№16, 21.05.08-ж.
 "Обондун" сын сандыгы

Оппозиция лидеринин мүнөзү

Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Өлкөбүзгө белгилүү ишмерлерге мүнөздүү бейнелердин табышмактарын Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелип калбай, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман мурдагы ЖКнын төрт жолку чакырылышынын депутаты, азыркы оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев.
Туулган датаңызды жазыңыз 22. 12.1958
Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 2+2+1 +2= 7
Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+5+8=23
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 7+23=30. 30 -биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+0=3. 3 -экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 30-4=26. 26 -үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+6=8.8 -төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 22.12.1958.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 30.3.26.8.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча 11-эгоизмге жакын; 2222-биоэнергиясы ойдогудай, тилекке каршы мындай адамдар ачуулу. Энергетикасы терс жана шайтанга азгырылып жүргөндөр менен тил табыша албайт. Башкаларды дарыласа болот, жардамга келет. Ошондуктан аны баалашат. 33- ачык мүнөз адам. Кээде ойлонбой сүйлөп жиберет, так илимдерге жөндөмдүү.
4 -0- ден-соолугу начар, мындай адам эл ичинде болуп, публика алдында сүйлөп турганы жакшы, анткени, ал сөзү менен да коомчулукту тазалайт. Өзүндөгү руханий нерселерди тегерегиндегилер менен бөлүшүп турбаса, ооруп калышы мүмкүн.
5 - интуиция каналы ачык, өзү логикадан ката кетириши ыктымал. Алдын ала боло турган нерселерди ички сезим туюму аркылуу жакшы сезгенге жөндөмдүү. Стратегиялык багыттарды байкай алат.
6- турмуш тепкичинен көтөрүлүү жана өнүгүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо өтө зарыл. Ойлоп табуу, фантазия, көркөм табит анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы. Анткен менен алагды кылуучу керектөөлөргө карабай, терең ойлонуп иш жасоого жөндөмдүү. Мындай инсан жерге чебер устачылык, чыгармачылык үчүн келген сыяктуу.
7 - 0 - жашоодо көп кыйынчылыктарга дуушар болот, жолу оор,шыр кетпейт.
88 - жоопкерчилиги жогору, башкаларга жардам бергенге даяр.
9 - акылын (интеллект) өстүрүүсү керек. Тынбай көп китептерди окуп туруусу зарыл. Анткени тубаса акыл-эс бир аз азыраак.
Туулган күн, ай жылынын ирээттүүлүгүн бузбай жуп сандарды кошуу (+) так сандарды (-) деп алабыз. 22.12.1958.
I - - - же + + + (бул топко киргендер алсыз мүнөздүүлөр)
II + - - же ++ - (орто мүнөздүүлөр)
III + -+ же -+- (күчтүү мүнөздүүлөр) (Автордук укук)
Ө. Текебаевдин мүнөзү көк, эмне кааларын жакшы билет. Кыялкеч эмес болгондуктан анын кескин, жагымсыз сынынан коркушат. Ал керектүү, керексиз учурларда да сын көз менен карап, кандайдыр кынтык издеп тургандай сезилет. Чындыгында ал турмуштан эч нерсе деле күтпөгөн пессимист. Дайыма адилетсиздикке каршы аракетте жүрүп, негедир шекчил. Юмордук сезими аны майдачылдыктан сактап, лидер катары өз бийиктигинде кармайт. Башкаларчылап, маани маңызы аз, той-топур, казы картага тайгылган көпчүлүктөргө анча аралаша бербей, көздөгөн максатынан, кызыккан дүйнөсүнөн такыр кеткиси келбейт. Милдеттүүлүк менен жоопкерчилик жакшы өнүккөн. Мүнөзүн жалпы жагынан талдай келсең алсыз мүнөздүү инсандардын катарын толуктайт. Жөнөкөй, жупуну, ал бирөөгө баш урууну жана өзүнө да кимдир бирөөлөрдүн кошоматчылдыгын жактырбайт. Андагы берилгендик өзүн унутууга чейин барат. Жумушсуздук, социалдык теңсиздик болгон жерде жан дүйнөсү кыйналат. Өткөн мезгилдердеги, учурдагы жана келечектеги боло турган нерселерди ойлоп кайгы тарткан, санаачыл Асан-кайгы.
Жакшы коомдук ишмер, элди мыкты башкарууга жөндөмдүү. Мындай сапаты бар кишини ар кандай уюм, топ көтөрүп, сүрөп берүүгө макул, себеби эч ким андай эмгекке болгон жөндөмдүүлүктү көрсөтүп туура жүрө албайт. Көз карашы дайыма солчул (оппозиция). Моралдык жана биологиялык жактан карасаң туруктуу, чыдамдуу. Көңүлү назик болгондуктан, ыпластыкка толгон коррупциялашкан кара дүйнөгө анча аралаша албайт. Ошондуктан табиятындагы ийкемдүүлүгү, жол бошоткон манерасын, көпчүлүк алсыз фигура деп кабыл алышат. Ооба, көздөгөн максатка жетүүдөгү чабалдыгы бар, мындайлыгынын түпкү себеби көз карашын көпкө чейин кармап өз бийиктигине жете албагандыгы, анын мүнөзүнүн темирдей бекем эместигинен кабар берет. Чоң чыдамкайлыктын, көктүктүн натыйжасында кыйынчылыктарды жеңип чыкса дагы, баары бир көздөгөн чектерине жетүүдө кемчиликтери артка тартат. Өзүнөн өйдө даражалууларга чоң баш ийүүчүлүктү сезет. Бийликти өтө сүйөт, салт- санааны жактайт. Сыртынан сиз менен макул болгондой, ынтымакташып тургансыйт, бул нерсе анын сырткы гана көрүнүшү. Жашы улуу, тажрыйбалууларды сыйлоо мүнөзүндөгү бир бөлүк. Улгайган кезде, жаш кездеги кетирген катачылыктарын кайра барактап эстейт. Коомдогу абалы жок адамды сүйбөйт. Бала кезде көп ооруса, анын ден-соолугу жашы өткөн сайын чыңдалып, сергек сары эсеп мүнөзү таң каларлык чыдамдуулукту берет. Коркуу, шек саноо аларга микробдон да зыян. Көп убактысын таза абада өткөрүп, турмушка оң көз карашын калыптандыруусу зарыл. Кейикчелдиктин натыйжасында башы оорушу ыктымал. Башкалардын чабал жактарын, өзү күчтүү болуш үчүн пайдаланат. Ал жетекчилик кылууга караганда, келечектүү багыттардагы стратегиялык максаттар көбүрөөк кызыктырып, ошол нерсе менен алагды болот.

Алмазбек Адишов




  Экс-спикер өмүрбек текебаевдин бейнесине сүртүмдөр

Эмил Алиев, "Ар намыс" партиясынын лидери:
- Мен Өмүрбек Текебаевди жакшы тааныйм. Ошон үчүн обьективтүү сүрөттөй алам. Ал чыныгы жигит, жакшы жолдош. Ушундай жигиттерден дос күтсө болот. Бир сөз менен айтканда Өмүрбек келечектеги саясатчылардын үлгүсү.

Тайырбек Сарпашев,
экс- вице-спикер:
- Кыргызстандагы демократияда канча жетишкендик болсо, ошонун баары Текебаевдин аты менен байланышкан. Мен бул киши менен 8 жыл иштешип, көп тарбия алдым. Ушундай киши менен иштешкениме сыймыктанам. Мүнөзү ак көңүл, жөнөкөй, анан чукул кыялы бар. Көпчүлүгү ушул кыялын таштаса жакшы болот эле дешет. Бирок, мен буга каршымын. Анткени ал бетке айтаар чукул мүнөзүн таштаса Текебаев экендигин жоготуп коёт.

Аликбек Жекшенкулов, "акыйкат үчүн"
кыймылынын
координатору:
- Өмүрбек экөөбүз легендарлуу парламентте эң жаш депутат болуп чогуу иштешкенбиз. Ал ошондо эле өңүн өзгөртпөгөн чынчыл депутат болчу. Мен аны кыргыздын патриоту деп айта алам. Текебаевдин саясий деңгээлде аброю чоң. Ал кишини саясатта туруктуу адам катары баалайм. Кээ бир учурларда өзүн эмоцияга алдырып ийгени эле болбосо ачык айтып, ак сүйлөгөн инсан.

Жылдыз
Жолдошева,
"Курманжан датка" атындагы
кайрымдуулук
фондунун төрайымы:
- Өмүрбек Чиркешович албетте, дасыккан саясатчы. Экинчиден, ал Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөн учурунда мыйзам чыгарууда кошкон салымы бар. Көптөгөн мыйзамдардын автору. Үчүнчүдөн, коомдо өзүнүн орду бар. Тилекке каршы ал кишинин оозунан ката айтылган ачуу сөздөр аброюна доо кетирген учурлар болот. Текебаевдин жөнөкөй мугалимдиктен, ушундай деңгээлге жетиши оңойго турган жок. Базар-Коргон районунан шайланган. Бирок, шайлоочулардын берген ишенимин аткардыбы, жокпу ага бир гана шайлоочулар баа бере алат.

Клара Ажыбекова,
"Кыргызстан
Коммунисттер"
партиясынын лидери:
- А.Акаевдин убагында анын бийлигине каршы Өмүрбек Текебаев менен бирге болгонбуз.
Чынында, Текебаев Куловду боштондукка чыгарууга көп аракеттерди жасап, чуркаган. Негизи элдик революция болгондон кийин биз "Жакшы закондорду кабыл алат, эл үчүн татыктуу эмгектенет" -деп бул адамга ишенгенбиз. Бирок, тилекке каршы, иштебей эле Кулов баш болуп, бийлик талашып калышты. Бийик туруп, майда сөздөрдү сүйлөп алат. Текебаев майда-чүйдөгө оролуп алып, эл үчүн жасай турган чоң саясий мүмкүнчүлүгүн колдоно албады.
Ооба, анын жүрөгүндө эл - жер үчүн күйгөн патриоттук дух бар. Бирок, ал көпчүлүк учурда майда-барат сөздөргө жетеленип кетип, өзүнүн аброюн түшүрүп алат.

Нурлан Мотуев:
"Каракече көмүр"
ачык акционердик
коомунун директорлор кеңешинин төрагасы:
- Ачык айтсам, Өмүрбек Текебаев ичи тар, өзүмчүл, кырс мүнөздөгү саясатчы. Бир убакта Эшимкановго кошулуп алып, мага асылып жүрдү. Андан кийин Каракечеге тартип орнотконумду көралбай, ичи күйүп "Каракече, Каракече" -деп бакырып,ойлогон ою орундалбай кала берди. Ал өзү төш каккылагандай эл-жерин деле ойлобойт, болгону президент болсом деген эле максаты бар. 15 жылдан бери ажолук такка көз артып келет. Бирок, элибизде "Буйруган алат, жүгүргөн калат" -деген жакшы сөз бар эмеспи. Ошондуктан көп эле кекирейе бербей каниет кылыш керек.
Даярдаган. Ж. Калдарова