presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№16, 21.05.08-ж.
  Бир собол

Көшөгө артындагы кызык учурлардан бир шиңгил...
Роза Шакирова, ырчы:
- Былтыр жылда болуучу "XXI кылымдын жылдыздары" аттуу концертке катышып калдым. Мен анда Венера Сатылганова менен дуэт ырдап чыккам. Сахнага чыгаар алдында аппак костюм-юбка кийингем. Ага жараша ак туфли кийишим керек болчу. Бирок, мен байкабастык кылып, далдаңдап, көшөгөнүн артында кийип жүргөн кара тапочкамды кийген боюнча чыга бериптирмин. Байкасам, Венера Сатылганованын бою менден чоң, а мен андан жапыс болуп, кодоюп тургандай сезилдим. Карасам бутумда тапочка. Уялгандан эки бетим дуулдап, кызарып, чекемден тыпылдап тер агып, аябай жаман болгом. Кийин ал концертти телевизордон көрсөтүп калышты. Ошондо мен кызыгып, бутумду карап жатпаймынбы. Кудай жалгап, оператор байкаса керек, бут жагымды тартпаптыр.
Дагы бир кызык учур, анда мен "Тунгуч" театрында иштечүмүн. Биз жаңы жыл сайын жаңы программадагы концерттерди койчубуз. Адаттагыдай эле дагы бир жылы жаңы жылдык концертибизди коюп калдык. Делбир Конокова экөөбүз чогуу ырдап чыкмакпыз. Мен гримёрныйда олтурсам биздин ырыбызды кезексиз эле коюп жиберишти. Ошол учурда Султан Раев да концертте олтурган. Ал ошол жылы фонограмма менен ырдоого тыюу салган эле. Биздин ырыбыздын фонограмма экенин билдирбеш үчүн шашкалактап, микрофонду унутуп коюп чыга бериптирмин. Менин артымдан Делбир да алактап, микрофону жок чыгыптыр. Экөөбүз далдырап, микрофону жок эле ырдап жатабыз. Ошондо Султан Раев жетекчибиз Асылбек Өзүбековго: "Ай, сен кызыксың го. Жок дегенде тиги экөөнө микрофон карматып койсоң боло!" - дептир. Концерт бүткөндө А.Өзүбековдон тил укканыбыз эсимде.

Жаныш Момунов, ырчы:
- Бир жолу Талас жергесинде гастролдоп жүргөн кезимде эстен кеткис окуяга туш болгом. Клубдун жетекчиси эскилиги жетип калган тактайларды көрсөтүп: "Ушул жерден абайлагыла" -деп айткан. Концертти Байыш ачып, алып баруучу болуп жаткан. Аңгыча ырдоо кезеги мага келгенде Байыш: "Назарыңыздарда Жаныш Момунов, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алыңыздар!" - деп калды. Мен энтеңдеп келе жатып, "Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" -демекчи, тактайдын жарака жерин басып алып, белчемен кирип кетсем болобу. Эл мени кол чаап күтүп жатса, мен жаракада ак костюмум капкара болуп, шымыма жөргөмүштүн желелери жабышып, алапайымды таппай жаткам. Кыйкырсам да эч ким укпайт. Аңгыча Байыш келип калып, мени көрүп боору эзилип калды. Айлам кетип, формамды алмаштырып, сахнага чыккам.

Максат Бегалиев, ырчы:
- Негизи сахнанын артында көп эле кызык учурлар кездешет.
Бир жолу мен бир концертте аябай чарчап, көшөгөнүн артында сыз полго эле жатып алгам. Сахнага менин ырдап чыга турган кезегим келгенде шашып тура калып, футболкамды кие салып чыккам. Көрсө, тескери кийип алыптырмын. Ырдап бүткүчөктү өзүмдү ыңгайсыз сезген элем. Тааныштарымдан: "Футболкамды тескери кийип алганым билиндиби?" -десем алар: "Жо-ок, билинген жок. Тескерисинче, биз анын модасы ошондой тескери го дегенбиз" -деп жатышпайбы. Менде мындай учурлар көп эле болгон. Айта берсем түгөнбөйт го…

Ильяз Абдыразаков, ырчы:
- Мен 1-майда Кара-Балта шаарына концерт коюп барып калдым. Концерттин соңунда свет өчүп калып, көшөгөнүн артында бара жатып, тепкичтен чалынып кетип, кулап түшсөм болобу. Колумда кармап бара жаткан көз айнегимди басып жыгылыптырмын. Ал бырчаланып сынып, айнеги колдорумду сыйрып кетти. Артымдан жүгүрүп келип: "Ильяз, автограф берчи?" -деген бийкечтердин оозу ачылып, айрымдары мени кош колдоп тургузушуп, узатып кала беришти. Ошентип, бийкечтерге эмес, колума автограф коюп келе бердим.

Жылдыз Тутуева, ырчы:
- Бул кызыктуу окуяны дайым айтып, күлүп калам. Бир жолу Кочкорго "Тунгучтун" таланттары менен барып калдым. Кайсыл жерде ырдап жатса ошол жердин атын айтмай ырчыларга адат го. Ошондо мен да ырдап жатып: "Кочкор барбы?!" -деп айта бериптирмин. Ыр бүтүп, көшөгөнүн артына киргенимде ал жактагылар: "Чын эле алдыңан "Мен кочкормун…" -деп бирөө чыкса эмне кылат элең?" -дегенде эсиме келип, уялып жатпаймынбы.

Азат Болотбек, ырчы:
- Нарын жергесинде бир топ ырчылар менен бирге гастролдоп жүргөнбүз. Ошол күнү Нарын драма театрына концерт коюп, аябай чарчагандан улам, бөлмөлөрдүн бирине кирип, кыйшайып жаткан боюнча, көзүм илинип кетиптир. Түшүмө апам кирип: "Азат, уулум, жүрөгой бул жакка" -деп коридордун ылдый жагын көрсөтүп, колун жаңсап жатыптыр. Уйкуман чочуп ойгонуп, түшүмдө апам айткан коридорду көздөй бастым. Барсам, ал жерде тамекинин калдыгы калып, ошондон улам, жаңыдан от тутанып келе жаткан экен. Дароо жетекчиликке кабарлап, отту өчүргөнбүз. Түшүмдөн улам драм театрды өрттөн сактап калганыма бир чети азыркыга чейин таңданам.

Анжелика, ырчы:
- Кичинекей кезибизде Арген экөөбүз күлкүлүү жоруктарга көп кабылчубуз. Маселен, айыл жерлерине гастролдоп барган учурларда концерттер кеч башталгандыктан Арген экөөбүз жол жүрүп чарчагандыктан көп учурда уктап калчубуз. Жуп концерт башталаарда Айчүрөк эже бизди ойготчу. Биз уйкусурап, сахнага формаларыбызды алмаштырып кийип чыга берчүбүз.
Бир жолу кыш айларынын биринде Нарынга концерт коюп барып калдык. Ал жердин суугунан калчылдап, катуу үшүдүк. Бизге боору ооруп, Айчүрөк эже бозо алып келди. Бозону ашыкча ичип алып, концертте Айчүрөк эже: "Аай, токтогула!" -дегенине карабай Арген экөөбүз сахнада шалкылдап, токтоно албай бийлегенбиз. Экөөбүздүн тең эки бетибиз албырып, көздөрүбүз тумандап, бир укмуш болгонубузду эстеп, жылмайып калам. Көрсө, бозого мас болгон экенбиз.

Замир Сабитахунов, ырчы:
- Мындан эки жыл мурда Атбашыга гастролдоп барып, бир жакын досумдун үйүнө барып калдым. Кеч болуп кеткендиктен алардыкына конуп калууга туура келди. Ал кезде жаңы үйлөнгөн убагым… Досум экөөбүз сырдашып жаткандыктан, чогуу чырмалышкан бойдон таттуу уйкуга чөмүлүптүрбүз. Уйку соонун ортосунда досумду "келинчегим" экен деп, тияк-биягынан кармалап, кучактап, бетинен аймалай бериптирмин. Досум ойгонуп кетип, ооздон ары бир салганда, уйкум умачтай ачылды. "Сага эмне жин тийдиби?" -деп досум оңураңдаганда мен: "Уйкусурап, сени келинчегим деп ойлоптурмун" -дедим. Анда окуяны түшүнгөн досум каткырып күлүп: "Ээ, сезимиң жалбырттап турган маалда алыска гастролдоп чыкпай эле койбойсуңбу?!" -деп бир күйдүргөн эле.

Даярдаган НУР-КЫЯЛ, МЭЭРИМ










??.??