presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№16, 21.05.08-ж.
  Дарамет

Ырыс Жоомартова, психолог:
"Уйпаланып үйдө олтурган аялдарды күйөөлөрү таштап кетет"
- Сиз "Министрдин кызынын махабаты" кинотасмасына биринчи жолу тартылсаңыз керек? Андагы жараткан образыңыз менен турмуштагы мүнөзүңүз айкалышабы?
- Ооба, "Министрдин кызынын махабаты" тасмасына тартылганга чейин башка фильмдерге тартылып, образ жараткан эмесмин. Аталган тасмада мен күйөөсүнө баш ийген, токтоо, сабырдуу аялдын образын ачып бердим.
Ал эми аткарган ролум менен турмушумдагы өзүмдүн чыныгы мүнөзүмө дал келбейт десем болот. Жашоодо мен өзүмдү эч кимге көз карандысыз, эркин алып жүрөм. Ошондон улам образ жаратууда бир аз кыйынчылыктар да болбой койгон жок.
- Айтсаңыз, кинотасмадагыдай эле жашооңузда да жолдошуңуз сизди кимдир бирөөгө алмаштырса кандай кылат элеңиз?
- Андай болсо мен ыйлап-сыктап олтуруп калбай, туруктуулук менен өзүмдүн жолумду таап кетмекмин. Мен андай чыккынчылыкты кечире албайм. Андыктан, андай ыплас көрүнүш үчүн ажырашып кетет болчумун.
Бирок, Кудайга шүгүр. Жолдошум андай кадамга барбайт. "Биздин ортобуздагы махабат, үйбүлөлүк бакыт түбөлүктүү" деп сыймыктануу менен айта алам.
- Кечиресиз, бирок көпчүлүк учурда киного бирге тартылган өнөктөштөр бири-бирин жактырып калган учурлар да кездешет. Тасмада министрдин ролун жараткан Памир Сооронкулов сизди же тескерисинче, сиз аны жактырып калбадыңыз бекен деген да суроо туулбай койбойт экен?..
- (Күлүп...) Памир Сооронкулов менин жолдошумдун классташы болот. Ага министрдин ролун аткарууну мен сунуштагам. Биз жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери үйбүлөлүк достук мамиледе болуп, катташып турабыз. Жактыруу болушу да мүмкүн эмес.
- Эс алуу учурларыңызды кандай өткөрөсүз?
- Негизи адам өзүн-өзү сыйлап, жакшы көрө билиши керек. Мен ар дайым жумасына бир жолу саунага барып, эртеден -кечке чейин бетиме түрлүү маскаларды жасап, курбу кыздарым менен баарлашып, эс-алганды жактырам. Адам болгон соң, ар кандай кырдаалдарга кабыласың. Кээде депрессияга кабылган кездер болот. Андайда машинамды айдап алып, шаардын четине чыгып кетем. Көк-Жардан өйдө кете берген жердеги суунун жээгинде өзүмдүн ташым бар. Ошол жерге барып олтуруп алып, кыйналганымды сууга айтам. Кыскасы, терс энергияларымдын баарысын чыгарып алам да, кадимкидей жеңилдеп, кайра келе жаткан жолдо көңүлдүү ырдап келем.
Адам кайгы-капаны эч качан ичине сактабашы зарыл. Себеби, ал жүрүп-жүрүп олтуруп, ар кандай ооруларды алып келиши мүмкүн.
- Жашоодо эмнеден ырахат алып жашайсыз?
- Мен эмгектенүүдөн ырахат алам. Бош убакыт дээрлик жокко эсе десем болот. Эртеден-кечке иш менен алек болом. Бирок, баарына жетишүүгө аракет кылам.
Таңданам… Таарынышпасын, бирок кээ бир айымдарыбыз кир халатты кийип, болушунча семирип алышат да: "Күйөөм бул жакка кетип калды, бүгүн келбей койду"- дешет.
Күйөөлөрү сол жакка барган айымдардын дээрлик көпчүлүгү иштебей, жалкоолонуп, уйпаланып үйүндө олтургандар. Алар өзүлөрүн карашпайт. Эгер адам өзүн-өзү жакшы көрбөсө, анда ага айланасындагылар да кайдыгер мамиле жасашат да. Ошентип, эркек "эркектигин" кылат да көзүн сүзгөн аккуулар менен кете берет…
- Жакындарыңыз менен эс алып олтурганыңызда ичимдиктин кайсыл түрлөрүнөн татып коёсуз?
- (Жылмайып…) Жакшы суроо экен. Негизи мен ичимдикке жокмун. Жакын көргөн эки курбум өтүп кетти. Ошол экөө тең ичкилик ичпеген, эч жакка баспаган, түз жүргөн жандардан эле. Кайтыш болгон курбумдун бирөөсү ооруп, төшөктө жатып: "Ырыс, ойноп-күлүп эле жүрсөм гана"- дегени күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Ошонун таасиринен уламбы, айтор, бир-эки жылдан бери эс алган учурларымда ичимдиктен кичине татып коём. Акылым менен болуп, ашыкча ичпейм.
- Ар бир күнүбүз кубаныч -шаттык, кызык учурлар менен коштолот эмеспи. Бизди күлдүрүп кетпейсизби?
- Туура айттыңыз. Сиздерди кубантып, күлдүргөнгө аракет кылып көрөйүн. Апам мектепте мугалим болуп иштечү. Мен анда төрт-бештердеги мотурайган кара торусунан келген кыз элем. Бир курдай апамды ээрчип мектепке барып, парталардын үстүнө чыгып алып, секирип ойноп жүргөм. Аңгыча бир топ мугалимдер менен галстук тагынып чыкыя кийинген адамдар кирип келишти. Алардын астында келе жатканы аябай капкара киши экен. Ал мени көрүп: "Ой, мобу капкара кимдин кызы?"- деп жатпайбы. А мен партанын үстүндө тургандыктан боюм ал киши менен тең болуп калат экен. Ошондо мен да жөн калбай: "Өзүң капкарасың!"- деп аны жаактан ары бир салыптырмын.
Көрсө алар райондон келген чоңдор экен. "Сенин кызың райондон келген чоңдорду жаакка чаап… "- деп директор апама айтыптыр. Кечинде үйдөн апамдан тил уккам. Кичинемдеги кылыктарыма азыр күлүп калам. Кээде жакшылыктарда атам үйгө жоро-жолдошторун ээрчитип келип, шарап ичип калышса, алар кетээри менен чөйчөктөрдүн түптөрүндө калган арактарды чогултуп туруп, ичип алчумун. Алар кечке ичип олтурса деле "Эртерээк кетишпейби"- деп столдун астына жашынып алып, "Стакандардын түбүндө көбүрөөк арак артса экен"- деп олтура берчү экенмин.
- Асыл таштардын кайсынысына көбүрөөк кызыгасыз?
- Алтынды жакшы көрөм. Негизи алтындын касиети күчтүү болот го. Алтын жаныңда жүрсө кадимкидей өзүңдү күч-кубаттуу сезесиң.
- Досторуңуздун көңүлүн оорутуп, таштап кеткен учуруңуз болду беле?
- Билесизби, туруктуу мамиледе көңүл оорутуу, капалантуу болбошу зарыл. Жараткан баарын таразалап турат. Достуктун кадыр-баркын билбегендик, сезбегендик - бул барып турган акмакчылык дейт элем. Жеке өзүмү айтсам, мен досторума түз, бир калыпта мамиле жасайм.
Дайым телефонумдун жаны тынбайт. Бири-бирибизге чалышып, колдоп-коштоп турабыз.
Кээде капачылыктар болсо, жок эле дегенде телефондон анекдот айтышып, көңүлүбүздү көтөрүп алабыз.

Баарлашкан Нур-Кыял




  Эмил Балтагулов:

Бул ырчы мырзабыз сахналаш өнөктөштөрүнөн айырмаланып, сахнада бир же эки жыл мурун пайда болгон эмес. Эмилдин чыгармачылык менен алектенгенине бир топ жыл болду го... Нагыз турмуштук баянды элден алып жүрөккө жеткирип берген ырчы Эмил Балтагулов 1981-жылы туулган. Үйбүлөлүү, бир кыздын атасы.

"Карызга белчемден батып каламбы?"- деп корком
- Ар бир адам балалык күлгүн курагын эреркөө менен элестетээри бышык. А сен кандай өзгөчөлүктө балалыгыңды эске саласың?
- Кичинекей кезимден эле чыгармачыл адам болууга кызыгаар элем. Ошондон уламбы сезимим да өтө назик болуп, болоор-болбос нерсеге көзүмдөн жашым агып кетчү. Ал тургай кино тасмасын көрүп жатып да жашып кетчүмүн. Мунумду чыгармачыл инсан болуумдун алгачкы белгилери деп эстейм. Башталгыч мектепте окуп жүргөнүмдө балдар менен такыр достошо албадым. Мүмкүн, табиятынан эркек балдар кыздарга караганда орой жаралаттыр. Алардын сөгүнүп сагынганы, менин назик жан дүйнөмө төп келе бербечү. Ошондон улам кыздар менен достошуп, айылдагы эки көчөнү чогулта коюп, атайын ата-энелерден калыстар тобун да курап кыздар арасында лидер болчумун. Ал эми 8-класста мектептин сахнасында анан ар бир коомдук иштерде комуз менен ырдачу болдум.
- Кол ойнотуп комуз кылдарын ыргакка түшүрүү үчүн атайын билим алган чыгаарсың?
- Ооба. Атайын билимди апамдын көмөгү аркасында үйрөндүм. Ырасында энеме бул өнөрдү табият тартуу кылыптыр. Эч кандай билими жок болсо да мага устат катары комузду энем, аккордеонду атам үйрөткөн. Ал эми калганын Алла-таала берген талант менен өстүрүп келе жатамын.
- Кээ бир чыгармачыл адам өзүн курчап турган чөйрөгө таасирленип ыр жаратса, экинчи бирөө өзүнүн башынан өткөргөн арман, тунук махабатты эскерип ыр жазат. Өзүңдүн башыңдан кечирген алгачкы ырың?
- Ырас, чыгармачыл адамдар көбүнчө элден алып элге жеткирет. Менин көпчүлүк ырларым өз көзүм менен көрүп же бирөөүн башынан өткөн ырлардын топтому. Ал эми жеке өзүмдүн керт башыман өткөн түрдүү кырдаал, жагдайлар көп болот. Ошондуктан өзүмдүн тагдырыма тиешелүү болгон алгачкы ырымды студенттик жылдары жараттым. Ошол учурда популярдуулукту жараткан "Күзгү жалбырак" аттуу дуэт ырым, жүрөгүмдү жаралаган сезимимден жаралган. Бул ырды окуу жайда чогуу окуган таланттуу ырчы кыз Зуура Алымкулова менен бирге ырдап чыкканмын.
- Учурда көпчүлүк ырларың дин жаатында багыт алган, мунун себеби?
Азыркы кезде да "махабат" темасында ырларым жок эмес. Бирок, биз кээ бир ырларды сүйүү же бир кызга жетпей калганыбыз үчүн кудайга нааразы болуп таарынган ырларды туура эмес ырдап коет экенбиз. Ошондон улам атайын ислам жаатында кенен билими бар Египеттен билим алып келген агаларымдан кеңеш сурап ыр жараткам. Анда да "Сөзү динге туура келбей калбайбы?"- деген суроодо көп түйшөлгөм. Ал агамдан жумасына бир жолу сабак алып турамын. Ар бир адам өзүнүн динин тааныгысы келет. Эгер динин тааныбаса түрдүү багыттагы диндер же секталар бизди сүйрөп кетүүсү толук мүмкүн. Дин жөнүндө уккан сабак, түшүнүктөрдөн улам ыр жаратам.
- Мусулмандарга ыйман берген, нысап берген эмес, каапырларга-нысап берген, ыйман берген эмес"- деген сөзгө ишенүүгө болобу?
- Бул сөздүн да туура жагы бар. Эл оозунда айтылган ар бир сөз тегин жерден чыкпайт. Укканымда көп нерсеге көзү жеткен бир инсан айткан экен, "Мен ислам өлкөсүнө келип, мусулмандарды көргөн жокмун. Мусулман динин тутунган каапырларды Европа өлкөлөрүнө барып көрдүм" - дептир. Муну чечмелегенде дал мусулман өлкөсүндө жашап туруп сөзүнө турбаган же бирөө менен убадалашып бир нерсе алгандан кийин, кайрып бербеген анан да ууру-кескиликтин көптүгү дейт элем. Ислам динин тутунуп жашайбыз бирок, мусулмандык парзды аткарбай коебуз да көпчүлүгүбүз. Ал эми Европа өлкөлөрүндө айткан сөзүнө турат. Бизге салыштырмалуу руханий жагынан өнүгүп келе жатканынан улам ушул сөз айтылып келет. Ошондой болсо да алардын ыйманы жок намаз окушпайт. Динибизде айтылгандай ыйман руханий байлык болмоюнча материалдык байлыктын кереги жок болуп калат экен. Аталган чет мамлекеттерде өнүгүп байлыгы ташкындаган сайын адам өлтүргөнгө чейинки иштер катталып, мусулман өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир топ арбын.
- Чыгармачылыкта сыйлык күтөсүңбү же сыймыкпы?
- (Күлүп)... негизинен экөө тең жакшы нерсе. Бирок, өтө эле сыймыктанып текеберденүү менин мүнөзүмө туура келбейт. Колдон келишинче эл менен тегиз жүргөн жакшы.
- Үйбүлөң тууралуу айтып кетсең?
(Тамашалап) Бир кызым, бир аялым бар. Кызым 1,5 жашта, аты Амина. Пайгамбарыбыздын энесинин аты. Бул ысымды тандоомдун себеби, кызым жарыкка келээрде пайгамбардын өмүр баянын окуп жатканмын. Окуганымда "Кимдин аты пайгамбардын атынан Мухаммед болсо акыретте кандай күнөөлөрдү кетирсе да пайгамбарыбыз ага шапаат кылат экен." А мен ойлодум өзүнүн атына гана эмес энесинин ысымынын аталышына да шапаат кылаар деген кыялда, наристе кызымдын атын көпчүлүк туугандардын колдоосу менен Амина койдук. Учурда жубайым Гүлгүнай экөөбүз экинчи наристебизди күтүп жатабыз. Эки айга жетпеген аралыкта кызыма бөбөк алып келип, мени кубандыраарын күтүп жаткан учурум.
- Жеке өзүңдүн калемиңен жаралган ырларың арбын эле экен. Дал ошол дастандарыңды тизмектеп калаада концерт берүү планыңда барбы?
- Мен 2004-жылдан тарта аймактарды кыдырып концерт коюп жүрөм. Бирок, көбүнчө түштүк жергесинде. Ал эми борборго өткөрүү үчүн көп каражат кетет. Мүмкүн мени колдогон демөөрчү болсо өткөрүп калуум ыктымал. Өзүм өткөрсөм карызга белчемден батып каламбы деп корком.
- Анда сенин чыгармачылыгыңда колдоо көрсөткөн демөөрчүң жок тура?
- Ырас менин чыгармачылыгымды колдогон демөөрчүм жок. Ошондой болсо да чыгармачылыгымды сыйлап, жардам көрсөткөн кээ бир инсандарга анан жалпы күйөрмандарыма терең ийилип таазим кылам.

Баарлашкан
Чынара Абдраева










??.??