presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№16, 21.05.08-ж.
  Айжамал Кабылова:

"Сүйлөшкөнүбүзгө 2 жыл, 2 ай, 2 күн болгондо үйлөндүк"
Айтылуу "Кыз Бурак" тобу дегенде эле көз алдыңа кыргый мүчө, кымча бел кыргыздын сулуу кыздары элестелет. Мына ошол "Кыз Буракка" кенедей кезинен келип, чыгармачылыктын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, кубулжуган назик үнү менен көптөгөн ыр сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн ачып, жарпын жазган таланттуу ырчы кызыбыз Айжамал Кабылова бүгүн бизде конокто.


- Айжамал саламатсыңбы, үйбүлөлүк жашоо жакшыбы? Турмушка чыккандан кийин көрүнбөй калды деп күйөрмандарыңдан кат келип жатат. Ыр ышкыбоздорун сагындырбай дайыныңды билдирип койчу?
- Рахмат. Биринчиден менин чыгармачылыгымды колдогон күйөрмандарыма ыраазычылыгымды билдирем. Мен да сиздерди сагындым дегим келет. Учурда Ош филармониясында иштеп, ошону менен катар жаңы ырларды жаздырып жатам. Өзүңүздөр байкагандай чынында акыркы убакта сахнага чыга элекмин. Буюрса, жакынкы айларда эне болуу бактысына ээ болгону турам. Мына ошондон кийин сиздер менен жакшы маанайда, ыйык сахнада жолугушам.

- Эл ичинде Айжамал Кабылова мындан ары Туркияда жашайт экен деген имиштер да бар. Ушул чынбы?
- Биротоло жашайбыз деп айталбайм. Бирок, убактылуу Азаматтын жумушуна байланыштуу Стамбулга ушул айдын аягында кеткени жатабыз. Кудай буюрса ошол жакта көз жарып, анан өз өлкөбүзгө келип чыгармачылыгымды баштайм.

- Ыр, музыка сага эмне берди?
- Негизи кичинекейимде ким болосуң десе тигүүчү болом дечүмүн. Эгер ошол тилегим менен кетсем менден жакшы тигүүчү чыкмак эмес экен. Ошон үчүн азыр ата-энеме ыраазы болом. Ырдабайм, ырчы болбойм дегениме карабай ыйлатып атып Гүлшайыр эженин колуна тапшырышкан. Көрсө, менден ким чыгаарын эне жүрөгү сезген тура. Мен муну менен эмне айткым келет. Эң биринчи бул - ыр дүйнөсүнөн өз жолумду, өз багытымды таптым. Аздыр-көптүр элдин колдоосуна ээ болдум. Ушул чөйрөдө жүрүп дос күтүп, көптөгөн жакшы адамдар менен таанышып, эл көрүп, жер кыдырдым. Эң негизгиси жан дүйнөмө байлык топтодум.

- Мындан 15 жыл мурдагы Айжамал менен бүгүнкү Айжамалдын кандай айырмасы бар?
- Адам күнүнө эмес саатына өзгөрүп, сааттын жебеси алга жылган сайын аң-сезими өсүп, ой-жүгүртүүсү алмашып турат экен. Андыктан 15 жыл мурун шок, көк, курчтук кылып бир нерсени бат кабыл алган ыйлаак кыз болсом, бүгүн токтоо, сабырдуу болуп өзгөрүп, көп угуп, аз сүйлөгөндү үйрөндүм. Негизи убакыт өтүп, жашың жогорулаган сайын өзүңдү-өзүң тарбиялай баштайт экенсиң.

- Кайнене менен келиндин супрасы бир деп коёт го. Дегеним кайненеңе окшоштук жактарың барбы?
- Мени биринчи көрүшкөндө "Кайненеңдин эле өзү экенсиң, ушундай да окшош болобу" -деп таң калышкан. Күлкүбүздөн тартып, жасаган ишибизге чейин окшошпуз. Апам экөөбүздүн айтайын деген оюбуз, көз карашыбыз да бир. Ушундай жерге туш болгонума ыраазымын.

- Жолдошуң сырткы келбетине караганда кыргызга көп окшобойт…
- Баары эле ушинтип айтышат. Чынында кайнатамдын таятасы түрк болгон экен. Жолдошумдун генинде бар, ошондон улам сырткы келбети башка улуттай. Анан да Азамат 8 жылдан бери Туркияда окуп, иштеп жүрөт. Кайсы жердин суусун ичип, тузун татсаң ошол жердин өкүлдөрүнө окшойсуң дейт го. Балким жердин да таасири бардыр.

- Түштүктө салтты бекем кармашат эмеспи. Кайын журтуңду тергейсиңби?
- Ооба, баарысын тергейм. Азаматтан кийинки кайнимди "Красавчик", андан кийинкисин "бала" деп чакырам. Азаматка караштуу туугандардын эч кимисинин атын айтпайм. Өзүм турмушка чыга электе эле салтты бекем кармаган келин болом деп тилек кылчумун.

- Конокторго барганда ырчы келин ырдап койсун деп суранышса керек…
- Жаңы келин болуп келгенде кошуналар келип, келин бала ырдап берсинчи деп суранышканынан "Бир келип кетчи Ош жакка" деген ырды ырдап бергем. Негизи кайнатам мыкты бийлеген, кайненем жакшы ырдаган ыр-күүгө жакын адамдар. Менин чыгармачылыгымды колдошот. Алар менен конокко, той-топурга барганда ырдай турган учур болсо ырдап эле жүрөм.

- Жолдошуң кызганабы?
- Такыр кызганбайт деп айткандан алысмын. Кызганат. Бирок, чеги менен гана. Тескерисинче ага караганда мен көбүрөөк кызганам.

- Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
- (Күлүп) Ал мени "Жаным", "Чырагым", түркчө "Ашкым" деп эркелетет. Ашкым деген биздин тилде "сүйүктүүм" деген сөз экен. Мен болсо "Козум", "Берекем", "Сүйүүм менин" деп эркелетем.

- Сүйүү демекчи, Азамат экөөңөр канча убакыт сүйлөштүңөр. Дегеле сүйүүдө сулуулук роль ойнойбу?
- Азамат экөөбүз сүйлөшкөнүбүзгө туптуура 2 жыл, 2 ай, 2 күн болгондо баш коштук. Муну биз атайын деле жасаган жокпуз, Кудайдын буйругу экен ушул күнгө туш болдук. Бул биз үчүн эстен кеткис өмүрүбүздөгү эң кубанычтуу күн.
Ал эми сүйүүдөгү сулуулуктун ролу боюнча айта турган болсом, башында алгачкы таанышууларда сулуулуктун, татынакай келбеттин орду болот, бирок, ал түбөлүктүү эмес. Анткени эки жаш табышып алгандан кийинки учур адамдын ички дүйнөсүнө өтөт. Ошондуктан сулуулук менен эле туруктуу сүйүү, бакыт табам деп айтыш кыйын. Анан да сулуу жар сеники эмес деп коёт го. Чынында чырайын чылап ичмек белек, эң негизгиси жүрөгүндө ыйманы бар, жан дүйнөсү таза адам болсо болду да.

- Бойдокчулукту сагынган учурларың болобу?
- Кандай десем… Мурда кантип жүрсөм азыр деле ошондоймун. Турмушка чыкканыма аз эле убакыт болбодубу. Балким кийинчерээк 30-40 жылдан кийин бүгүнкү жаштыгымды эстеп, бойдокчулукту сагынаттырмын. Азырынча андай сезим боло элек.

- Калп айтып, бирөөнү алдап көрдүң беле?
- Бир жолу 1-апрель күлкү күнү Ошто жатып алып Ильяз Адамовго чалдым. Ильяз аке, биз Бишкекке келдик, Гүлшайыр эже сиз менен сүйлөшөм деп жатат, үйгө келбейсизби - десем, ишенип алып азыр 1-2 сааттан кийин барып калам деди. Анан эле арадан 2 саат өтпөй мага чалып "Айжамал мен келдим, эшикти ачып койгулачы" дегенде эле каткырып күлүп бүгүн алдамай күн экени эсиңизден чыктыбы, бул тамаша десем, мостоюп көпкө унчукпай туруп, бир топтон кийин өзүнө келип күлүп жиберди. Көрсө, бардык жумушун таштап, атайын торт көтөрүп келген экен. Ошондо биринчи жолу Ильяз Адамовду алдагам.

Ж. Калдарова










??.??