presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№16, 21.05.08-ж.
  Обон - шоу times

Кайрат Нуртас менен Бакыт Беделов бир сахнада
Кыргыз эстрадасына баш багып, талантын элге тартуулап келе жаткан жаш ырчы Бакыт Беделов Казакстандын ырчысы Кайрат Нуртасты түштүк жергесине конокко чакырды. Алгач Нуртас Бишкекке Ильяз Абдыразаковдун жардамы менен жеке концертин тартууласа, ал эми Бакыт демилгени көтөрүп, уюштуруу иштерин мойнуна алды. Буюрса Нуртастын үнү Ош шаарында 24-25-майда жаңырат.

Жалаң эркектер
катышкан жаңы кино
"Министрдин кызынын махабаты" кино тасмасынын режиссёру Рустам Аташов "Эркектер" аттуу кинону тартууга бел байлап жаткан кези. Учурда тандалып алынган жаш актёрлорго сабак өтүлүп, даярдык көрүлүп жатат. Белгилей кетсек, сентябрь айында тасма даяр болуп, кино күйөрмандары театрлардан көрө алышат.

Гүлнур Сатылганова элине ыр сунат
"Жазым келчи" деп жазды жар сала чакырган, оригиналдуу үнү менен кыргыз элине таанымал болгон ырчы Гүлнур Сатылганова сахна чөйрөсүндө тынбай эмгектенип жүргөнүнө 20-жылдын жүзү болуп, 27-30-майда улуттук филармониянын чоң залында отчеттук концертин тартуулоонун алдында турат.
Арген үндүү ырчынын дагы бир жаңылыгы "Апакем" аттуу ырына клип тарттырды. Энени Алатоодой бийик болгон тоолорго салыштырып, Төө ашуунун кырларынан клип тартып, күйөрмандарына сунуштоонун алдында туру.

15 метрлик арзуу
катына ээ болгон
Замир Мырза
Жаш ырчылардын катарында өз орду бар ырчы, актёр Замир Мырза өз мекенинде жеке концертин тартуулаган учурда күйөрман кызынан өзгөчө белек алган, тактап айтканда бей тааныш кыздын 15 метрлик арзуу катына арбалып,ырчынын сүйүнүчү койнуна батпай турган чагы. Белгилей кетсек, Замир мырза 23-майда сахналаш достору Бактыгүл Бадыева, Айжан Газиева менен Питерге учканы турат. Ал жакта кыргыз ырчыларын "Город 312" тобу тосуп алып, алар менен биргеликте жалпы элге өнөрлөрүн тартуулашмакчы.

XXI кылым радиосу "Белес" радиосу
болобу?
Аталган радионун продюсери Замир Казакбаевдин айтуусунда: "XXI кылым радиосун түп тамырына чейин өзгөртүп, 1-июндан тарта "Белес" радиосу деген аталыш менен обого чыга баштайт. Радионун негизги максаты өткөн эски берүүлөрдү алып таштап, XXI кылым радиосунун архиви катары "муз белек" берүүсү жаңыра берет. Дагы бир өзгөчөлүгү бүтүндөй ди-джейлер да алмаштырылат" - дейт Замир мырза.

Чыңгыз
темир тулпарын жаңыртты
Көп кырдуу таланттын ээси Чыңгыз Мырзаев жакын арада "Ниссан сефиро" аттуу темир тулпарлуу болду. Авто унаасы Япония өлкөсүнөн чыккан.Учурда Чыке темир аргымагы менен калаада көп иштерин бүткөрүп жүргөн чагы.

Үч продюсердин Кытай жергесине болгон
саякаты
Жакын арада эле продюсердик борборунун беш жылдык маарекесин өткөргөн Нурлан Мамакеев, Азамат Такырбашов жана Данияр Кубатовдор биргеликте атайын Кытай жергесине саякаттап барып, жергиликтүү кыргыздарга, элибиздин таланттарынын өнөрлөрүн тартуулоону сунуштоо ирээтинде барышкан. Ырасында, кыргыз таланттарын сагынышкандыгын айтышып, ырчыларыбызды жакшы маанай менен кош колдоп тосуп алышты. Продюсерлер жөн кайтпастан кытай элинин хит болуп жаткан дисктерин ала келишти.

Даярдаган Мээрим Сатарова




  Сен сүйгөн обон

Султан Садыралиев
Кан досум
Сөзү, обону:
Чубак Сатаевдики
Кайгырбачы, кан досум, жашоодо бар кайгыруу,
Айрылдым деп муңканба, турмушта
бар айрылуу.
Сагындым деп саргайба, адамда бар сагынуу,
Тирүүлүктө таарынуу бар, жаңылуу бар.

Кайрыма:
Оо, кайгырбачы,
Кайгырып, кан досум, кайгыга алдырбачы.

Сабыр түбү сары алтын, сабырдуу бол,
жан досум,
Таш ыргытса бир адам, аш ыргыткын,
кан досум.
Кары сөзүн капка сал, досум сөзүм угуп ал,
Бул жашоодо жалынуу бар, таарынуу бар.

Бул бир келген өмүрдө кир калтырбас көңүлгө,
Сыйлашып өт эл менен ошол жакшы өмүрдө.
Жашоо-уруш, тайманба,
Акмак айтса арам сөз, жан кейитип арданба,
Колдон келсе сыйлашып өт бул жалганда.












??.??