presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№15, 13.05.08-ж.
  Махабат дастаны

Роза Аманова:
"Байлык эмес, сүйүү үчүн баш коштум"
Комуздун коштоосунда кыргыз жыттанган ырлары менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү дастанчы, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун салттык музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу Роза Аманова менен маек.


- Роза эже, айтыңызчы кандай адам чыгармачыл инсан боло алат?
- Биринчиден кудайдан келген өнөр, тубаса талант болуш керек. Ошол Алла-Таалам берген угутту дан кылып өстүрүү ал өзүбүздүн колубузда.Бул эки багыт чыгармачыл адамдын өнөр дүйнөсүндөгү алгачкы бүчүрү боло алат.Анан талыкпаган эмгектин, изденүүнүн арты менен мен айткан бүчүр чоң чынарга айланат.
- Өнөр - бул өтчү нерсе дейт.Балким, сизге берилген талант да ата-бабаңыздан калгандыр…
- Туура. Мен Токтогул Сатылгановдун шакирти сологой комузчу Чоңмурундун жээн чөбөрөсү болом. Башкача айтканда, Чоңмурун комузчунун кызы менин таянем болот. Мен мына ошол таянемдин колунда өстүм. Таянемдин балдары токтобой, мени уул ордуна уул, кыз ордуна кыз тутуп, өзү төрөгөндөй кылып багып алган. Ошондуктан азыр Аманова болуп таятамдын фамилиясын алып жүрөм. Бир үйдө жалгыз болгон үчүн карегимден тең айланып бөпөлөп чоңойтушту. Апам (таянем) урушканда да өркүнүң өссүн деп тилдечү. Тагдыр экен таятам 6 жашымда каза болуп калды. Таята, таянем да музыка жандуу, комузу колунан түшпөгөн чыгармачыл адамдар болгон. Сурооңузга жооп кыла турган болсом, мага өнөр, шык мына ушул кишилерден өттү. Бош убакта (таенем)апам колума комуз карматып, дастандарды үйрөтчү. Апамдын жардамы менен 5 жашымдан комуз үйрөндүм. Ал эми азыркы айтып жүргөн "Курманбек" дастанын 5-классымдан тартып аткарып келем.
- Акыркы кезде комузду эстрадага кошуп ырдап жүрүшөт. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Комуздун коңур үнү ар бир адамга жагымдуулукту тартуулайт. Ошон үчүн элдин табитине жараша эстрадага комузду кошуп жатышат. Мен буга каршы эмесмин.
- Фонограммага тыюу салуу боюнча ырчылар ортосунда ар кандай талаш-тартыштар болуп келет. Өнөр адамы катары жеке пикириңизди кошуп кетсеңиз?
- Мен фонограммага тыюу салууга кошулам. Илгери фонограмма бул жакта турсун, микрофону жок, кырманга барып ырдашчу. Кыргыздын залкар ырчысы Муса Баетов эмнеден каза тапты эле. Жазды жаз, кышты кыш дебей гастролдоп жүрүп, өпкөсүнө суук тийип кайтыш болгон да. Мына, чыныгы өнөр адамы деп өмүрүн да, дилин да музыкага арнаган ушул инсандарды айтсак болот. Азыркы ырчыларга фонограмма боюнча сөз кылсаң эле сахнага чыгаарда тамагым ооруп калса кантем деп жооп кайтарышат экен. Тамагы оорубаш үчүн ашыкча сүйлөбөй, спирт ичимдиктерин ичпей үнүн багып, бапестеш керек да. Мына ушундай өзүнүн чыгармачылыгына жеңил-желпи, көңүл-кош мамиле жасаган адам үчүн фонограмма менен ырдоого сапаттуу аппаратура жок деген жөн гана шылтоо.
- Мындан 3-4 жыл мурун "Белая роза" деген студия ачтыңыз эле. Кийинки кезде дайынсыз болуп кетти го…
- Аталган студияда Акаевдин мезгилинде абдан чоң ийгиликтүү иштерди жасадык. Менимче, Бакиевдик доор деле аны жокко чыгарбайт болчу. "Бөрк ал десе баш алат" болуп бул анын тегерек четиндеги адамдардын жасаган иши болду. Ошол студиянын жардамы менен алтын фонддогу чирип жаткан кассеталарды азыркы заманбап цифралык кассеталарга көчүргөнбүз. Аткарылып жаткан жумуш студия жабылгандан кийин уланбай калды. Кудай буюрса муну да колго алчу учур келет.
- Бүгүнкү күндө "Ак куу" деген чыгармаңыз абдан популярдуу болуп жатат. Ушул ырдын тарыхы жөнүндө да айтып өтсөңүз?
- Бул ыр мени менен Алматыда чогуу окуган Бауржан деген казак жигиттин калемине таандык. Ошол жакта окуп жүрүп ушул ырды угуп жактырып калып, анан Бауржандын уруксаты менен кыргызчага которуп ырдап чыктым.
- Сиз бактылуусузбу. Дегеле бакыт деген эмне?
- Бул дүйнөдө аманчылыктын өзү бакыт. Тууган-урук, эли-журтуң тынч болуп, бала-чакаң маңдайыңда ойноп -күлүп, жолдошуңдун урмат-сыйына татып турсаң мындан өткөн бакыт барбы. Кудайга шүгүр, бактылуумун. Төрт баланын энесимин. Улуу кызым Алтынай 18 жашта, кичүү уулум алтыга чыгып калды.
- Чыныгы сүйүүгө кабылгансызбы?
- Ооба. Ошондой сезимдерди өнөр адамдары кайрыктар аркылуу берет. Адам өзүн башкарышы мүмкүн, бирок жүрөктү, ички сезимди, жан дүйнөнү башкаруу кыйын. Менин лирикалык чыгармаларымда маселен: "Мен сени сагынгым келет", "Тагдырга", "Мен сенин таалайыңа жазылганмын" деген ырларымда сиз айткан чыныгы сүйүүгө кабылган саптарым бар. Сүйүүнү сүйүп көргөн эле адам айтып, сезе албаса, башка адам айтып жеткире албайт.
- Сиз Кубанычбек Жумалиевге турмушка чыкканыңызда эл ичинде ар кандай имиштер айтылган. Бири сүйүп калып тийди десе, айрымдары Акаев себеп болду дейт, дагы бирөөлөр байлыгына азгырылып күйөөсүн таштап кеткен деген сөздөр бар. Сиз буга эмне дейсиз?
- Биринчиден мен күйөөмдү таштап кеткен жокмун. Тагдыр, бешене экен кандайдыр бир себептер менен экөөбүз эки жолду тандадык. Эгер мен Акаевдин айынан же Жумалиевдин байлыгына кызыгып тийсем, Жумалиев менен Акаев жумуштан кеткенде эшек ылайдан өттү деп дагы башка байды же кызматтагы кишини издеп кетмекмин да. Жумалиев менен бирге түтүн булатканыма 10 жылдын жүзү болду. Демек, эмнеге байландым. Жан дүйнөмдөгү сезимге, эгер менин жүрөгүмдө сүйүү, чыныгы сезим болбосо балдарды төрөбөйт элем. Роза тигинтип, минтип тийген имиш -деп божомолдогондордун баары бекерчилер. Ар ким өз деңгээлине жараша сүйлөйт. Турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрүп, өмүрдүн, жашоонун сырын билген адам биздин сезимибизге түшүнүү менен мамиле кылат. Эл деген эл. Көзү менен көрбөй туруп сүйлөй берет.

Ж.Калдарова




  Жылдыздар төлгөсү

12 - 18-майга
Кой (21.03-20.04)
Жуманын биринчи бөлүгүндө алга карай жылуулардын болуусу кызматыңыздын киреше булагына байланыштуу болот. Бул убакыт аралыгында сизде жаңы идея пайда болуп, акча табуунун кошумча жолдорун планыңызга киргизе баштайсыз.
Кирешенин мындай кошумча булагы сиз үчүн анчейин зарылдыгы жок. Андыктан логикалык ой -чабытыңызды башкача ыкмага салыңыз. Жуманын экинчи бөлүгүнө көз чаптырсаңыз күнүмдүк жашооңузга керектүү болгон буюм сатып алуу үчүн зарылдыгына жараша тандап алыңыз. Жума агымында сиз күтпөгөн тааныш эмес кимдир бирөдөн белек алууңуз күтүлүүдө. Ал эми ашыкча салмакты кошкуңуз келбесе таттуудан алыс болгонуңуз оң.

Букачар (21.04.-20.05)
Жумушчу аптаңыздын алгачкы күнү акыл жөндөмдүүлүгүңүздүн өзгөчө багыттагы өркүндөөсү сизди таң калтырат. Мүмкүн көптөн көксөп күткөн жаңы багыттагы билим жөнүндөгү маселе ушул ирет орундалат. Жуманын экинчи бөлүгүндө кызмат маселеси боюнча чет жакага барууңуз күтүлүүдө. Мунун натыйжасында башка чөйрөдөгү адамдар менен пикирлеш болууңузга туура келет. Андыктан мындайда мүнөзүңүздү өзгөртүүгө туура келет. Апта аягында эс алууну пландабай эле койгонуңуз оң. Ишемби жана жекшемби күндөрү чаташкан маселелерден улам эс алууга да чолоңуз тийбейт.

Эгиздер(21.05-21.06)
Апта агымында эгиздер жанга баткан жалгыздыктан жабыркоосу ыктымал. Бул убакыт аралыгында өзүңүздү руханий жактан көзөмөлдөгөнүңүз оң. Эгерде жабыркаган жан дүйнөңүзгө жагымдуулукту жаратам десеңиз, максаттуу келечектен баштаганыңыз оң. Андыктан мурдагы ыкмаларыңыздын эң оригиналдууларын эске алып аны максималдык планга алып чыгыңыз. Жеке жашооңузда көрүнгөн көчө адамдары менен сыр чечишүүдөн сак болууңузду жылдыздар эскертет. Сиз бул аралыкта жеңил ойлуулуктан жана бөтөн бирөөлөрдүн жайган торунан абайлаңыз.

Бөйөн (22.06-22.07)
Достор менен баарлашуу бөйөндөр үчүн эң сонун жаңыча идеяны жарата алат. Мындай учурда жакындарыңыз берген кеңештин максаттуулугун эске алганыңыз оң. Жуманын жүрүмүндө акча маселеси боюнча кызматташтар арасында пикир келишпестиктер келип чыгат. Мындайда иш жөндөмдүүлүгүңүз менен кырдаалдан чыга аласыз. Ишембиде достор менен биргеликте кайдадыр конокко барып, шаңдуу кеченин коногу болууңуз күтүлүүдө.

Арстан (23.07-23.08)
Жетишкендигиңиз өзүңүздүн максаттуу багытыңызга байланыштуу. Андыктан сизди колдоп, коштоп турган жакын адамдарыңызды өзүңүздөн оолактатып албоо үчүн алардын көңүлүн ирээнжитип алуудан абайлап иш жасаңыз. Мүнөзүңүздүн катаалдыгын ушул ирет моюндап кызмат ишиңизде чечкиндүү боло алсаңыз кетирген кемчилигиңиздин арты көңүлүңүздү көтөрөт. Бул убакыт аралыгында ар бир ишти жасоодон мурун жети өлчөп бир кескениңиз оңтойлуу болот. Дал ушундай алга карай кадам менен кетсеңиз, жуманын агымы жигердүү болуусунан кам санабай эле койсоңуз болот. Мындай жакшы жөрөлгө сиздин келечектүү карьераңыздын түптөлүү баскычына оң натыйжасын гана берет.

Бийкеч (24.08-22.09)
Маанилүү маселенин байланыш түйүнүн чечүү көйгөйү аптанын алгачкы күнүндө биринчи орунга келип чыгат. Мындай татаалдыкты чечүүдө терең билимдин керектелээрин эсиңизге салыңыз. Жеңил эмес кызмат иштери менен алектенүүдө тажрыйбалуу кесиптештериңизден кеңеш алганыңыз оң. Ар бир кызмат күнүңүз көңүлдүү болуусун кааласаңыз эмгектенүүдөн тажабаңыз. Мындай кырдаалда сизден күжүрмөн кайраттуулук гана талап кылынат. Бул жумада жанга жагымдуу алга карай жылуулар менен чет жакага сейилдөөгө барууңуз күтүлүүдө. Көздөй көргөн өз өлкөңүздөн алгач жолу алыска чыккандыктан жакын адамдарыңызды сагынууңуз ыктымал. Мындай санаачылдык жумушуңузга кедергесин тийгизет, муну эсиңизден чыгарбаганыңыз оң.

Тараза (24.09.-23.10)
Бул жумадагы кай бир окуялар күлкү келээрликтей туюлушу мүмкүн. Эгер сиз ишиңиздин байсалдуу болушун колго алгыңыз келсе бөтөн бирөөлөрдүн акчасына көз артпастан сизди түз жолдон четтеткен таанышыңыздан кол үзүңүз. Аптанын экинчи жарымында капысынан таанышып калган адам менен алгач эле күнү романтикалуу кеч даярдоону пландабаңыз. Шашмалыгыңыздын арты өкүнүчкө алып келүүсү толук ыктымал. Жуманын жекшемби күнү көңүл чөгөрүп өткөндү эстөөдөн көрө эртеңки күндүн планын куруңуз.

Чаян (24.10-22.11)
Бул жума сиз үчүн бир топ ийгиликтерди алып келет. Сиздин талбаган аракетиңиздин аркасында кызмат жаатында бир катар алга жылуулар, өсүштөр болушу күтүлөт. Шейшемби күнү саламаттыгыңызга көбүрөөк көңүл бөлгөнүңүз оң. Ал эми жума күнү сиз эң жакын деп санаган адамыңызга жолугушуу бактысына ээ болосуз. Жашоодо сейрек берилүүчү мындай бактылуу учурду колдон чыгарбаңыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ичтеги ойлоруңузду эркин айтып алыңыз. Аптанын аягында жалгыз кыялданып, эс алып алсаңыз, кадимкидей жеңилдеп каласыз.

Жаачы (24.11-22.12)
Сезимдериңиз жаркып толуп-ташса да кызмат ишиңизди экинчи планга койбоңуз. Мындай жосунсуз жалкоолуктун арты беделиңизге гана шек келтирет. Көңүл ачууну аптанын экинчи жарымына жылдырыңыз. Мүмкүн ушул жолу сиз көптөн күткөн чыныгы асыл адамыңызга кезигесиз.Аптанын агымында күтүлбөгөн көйгөй келип чыгат. Мындайда өзүм билемдикке салбай жакын туугандарга кеңеш салып иш жасасаңыз чечилбөөчүдөй болгон оор маселеңиз өзүнөн-өзү калыбына келип көңүлүңүз жай болооруна өзүңүз да таң каласыз.

Текечер (22.12-20.01)
Сүйүүдөн көтөрүлгөн маанайыңыз аптанын алгачкы күнүндө текечерлердин маанайын жаркытат. Мындай романтикалуу убакыт жаңы таанышуулардан улам пайда болуп, чыныгы түгөйүңүздү ушул ирет табууга мүмкүнчүлүк жаратат. Бул жумада көптөн бери сезимиңизге толгон эриккендигиңизди жазууга оңтойлуу. Ар бир нерсенин чеги болот, андан чыгып кетүү коркунучтуу экенин эске алып ашыкча каражатты сарптоодон мурун кабыргаңызга кеңешип иш жасаңыз. Дал ушул жаатта жылдыздар сиз үчүн кымбат болгон асылды өзүңүз тандооңузга кеңеш берет. Апта аягында майда бирок, маанилүү болгон бир туугандар арасында маселе келип чыгат.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Планеталык аралык жүрүмдө суукуйдулар жаңы мүмкүнчүлүктү жаңы достор менен үйбүлөлүк кеңештен улам таба алышат. Бул убакыт аралыгында жеке турмушуңузда көйгөй жаратып келген шартты жаңыча багытта чечип алсаңыз болот. Эгерде күндөлүк турмушта керектелүүчү зарыл материалдар керектелсе дал ушул жолу сатып алууга болот. Апта агымында туугандар менен кеңешүүдө өзүмчүл болбоңуз, мунун арты жагымсыз кырдаалды жаратуусу ыктымал. Бекерге талаш жаратуудан көрө ынтымак үчүн жеке талабыңызды кайра-кайра айта берүүңүз оңтойсуз экенин эсиңизге алыңыз. Өзүңүзгө гана ыңгайлуулуктун жолун издебей үйбүлө мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын да ойлонуңуз.

Балык (20.02-20.03)
Апта агымы сизге көпчүлүк менен баарлашууну талап кылат. Эгер ийгилик артынан ийгилик жаратам десеңиз бир орунда туруудан майнап жок экенин эсиңизге алыңыз. Бөтөн адамдар сизге жагымсыз эмоцияны жаратуусу ыктымал. Бычактын да эки жагы бар эмеспи, пайдалуу анан залалы. Андыктан маектешүүдө ар бир адамдын жан дүйнөсүнө түшүнүү менен карап чыдамкай болууңузга туура келет. Эгер кесиптештер арасында пикир келишпестиктер жаралса тилиңизди тишиңизге ката билиңиз, мындайда чыр чыгаруунун зарылдыгы жок. Жан дүйнөңүздү жаңырткыңыз келсе жалгыз ойлонуудан көрө сизди түшүнө билген жакын кеңешчиңиз менен же адабий китептерди окуу менен өзүңүзгө жагымдуу жолду таба аласыз.










??.??





??.??