№16, 21.05.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Дүйнөнү дүңгүрөтүп, жар сала ырдаган Мустафа Сандалды а түгүл кыргыз эли угуп, айрымдары кумир тутуп да келет. Ырларынын сөзүн, музыкасын да өзү жазат. Мына ушундай көп кырдуу таланты бар Мустафага азыркыдай байлыкты, карьераны музыка дүйнөсү жана өзүнүн таланты алып келгени баарына белгилүү болсо керек.

Мустафа Сандал
Жалындаган жаштык кез
Мустафа Сандал 1970-жылы 11-январда Стамбул шаарындагы Бешикташ районунда жарык жашоого келген. Түркиянын атактуу комедия актёру, маркум Кемал Сунал жубайын боюнда бар кезинде таштап кетип, кайра кайрылып келбей койгон. Мына ушул себептен Мустафа аны "атам" дегенге оозу барбай келет. Ал тургай, Кемал Суналдын өлүмү Мустафанын атасына муздаган жүрөгүн жибите алган эмес. Буга албетте, атасы тирүү кезинде уулунун бар экендигине кызыгып койбогондугу себеп болсо керек.
Жогоруда айтылгандай, анын балалык кези атасынын мээримисиз өткөн. Мустафаны ушул даражага жеткирген анын тубаса таланты. Себеби, музыка дүйнөсүнө наристе кезинен эле жакын. Мустафа Сандал алгач урма аспаптарда ойноону жактырчу. Анын урма аспаптары үйүндөгү буюмдары эле. Кичинекейинен эле түрк ырчыларынын ырларын укканда ырдын ыргагына жараша ар нерселерди ургулап, коштоп калуу адаты болгон. Мына ошентип, ааламды кучагына камтыган жигиттин өнөрлөрү өөрчүп, гитара ойноого умтулат. Эс тартканда гитарада ойноону толук үйрөнүп, өз алдынча кайрыктарды жарата баштаган. Алгач Стамбул шаарындагы "Ozel Dost" колледжинде билим алып, андан соң Швейцариядагы "College du Leman" колледжинде уланткан. Окуусун дагы терең өздөштүрүү үчүн "Boston New Hampshire College" де окуп, анча-мынча кыйынчылыктарга туруштук бере албай эки жарым жылдык билими менен Түркияга кайтып келген.
Бирок, апасы уулунун музыкант болушун каалаган эмес. Болгону бизнесмен болсо деп тилеп келчү. Ошентсе да эненин каалоосу кандайдыр бир деңгээлде аткарылды десек да болот. Анткени, Мустафа шоу-бизнеске жетеленип кеткени менен учурда бизнес-менеджмент кесибинин ээси.

Чыгармачылыктагы алгачкы кадамдар
Мустафа Сандалдын музыкалык карьерасы Онно Тунча, Сельчук Башар, Учр Башар, Гаро Мафьян сыяктуу түркиялык абройлуу музыканттарга жардамчы болуп иштеп жүргөнүндө башталган. Ал тажрыйбалуу инсандардан алган таалим-тарбиясы аны акын катары ырларга сөз, композитор катары музыка жазуусуна түрткү берген. Ал Zerrin Ozer, Hakan Peker, Yonca Evcimik, Aysegul Aldinc аттуу ырчыларга ырларын берип турган. Акыры ырлары эң көп талап кылынган автор болуп чыга келген.

Дүйнөлөк атакка бир кадам
Акын, композитор катары бир топ аброй топтоп алган Мустафа өз ырларын өзү аткарууну чечет. Алгач 1994-жылы өзүнүн аткаруусундагы "Менин күнөөм" ("Suc Bende") аттуу альбомун жарыкка чыгарат. Бул альбом 1.5 миллион кассета түрүндө, 2 миллион CD түрүндө чыгып, рекорд коёт. Үч айдан соң, Мустафанын Түркияда 140, Европада 30 концерти аншлаг менен өтөт. Буга чейин ыр жазып, урма, гитара аспаптарында кол ойното билсе, эми өз үйүнө студия ачып, аранжировка жасаганды үйрөнө баштайт.
1995-жылы Сибель Алаш аттуу ырчынын "ADAM" альбомунун аранжировшиги жана директору болуп, жарыкка чыгарып берет. Мустафа Лондонго жашап, чыгармачылыгын андан да терең өркүндөтөт.
1996-жылы "Көлөкөдө деле ошондой" ("Golgede Ayni") аттуу экинчи альбомун чыгарат. Бул альбомунда 2 миллион кассета, 600 миң CD сатылган жана жер-жерлерде 140 концерт берген. Стадиондорго масштабдуу деңгээлдеги концерт уюштуруу менен 20 000 күйөрмандарын чогулта алган. Экинчи альбомдун биринчи альбомдон өзгөчөлөнүп турган жагы бар. Ал толук бойдон Мустафаны жеке студиясында жана өзүнүн продюсерлиги аркасында жарык көргөн. Түркиянын көрүнүктүү ырчыларына Izel жана Reyahan Karaca га продюсер болгон. Продюсерлик кылуу менен бирге Мустафа клиптерге да режиссёрлук кылуу менен алектенип келет.
Учурда Мустафа Сандалдын ырларын Европада, Азияда жана башка жер-жерлерде угуп, теле-радиолордон тынбай ырлары жаңырып келет. Албетте, түрк ырчысы үчүн дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөрүнүн арасында мынчалык атакка жетүү өтө кыйынга турганын, ал атак-даңкка жетүү үчүн Мустафа жанын үрөп, эбегейсиз эмгек жумшаганын эскерте кетсек.




"Блестящие" тобу тоноого туш болду
Бул белгилүү топтун курамындагы кыздар Аня Дубовцкая менен Надя Ручка жакында эле көчөдөн тоноого туш болду. Тамактануучу жайлардын бирине жаңы эле кирип отурушкан ырчы кыздар эшиктен айнектин сынган үндөрү угушаары менен сыртка чуркап чыгышкан. Көргөн көздөрүнө ишенбеген эки кыз дароо милиция чакырышат. Анткени, Аня Дубовцкаянын машинесинин астынкы айнегин талкалап, ичиндеги болгон буюмун алып кетишкен. Таңкы саат төрткө чейин милицияга көрсөтмө берип чарчаган Аня менен Надя кылмышкерлерди кармап, жаза беришээрине деле көздөрү жетпейт.

Алсу кызына ат койду
Жакында эле кыздуу болгон татар кызы Алсу күйөөсү Ян экөө ойлонуп отуруп, кичинекей ымыркайына Микелла деген ысым ыйгарышты. Эми Микелла Яновна Абрамова ата-энеси, эжеси Сафина менен Россияга келишет. Жеке жашоосу бир нукка түшүп, өз орду менен бара жатса да Алсу азырынча чыгармачылыкты арткы орунга жылдырууну туура көрүптүр.

Жанна Фрискенин жаңы клиби
Чырайлуу ырчы Жанна Фриске жакында эле өзүнүн "Брюнетки - блондинки" аттуу ырына Киевге барып клип тарттырып келди. Бул клип Алана Бодоеванын идеясынан жаралган. Сюжет боюнча жаш жигит келе жатып кызыл түстөгү кутуча таап алат. Дароо аны ачып ырчынын сыйкырдуу турмушуна түшүп калат. Клип тартылып бүткүчө шоу-бизнестин ханбийкесине жыйырма жолу кийим которуусуна туура келген. Эми кылган эмгегинин акыбети кайтып, эң жогорку сапаттагы тартылган клип ырчынын атагын дагы алыска таратаарына шек жок.

Дмитрий Дюжев ырчы болот
"Бригада" тасмасына тартылып, калың элге таанылган Дмитрий жакында эле "Эки жылдыз" долбоорунда Тамара Гвердцители менен ырдап чыккандан бери ырчылык менен алектенүүгө бел байлады.
- "Адам кааласа баарын кылат тура, мен өз кесибимди таштап биротоло ырчы болоюн деген оюм жок, жөн гана эки кесипти бирдей алып кетким келет" - дейт Дюжев.

Тина Кароль тымызын турмушка чыкты…
Украиналык ырчы Тина эч кимге билдирбей жашыруун турмуш жолуна аттанды. Мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгонун такташ үчүн журналисттер ырчыга кайрылышса, Тина маалымат берүүдөн баш тартты. Дале жаны тынбаган журналисттер ЗАГСка барышып, Кароль Ким менен качан каттоодон өткөнүн такып сурашса, алар болгону Тина январда өзүнүн туулган күнүндө турмушка чыкканын айтканы менен Ким менен баш кошконун жар салышкан эмес. Эми кабарчылар ырчыны продюсери Евгений Огир менен чогуу жашайт деп болжолдошот. Себеби Тина продюсери менен жаңы иштеше баштаганда эле, эми мен жашоодо түгөйүмдү таптым деп жар салганы баарынын эсинде болсо керек.

Алена Апинанын ден-соолугу кескин начарлады
Белгилүү ырчы Алена Апина Черноблга гастролдоп барып, ден - соолугу начарлап, жапа чегип жаткан учуру. Мындай абалга келүүсүнүн себебин ал туура эмес тамактанып, бирде жылуу, бирде суук аба ырайына туш болгондугу менен түшүндүрөт.
Мындан тышкары ал болгон жерине суук тийгизгени аз келгенсип, эми эне болуу бактысынан ажырашы толук мүмкүн. Доктурлардын койгон бул диагнозу азыр ырчынын эсин оодарып, көңүлүн түшүрүп турган чагы.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева