presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№15, 13.05.08-ж.
  Адабият айдыңы

Акын, жазуучу Гүлжамила Шакирова
Акындар айылындагы жалгыздык...
- Кантип поэзия дүйнөсүнө келип калдыңыз?
- Поэзия - деген бул адамга берилген шык, жөндөм талант экен. Мен кичинекей кезимде поэзиянын адамы болом деп деле ойлочу эмесмин. Ырчы болууну каалачумун. Чоң корообуз болоор эле, ошол короонун ичине кетмен, күрөк, айрыларды чогултуп алып, аларды эл деп элестетип, ырдап концерт коюп берчүмүн. "Кол чаппайсыңарбы" деп, өзүм шатырата кол чаап, кубанып калар элем. Чоң энем менен чоң атама китеп окуп берчүмүн. Көбүнчө "Манасты" окудум. Ошентип шыгым менен акындардын айылына билинбей кирип калдым.
- Эң алгачкы ырыңыз эсиңизде барбы?
- Эсимде жок, бирок 5- классты аяктап, каникулга чыгып кеттик. Кайра келээрде мектеп бизди күтүп жаткандыгын элестетип: "Мектебимди сагындым го далайдан, Терезеси көздөр сымал алайган"-деп бир ыр жаратып, "Колхоз эмгеги" деген газетага чыккан.
- Сиз ырга багынасызбы же ыр сизге багынабы?
- Эгерде жакшы ыр жаратып алсам, ошол ырга өзүм багынам. Ал эми кээде ыр да мага багынат, экөөбүз бири-бирибизге эриш-аркак мамиледебиз.
- Акын болуп сиз эмне таптыңыз?
- Мен ыр менен көп кесиптерде эмгектенип келе жатам: газеталарда, радиолордо, мен ыр менен тилибизди, дилибизди таанытсам, ыр мени элдин агымына кошуп, эл чордонунда бийлик адамдар менен жолугуштуруп отурат. Мен акындык менен чоң сыйлык деле алган жокмун, эл өзү баалап, сыйлап турса ошол мага чоң сыйлык болуп берет.
- Үйбүлөңүз тууралуу маалымат берсеңиз…
- Менин бир уулум бар. Бой жетип азыр Москвада жүрөт. Жолдошум менен келише алган жокмун.
- Учук улай турган акындар барбы?
- "Нур" борборундагы балдар, кыздар, "Айтыш" коомундагы таланттууларыбыз чыгып келе жатышат. Алардан үмүтүбүз чоң. Уучубуз кур эмес.
- Акырында айтаар сөзүңүз?
- Элибизде тынччылык болуп, бакубат жашоодо жакшы адамдар көп болсун.
- Рахмат, калемиңиз курчуй берсин!

Фарида Тукаева




  Менин бактым

Мага турмуш кыр көрсөткөн күндө да,
Келет аны кооздогум, сырдагым.
Көргүм келет арасынан бактымды,
Уккум келет улуулуктун ырларын…

Жапан чөлдө жалгыз калган күндө да,
Жыланга да билдире алсам жыргалын.
Азаптардан кайрып алып өзүмдү,
Адамдарга арнай берем ырларым…

Мен өзүмдү таанытууга өмүргө,
Тобокелге салып кайра жанданам.
Менин бактым келечекке талпынып,
Мезгил менен өсүп жаткан жан балам.

Асманыңар болсун дайым ачык күн,
Маанайыңар түнөрбөсүн, гүл ачып.
Окурманым, ой-дүйнөңүз жаркысын,
Бул ырларым болсо экен дейм -
Дилазык!

Кызыксың
Жолугабыз бир гана ирет айына,
Же койбойсуң эңсөө салбай жайыма.
Сагынуунун отун көрбөй көзүмдөн,
Сагындыңбы?- деп сурайсың дайыма.

Эч табылбай эзген ойдун учугу,
Сурабасаң болот эле ушуну.
Эчен ирет эргип турсам жаныңда,
Эстедиңби-деп сурайсың утуру

Жүрөк сүйбөйт көз карашы түзөлбөй,
Күтпөйт дагы, койсоң дагы кишендей.
Күлүп-жайнап тосуп чыксам алдыңдан,
Күттүң беле?-деп сурайсың ишенбей.

Жаштыгыңдыр же жөн гана мүнөзүң,
Жай баракат жаның жыргап күлөсүң.
Жаңылышып түшүп алып бул жолго,
Жан дүйнөмдү түшүнө албай жүрөсүң.




(Башталышы өткөн сандарда)
- Сени ыза кылган ким, карындашым? Ушул абалга кандайча туш болдуң?
- Мени эч ким ыза кылган жок, байке. Жайымды анан түшүндүрүп берейин. Андан көрө мени эптеп кызыл жабар кылыңыз…
Кыздын айтканын дароо түшүнгөн Бөрүбай атынын жанына чейин чуркап барып, жаанда чүмкөнчү таар чапанын алып жетип келет да, аны кайра кызды көздөй болжолдоп ыргытып жиберет. Кыз чапанды желбегей жамынган соң:
- Эми бери өтүп сөзүмдү ук, байке -деп өтүнөт.
Бөрүбай жанына келсе, кыз ал ойлогондой таптакыр эле жылаңач эмес экен. Анын өрүлбөгөн капкара олоң чачы бүтүндөй денесин жаап, чапандын этегинен аша, кыздын буттарынын согончогуна чейин жетип турганына таң калат. Кантсе да жигит кыздан: "Атың ким? Бул акыбалга кандайча туш келдиң, карындашым?" деп экинчи жолу суроого оозу барбай, кыздын мынчалык аруулугуна суктана берип өзүнөн өзү селт эте чоочуйт. Анткени, кыз-бала качанкы өзү ашык болгон армандуу Арзыгүлгө абдан окшош болчу. Жигиттин көз карашындагы арман, кайгы, кубанычтын баарын так, даана түшүнгөн бейтааныш сулуу аны эркелеткендей, бир чети аягандай унчугат:
- Эмнеге туруп калдык, Бөрүбай байке?
Бөрүбай селт эте чоочуйт.
- Атың ким садагасы?
- Азырынча менин атымды сурабаңыз…
- Өзүң менин атымды билгениң кандай?
- Атыңызды билгеним үчүн, сизди тааныганым үчүн ушу жерде турам. Болбосо …
- Мен сизди тааныбайм десем кайра мага абдан тааныштай көрүнүп турасыз. Деги башым маң, кызык ушунда…
- А мүмкүн мен сиздин көптөн күткөн таанышыңыздырмын. Анда кантесиз. - Кыз жигитти наздана тиктейт.
Ушу кезде бейтааныш кыз ого бетер Арзыгүлгө окшошо түшкөнсүйт.
Бөрүбай эми таң калганын жашыра албай түкшүмөлдөйт:
- Капырай, Арзыгүлдүн өзү экенсиз. Бирок ал эмес экениңизди да билип турам.
Кыз жайдары унчугат.
- А мүмкүн мен сиздин жүрөктү эзген ошол Арзыгүл эженин сиңдисидирмин.
- Андай болсо кана, атаганат! Бирок, ал жер кайда, биз кайда? Ортобузда канча бир тоо, ак кар, көк муз бөлүп жатпайбы. Дегинкиси, кызык окуяга туш болдум мен.
- Таң калбаңыз, жигит башынан нелер өтпөйт, байке!
- Аның да туура, карындашым.
- Туура болсо, мени Арзыгүлдүн сиңдиси деп түшүнгүлө.
- Кантип?
- Анын эмнеси бар. ошондо баары жайына келет.
- Ага мен макулмун дечи. Эми атыңызды айтыңыз? Таанышалык.
- Азыр эле сизден өтүнбөдүм беле. Атымды сураба деп…
- Түшүнбөдүм. Анын жашыра турган эмнеси бар?
- Туура айтасыз, байке. Аты жок да адам болчу беле.
- Ошону айтам да…
- Анда эмесе мени Арзыгүл деп жүрүңүз.
- Мен ага макулмун, карындашым.
- Мына эми биз тааныштык -деп, кыз жигитти жароокер тиктейт.
Жүрөгү алеп-желеп, ич эзилген Бөрүбай кыздан өтүнөт.
- Айылың кайда, Арзыгүл? Күн кечтей электе жеткирип коёюн.
- Менин айылым алыс. Аякка жете албайм бүгүн.
Кызда бир сыр бар деп ойлогон Бөрүбай сынагандай сурайт:
- Эмесе, биздин үйгө баралык, Арзыгүл.
- Мен ага макулмун. Өзүм да сизди ошентип өтүнөт деп ойлогом.
- Кеттик анда биздикине.
- Сиздин үйдүн босогосун аттаардын алдында дагы бир өтүнүчүмдү айтайын!
- Сурай бер!
- Мындан ары менден сыр сураба?
- Ушул элеби, Арзыгүл? Ал өтүнүчүң аткарылат. Анда эмесе кеттик…
- Шашылбаңыз, байке. Мен оюмду бүтө элекмин.
- Угуп атам?
- Бул өтүнүчүм балким оордук кылар…
- Аткарчу иш болсо, көрөлүк…
- Жигит аткара албаган да маселе болобу?
- Мен сиздин үйгө көнгөнчө, төрүңүзгө чоочун киши түнөбөсүн.
Бөрүбай кыз койгон шарттын жеңилдигине сүйүнөт да:
- Ошо да кеппи! Ансыз да менин үйүмө эч ким келбейт,-дейт.
- Мурда келбесе, азыр келер. Адамдан өткөн шекчил ким бар?
- Чочуба, карындашым. Үйүмө эч ким келбейт.
- Андай болсо, үйдү азырынча айылдан бөлөк жерге тигелик.
- Айтканыңыз аткарылат, карындашым, кам санаба.
Шерттештик дегендей кыз жигитке колун сунат. Бөрүбай анын колун алса сөөгү жоктой абдан жумшак экен дейт. Бүткөн бою балкыган жигит ал кезде аны көп деле элес алган эмес тура…

Кыз Бөрүбайдын үйүнө келдиби? Келбегенде кайда бармак эле. Бирөөлөргө жолугуп калбайлык, баягы Бакалбай чал көрүп койбосун дешип, кыз-жигит эл баспаган төтө жол менен жүрүшүп, эки жагын акмалай карап, каш карайып эл толук орунга отурган ченде гана үйгө жетишет. Баягы өзү чогултуп жүргөн кийим-кечелерин кыздын алдына таштап, Бөрүбай эшикке чыгып кеткен го. Бир кезде "кире бериңиз" деген үн чыгат. Жигит үйгө кирсе, кыз жасанып-түзөнүп дегендей, жыйылган жүктүн түбүнө отуруп калган экен. Түндүктөн түшкөн ай шооласына аралаша ак шамдай жанган сулууга Бөрүбай тымызын суктанат да, коломтого кургак тезектен калап, от тамызмакчы болгондо чочуган, өзүнчө эле корккон кыз жүк бурчун көздөй кача жалооруп жибериптир.
- Байке, от жакпаңыз.
- Оттон улуу нерсе болобу. От жагып тамак бышыралык.
- Мен үйүр алганча от жакпайлык, байке.
Кыз ушул жерден сыр алдырып коёт. Бөрүбай ичинен таңгалса да эмне үчүн кыз оттон корко тургандыгын сурабайт. Жигит деген убадага бек турбаса болбойт да. Бирок бейкапар кобурайт.
- Отсуз кантип күн көрөбүз. Адам баласы отсуз жашай албайт.
- Аны билем, байке. Мен да отко үйүр алам. От жакканды үйрөнөм. Отту эртең күндүз жагалык.
- Андай болсо эмне тамак ичебиз? Кеп ушунда…
- Ашканада сүт бардыр…
- Сүттөн көөмө жок.
- Мен сүттү абдан жакшы көрөм.
- Сүт го табылат, эт бышырып жесек деп ойлогом.
- Сүттөн өткөн да ширин тамак болобу. Мен бышырылган эт жебейм. Аны жаман көрөм, байке…
- Сүт эле керек болсо мына азыр,-деп Бөрүбай бир тепши сүттү ашканадан алып чыгат да сыр аякка толтура куюп кызга сунат.
Ынак сүттү кыз дем албай тартып жиберип:
- Рахмат, байке. Мынчалык жыргаган эмесмин,-дейт уялыңкы.


Өзүнө бир керден жуурат куюп алып, Бөрүбай кайрадан кобурайт.
- Бүгүнчө ушуга каниет кылалык, карындашым. Баары бир этсиз жашоо кыйын.
- Айттым го, мен деле от жагып, сизге эт бышырып бергенди үйрөнөм, байке.
Кыздын жообуна ыраазы болгон Бөрүбай бул сапар үмүттөнө жалооруйт.
- Эми сен менин үйүмдөн такыр кетпе, Арзыгүл. Жалгызчыылыктан ансыз да жададым. Менин коломтомдун куту бол…
- Андан кам санаба, байке. Мен сизди атайын издеп келдим. Кыздын сыпайыкерчилик кылбай шар айткан жообуна толкунданган жигит:
- Чын элеби? - деп, калдастай ордунан тура калат.
- Чын айтам, байке. Анан өзүмдүн да барар жерим жок.
Жигит эми айласы түгөнгөндөй муңканат. Кантсе да кыздын жообуна ишене албай жатса керек.
- Сага ыраазымын, Арзыгүл. Сага туш кылган теңирге ыраазымын…
- Экөөбүз бактылуу болобуз десеңиз, убадага бек туруңуз. Болбосо менин убалыма каласыз.
Бөрүбай кызга берген убадасын эстейт да:
- Түн жамынып көчөбүз. Ой-Кайыңда мен билбеген буйга жер жоктур,-деп ордунан туруп, үй чечүүгө киришет.
Табышмактуу сулуу кыз да үй ичиндеги эмеректерди таңуунун камын көрүп, түн ката эл көзүнө чалдыкпай көчүп кетишиптир алар.

Эмки сөз, балдарым, Арзыгүл менен Бөрүбайдын эрди-катын болуп чогуу жашап калгандыгы жөнүндө. Аябай сүйүндүңөр го. Жомоктун ушу эле жери силерге жага бербей калса мейли. Үй-бүөчүлүк дегенибиз, негизинен турмуш куруудан башталат. Ал тууралуу кеп салуунун эрөөнчүлүгү жок. Силердин ага кызыкканыңардын да жөнү бар. канча миңдеген жылдан бери адам өмүрү эмне үчүн үзүлбөйт. Аял менен эркек затынын ошентип эрди-катын болгон жуп мамилеси гана өмүрдү улап келатпайбы…
(Уландысы бар)










??.??