№16, 21.05.08-ж.
  Акылдуулар ааламы

Адамдан кийинки акылдуу жаныбарлар
Дельфиндер аз укташат
Швейцариялык профессор А.Портман жаныбарлардын арасында изилдөө жүргүзүп көрүп, адамдан кийинки эле эң күчтүү өнүккөн акыл дельфинге таандык экенин аныктап чыккан. Дельфиндердин акылдуулугун аныкташ үчүн атайын Маямиге машыктыруу үчүн беш дельфин алып келишип, торчого камап коюшат. Ал торчодон алыс эмес жерде үйрөтүлгөн бир нече дельфин камалып турган. Эртең менен "сабакты" баштайбыз деп кеткен машыктыруучулар эртеси келип таң калганынан ооздору араандай ачылган. Анткени, алар үйрөтө турган көнүгүүлөрдү таң атканча аларга чейин эле берки "профессионал" дельфиндерден үйрөнүп алышкан. Эң кызыктуусу эки башка тордо камалган дельфиндер бири-бирин көрбөстөн жөн гана таң аткыча үн алышып "маектешип" чыгышкан.
Британияда деңизден жол таап адашпас үчүн деңизчилер атайын ушул суу жаныбарын үйрөтүп кызматын пайдаланышчу. Бир дельфин 25 жылдан ашык адамдарга жардамын тийгизип келген. Сүт эмүүчүлөр тобуна кирген бул жаныбар ички туюму адамдыкынан да күчтүү өнүккөн болуу керек деген болжолдоолор бар. Дагы бир кызыктуу көрүнүш - дельфиндер өтө аз укташат. Себеби, алар уктаганда мээси толугу менен иштен чыгып калат.
Таффи аттуу дельфинди америкалык саякатчылар кат ташыганга, курал - жарак алып келгенге жумшаш үчүн сынактан өткөрүшөт. Эгерде кимдир бирөө деңизге өтө терең сүзүп кетсе кайра жол таап келе албасына көзү жеткен Таффи дароо ал адамдын артынан барып ээрчитип келе турган. Сынактан ийгиликтүү өткөн Таффини "кызматка" дароо алышкан да, ракеталык полигондун бирине жумушка орноштурушкан. Деңиздин кайсыл жеринде ракета катылса Таффи дароо тапкан, себеби өзүнүкүнө окшогон чыйкылдаган үндү ал бат эле ажыратып таба алган.

Маймылдар мекенчил келишет
Адамга түспөлдөш маймылдардын башынын көлөмү кичирээк болгону менен мээси, акылы жагынан кээ бир адамды алдына чыгара койбойт.
Шимпанзе - өзүн-өзү күзгүдөн тааный турган азырынча жалгыз жаныбар. Жапайы, колго үйрөтүлбөгөн маймылдардын акылдуулугун тастыкташ үчүн окумуштуулар чытырман токойго барып артынан аңдууларына туура келген. Маймылдар чын эле изилдөөчүлөрдүн үмүтүн актаган, тагыраак айтканда саздын бир бетинен экинчи бетине өтүш үчүн адегенде чоң таяк менен саздын тереңдигин өлчөп көрүп анан гана өтүшкөн. Мындай акыл ар бир эле адамдын оюна келе бербесин мойнуна алган окумуштуулар атайын бир маймылды зоопаркка алып келишет. Анын жашоосуна кызыгуусун арттырып көрүшмөк болот. Жыйынтыгында жылуу жумшак жай болсо да капаска түшкөн жаныбар кадимкидей мекенин, досторун сагынып куса болгон. Бирок, бара-бара тагдырына моюн сунган маймыл көнүп ал тургай "банан", "жүзүм", "шире" деген сөздөргө өзүнчө үн чыгарып, өз тилинде ат коюуга үлгүрөт.
Чикагодогу Брукфилд зоопаркына туш болгон маймылга Бабе аттуу ысым ыйгарышат. Бабе бара-бара "үйбүлөлүү", кыздуу болгон. Кийинчерээк баары бир эркиндикти эңсеген Бабе зоопарктын жумушчусун алдап, алаксытып качып кетет. Тилекке каршы жаныбардын мындай акаратына чыдабаган адамдар Бабени атып өлтүрүшкөн.
Ал эми анын кызы Мойя апасынан айырмаланып адамдарга өтө жакын болуп, ачык түстөгү кийимдерди кийгенди жактырып, англис тилинде 180 сөздү жатка билет.

Пилдер кекчил келишет
Дельфиндерден кем эмес акыл пилдерде да бар. Бирок, алардан айырмаланып пилдер бир топ кекчил болушат. Эгерде сиз пилди таарынтып алсаңыз, анын алдынан экинчи жолу эзели көзүнө көрүнбөңүз. Анткени, жогоруда айтып өткөндөй алар адамдын кылган жамандыгын өмүрү унутпагандыктан таш талканыңызды чыгаруусу мүмкүн. Адам сыяктуу эле алар да өлгөн пилге көп маани беришет. Эгерде өзүлөрүнүн тобунан бирөө өлсө тумшугун өлгөн пилдин бутуна бир нече убакыт тийгизип турушат да, топтолушуп баштарын бир аз көтөргөн абалда чогуу бир үн чыгарышат. Бул алардын өлгөн пилге болгон урматтоосу болуп эсептелет. Ал эгерде сөөгү сөпөт, устуканы упат болгон пилдин сөөгүн таап алышса, анда аны бир топ убакыт бою бир жерден экинчи жерге ташып жүрүп отурушат. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, пилдер өз ара 70 тен ашык белги аркылуу пикир алмашышат. Булардын үн алышканын адамдар угууга мүмкүн эмес болгондуктан атайын микрофон ойлоп таап, изилдөөчүлөр Африкага бир нече айга барып, пилдердин "диалектикасын" түшүнүүгө болгон аракетин жумшашкан.
Таиландда болуп өткөн суу каптоодо кичинекей балдарды коркунучсуз жерге, жээкке алып чыгууга дал ушул пилдер келген, себеби жогоруда болуп өткөн кырсыкка чейин пилдер бир нече жолу көлмөгө келип эс алып кетишчү. Ошол күнү чоң толкун каптаганда пилдер керектүү маалда пайда болушуп, жондоруна болушунча балдарды отургузуп алып, суудан алып чыгышкан. Ушундай акылдуу жаныбардын жардамы менен балдар аман-эсен калышкан. Сыягы "Аш менен урганды аш менен, таш менен урганды таш менен уруу" дал ушул жаныбарлардын жашоосундагы урааны окшойт.

Чычкандар жердин титирешин алдын ала билишет
Дээрлик баарыбыздын үйүбүздө чуркап, итиркейибизди келтирген бул кичинекей жандыктар - чычкандар да укмуштуудай акылдуу болушат экен. Булардын бирден-бир артыкчылыгы- жер титирөөнү алдын - ала билишет. Жер титирээр алдында чычкандар тынымсыз ары-бери чуркап, баштарын жерге ката беришет. Токойдо жашаган чычкандар тамак издегени чыкканда жолдон адашып кетпеш үчүн жалбырактарды, үлүлдүн уясын, дүмүрдү айтор, жолунан кандай белги чыкса ошонун баарын кылдаттык менен эсине түйүп калышып, үйүнө карай жолду дал ошол белгилердин жардамы менен таап келишет. Эгерде сиз капканга эт коюп эртеси карасаңыз капканга чычкан түшпөй, эт дагы жок болсо таң калбаңыз. Анткени, такшалган тажрыйбасы көп чычкандар этти алганга маш болуп бүтүшкөн. Алар пружинадан эт чыгып кетмейин силкий беришет да качан гана тамагы ыргыганда алып баса беришет. Тамакты ууландыруудан да эч майнап чыкпайт. Анткени, бардык жаныбарлардын ичинен дал ушул чычкандын жытка болгон туюму эң мыкты өөрчүгөнүн окумуштуулар эчак эле далилдешкен.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева