатканына жан дүйнөңөр жабыркабайбы?
- Албетте, биз канчалык чын жүрөктөн берилип образды ачып берүүнү көздөп, даярданып сахнага чыксак 30,40 көрүүчү отурса ойногуң келбей калат. Кантип анан жан дүйнөң жабыркабайт дейсиң. Биз азыр бир муундагы көрүүчүлөрдү жоготуп алдык.
- Көрүүчүлөрдү кайра тартуу үчүн болуп жаткан концерттердей реклама кылып элди чакырсаңар болбойбу?
- Азыр даңкылдаган концерттен эл тажады, реклама кылып чакыралы десек, бары келип материалдык каражатка такалат. Бир мүнөтүнө эле канча акча керек. Биз экөөбүз антип сүйлөшүп отурганыбыз менен эч нерсе чечилбейт. Бул мамлекет тарабынан карала турган маселе. Биз да аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса баарын убакыт дарылайт.
- Жумушуңуздан кичине алыстап жеке жашооңуз жөнүндө да айта кетсеңиз?
- Жеке жашоом жөнүндө айтсам, биринчи аялымдан эки балам бар. Улуу уулум отуз жашта. Азыр Москвада иштейт. Кызым медакадемияны аяктап, аспирантурада жолун улантууда. Ал эми экинчи никемден бир уулум бар. Аты Нурдан, 6 жашта. Алардын чыгармачылыктан алыс болуусун каалайм. Анткени, бул жолду өзүм басып өттүм. Кээ бирөөлөр ойлойт экен, булар жыргап-ойноп жүрүшөт деп. Бирок чын-чынына келгенде бул кесиптен оор нерсе жок деп ойлойм. Чачың эрте агарат, эрте картайып, эрте жинди болосуң. Ушул жактарын карап отуруп балдарымдын бул жолго түшпөй эле коюусун эңсейм.
- Венера Сатылганова менен кантип баш кошуп калдыңыз?
- Ал театрга келгенден бери чогуу иштеп бирге жүрөбүз. Албетте, жакшы көрүү сезими болот да. Тагдыр экен үйлөнүп калдык. Ортобузда Нурдан аттуу уулубуз бар.

Венера Сатылганова:
"Ачуум келгенде сүйлөбөй калам"
- Мурат байке, үйдө кандай кожоюн?
- Жакшы жолдош, жакшы ата десем болот. Бирок өз жумушун ушунчалык жакшы көргөндүктөн, уйкусун да унутуп коюп, күн-түн дебей иштейт. Жалпы жонунан алганда жакшы кожоюн.
- Кайсыл сапаттарын баалап, кайсыл сапатын жактырбайсыз?
- (Күлүп) Бардык сапаты жагат. Кээде жинге тийген учурлары болот. Жакшы көрүп баш кошкон соң майда-чүйдө нерсеге көз жумуп, жаман жактарын жашырып, жакшы жактарын ашырганга аракет кылып калат экенсиң.
- Бала кездеги өзүңүзгө жакпаган кыялдарыңыз менен турмушка чыкканда кыйналсаңыз керек?
- Кичинекейимде аябай көк болчумун. Гүлнур экөөбүз үй жыйнап жатып туура эмес жасап койсом чоңдугуна салып уруп салчу. Анан апамдар келгенче көгөрүп сүйлөбөй отура берээр элем. Ошондонбу айтор, жиним келип турганда менден бир да сөз чыкпайт. Көгөрүп сүйлөй албай калам. Мурат ошондо түшүнөт менин жиним келип жатканын. Минтип көгөргөндөн көрө ажылдап сүйлөп салчы деп калат. Бирок ушул сапатымдан ушул күнгө чейин арыла албай койдум.
- Балаңыздын сиздердин жолду жолдошуна кандай карайсыз?
- Өзүң көрдүң кандай адам болбосун бат тил табышып, сүйлөшүп кетет. Бала бакчага барса да, дүкөнгө чыкса да айтып калышат "балаң төрөлгөндөн таланттуу"- деп. Бирок бул жол менен эмес, башка жолду тандоосун, чоң атасына окшоп доктур болуусун каалайт элем. Келечеги алдыда, эмнени кааласа, ошону кылууга шарт түзүп бергенге аракет кылабыз.

Нурзат Жусупова














??.??