№16, 21.05.08-ж.
 "Айылдык кызга үйлөнөм"

"Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабыздын бүгүнкү коногу репертуарындагы "Махабатым", "Ашыкмын", "Кумарым", "Кайдасың" деген ырлары менен ыр ышкыбоздорунун сүймөнчүлүгүнө айланган эстрада ырчысы, жаш талант Алихан болмокчу. Ырчы рубриканын талабына ылайык өз атына келген sms тердин ичинен эң мыкты деп тандалган sms ээлери менен жолугуп, ой бөлүштү. Андыктан кумир менен күйөрмандардын маегине күбө болуңуздар.

Наргиза Усубакунова, 20 жашта
- Алихан саламатсыңбы, сени менен жакындан таанышып отурганыма абдан кубанычтамын. Чынын айтсам сен менин түшүмө көп киресиң. Бир жолу түшүмдө сенден кызыл галстук алгам. Муну кантип жооруса болот?
- (Күлүп) рахмат. Сиздин түшүңүздө жүргөнүмө мен да кубанып жатам. Негизи кандай түш болбосун жакшылыкка жоруп коюш керек экен. Андыктан мен берген кызыл галстук микрофон болсун. Ыр жагына кызыгып жүргөн болсоңуз ак жол каалайм.
- Угушумча балалык чагың Россияда өтүптүр. Там-туң баскан издериң калган жерди сагынасыңбы?
- Албетте, сагынам. 1-класстан 7-класска чейин Россияда чоңойдум. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон бал тамган балалык кезим ошол жакта өттү. Ал жактан көп досторду таптым. Өз мекенимде жүрсөм да балалык кыялдарым калган жерди, досторумду сагынам. Ошондон улам жылда кыш мезгилинде Россияга барып эс алып келем. Анын үстүнө ата-энем да ошол жакта турат.
- Орусияда жүрүп Кыргызстанга келгенде кыргыз тилинен кыйналган жоксуңбу?
- Жок. Көчөдө орусча сүйлөгөнүм менен үйдө өзүбүздүн тилде сүйлөчүбүз. Эгер мен кыргыз тилин билбесем кантип кыргызча ырдамак элем. Анча-мынча нукура сөздөргө түшүнбөй калганым болбосо, кыргыз жараны болуп туруп кыргыз тилин билбейм деген уят эле.
- Өзүң ичпейт да, чекпейт да экенсиң. Тамеки тарткан кыздарга көз карашың кандай?
- Кээ бир кыздар арыкташ үчүн, айрымдары көйгөйлөрдү эстен чыгарыш үчүн, дагы бирөөлөр бүгүнкү күндүн модасы катары тамекини тартышат экен. Эмне кылса да ар кимдин өз иши го. Бирок, ден-соолукту, эртеңки күндү да ойлош керек да. Келечекте таза, ден-соолугу чың бала төрөйм деген болочок апалар үчүн тамекинин зыянынан башка пайдасы жок. Негизи аялзаты тамеки тартмак түгүл, тамекинин жытынан алыс болуусу зарыл.
- Азыркы жаштардын көпчүлүгү бир учурда 2-3 кыз же жигит менен сүйлөшүп жүргөндү адатка айлантып алышты. Алардын түшүнүгүндө "запас" деген сөз бар. Жигиттик сөзүңдү айтчы мындай учур сенин жашооңдо да болгонбу?
- Ой Кудай сактай көр. Мындай жаштар болсо болгондур. Бирок, мен эки эмес бир кыз менен да сүйлөшүп көрө элекмин. Жалгыз жүрөгүм үчүн жанагынча кыздын ишенимине кирип, алардын назик, сезимтал жан дүйнөсүн ооруткум келбейт.

Асел Сыдыкова, 20 жашта:
- Алихан, байкашымча сен аябай аз сүйлөгөн, оор басырыктуу, бир сырдуу жигит экенсиң. Сага көп сүйлөгөн шайыр кыздар жагабы?
- Чынын айтсам чектен ашып көп сүйлөп, өз ордун билбеген кыздарды жактырбайм. Бирок, ачык-айрым, ак-көңүл, шайыр кыздарды сыйлайм.
- Эмнеге ырчылар телефон номериңерди бат-баттан алмаштыра бересиңер?
- Күн-түн дебей чалып тынчыңды ала беришет, аны менен эле жөн калбай ар кандай SMSтерди жиберишет. Анысы аз келгенсип кээде коркутуп-үркүтүүлөр болот. Анан алар менен эле айтышып олтура бербей башка номер алганга туура келет.
- Сахнага продюсериң жок өзүң чыга алат белең?
- Менин сахна босогосун аттап эл алдына чыгуума Канат байкенин көмөгү чоң. Продюсерим жок болсо балким чыгалбай калат белем ким билет. Анткен менен жан дүйнөмдө оргуштаган талант баары бир тынч жаткырбайт болчу.
- Жакында менин туулган күнүм болот. Конок катары чакырсам барасыңбы?
- Эч кимдин көңүлүн ооруткум келбейт. Аман болсок сиздин жакшылыгыңызга күбө болуп, колумдан келишинче жагымдуу маанай тартуулаганга аракет кылам. Андыктан Кудай буюрса деп туралы.
- Сенин оюңча жумуртка биринчи жаралганбы же тоокпу?
- Абдан татаал суроо экен. Кандай десем… Менимче адамдар, жан-жаныбарлар сыяктуу эле Алла-Таалам биринчи короз менен тоокту жаратып, анан жумуртка пайда болсо керек.

Нуржамал Давлеталиева,
18 жашта:
- Алихан эмне үчүн сахнага фамилияң менен чыккан жоксуң. Менин угушумча өзүңдүн атың Алихан эмес экен го?
- Мен өзүм 1-май майрам күнүндө төрөлгөнмүн. Ошондон улам чоң атам менен чоң энем Майрамбек же Кубан койгула дешкенинен ата-энем алардын көңүлүн калтырбай макул болушкан экен. Бирок, документ боюнча Алихан элемин . Ал эми фамилиям Стамбеков. Продюсерим Канат байкенин идеясы менен сахнага фамилиясы жок чыгып келем.
- Эмне үчүн ырчы менен ырчы баш кошкондон качат?
- "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" демекчи менимче бири-бирин жакындан билип калат болуш керек. Бирок, сиздин оюңузга толугу менен кошула албайм. Себеби, өнөр адамдарынын арасында бири-бири менен баш кошуп бактылуу жашагандар жок эмес.
- Сени Бегимай Эсенгулова менен кыз-жигит деп жүрүшөт. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар ?
- Биздин эл сөз токуганга аябай уста. Ким менен ырдап чыксаң эле ошого жармаштырып сүйдүрүп, жүрдүрүп ал тургай үйлөндүрүп коюшат. Бегимай экөөбүздүн ортобузда "Кумарым" деген ырдан башка ашыкча нерсе жок. Болгону, кээ-кээде бири-бирибизди "Кумарик" деп эркелетип коёбуз. Андыктан муну жөн гана эл оозундагы ушак деп билиңиз.
- Азыр көпчүлүк ырчылар үйлөнүп алып үйбүлөсү тууралуу айткандан жашырышат экен. Сизде мындай көрүнүш болбойбу?
- Балким алар официалдуу түрдө үйлөнүшпөгөндүр. Ошон үчүн жашырып жаткандыр. Илгери кыңыр иш кырк жылда билинет десе, азыр төрт эле күндө билинип калбадыбы. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү баары бир жетет. Бул өмүрдө бир эле жолу үйлөнөсүң. Анан ошол жакшылыгыңды кантип жашырмак элең. Кудай буюрса жашоомдогу мындай кубанычты биринчи кезекте сиздерге окшогон күйөрмандарым менен бөлүшөм.

Мээрим Каттообай кызы, 16 жашта:
- Эгер сүйгөн кызың сени менен катар дагы бир башка жигит менен жүргөнүн уксаң эмне кылмаксың?
- Андай болсо… мм… Алтышка сенин бул жоругуң Кудайга да жакпайт. Бүгүндөн тартып сага "жашыл жарык" жакшы кал деп кете бермекмин.
- Ачуу үстүндө айтып алып кийин өкүнүп калбайсыңбы?
- Кыйналышым мүмкүн. Бирок, өкүнбөйт болчумун. Анткени жигиттик намыс өлүмдөн да катуу турат. Элестет, ишенип жүргөн кызыңдан алданганды. Убакыт баарын дарылайт, 1 кыздын айынан өлүп кетмек белең. Жашаш керек да.
- Сенин жүрөгүңө кара так калтырган күндөр же адам болду беле?
- Баарыбыз пендебиз да. Мына ушундай пендечилик кылып көңүлүмдү катуу калтырган бир адам бар. Ал учур эч качан эсимден кетпейт. Күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Кечирип коюңуз, ал жөнүндө толук айталбайм. Бул нерсе сиз айткандай жүрөгүмдө кара так болуп калды.
- Карыз алып кайтаралбай калган учурларың болгонбу?
- "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" дегендей мындай жагдай ар бир адам баласынын башынан өтөт болуш керек. Мен да бир кезде бирөөдөн акча алып көп убакытка кайтаралбай калган учурум болгон. Бирок, күнүн күйгүзсөм да, алган акчамды күйгүзбөй кеч болсо да кечирим сурап алып барып бергем.
- Сенин баамыңда айылдык кыздар менен шаардык кыздардын айырмасы эмнеде?
- Шаардыкпы, айылдыкпы ал ар бир адамдын өзүнөн, алган тарбиясынан болот. Айырмасы айылдык кыздар тартынчаак, ийкемдүү, эмгекчил келишет. Ал эми шаардын кыздары бетке айтып өз оюн бербеген ачык айрым келишип, эркинирээк өсүшөт. Тартиби боюнча айта турган болсом ал ар биринин үйбүлөдөн алган тарбиясына жараша болот.
- Сен айылдык кызга үйлөнөсүңбү же шаардык кызгабы. Дегеле болочок жубайыңа жоолук салынтат белең?
- Биздин үйбүлөдө салтты абдан катуу кармашат. Ошон үчүн жоолук сөзсүз түрдө салынат. Мага колукту боло турган кыз кайсы жерде , кандай ата-эненин колунда багылып жатканы азырынча мага белгисиз. Бешенеме жазылганы болот да. Бирок, мен эмнегедир айылдык кызга үйлөнгүм келет.


Алихан 1989-жылы 1-майда Токтогул районунда туулган. Бир үйбүлөнүн жалгыз уулу. Учурда Юридикалык Академиянын 3-курсунда окуйт.

Уюштурган Ж.Калдарова,
А. Адишов (фото)