presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№16, 21.05.08-ж.
 

Чегараны ким коргойт?
Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков чегаралар маселесине токтолуп, аны жергиликтүү эл менен коргоого гана мүмкүн деген оюн билдирди. Анын айтымында, жер-жерлердеги бийликтин айрым өкүлдөрүнүн Кыргызстанга тиешелүү жерлерди өз алдынча сатуу фактылары катталган. "Мисалы, Араван районунда жергиликтүү бир жетекчи жерди сатып ийген. Баткен менен Лейлекте да жерди өткөрүп бергендер бар. Андыктан бул маселени катуураак карап, жергиликтүү элге шарт түзүп, колдоо көрсөткөндө жакшы болор эле", - деп кошумчалады Ж.Жээнбеков. Депутаттын айтымында, талаштуу жерлерде жаштардын саны кескин азайууда. "Чөп чапканга жаштар жок. Ал боштук коңшу өлкөлөрдүн эсебинен толуп жатат. Акырын жылып келип, чегарадагы арыктын бер жагына тазалап отурук алып, толуп баратышат", - дейт саясатчы.

Облустук гезиттер чыкпай калабы?
Ош облустук мамлекеттик акимчилик ээлик кылган "Ош жаңырыгы", "Эхо Оша", "Уш садоси" гезиттери мамлекет тарабынан каржыланбагандыктан учурда чыкпай калуу коркунучунда турат. Губернатор Аалы Карашев басылмалардын жетекчилери менен жыл башында жолугушуп, каржылоону улантуу боюнча убадаларды берген. Бирок, андан бери сокур тыйын бөлүнө элек. Айла курганда өлкө жетекчилигине кайрылышкан болчу. Акүйдөн ушул күнгө чейин жооп келе элек. Каржылай албагандан кийин облустук бийликке үч гезит кармоонун зарылчылыгы жок, бирөө гана жетишет. Акционерлештирүүгө, же менчиктин башка түрүнө өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү зарылчылыгы келип чыкканын белгилешүүдө.

Чыңгыз Айтматовдун ден соолугу кандай?
Казан шаарында "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде тартылып жаткан тасманын жүрүшүндө Ч.Айтматов Татарстандын республикалык клиникалык ооруканасына жаткырылган. Казан шаарына Айтматов "Россия" телеканалынын киночулар тобу менен келген эле. Чыңгыз Айтматовго канындагы уулуу заттарды тазалап, бөйрөгүнө жардам берүү (диализ) жасалды. Айтматовдун ден соолугуна Татарстандын саламаттык сактоо министри Айрат Фаррахов өзү көз салып Германиянын бир ооруканасына жаткырууга жолдомо берди. Чыңгыз Айтматовдун саламаттыгына анын бардык күйөрмандары тынчсызданууда. Биз дагы тезирээк сакайып кетиңиз деген тилектебиз.

Сариев айланып "Акшумкарга" конду
Партиянын лидерлеринин бири Темир Сариевдин айтымында, акыркы убактарда партиянын саясий кеңеши эки жолу чогулуп, эмки жумада үчүнчү жыйналышты өткөрөт. Июнь айында болсо партиянын курултайы чакырылат. Анда партиянын жана анын жер-жерлердеги баштапкы уюмдарынын ишин жандантуу, келе жаткан шайлоолорго катышуу максаты талкууланат. "Акшумкар" партиясынын түзүүнүн демилгечилеринин бири болгон белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов Кыргызстанда болсо курултайга чакырылат. Бирок, азыркы кезде ал бул жерде болбой жатат. Парламенттик шайлоодо "Акшумкардын" бир топ чыгаандары илгери үмүт менен "Атамекен" партиясына киришкен эле.

Жалил Садыков Султан Раевди сотко береби?
Белгилүү композитор Жалил Садыков Маданият министри Султан Раевди сотко берем кыязында гезиттердин бирине маек берген. Анын айтымында, эки ай мурда Маданият министрлиги "Бар бол, Нооруз" деген ырга хор жаздырып, аранжировкасын жасаткан. Аны үч кыз үч бала ырдап чыккан. Кылган эмгеги үчүн тогуз киши 27 миң 700 сом алышмак. Он эки миң сомун алышып, калганын эки айдан бери ала албай артынан ээрчип жүргөнүн билдирген. Бул Жалил аганын Ормон опузасыбы же чындап эле соттошобу көрө жатабыз.

Базардагы "бардак" качан жоюлат?
Базардагы башаламандыкты жоём десең соодагерлердин балээсине каласың. Ош базарындагы жашылча-жемиштер сатылчу "Жашыл базарды" ирээтке келтирүү рейдин жүргүзгөн. Атайы техника жана машиналар өтүү үчүн орун бошотулуп, 640 сатуучунун оруну кыскартылган. Алар үчүн "Арпа" жана "Аларча" базарларында орун бөлүнгөн. Ал базарларда орун жетишсиз экенин, ал жерде соода жүрбөй жатканын айтып, аларга "Жашыл базардын" өзүндө орун бөлүп берүүнү соодагерлер шаар бийликтеринен суранууда. Ленин районунун соода жана тейлөө бөлүмүнүн башчысы Жекшен Узакбаевдин билдиргенине караганда, эгерде соодагерлерге орун чындап жетишпей турган болсо, анда "Ош" автобекети "Жашыл базарга" кошулат. "Жашыл базарда" 15 миңге жакын адам соода кылат.

Миграцияга арналган тасма
21-майда "Миграция: Жибек жолунун башка жолу" аттуу 15 мүнөттүк даректүү тасманын бетачаары болот. Тасмада Каракулжа районунун Ылайталаа кыштагындагы бир нече үйбүлөнүн тагдыры чагылдырылган. Бул тасма эмгек миграция маселесин көтөрүп, анда миграциянын үйбүлөгө, ден соолукка жана балдардын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу айтылат. Аталган тасма 2 жыл бою тартылып, анын үстүнөн Швейцариянын Цюрих университетинин география илимдеринин доктору Сьюзан Тием жетектеген топ иштеген. Тасма эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча индиялык "Лос Панос" уюмунун көмөгү менен тартылган.

Бүбүсара Бейшеналиеваны эскерүү болду
Эскерүү Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнүнө карата уюштурулуп, ага опера жана балет театрында бирге иштеген кесиптештери, уулу Эрмек менен туугандары жана талантын баалаган адамдар чогулушту. Алар бийчининин эстелигине гүл коюшуп, кайталангыс талантын эскеришти. Опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов Бүбүсара Бейшеналиева канча кылым өтсө да кыргыздын маданиятынын үлгүсү катары эскериле берет деп билдирди. Б.Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Ташдөбө айылында туулган.
Ал эми "Хаят" мейманканасынын короосунда камалып турган эжекебиздин эстелиги өзүбүзгө тиймей болду" -деген таризде Данияр Үсөнов сөз айтты эле, илгери үмүт пайда болуп, эстеликке да көңүл бурган бирөө бар экен деп акыры камалган эстелик да өзүбүздүн карамагыбызга өтөт тура-деп ойлоп койгонбуз. Чынында "Хаят" мейманканасы борбор шаарыбыздын чок ортосунан орун алган менен анын ички бөлүгү бизге карабайт. Карамак турсун шыкаалап карап койгон адамды формачан бирөө жетип келип, ал жерден кубалап жибериши толук мүмкүн. Эми шаардын мэри Данияр Үсөнов эрдик кылып оозунан чыккан сөздүн өтөөсүнө чыкса дурус болот эле.




  Дүйнө дүбүрт

Горбачев сурак берет
Польшанын соту Ярузельскийдин иши боюнча Горбачев менен Тэтчерден суроону чечти. Экс-президент Войцех Ярузельский менен анын шакирттеринин ишин караган Польшанын соту күбөлүк көргөзмөлөрдү берүүгө СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачевду, Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчерди чакыраары маалымдалган. Горбачев менен Тэтчерден тышкары сот ФРГнын экс-канцлери Гельмут Шмидти жана американын белгилүү политологу - АКШнын президенти Джимми Картердин кеңешчиси Збигнев Бзежинскийди уккусу келет.

Орусияда "альтернативалык" парламент түзүлдү
Москвадагы Улуттук жыйындын ачылышына 500дөй делегат катышты. Гарри Каспаров парламенттин максаты "демократияны жана элдик өкмөттү калыбына келтирүү" экендигин белгилеп, ага катышпаган оппозициячыл партияларды сынга алды. Орусияда оппозиция барына оозуңузду ачып таң калбай эле койсоңуздар болот.

Янукович Раданы таркатууну жактайт
Аймактар партиясынын лидери Украинанын мурдагы премьери Виктор Янукович эгерде өлкөнүн саясий күчтөрү өз ара макулдаша алабаса Украинанын парламенти таратылууга тийиш экенин белгиледи. Мурдагы премьер Жогорку Раданын кароосуна киргизүүнү өзүнүн партиясы пландаштырып жаткан конституцияга түзөтүүлөр киргизилбей турган болсо, аны таратуу мүмкүнчүлүгүн талап кылат.

Барымтадагы пакистандык дипломат бошотулду
Тарик Азизуддин 11-февралда Кабулдан Пакистан менен чек араны көздөй бараткан жолдо айдоочусу менен кошо дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк аны Оогандар тарабынан барымтага алынганы маалымдалган.

Кытайда кыйроо болду
Kытайда зилзала аймагында үч киши, анын ичинде бир немис туристи куткарылды
Алар Сичуан дубанындагы катуу жер титирөөдөн соң 114 сааттан кийин аман табылды. Буга чейин да көп киши куткарылган эле. Бийликтер курман болгондордун саны 29 миңге жеткендигин, дагы 200 миңдей киши жараат алгандыгын билдирүүдө.

Ригада бриллианттар салынган сейф уурдалды
Ригадагы Maxima соода борбору тонолуп, жалпы наркы бир нече ондогон миң лат турган бриллианттар салынган сейф уурдалган. (10 миң лат - бул 22 миң долларга жакын) Volkswagen Passat автомобили менен келген тоноочулар дүкөндүн каалгасын жамгырдай теше аткылап, андан кийин ювелирдик дүкөндөн сейфти алып чыгып, кылмыш жасаган жерден башка машинага түшүп жашырынып кеткен.

Приморьенин губернаторунун үйүнө тинтүү жүргүзүлдү
Приморьенин губернатору Сергей Дарькиндин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Владивостокто мамлекеттик кыймылсыз мүлк объектерин мыйзамсыз менчиктештиргендиги жөнүндө кылмыш ишинин чектеринде Приморьенин укук коргоо органдары Дарькиндин үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, документтери менен сейфти алышкан.

"Жинденген чиркейлер" чабуул коюуда
Техас штаты "жинденген чиркейлердин" каптоосун баштан кечирүүдө. "Paratrechina" түрүнө таандык болгон жана элде "Рэсберрлинин жинденген чиркейлери" деп аталган чиркейлердин түрлөрү электр приборлоруна жана техникага өтө эле жармашуулары менен айырмаланат. Азырынча аны окумуштуулар түшүндүрө алышпай жатат.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ









??.??