presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№16, 21.05.08-ж.
  Спорт

Хоккей
Россия - Канада финалда
16-17-майда Канада мамлекетинде хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалдык оюндары аяктады. Анда Россия - Финляндия, Канада - Швеция менен ойношкон. Россия Финляндияны 4:0 эсебинде жеңип, финалдык оюнга жолдомо алды. Канада Швеция менен ойноп, 6:5 эсебинде жеңип чыкты. Эми Россиянын кийинки теңтайлашуучусу 2007 - жылдын дүйнө чемпиону Канада болмокчу.

Теннис
Шарапова - №1 ракетка
Кечээ күнү россиялык Мария Шарапова WTA (Аялдар Теннис ассоциация) боюнча дүйнө жүзүнүн биринчи ракеткасы аталды. Бул убакытка чейин биринчилик Жюстин Энендин колунда болгон. 14-майда Жюстин карьерасын аяктагандыгын билдиргенден кийин, WTA тизмесинен алынып, Шарапова биринчиликке чыкты. Карьерасында Шарапова 4-жолу дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты. 21 жаштагы Мария WTA боюнча биринчи орунга чыккан жалгыз россиялык теннис оюнчусу. 2008-жылдын сезонунда Мария Шарапова үч турнирде жеңишке ээ болгон. Ошондой эле Австралиянын Ачык Чемпионатында да жеңишке жетишти.

Бокс
Рой Джонс Крис Берд менен мушташмакчы
Орто оор салмактагы экс-абсолюттук чемпион Рой Джонс оор салмактагы экс-чемпион Крис Берд менен күч сынашканы турат. Бир канча жума мурда Рой Джонс WBC, WBA, WBO наамдарындагы британиялык чемпион Джо Кальзагени рингге чакырган эле. Джо Кальзагеден кийин Рой Джонс Крис Берд менен келишим түзүп оор салмакта беттешмекчи.

Жеңил атлетика
Протез менен чуркап…
Түштүк Африка Республикасынын жөө күлүгү Оскар Писториуска Олимпиадага катышууга уруксат берилген. Оскардын эки буту тең протез. 2007-жылы Эл аралык жеңил атлетика федерациясы Оскарга мелдештерге катышууга тыюу салган эле. Бул жылы Оскар Спорт арбитраждык сотуна CAS кайрылган. Жыйынтыгында Оскарга жайкы Олимпиадага катышууга уруксат беришкен.

Кыргыз спорту
Дордойдун" экинчи ири жеңиши
16-майда "Дордой - Динамо" - "Дордой - Плаза" менен оюн өткөрүп, 3:0 эсеби менен жеңишке ээ болду. Алгачкы голду оюндун 1-бөлүгүндө Азамат Байматов киргизген. 89-минутада Артем Муладжанов эсепти 2:0 өзгөртүп, 2-кошулган минутада Ильдар Амиров акыркы голду киргизип, "Дордой - Динамо" жеңишке жетишкен.

Футбол
Роналдиньо "Миланга" өтөбү?
Кийинки жумада "Милан" клубу "Барселона" клубуна Роналдиньону сатып алуу боюнча официалдуу түрдө сунуш киргизет. Ona FM радио булактарынын билдирүүсүндө испания менен италиялык клубдар буга чейин сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп Роналдиньону 25 млн. еврого баалашкан. Дагы бир кабар боюнча бул эки клубдун келишимине Москва шаарында Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнунда кол коюшат.

"Зенит - Чемпион!!!"
"Зенит" 2007/2008 - жылдын УЕФА кубогунун чемпиону аталды. 14-майда Англиялын Манчестер шаарында питердик "Зенит" шотландиялык "Глазго Рейнджерс" клубун 2:0 эсебинде жеңип чыкты.
Биринчи голду 72-минутада Игорь Денисов, экинчиси 90 (+3) минутада Константин Зырянов киргизген.
Оюндун башынан баштап россиялыктар коркунучтуу чабуулдарды көрсөтүшкөн. Оюндун биринчи бөлүгү 0:0 эсеби менен аяктаган. Экинчи бөлүгүндө 72-минутада Игорь Денисов Аршавиндин жардамы менен шотландиялык дарбазачы Александерге гол киргизип, эсепти ачты. Экинчи топту Зырянов Фатих Теккенин топту узатуусунан киргизди.
"Зенит" тарыхта биринчи жолу УЕФА - чемпиону аталды. 2005-жылы ушул эле кубокту ЦСКА алган.

УЕФА: финал оюну
"Зенит" (Россия) - "Глазго Рейнжерс" (Шотландия) - 2:0 (0:0)
Голдор: Денисов, 72 (1:0). Зырянов, 90 (2:0).
"Зенит": Малафеев, Крижанац, Фатих Текке, Аршавин, Ширл, Широков, Зыряннов, Файзулин (Ким Дон Чжин,90), Анюков, Денисов, Тимощук.
"Глазго Рейнжерс": Александер, Уэйр, Папач (Начо Ново,77), Фергюсон, Хемдани (Маккалох,80), Томсон, Даршевиль, Броадфут, Куэльяр, Уиттакер (Бойд,86), Дэвис.
"Зенитти" Валуев тосуп алды
УЕФА чемипиону "Зенит" оюндан кийин Петербургдун "Пулково" аэропортуна конгон. Аэропорттон "Зенит" оюнчулары аскер оркестрдин коштоосунда чыгышкан.
Чемпиондорду атайын Санк-Петербург мэри Валентина Матвиенко, актер Михаил Боярский, ААК "Газпром" президенти Алексей Миллер, бокс боюнча экс-чемпион Валуев атайын куттукташкан.

Россия курама командасы
Өткөн жума Россиянын башкы машыктыруучусу Гус Хиддинк Таганкада "Футбол үйүндө" пресс-конференция өткөргөн. Бул конференцияда Гус Евро - 2008ге бара турган оюнчуларды атады.
Төмөндө Россиянын курама командасы:
Дарбазачылар: Игорь Акинфеев, Владирим Габулов, Вячеслав Малафеев. Коргоочулар: Александр Анюков, Денис Колодин, Василий Березуцкий, Алексей Березуцкий, Сергей Игнашевич, Роман Широков, Ренат Янбаев. Жарым коргоочулар: Игорь Семшов, Дмитрий Торбинский, Динияр Билялетдинов, Коснтантин Зырянов, Юрий Жирков, Владимир Быстров, Сергей Семак, Олег Иванов, Олег Саенко, Андрей Аршавин. Чабуулчулар: Павел Погребняк, Роман Павлюченко, Дмитрий Сычев, Роман Адамов, Александр Павленко.

Федор Емельяненко - эң күчтүү мушкер
o Pride версиясынын профессионал урушунун 4 жолку чемпиону
o Pride Гран-Принин жеңүүчүсү
o Самбо боюнча Европа, дүйнө чемпиону
o "Алтын Кур" улуттук сыйлыктын ээси
Салмагы: 106 кг, бою - 182 см. жалпысынан 26 уруш өткөрүп, 25 жолу жеңишке ээ болгон.
Федор Владимирович Емельяненко 1976-жылы 28-сентябрда туулган. 1987-жылдан баштап Александр Невский атындагы жаштар клубунда дзюдо боюнча машыга баштайт. Машыктыруучусу Василий Иванович Гаврилов.
21 жашында Федор самбо жана дзюдо боюнча спорт чебери (мастер спорта) аталган. Бир жылдан кийин дзюдо, самбо боюнча өлкө жеңүүчүсү аталып, Россиянын олимпиада курамына кирген. Ошол эле жылы самбо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
1998-жылы дзюдо боюнча "А" классындагы турнирде 23 жашка чейинки Россия чемпиону аталган. Калининградда самбо боюнча Россия чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү, кийинчерээк Россия Куралдуу Күчтөрүнүн турниринде күмүш медалдын ээси , 1999-жылы Стамбулда дзюдо боюнча Европа чемпиону. Ошол эле жылы дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
2000-жылы Федор Александр Васильевич Мичковдон уруу техникасы боюнча сабак алган.
2008-жылы "Рингс" версиясында эрежесиз урушта дүйнө чемпиону. Ушул жылы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону.
2002-жылы эң престиждүү "Pride" эрежесиз урушуна өткөн.
Үч жолу самбо боюнча чемпиону:
o 2002-жыл, май (Греция)- "+100 кг" дүйнө чемпиону
o 2002-жыл, октябрь, (Панама) - дүйнөнүн абсалюттук чемпиону
o 2005-жыл, октябрь (Чехия) - "+100" дүйнө чемпиону
Белгород мамлекеттик университетине тапшырган. Азыркы учурда БелМУ нун 4-курсунун студенти. 2002-жылдан баштап Александр Невский атындагы спорт клубунда спортсмен - инструктор
2003, 2004,2005,2006-жылдары - "Pride" версиясынын дүйнөнүн абсолюттук чемпиону.
2003-жылдан баштап дүйнөнүн эң күчтүү мушкери
2005-жылы Росиянын Эмгек сиңирген чебери
Федор аркылуу орус самбосу дүйнө жүзүнө таанылган.
2006-жылы The New Yorк Times гезити Федорду 1988-жылдагы Майк Тайсон деп атаган.










??.??