presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№15, 13.05.08-ж.
 "Обондун" сын сандыгы

Спикердин мүнөзү
Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Биз ишмерлерге мүнөздүү бейнелердин табышмактарын Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелбей, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман Жогорку Кеңештин төрагасы (спикери) Адахан Мадумаров

Туулган датаңызды жазыңыз 9.03.1965
Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 9+3 = 12
Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+6+5=21
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 12+21=33. 33-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+3=6. 6-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 33-18=15. 15-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 1+5=6. 6-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 9.03.1965.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 33.6.15.6.
9.03.1965
I - - - же + + + (бул топко киргендер алсыз мүнөздүүлөр)
II + - - же ++ - (орто мүнөздүүлөр)
III + -+ же -+- (күчтүү мүнөздүүлөр) (Автордук укук)
Жогорудагы логикабызды уласак Адахан Мадумаров алсыз мүнөздүү инсан.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз. Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча
II - эгоизмге жакын,
2-0-экинин жоктугу биоэнергиясынын аздыгынан кабар берет.
333-илимге эки эсе жөндөмдүү
4 - 0- оорулуу адам
55 - интуициясы өнүккөн, юрист, изилдөөчү боло алат.
666-темпераменттүү адам, жердик кара күчтөргө азгырылышы мүмкүн.
7 - 0- жөндөмдүүлүгү чектелүү, талантсыз болгондуктан көп кыйынчылыктарга дуушар болот
8 - 0- жоопкерчиликсиз
9-акылын өстүрүүсү зарыл
Анын мүнөзүндө башкалардын пикирлерине кайдыгер экендиги байкалат. Ачуусу келсе кер какшыкка өтүп коргоно баштайт. Жоопкерчиликсиз, өзүнүн кызыкчылыгын алдыга коюп, эч нерсеге карабай алдыга жылат. Мүнөзү алсыз, жерге жакын болгондугунан улам туруктуу сыяктуу көрүнөт. Ишенгени илимге жөндөмдүүлүгү, боло турган окуяларды алдын ала сезе билүүсү жана безеленген кооз сүйлөгөн сөзү. Кооз сөзү курсак тойгузбайт. Утурумдукка сөзү укмуш угулган менен арты кокуй. Иллюзиялуу, калп үмүттөргө ишенет. Аны менен пикирлешүү кыйын, анткени өзүнө айтылган сынды жука териси көтөрө албайт. Чарчоодон, жагымсыздыктан кача билүүсү зарыл. Ден -соолугу начар, бат-бат ооруп турушу мүмкүн. Назик жана курч байкоолорду айта алат. Кабыл алуусу өтө тез жана ага бат реакция жасайт. Скептик акылы менен көңүлдүн чоң назиктигине ээ. Тегерегиндегилерди көзү ачыктыгы менен таң калтырат. Жоомарт, көңүлсүз. Суунун агымына каршы сүзүүсү ага ийгилик алып келет. Кризис учурларда катуу психолгиялык толкундоодон бардыгын, атүгүл эң маанилүү ишти да унутуп коёт. Ошондуктан алар өз аракеттерин программалап алуусу зарыл. Санаачыл, жагымдуу. Юмордук сезими бар, бирок, аз көйрөң. Ал фактыга, жеке тажрыйбасына, башкалардын тажрыйбасына, талкуусуна жана кеңешине караганда сырткы таасирге , сезимге көбүрөөк ишенет. Анда алтынчы туюм күчтүү. Дайыма чектен ашып коомчулуктун көзүнө өзүн көргөзүп турганга даяр. Канткен учурда да башкалардын таасирине бат кирген туруксуз, алсыз инсан. Спикерге бир нерсени чоңойтуп көрүү мүнөздүү, үстөмдүк кылганга умтулат. Анысы менен катар бат баш ийип кетет. Олку-солку кыялдары татаал. Оңтойсуз абалда көбүрөөк калышат. Акчанын каерде турганын жакшы сезет, тобокелчил, иштерман сыяктуу көрүнгөн менен ал иштен качкан жалкоо. Чыдамсыз, кызганчаак, жеңил ойлуулугу, мурдун көтөргөн амбициясы, талантсыз диктаторлугу көпчүлүктү ирээнжитет.

А. Эркебай уулу




Жогорку Кеңештин торагасы Адахан Мадумаровдун бейнесине сүртүмдөр
Бүбайша Арстанбекова, укук коргоочу:
- Мен Адахан Кимсанбаевичти таланттуу журналист катары билем. Өлкөбүздө кандай гана саясий окуялар болбосун өзүнүн көз карашынан жазган жок. Өз жолу, өз багыты менен бара жатат. Мадумаровдун дагы бир өзгөчөлүгү чечкиндүүлүгү менен чечим кабыл алат. Башка саясий топторго көз каранды эмес. Мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө мамлекетке, коомго пайдалуу иштерди жасап, өзүнө тиешелүү милдетти аткарып келе жатат. Бул кишинин өжөрлүк менен иш жасаганына баа берем. Адахан Кимсанбаевич мамлекеттик катчы болуп турган кезде гендер маселеси боюнча Улуттук кеңештин төрагасы болчу. Мен аталган кеңештин мүчөсү элем. Мамлекетте иш алып барып жаткан өкүлдөрүбүз жыйындарда карапайым калктын, өкмөттүк эмес уюмдардын сунуштарын, ой-пикирлерин угуш керек. Мадумаровдун мүнөзүндөгү жетишпегендик ушундай жыйындарда сунуш айтайын десең эле "Эже, мен сиздин оюңузду түшүндүм…" -деп эле кеңири сөз бербейт. Балким, ал кишинин билим тажрыйбасы жетиштүү. Бирок, билип турган учурда деле башка пикирлештеринин оюн уга билүүсү зарыл. Ошол убакта шашып кетеби же курчтук кылабы, билбейм.

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Биринчиден Мадумаров бышып жетилген саясатчы. Эл сүйгөн көрүнүктүү депутат. Анын жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдүүлүгүн сыйлайм.

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:
- "Демократия, демократия" -деп авторитардык диктатураны сындап жүргөн Адахан Мадумаровдун биз билбеген оркойгон кемчилиги бир мезгилдеги көз карашын өзгөртүп, антидемократиялык жол менен "Ак Жол" партиясына кирип, мамлекеттик "креслодон" орун алганы. Жүз миңдеген адамдарыбыздын каны төгүлгөн биздин тарыхыбызга байланышкан ыйык жерибиз Каркыра жайлоосун казактарга берээрде калыстык кылбаган Мадумаров жөнүндө мындан башка эмне айтмак элем.

Турсунбек Акун, КР нын акыйкатчысы:
- Ар бир адамда кемчилик болот. Андыктан, ал кишиде да кемчиликтер жок эмес. Өзү улут үчүн күйгөн намыскөй жигит. Акты ак, караны кара деш керек. Чынында кийинки учурда спикер катары көңүл жылытаарлык алгылыктуу иштерди жасап жатат. Аткарылган эмгектери жөнүндө манжалап айтпасам да ага эл өзү күбө.

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
- Адахан кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири. Ал эми Акаевдин, Бакиевдин убагындагы көз карашы тууралуу тарых, мезгил, кара кылды как жарган калыс калкыбыз өзү баа берип, таразалап алат…

Керим Турапов, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору:
- Адахан Кимсанбаевич адам катары жаман эмес, тактыгы, бетке айткандыгы, чечкиндүүлүгү менен айырмаланып турат. Азыр Мадумаровду бийликке келип өз көз карашын өзгөрттү деп эки жактуу карап жатышпайбы. Менимче бул туура эмес. Анткени, ал бүгүнкү күндө кызматына жараша мыйзам чегинде иш алпарып жатат. Кандай болгон күндө да ал кишинин саясатта өз орду бар.

Ташбоо Жумагулов, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы:
- Адахан Мадумаровдун мага жаккан көп касиеттери бар. Биринчиден улуттун уңгусу болуп, улуттун улуттугун аныктаган кыргыз тилинде өтө жогорку деңгээлде, таза, нукура кыргызча сүйлөгөнү жүрөгүмдү жылытып мени суктандырат. Экинчи бир жакшы сапаты - чечкиндүүлүгү зарыл учурда курчтугу, иштин кызыкчылыгы үчүн күйүп-жанганы.

Даярдаган. Ж. Калдарова










??.??