№16, 21.05.08-ж.
  Кумир менен баарлашуу

Мирбек Иманбеков:
"Баатыр эненин бактылуу баласымын"
Астра , 20 жашта:
- Алгач менин көптөн бери эңсеп келген кыялымды ишке ашырып, кумирим менен эң сонун баарлашуу уюштуруп берип жаткан "Обон" гезитине чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мирбек, сизге жолукканыма кубанып олтурам. Сизге төмөндөгүдөй суроо менен кайрылгым келет. Сиз он бир тууган экенсиз. Келечекте сиз дагы көп балалуу болууну каалайсызбы?
- (Күлүп…) Мен үйбүлөдө ата-энемдин онунчу уулумун. Мен төрөлгөн жылы апам "Баатыр эне" наамын алган экен. Андыктан, өзүмдү Баатыр эненин бактылуу баласымын деп айтаар элем. "Балалуу үй базар" деген жакшы кеп бар. Колдон келсе мен он эмес, он беш балалуу болгум келет. Баардыгы Жараткандын буйругу менен ишке ашат эмеспи. Буйруганы болот го дейм.
Мээрим, 16 жашта:
- Мүнөзүңүз, өң-келбетиңиз ата-энеңиздин кимисине окшош?
- Негизи менин мүнөзүм атама, өңүм, турган турпатым апама окшошуп кетет.
- Ырчылык өнөрдөн эмне таба алдыңыз?
- Ырдап жүрүп, мен бир гана байлык таптым. Ал сиздерге окшогон мени баалап-барктап, жан дүйнөмө ырахат тартуулап турган күйөрмандарым десем болот. Сиздердин жакшы сөзүңөр, колдооңор менин көңүлүмө гүл өстүрүп, ар дайым жүрөгүмө жылуулук тартуулап келет.
Анара, 21 жашта:
- Сиз өзүңүздү канчалык деңгээлде "жоопкерчиликтүүмүн" деп эсептейсиз?
- Мен азырынча өзүмдү өз алдымча жоопкерчиликке ээмин деп айта албайм… Качан гана продюсерим менен болгон келишим аягына чыкканда өзүмдүн жоопкерчилигимди колума алам.
Астра, 20 жашта:
- Жогоруда айтылып кеткен суроого кыстырма кошкум келет.
Айтсаңыз, бир кезде продюсериңиз Асыл Апасова менен бөлүнүп кетүүңүздүн себебин өзүңүздүн оозуңуздан уккум келип турат? Кайсы бир интервьюңузда: "Буга жакын адамдарым себеп болгон" -дегенсиз. Жакын адамдар болгондо, туугандарыңызбы же досторуңузбу?
- Чынын айтсам, учурунда продюсерим менен жаштык-мастык кылып, бөлүнүп кеткем. Буга "туугандарым же досторум себеп болду" деп айтуудан алысмын. Болгону аралашып, тааныш-билиш болуп жүргөн адамдар себепкер болгону чын…
Анара, 21 жашта:
- "Жылдыз" болуп эл көзүндө жүрөсүз… Өзүңүзгө карата айтылган сын-пикирлерди кандай кабыл аласыз?
- Туура айтылган сын-пикир чыгармачыл адамды өстүрөт, андан ары курчутуп, шыгына-шык кошуп, бийиктиктерге карай алып барат. Тескерисинче, одоно түрдө калпыс, болумсуз айтылган сын көңүлү назик ошол эле чыгармачыл адамды өлтүрөт, тутанып, жалындап келе жатканыңда өчүрөт. Андыктан, сынды айтуудан мурда аны туура жеткире билүү абзел. Албетте, баарыбыздын эле эмоциябыз бар. Кай бир учурларда эмоцияга алдырып жибергенде анча-мынча ызылдашып да кетем. Бирок, биздин жашообуз сын-пикир менен коштолуп жүрүп олтурат.
Зулайка, 16 жашта:
- Мирбек, жашырбай айтсаңыз. Сизди "Үйлөнгөн, жакында эле балалуу болду…" -дешет. Ырчылар эмнеге мынча сырдуу, табышмактуу келесиңер?
- Дегинкиси, чыгармачыл адамдар сырдуу болуп жашаганды жактырышат. Жашырбай айтсам, балалуу болмок тургай, үйлөнө элекмин…
Мээрим, 16 жашта:
- Сүйүү адам мүнөзүн өзгөртөбү?
- (Ойлонуп…) Айта албайм. Балким, өзгөртөт. Анткени, таза сезимде жан дүйнөнү балкыткан кандайдыр бир кереметтүү күч болсо керек. А сиз өзүңүз өзгөрдүңүз беле?
Мээрим: - Кандай десем… Мага андай бийик сезим келе элек. Ошондон улам сизден сурап, билгим келген.
Айка, 19 жашта:
- Ырчы катары таанылып, эл оозунда жүрөсүз. Жатаканадагы досторуңузду унутуп, мамилеңизди үзүп койгон жоксузбу?
- Студенттик жылдардагы жатаканада ачка-ток чогуу жүргөн достор менен болгон мамилем үзүлгөн жок. Мен болгону жөнөкөй эле ырчымын. Пендечиликке алдырып, досторумду унутуп же көңүлдөн чыгарып койгум келбейт.
"Кел-келиң" келип турса да, өткөн кезди унутпа!" -деген принципти туу тутам.
Астра, 20 жашта:
- Жазында ачылган эң алгачкы байчечекей гүлүн биринчи апаңызга берет белеңиз же сүйгөн кызыңызгабы?
- Албетте, алгач апама берет элем. Баарыбыздын сыймыгыбыз- эне. Эң биринчи эненин көңүлүнө кубаныч ыроолоп, ыраазычылыгын алуу зарыл деп эсептейм.
Анара, 21 жашта:
- Таластыктар өпкө келишет го. Сиздин дарегиңизге карата да дал ушундай кептерди көп угам. Буга кандай ой айтат элеңиз?
- Мм… Актангым келбейт. Кантсе да Таластын кулунумун. Таластын суусун ичип чоңойдук. Эми өпкөлүк каныбызда бар да. Бирок, мен өзүмдү ашыкча деле көтөрүп, бааланбайм.
Кичинемден бери бир аз орой, кырс мүнөзүмдү жоё албай келем.
Ушул терс сапатымдын айынан кээде адамдын көңүлүнө карабай, "ашыкча" кетип калган учурлар болот.
Айка, 19 жашта:
- Адамдарды күткөндү же күттүргөндү жаман көрөсүзбү?
- Бирөөнү күткөндү аябай жаман көрөм. Ал эми кимдир бирөөнү күттүргүм келбейт. Тилекке каршы, кээде шартка байланыштуу айтылган сөз айтылгандай аткарылбай калат…
Астра, 20 жашта:
- "Кандай адам сүйүү сырын чече алат?
Кандай адам сүйгөнүнө жете алат?"
- Жакшы ыр экен. Менимче, туруктуулук гана сүйүү сырын чечүүгө жана сүйгөнүңө жетүүгө өбөлгө боло алат.
Анара, 21 жашта:
- Келечектеги жубайыңызды кандай элестетесиз?
- (Тамашалап…) Сиздей болсо арман кылбайм.
- "Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы" -деген накыл кепти кандайча чечмелейт элеңиз?
- Элибизде ушул өңдүү не бир сонун асыл сөз берметтери көөнөрбөй, муундан-муунга өтүп, айтылып келет. Мындай накыл кептерди билүү биз өңдүү жаштар үчүн баалуу табылга десек жарашат.
Эң башкысы, аял жакшысы жакут таштай алыстан эле жаркырап турат. Акыл-эстүү, адеп-ахлактуу жар белчесинен баткакта жатып калган күйөөсүн да эч нерсе болбогондой, кабагым-кашым дебей тазартып, "жуунтуп" алат. А алган жарың болумсуз чыкса, хан болсоң да шордуусуң! Сиз айткан макалдын маани-мазмуну ушунда жатат.
Зулайка, 16 жашта:
- Учурдагы жүрөгүңүздү жаралап жүргөн бийкеч жөнүндө айтсаңыз?
- Алар сыр бойдон кала турсунчу…
Астра, 20 жашта:
- Күйөрмандарыңыз берген белектерди сактап коёсузбу?
- Ооба, үйүмдө күйөрмандарымдан келген белектер өтө көп. Мен аларды таза жерге коюп, аздектеп сактап келем. Алардын ичинен "Алла" деген сөзү бар чоң саат көңүлүмө өзгөчө жагат. Ал саатты Нарын жергесине барганымда бир күйөрманым берген эле. Андан тышкары кыздардан келген көптөгөн арзуу каттары бар. Бош учурларымда аларды окуп, ойго батып калам.
- Кайсы бир концертиңизде сүрөттөрүңүздү, ырларыңызды чогултуп, баарын бир альбомго жасалгалап чаптап, сизге белек кылгам. Эсиңизде болсо, ошол альбомду ачып көрүп, окудуңуз беле?
- Астра, сизге ырахмат! Чочулабаңыз. Сиздин белегиңиз жоголбой, үйдө турат. Албетте, мен аны окуп чыккам.
Анара, 21 жашта:
- Бир убакта "Продюсерсиз эле иштейм" -дедиңиз эле. Өз арабаңызды өзүңүз тартып кете албадыңызбы?
- (Мукактанып…) Ошондой болуп калды. Жаштык кылып, өз алдымча иштей албай койдум… "Көч бара - бара түзөлөт"- демекчи, дагы шоу-бизнестин толгон-токой сырын өздөштүрүп, тажрыйба топтоп алган соң, продюсерим менен түзүлгөн келишим аягына чыккандан кийин өз алдымча эркин канат кагып, иштеп кетем деп ишенем. Асыл эженин түйшүгүн өзүм да жон терим менен тартып көрсөм дейм.
Айка, 19 жашта:
- Карыганча эле ырчы болууну каалайсызбы?
- Албетте, Кудай ошого жеткирсин… (Тамашалап…) Андан көрө карыганда "Жантай чал" деп карабай калбасаңар болду.
- Хиджаб кийген кыздарга кандай пикирдесиз?
- Аялзатынын сулуулугу, чырайы- анын жүзү. Эгер ал сулуулукту жаап-жашырып, кара чүмбөт астында калкалай берсе, ал соолуйт, көмүскөдө катылып, кор болот. Аялзаты жүзүн жашырыш үчүн эмес, Ааламга көрк кошууга, анын кооздугун, сулуулугун арттырууга келген. Андыктан, бийкечтердин хиджаб кийгенине макул эмесмин.
Мээрим, 16 жашта:
- Ырыңызда айтылгандай, кыздар менен таанышып, бирок, атын сурабай калган учурларыңыз болгонбу?
- Таанышып, атын сурабай калган кез болгон эмес. Бирок, таанышкандан кийин атын унуткан учур кездешет.
Зулайка, 16 жашта:
- Жигиттер шок келет эмессиңерби. Гүлдөн-гүлгө конгон көпөлөк сымал кыздан-кыз тандап жүрсөңүз керек?
- Эми мектепте окуп жүргөнүмдө шоктук кылып, бир кыздан экинчи кызга "чабуул" жасап, кыз талашып, мушташканымды танбайм. Азыр андай кылбайм.
Айка, 19 жашта:
- Кыргыз кыздарынан тышкары башка улуттун кыздары да жагабы?
- Жалпы эле мусулман кыздары жагат. Маселен, казак, түрк, өзбек улутундагы кыздарды жактырам. Антсе да канткен менен сиздерге окшогон кыргыздын кымча бел, назик кыздарын башкаларга салыштырып болбойт. Силерге эч ким жетпей калды го…

Даярдаган Нур-Кыял