presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№15, 13.05.08-ж.
  Саламат плюс

Кош бойлуулук
Учурундагы төшөк кумары
Баш кошкон эки жаш. Үйлөнүү-үлпөт, шаан-шөкөт той. Үйбүлөлүк жашоонун башталышы. Сүйүү, төшөк кумарына тойбогон эки жаштын эзилишкен узун түндөрү. Мына эми жаш үйбүлөнүн алгачкы кубанычы. Болочок эненин курсагында болочок наристе. Так ушул жерден суроо туулбай койбойт. Кантсек? - Төшөк кумарын уланта беребизби же наристе жарык дүйнөгө келгиче токтото турабызбы?..

Кош бойлуу мезгилдеги жыныстык мамилеге каршы медициналык көрсөтмөлөр
Медициналык көз караш менен төмөндөгү маанилүү чектөөлөр жөнүндө айтсак болот.
l Боюнан түшүп калуу коркунучу;
l Мөөнөтүнөн эрте төрөттөр;
l Түйүлдүк суюктугунун куюлуп кетиши (инфекция жуктуруп алуу коркунучу;)
l Жыныс кынынан кан агуу(сөзсүз дарыгерден кеңеш алыңыз);
l Эгиз же андан көп түйүлдүктүн бойго бүтүүсү;
l Өнөктөштөрдүн бирөөсүндө жыныстык жол менен жугуучу инфекция белгилеринин байкалышы;
Мындан тышкары жыныстык катнашка кош бойлуулукка чейин этек кир кайсы күндөрү келсе, кош бойлуу мезгилде да ошол күндөрү чектөө коюлат. Себеби, аялдын организми циклдик өзгөрүүлөргө жана жатынды бошотууга көнүп калгандыктан мындай учурларда боюнан түшүп калуу коркунучу жогорулайт.

Кош бойлуулук жыныстык катнашка жол береби?
l Кош бойлуу аялдар албетте, физиологиялык, психологиялык жана эмоционалдык жактан чоң өзгөрүүгө дуушар болушат. Бирок, бул өзгөрүүлөрдү нормалдуу, табигый процесс катары карап, кош бойлуулук - аял организминин толук өсүп жетилүүсү экенин билүүбүз зарыл. (эндокриндик жана нерв системасы төрөттөн соң гана толук калыбына келет) Кыскасы, кош бойлуулук - бул норма. Андыктан кош бойлуу аял өзүнүн бир гана жаңы абалын эске алуу менен төшөк жашоосунда толук кандуу жашай алат.
l Кош бойлуу мезгилде эч негизсиз жыныстык катнаштан баш тартуу - бул эң маанилүү, табигый процессти одоно бузуу дегенди билдирет. Жыныстык катнаштын узак убакытка үзгүлтүккө учуроосу болочок энедеги терс мүнөздөрдүн көбөйүп, чогулуусуна алып келип, мунун аягы жубайлардын оттой ысык мамилелерине терс таасирин тийгизээри далилденген.
l Так кош бойлуу болгондо аялдардын чыныгы төшөк кумарына болгон алгачкы кызыгуу сезими ойгонот. Атүгүл мындай сезим көпчүлүк учурларда басымдуулук кылып, кээде оор абалга дуушар кылат. Ичиндеги балага залал келтирүүдөн корккон болочок эне сезимдери козголуп, дүүлүгүп турса дагы ар дайым тынчсызданып, толкунданып өзү менен, өзү күрөшүп жүрө берет. А мындай көрүнүш төрөткө көбүрөөк зыянын тийгизет.
l Кош бойлуу учуруңузда өзүңүздү жакшы сезип турсаңыз, төшөк кумарына батып, толготуу башталганга чейин рахат ала берсеңиз болот. Эгер кандайдыр-бир нерсе тынчсыздандырса китептен окуган же курбуларыңыздан уккан ар кандай кеп-кеңештерге таянбастан дароо сизди көзөмөлдөгөн дарыгерден кеңеш алууңуз кажет.
l Кош бойлуу мезгилдеги жыныстык катнаштын жакшы жагы бар: физиологиялык өзгөрүүлөрдөн улам боюнда бар мезгилинде аялдар өтө күчтүү, "сапаттуу" оргазмга жетише алышат жана көбүрөөк рахат алганга жөндөмдүү болушат.
l Бул учурда өтө сак болуп, өнөктөшүңүзгө ыңгайлуу абалды (поза) тандаңыз. (мисалы, капталынан) Секстин альтернативдик формаларына көңүл бура турган болсок, жыныстык жашоону атүгүл төрөткө бир жума калгыча улантууга мүмкүн. Бирок, бир эрежени унутпаңыз: эгер кош бойлуу аялдын жыныстык мамилелерге каалоосу болсо, аны аткара алат, эгер төшөк кумарына көңүлү жок болсо, күйөөсүнүн мажбурлоосу кажет эмес.




Кош бойлуу мезгилдеги жыныстык мамиле болочок ымыркайга зыянбы?
l Жок. Анткени, наристе жатындын жоон булчуңдуу оболочкасы, амниотикалык баштыкчасы менен капталып, корголгон. (баштыкчадагы түйүлдүктүн суулары бардык кыймылды, чайпалууну наристеге сездирбей сактап турат. Күмөн санасаңыз, мындайча эксперимент жүргүзүңүз - суу толтурулган ваннага отуруп, суунун үстүнөн кандайдыр бир буюм менен уруп көрүңүз. Сиздин буттарыңыз эч нерсени сезбейт). Ал эми оргазмдан соң наристенин кыймылын сезгениңиз - наристе бир жери ооруганын сезип жатканынан улам эмес, жатындын жыйрылуусунан улам деп билгениңиз көбүрөөк чындыкка окшошот.
l Ата-энелер сүйүү кумарына батып жаткандагы наристенин сезимин, эмнелерди угаарын элестетиңиз. (ар кандай үндөрдү, сүйлөө тембрин ымыркай 5 айынан тартып кабыл ала баштайт) Ата-энелердин жалындуу, ысык сезимдерин бири-бирине билдиргендери, сүйүү сөздөрү наристенин аң-сезиминин бекемделип, жарык дүйнөгө толук кандуу болуп келишине шарт түзөт.
l Ата колдорунун таасирин наристе өзү жаткан түйүлдүк суюктугунун жеңил толкуну боюнча сезе билет. Ал үчүн бул дагы жагымдуу. Анткени, дүүлүккөн эненин кан айлануусу күчөп, натыйжада ымыркай өз тону аркылуу кычкылтек жана азыктандыруучу заттарды көбүрөөк алат.
l Мындан тышкары рахаттын туу чокусуна жеткен мезгилдеги жатындын жыйрылуусу төрөт учурундагы толготууларга окшоштугу менен наристеге пайдасы зор. Мунун себеби, ымыркайда шарттуу рефлекс пайда болуп, жатындын жыйрылуусу ал үчүн рахат кумарлануу болуп калат. Демек, чыныгы толготуу башталганда да алгачкы эмоциялар жакшы болот. Оргазм учурунда аялдын организминде иштелип чыгып, рахатка бөлөчү гормондор (эндорфиндер жана энкифалиндер) ымыркайга өтө жемиштүү таасирин тийгизүү менен бирге энесин кандай рахатка бөлөсө, наристеге да так ошондой рахат, жыргал тартуулайт. Андыктан өз наристеңерден рахат аябагыла!




Кош бойлуулук аялдардын сексуалдык каалоосун өзгөртөбү?
Бул суроого бир жактуу жооп жок. Кош бойлуу болгондо сексуалдык каалоосу дароо күчөп кеткен аялдар бар. Мындай абалда түгөйлөр үчүн тогуз ай айтып бүткүс, эстен кеткис таттуу күндөрдүн бири болуп кала берет. Ал эми айрым айымдардын сексуалдык каалоосу кош бойлуу мезгилинде дароо төмөндөп же таптакыр жоголуп кетүүсү мүмкүн. Муну билүү үчүн аялыңыздын сиз менен жыныстык катнашта болууга каалоосу барбы же жокпу, ачык эле сураганыңыз оң. Мындай түз берилген суроо аялыңызды кемсинткенге же басынтканга жатат деп эч качан ойлобой эле коюңуз.

Миң түркүн кеңештер
l Эркек айрыкча жумшак, чыдамкай жана камкор болуусу зарыл.
l Эгер аял болочок наристесин эмизгиси келсе, өнөктөшү анын эмчек үрпүсүнө оралдык стимуляция кылып, даярдап туруусу зарыл. ( боюнан түшүү коркунучу жок болсо)
l Жыныстык катнаш мезгилинде аялдын эмчегин жана курсагын катуу басууга болбойт.
l Эгер аял төшөк кумарын каалабай, эркек муну каалап турса, төшөк кумарынын жагымдуу башка жолдору жөнүндө ойлонуңуз.
l Жыныстык катнаш учурунда эч шашпаңыз жана ар түрдүү эксперименттерден коркпоңуз.
l Өнөктөшүңүздүн ыңгайсыз абалга калбоосуна камкордук көрүп, жаздыктарды көбүрөөк колдонуңуз.
l Бирдей убактагы оргазмга аракет кылбай эле койгонуңуз дурус!
Кош бойлуу мезгилдеги эң негизги эске ала турган нерсе - бул үйбүлөлүк мамиленин гармониясын сактап калуу. Ошондуктан бири-бириңиздердин каалооңуздарга терең түшүнүү менен мамиле жасап, өз фантазияңыздарга таяныңыздар. Кош бойлуу учурунда жыныстык катнашта болуу эң негизги милдет эмес жана сүйүү кумарына батуунун башка деле көптөгөн жолдору бар экенин эч качан эстен чыгарбасаңыз!

Даярдаган Асхат Айсаракунов




Кош бойлуулуктун акыркы айларындагы оргазм эрте төрөткө алып келеби?
Эгер жатын төрөткө даяр эмес, анан дагы наристе толук өнүгө элек болсо, оргазм учурундагы жатындын жыйрылуусу толготуп баштоонун негизги себеби боло албайт. Бирок, төрөткө бир аз гана күндөр калса, оргазм анын башталып кетишине түрткү бериши мүмкүн. Сексуалдык дүүлүгүүдө аялдын канына жатынды жыйрылтуучу окситоцин - гормону кошулат. Андыктан оргазм же эмчектин эрогендик зоналарын стимуляциялоо жатындын жыйрылуусуна алып келгени менен эч кандай коркунучу жок. Бирок, жатындын жыйрылуусу бир канча мүнөттөргө чейин токтобой же кан бөлүнүп чыга баштаса, тезинен сизди көзөмөлдөгөн дарыгерге кайрылууга туура келет.

















??.??