presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№16, 21.05.08-ж.
  сыр сандык

Жашоонун соңку деми
Гезитибиздин өткөн санындагы "Сезим сырлары" рубрикасындагы "Жашоонун соңку деми" же Динаранын татаал тагдырына жазылган окурмандардын SMSтеринин топтому.
Урматтуу Динара сиздин армандуу азапка туштуккан тагдырыңыз, окурмандарды да кайдыгер калтырбаптыр. "Калк айтса калп айтпайт" -дейт элибизде, сиз үчүн өз оюн билдирген замандаш туугандарыңыздын акыл тамчыларын, кеп-кеңештерин окуп, тереңден ой жүгүртүп, өзүңүз бир жыйынтык чыгарасыз деген ишенимдебиз.

Сиз ислам жолуна түшүңүз, намазга жыгылыңыз, бир Кудайдан гана кечирим сураңыз, эгер аллах кечирсе ата энеңиз сизди кечирет. Сиз өткөндү унутканга аракет кылыңыз, мындай турмуштун оорусун убакыт гана айыктырат. Эми сиз туура жолго түшүңүз! Иштеп өзүңүз тууралуу туугандарыңызга көп-көп жакшы жактарыңызды билдириңиз. Сиз бир жыл убакыт өткөндөн кийин ата энеңиздин астынан жакшы кечирим сураңыз. Мен ойлойм ата энеңиз сизди түшүнүп кечирет деп.
Динара намаз окусаң жашооң башкача болот. 07720401...

Урматуу Динара эжеке жаштык мастык дегендей ката иш жасаптырсыз. Негизинен турмушта кандай гана кыйынчылыктар болбосун баарына чыдоо керек. Менин сизге кеңешим жакшы жумуш таап сизди сыйлаган адамга турмушка чыгыңыз. Бирок, сиз эркек затына чын дилиңиз менен ишенбеңиз. Алар бир күн болбосо экинчи күнү алдап кетүүсү толук ыктымал. Ошондуктан айтылып калса керек "Эркекке ишенгиче эки босогоңо ишенгин" -деп, алар табиятынан түркөй келишет. Динара эже сиз мындан ары өзүңүздүн бактыңыз үчүн гана күрөшпөй таза жашоо үчүн аракет кылып көрүңүз. Мүмкүн ымыркай багып алаарсыз. Өткөндү көп ойлобой келечекти ойлосоңуз ошондо баары жакшы болот! Замандаш сиңдиңиз, Медиана.
0773 0121...

Саламатсызбы Динара, сиздин жазгандарыңызды окуп туруп бир гана нерсе айта алам. Туура сиз кечирилгис болгон чоң ката кетирипсиз. Бирок, мындайда өз жаныңызды кыя турган болсоңуз сизди туугандарыңыз эмес Кудай да кечирбейт. Өз жанын кыюу өтө чоң күнөө. Айтаарым бар күчүңүз менен аракет кылып Кудайдан жардам сурап, намаз окуңуз. Намаз сизге жардам берет деп ойлойм. Анткени тообо кылсаңыз Кудай кечирет, ошону менен бирге туугандарыңыз да кечирет деп ойлойм. Үмүттүн шооласы үзүлбөйт демекчи жакшы нерселерге бир гана Алла Тааладан үмүт кылыңыз. Пенденин колунан эч нерсе келбейт. Ошондуктан убактыңыз барында тообо кылып кечирим сурап калыңыз. Сизге бакыт каалайм Алла Таала тууган уругуңуз кечирсин деп мен да ар намазымда тилейм деп сиңдиңиз С.Н.М!!! 07730145...


Динара, болгон иш болуптур аны сен өзгөртө албайсың. Алдыда сен баарын ак барактай тазалыктан башта. "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" эмеспи, ким эле идеалдуу таза адам болсун. Сенин жасаган ишиңден да жаман иштер жашоодо болуп жатпайбы. Бирок, сеникин жакшы дебесмин. Баарыбызга белгилүү болгондой биз бул жашоого келген аз күндүк конокбуз да ошондуктан бул жалган дүйнөдө чынчылдык менен жашообуз абзел. Сени да ошого мына ушундай тазалыкка чакырмакмын. Анан айтат го, мусулман адамы баары тууган деп, кеңешин айткан туугандарыңыздын бири Билим. 07728337...


Жашоо деген жалындаган от да, ага саресеп салбай кармап алгандардын колу күйүп калат. Динара, сен эки ирет жаңылыпсың, эми үчүнчүсүн кайталабачы... 130

Чоң кыз, акылды кудай эмнеге берди эле? Жашоодо кумардан да кызыктуу нерселер көп да, апаңды сен эмес мен да аяп жатам. Байкуш энең, күнөөнүн баары өзүңдө. Көзүңдү чоң ач. 130

"Обонго" билдирген абалың өтө оор экен. Бирок, кыздардын баары сендей эмес. Баарына өзүң күнөөлүүсүң. Кийинки жашооңду бир кудай билет. Жакшы ойлон эми. Окурман. 130

Эгер колумдан келсе сизди жубайлыкка алмакмын. Ырас сиз наадан адамдарга жолуккан экенсиз. Сиз үчүн жаным сыздап турат. Мен да абалыңызга түшүнүп руханий жактан болсо да сизге азык бергим келет. Ырасында экинчи ирет жездеңиздин азгырыгы болбосо жаңылбайт элеңиз да... Турмуш соккуга алган пендесин кайра-кайра жабырлантпаса. Эми сиз үчүнчү ирет эч качан жаңылбашыңызга ишенем эжеке, кол кармаштыкпы? Эрик... 130

Мында сен өзүңдү сыйлабагансың. Кыска ойлуулук менен жасаган алгачкы жаңылууңду экинчи ирет да кайталагансың. Мындай оор катачылыкты чынында пенде кечире албайт. Мен ойлойм мындайда чын жүрөгүңдөн зар какшап ыйласаң жалгыз гана жараткан кечирүүсү мүмкүн. Анан да кудай жолуна түшсөң аллах багыңды, жарык жолуңду таап берет. 0773 7439...

Чынында өтө жаңылыш иш жасаган экенсиң. Бирок, жаңылыштыкты түзөө ал адамдын чыныгы касиетинде. Мындан ары өзүңдүн мүнөзүңдү оңо, ошондо гана келечекте сени түшүнгөн мырзага жолугасың. Мүмкүн, сенин жашооңду оңоого мен да жардам берет белем, бирок, мен жаш болгондуктан көмөк көрсөтүү колумдан келбейт. "Жашоонун өзү чын коргон, жандырып айткан ким болгон" -дейт элибизде чиеленген татаал турмушуңду оңдоп кетүү жалгыз өзүңдүн колуңда. 07771117...

Динара жашоо берген бир Аллах, жан кыйбаш керек. Өзүнүн жанын кыюу чоң күнөө. Кудай тоодой күнөөлөрдү кечирем деген, тообо кылып жакшы жолго түшсөңөр. Анан да мечитке баргыла. 07739529...

Эй чоң кыз, кандай акылың тайыз ээ, мейли биринчи жигитиңден алдандың дейли экинчи жездеңчи!.. ага эмне дейсиң? Мейли эми учурунда акылыңдан адашкан экенсиң эми эсиңе келээрсиң!.. Сен үчүн түйшөлгөн окурман. 130

Баарына күнөөлүү өзүң! Учурунда ойлонушуң керек эле да... Эми да кеч эмес жашооңду оңоо жалгыз гана өзүңдүн колуңда. 0772 3838...

Акылың кайда эле мурун! Албетте, баарына сен жалгыз күнөөлүү эмессиң, жигитиң Кайрат менен жездең Мараттын да күнөөсү тоодой экен. Эркектер табиятынан шашма анан мүнөттүк кызыкчылыгын ойлогон жандык да ошону мурдатан эсиңизге алсаңыз болмок... 130

Даярдаган Ч. Абрдаева




  Мирбек Иманбековго арналган "Сезим сыры"

"С" -дан созулган сүйүүмдү сүйүктүүм сага сунам!
Сени ойлосом сезимимде от жанат,
Сени эстесем карегимден жаш тамат.
Сыйкыр күчүн тартып алган өңдөнөт,
Сен дегенде жүрөк кургур элжиреп.

Сүйүктүүм сени сагындым... Сагыныч сезимимди сүрөп, сүйүү сүрдөтүп сага саламым сунам. Садагам сыркоодон сырткары сак-саламатсыңбы? Сенсиз сабырым суз, санаам сансыз, сагыныч саргайтып соолутууда. Суранам сенден сезимиме суу сээп соолутпай, сүйүнтчү, сүйүү себелечи. Сагынычтын соккусу суук сыйыртмакка салат. Сүйүү сыйырына сапарлаша сыйыртмактан суранам. Сен сагынычымдын сансыздыгын сезгин. Сымбаттуум сагынгандан сүйлөшүүнү самайм. Сүйүүңдөн соога сурайм. Сүйүүлөр соолубасын. Сыздаган сыбызгыдай сыздабайын сүйгөндүгүм, сүйөөрүм сенде сабактай сакталсын. Сен сагынычымсың, санаалашымсың, сүйүктүүмсүң, садагамсың, сындуумсуң сен сыймыктанаарымсың. Сенин сүрөтүңдү сумкама салып сактап, сүрөтүңө суктана сонуркайм. Сыйлайм сени сүйүктүүм, салкын сүйүүңдү сездирбей, сүйүүмдү сезип сүйүндүр! Самаганым, сагынганым сенсиң.
Сулуулукту сага сурантпай сунуптур, сулуулугуңа суктанам. Сыр сактабайм сенден, садагам сүйлөшөөр сөздөр сансыз, санаага салбачы. Сен сымап сыяктуу сыйдасың. Себеби, сулуулугуңа суктангандарга саресеп салбай, санаага салып сыйгаланып сыртка сапар саласың. Сап-сап сырларыма саресеп салчы, суранам. Сага сүйүүмдү сунам. Саймалуу сызыктар созулбай сүйүүм сенделүүдө. Сумсайтпачы, суусу соолуган сайдаймын, сүйүүм сени сынабай, сүйүктүң сынайт. Сен сезгин сүйүүдөгү сырдуу седебимсиң. Суранам сенден сүйүктүүм салтанаттуу сүйүүгө салымыңды сал садагасы. Сендик сезимге сыйбагандай, сырттагыдай суук сезимиңди сездирбечи. Сыйымды сезчи, сүргүндөгү Сатылгановдой сыздатпагын, сылык сүйлөсөң сүйүнөмүн. Сени суук сезимден сууруп сырдуу сандыгыма салам.
Сага сунуш кылам: санаага салып сезимдеримди солгундатпай сүйүүмө саресеп салып, сээрүүндөтүшүңдү суранам. Сенин саламатчылыгыңды самап, сүйүүңдү самап, сыйлап, сүйүүсүн сунуп саймедиреген сагынычы сабаалаган, сенден сүрдөгөн, сени сүйгөн сүйүктүүң.

Сени сүйгөн сырдуу Сезим











??.??