presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№16, 21.05.08-ж.
 "Обон"-почта

69-55-77, 44-98-21 телефон-доруна чалыңыз же болбосо
OBON
сөзүн жазгандан кийин сөзсүз боштук калтырып текстиңизди жазып,
4436
номерине SMS жөнөтүңүз,
SMS баасы 0,5$.

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге жөнөткөнгө шашылыңыздар!..
Сиздердин ой-пикирлериңиз гезит бетине жарыяланат. Мыкты деп табылган SMS билдирүүлөргө атайын белектер бар.

Ошондой эле гезиттин электрондук почтасына,
obon_pr@mail.ru дареги боюнча жиберсеңиздер болот.
Мындан сырткары

0555 002691, 0555 000986
жана 0773 999269
номерлерине SMS жөнөтсөңүз болот.


ОП-16-01. Саламатсызбы Кундуз. Сиздин келбетиңиз 90-60-90 дешет. Жолугалычы, байкап көрөбүз. Бирок, мага 90-60-90 деген ырыңыз аябай жагат. Феруза 07730447хх

ОП-16-02. Урмат Усенов, сенин ырларыңды угуп көз жашымды тыя албай калам. Жүрөктү туйлаткан сезимди козгойсуң жаным. Калима 07730129хх

ОП-16-03. Салам, салам, саламбы?
Салам айтсам жаманбы? Саламым жан шериктерим Обонушкаларга
Биринчиси - Кыргызстан обондору, экинчиси - "Обон" гезити. Бири жок болсо, бири жан шерик болуп жүрөт. Феруза

ОП-16-04. 90-60-90 Кундуз, сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Дайыма бар бол. Мая

ОП-16-05. КУУнун ЛАК - 2-06 группасындагы эжем Ясминага салам. Света, сизге салам, мен сүйөм, жүрөк сүйөт чексиз арман, сизди сүйүп башка жанга кантип барам . Сизди ойлоп өткөргөн айлуу кечти мен кантип башка менен өткөрө алам. Сизди эмес талантыңызды сүйөм. Анара

ОП-16-06. Кундуз, асмандагы жарык жылдыздай сулуу жана мээримдүү болушуңду каалайм. Сен жылдызсың! 07730809хх

ОП-16-07. Каракөлдө 10-класста окуган досторум Суусар, Айка, Бахар, Гүлзада, Улара, мен силерди жакшы көрөм, биздин достугубуз бекем. Асел

ОП-16-08. Жалалабат облусуна караштуу Каракөл шаарында 6-мектепте 9-а класста окуган досторума салам. Аку

ОП-16-09. Мирбек жаным мен сени сүйөм, ушуга ишенип койчу. Мени алдаба, суранам. Жаның Минура

ОП-16-20. Сүйүктүү ырчым Темир Назаровго салам жолдойм. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм, дайыма бар болуңуз. 07734577хх

ОП-16-21. Биз жазып эле жатабыз, жазып эле жатабыз, сүйөм, өлөм деп. Бирок, ырчылардын газета окууруна көзүм деле жетпейт, айрыкча мага жаккан Айя окубайт деле болуш керек. М...

ОП-16-22. Салам Темир Назаров, сизге биринчиден чың ден-соолук, бакыт каалайм. Ата-энеңиздин эрке уулу болуп жүрө бериңиз. Тилеген ой - максатыңызга жетиңиз. Т.Самара 07734577хх

ОП-16-23. Мирбек Иманбеков, мен сизди жактырамын. Макул болсоңуз 0777142794 номерине чалыңыз деп Шамалдысайдан Айка

ОП-16-24. Сезбептирбиз атаке, сен биз менен жүргөндө ата деген канчалык улук болот экенин. Мына эми атаке сагындырдың сен бизди. Атасына таянып өсүп жаткан аталуу кыздарга суктанамын. 07738447хх

ОП-16-25. Салам Сайкал, мен сени сүйөм деп Исфана шаарынан Сафаров Ибрагим 07775882хх

ОП-16-26. Султан байке, Лейлекке качан келесиз? Тайландан Айнура 07738958хх

ОП-16-27. Мен "Кыз Бурак" тобун өтө жакшы көрөм. Ибрагим 07775882..

ОП-16-28. Амантай, эмнеге сени унута албай жатам. Москвадан тез келчи. Гузель 07731173..

ОП-16-29. Нарын облусунун Акталаа районунун жашоочулары атам Токе, апам Жамалканга жана бардык бир туугандарыма салам жолдойм. Кызыңар Динара 07732525хх

ОП-16-30. Жүрөгүмдүн сыздаганы жанга батты го. Ушуну сезээр жан барбы? Эх сүйүү! 07774507хх

ОП-16-31. Жамгырдын майда-майда себелеп жаап жатканы жагып турду. Бирок көөдөнүмдөгү сага деген сагынуу жүрөгүмө ээ-жаа бербей жамгыр менен жарышып ыйлаганычы, көзүмдөн тамган ар бир жаш сен деп гана зыркырап жерге түшүп жок болуп жатты го. Эгер ошол жаштар чогулган болсо бир дарыя кенен толмок, а түгүл ашып ташымак. Бул менин биринчи жолку көз жашым эмес, мындай ысык жаштар күн-түнү дебей бетимди жуубадыбы! 07774507хх
ОП-16-32. Мен кумир тутуп сыйлаган жана сүйгөн Азиза эжеге салам. Мен сизди сүйүп калдым. Акыл +7702435008

ОП-16-33. Жаным, азгырбачы мени сүйбөй туруп, алдабачы менин жүрөгүмдү. Сырымды туйбай туруп кыйнабачы. Калп, бирок, чындап айтылган сөздөрүң менен козгобочу өчкөн сүйүүмдү, ансыз да ооруган жүрөгүмдү оорутпачы. Мага убакыт берчи унутууга. Алдабачы жаным, өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн Нурзат. 07736607хх
ОП-16-34. Кундуз, мага жеңе болбойсуңбу? Бөкөнбаевден Миржан. 07730809хх

ОП-16-35. Мирбек Атабеков, ишиңе ийгилик. Мирбек, сенден сураныч эгер мүмкүнчүлүгүң болсо мага продюсер боло аласыңбы же продюсер таап бересиңби? Аида 07733314хх

ОП-16-36. Менин саламым таэжем Бактыгүлгө, жездем Камчыбекке. Аларга чың ден-соолук, иштерине ийгилик, ошондой эле бөлөлөрүм Арзыбек, Мыктыбек жана кичинекей Алинага бактылуу балалык каалаймын. Феруза

ОП-16-37. Салам достор! Эмне Неляга аз добуш бердиңер? Неля менен Ильяз малышка эч ким жетпейт. Ильяз суперсиң! Бишкектен жердеш акең. 07735444хх

ОП-16-38. Мен, кумирим Мирбек Атабеков менен баарлашкым келет. Ага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. 07771142…

ОП-16-39. Саламатсыздарбы? Менин сиздерден өтүнүчүм бар. Ыр жазам. Обон жаратып ырдайм деген ырчыларга жарыя кылып койгулачы. 07730072хх

ОП-16-40. Ош облусунун Каракулжа районунун Жийде айылындагы атам Шарабидин, апам Гүлжанга, Кайрат, Феруза, Нуртилек, Айсулууга, Эржанга сагынчтуу салам. Кыздары Гулиза, Наргиза 07732635хх

ОП-16-41. Мирбек, мен сенин ырларыңды аябай жактырам. Сүйгөн кызың барбы? 07732635хх

ОП-16-42. Биздин Кыргызстандын эң мыкты, менин сүйгөн ырчыларым С.Садыралиевге, У.Усеновго, И.Таалайбековго каалоом ден-соолук, ишиңерге ийгилик, дайыма ак жол каалап Россиядан Гүлбахар. +7924185793

ОП-16-43. Кундуз, сен суперсиң! Сага албан-албан ийгиликтерди каалап, сени чексиз урматтап Майрам 07778122хх
ОП-16-44. Саламдашкан Кыргызстандын патриоту деп сөзүмдү баштасам, мен өз жеримди жана элимди сыйлап, урматтап, кооздугуна суктанып жашап келем. Бирок, бул сөз көп жагынан ойлондурат, менин жашым жыйырмада, бирок, мени өзүмдүн жашоом эмес, көбүнчөсү Кыргызстандын келечеги ойлондурат. Эмнеге элибиздин аң-сезими абдан төмөн? Мен баарыныкы деп айтуудан алысмын. Араңарда ушул сөздөрүмдүн маанисин, мен кайсыл ой менен жазганымды туура ойлогон, түшүнгөн кыздар жана балдар бар чыгаар. "Обон", силерге рахмат . Ийгилик, өсүп, өнүгө бергиле! 07721075хх

ОП-16-45. Минура, Мирбек бактылуу болгула! Силерди жакшы көргөн досуңар Айнура. 05550626хх

ОП-16-46. Канатбек кызы Кундуз, сен сулуусуң. Абдан жакшы ырдайсың. Өзүң ырдагандай фигураң да 90-60-90 сен суперсиң! Майрам 07731661хх

ОП-16-47. Айгерим Расул кызы ушунуңдан жазба! Сага чыгармачылык ийгилик. 07731661хх

ОП-16-48. Баткендиктер барсыңарбы? Силерге ысык салам, бар болгула! Майрам

ОП-16-49. Менин жакшы көргөн курбуларым Минура, Рахатка салам. Мен силерди жакшы көрөм. Сүйгөнүңөргө жеткиле. Майрамбекке да салам. Мени кыйнабачы. Силерди жакшы көрүп сыйлаган досуңар Айнура

ОП-16-50. Менин сүйүктүү ди-джейим Эдил Эркинбаевге арналат. Угамын радиодон үнүңүздү. Ар бир күнү сиздин үнүңүздү угуп, күндөрүм кубанычка батып келет. Сиздин үнүңүздү угуп ар бир күнүм сиз менен болуп келет. Үнүңүз эмне мынча жагымдуу. Уккум келет ар дайым. Сөздөрүңүз бал ширин уккулуктуу. Сизди угуп күндөрүм кереметтүү уланат. Сизди урматтап жакшы көрүп сыйлаган күйөрманыңыз Айнура 05550625хх

ОП-16-51. "Обондун" окурмандарына жалындуу ысык салам. Мирбек Атабеков, сиздин талантыңызга тизе бүгүп таазим этем. Кунчуайпери

ОП-16-52. Салам Алихан, өмүрдүн нуру, жашоонун гүлү болгон чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Өмүрдүн сага деген бутагы жемиштүү болсун. Ачык болуп көңүлүң, узун болуп өмүрүң, эч жамандык көрбөй, ак жамгыр болуп төгүлгүн. Кудайым сага ырыс берсин, ырыс берсе дурус берсин. Бак берсин, бак берсе бакыт берсин. Жетилип жердин бети гүлгө толсун. Таалайлуу бакытыңа бакыт консун. Мындан ары да чыгармачылык жолуңда көптөгөн ийгиликтер болсун деп күйөрманың Аида

ОП-16-53. Бүркүтбаев тукумуна чоң салам! Нурлан Алдаяровго супер салам! Рустам байкеме ысык салам, келиңизчи сагындым. Маха

ОП-16-54. Адинай, Жанка, Бакуля, Айжан, Саламат, Жулиана, Гүлбарчын жана башка "Обондун" активдүү окурмандарына чоң салам. Кунчуайпери

ОП-16-55. Эх, 8-класс сонун эс алып келдик ээ.

ОП-16-56. Ура-а, стипендиянын ээлери Ырысканга, Жибекке чоң салам жана окууларына ийгилик каалайм. Кунчуайпери

ОП-16-57. Биринчи саламым супер ди-джей, ырчы Мырзаев Чынгызга жолдонот. Сен мен үчүн жалган дүйнөдөгү жалгыз чындыксың! Кыргыздан чыкты дагы бир атактуу Чынгыз, Ашык болуп сүйүп жүрөт жөнөкөй бир кыз! Лазат

ОП-16-58. Менин сүйүктүү ырчым М.Иманбековго: Аман болсун ата-энең маңдайыңда,/ Урматтап, сыйлап турсун туугандарың./ Алдейлеп "Балама" деп ырдап жатсаң,/ Болгум келет ардактаган сүйгөн жарың. Астра

ОП-16-59. Менин жүрөкчө саламым, эч нерсеге алмашкыс адамым, жүрөгүмдүн жалгыз ээси Темир Назаровго жолдонот. Темир жаным курсагыңды дайым ток алып жүр, ден-соолугуңду сакта, дагы сени чиркей чагып албасын алтышкам. Шамалдысайдан сенин болочоктогу периштең Асел

ОП-16-60. Чынгыз Мырзаев, темир тулпарың кут болсун. Төрт дөңгөлөгү ар дайым жакшылыктарга жүгүрсүн. Лазат

ОП-16-61. Анекдот: Мадонна менен Майкл Жексон жолугуп калыптыр.
Мадонна расса мактанат экен:
- "Менин бүт дүйнөнү сатып алганы акчам жетет!"- деген экен
Майкл Жексон:
- Мен сатпайм да,- дептир..

ОП-16-62. Султан Садыралиев, сен таланттуусуң. Мен сени сүйөм. 05501445

ОП-16-63. Атам Эсенди май айындагы туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым жети кызынын колунан чай ичип жүрө беришин каалайм. Кенже кызыңыз Орозгүл Сулайманова 07738941хх

ОП-16-64. Ах, кандай гана эне тууду экен Кундуздай кызды. Ким үчүн жаралдың экен бул жашоодо! Сени менен кол кармашкан адам кандай бактылуу. 07737799хх

ОП-16-65. Новопокровкадагы №2 мектептин 7-д- классына чоң салам. Досторум Айтолкунга, Чопага, Айсалкынга, Айпериге салам. Нургүл

ОП-16-66. Кундузга: Сизге кааларым ден-соолук беш, күйүп турган меш, жалындаган чок, жаманчылык жок болсун! Ханзада 07772239хх

ОП-16-67. Анекдот: Доктор:
- Сиз арак ичесизби?
- Эмне куясызбы?

ОП-16-68. Кундуз эже, мен чач тарачта иштейм. Билем, сиз дагы чач тарачты бүткөнсүз. Мен домбра дагы чертем, сүрөткө түшөлүчү. Ханзада

ОП-16-69. Нукай, сен ичкенди кыскартсаң мыкты жигит болосуң. 07775849хх

ОП-16-70. О.Жакыпов атындагы орто мектебине салам жана өзгөчө досторум Айсулуу, Айнура, Батма, Бека, Аскатка, өзгөчө Бакуляга салам. 07771937хх

ОП-16-71. ОшМУнун мед.окуу жайында эмгектенип жаткан Максимова Канышай эжекеге салам жолдойм. Биринчиден ден-соолук, ишиңизге ийгилик, үйбүлөлүк бакыт каалайм. Ар бир аткан таң сиз үчүн жалаң гана жакшылыктарды алып келсин. Жаратканым колдосун. ОшМУда сиздей мугалимдер бар экенине сыймыктанам. Сизди урматтап студенткаңыз Жумаева В.

ОП-16-72. Нурлан, мен сени сүйөм. Сенсиз бул жашоо мага кызыксыз. Сени менен бул жашоонун балын бирге таткым келет. Наргиза

ОП-16-73. "SapatCom Көкжар" ишиңерге ийгилик, бар болгула. Абоненттер көбөйө берсин. Аманчик

ОП-16-74. Кундуз эже, сиз менин кумиримсиз. Мен да жакшы ырдайм, мага продюсер болуп бериңизчи. Сизге ийгилик каалайм. Бар болуңуз. Айгерим 12 жашта 07724375хх

ОП-16-75. Жалпы кыргыз элиме, жалпы 1993-жылкыларга жана 7-класска салам. Бар болгула 07738072хх

ОП-16-76. Менин туулуп - өскөн жерим, сүйүктүү элим Ортосууга салам. 07771282хх

ОП-16-77. Айланайын кыргыздар Оштук, Чүйлүк болуп бөлүнбөй эле коёлучу. Кымбат

ОП-16-78. Кундуз эже, сиздин үнүңүздү баалайм! Менин дагы сиздикиндей ичке, назик үнүм бар. Дуэт ырдасак болобу. Анан дагы аябай окшошпуз. Ханзаада. 07772239хх

ОП-16-79. Урматтуу кыргыздын жаштары силер жөн эле ырчыларды сүйө бересиңер, алар силердин бирдигиңерге татыбайт. Андан көрө бир тууган, ата-энеңерди урматтагыла. Ырчылар бүгүн бар, эртең жок. 07721075хх
ОП-16-80. Жалалабат облусунун Базаркоргон районунун Аук айылындагы Атабыз Жунусалини 19-май туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!Биздин пешенебизге бар болуңуз, Апабыз менен тең арып, тең карыгыла Балдарыңыз Кеңеш, Нурсултан, Кайрат, Мээримгүл

ОП-16-81. Кайрат Нуртас сизди алгачкы жеке концертиңиз менен куттуктайбыз. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Жалалабатка келишиңизди чыдамсыздык менен күтөбүз. 555606242

ОП-16-82. Анекдот: Пилдердин вечеринкасы болуп жатса эшикти бирөө улам күпүлдөтүп ургулайт.Пилдердин бирөө барып караса кичинекей кумурска турат имиш .
- Эмне керек десе ?
- Биздин кыздар келбедиби?- дейт.
- Жок келген жок десе.
- Анда келип калышса узун бойлуу, кара тору бала келип кетти- деп айтып койгула дейт экен.

ОП-16-83. Майраш кандайсың? Неберем Ильяз экөөңөрдү абдан сагындым, алтындарым. Силер мени ойлонуп жатасыңарбы? Мен силер үчүн күнү-түнү иштеп жатам. Буюрса белек-бечкек, момпосуй көтөрүп алып жакында барып калам. Жуман










??.??