presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№16, 21.05.08-ж.
  Адабият айдыңы

Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев:
"Жоомарт жандан жоомарт өмүр жаралган,
Сараң өмүр чыгат нагыз сараңдан"
- Балалыгыңыздын бал татыган күндөрүнөн эскерип берсеңиз?
- Мен 1925-жылы 15-майда Ош облусунун Каракулжа районундагы Алайкуу деген өрөөндө төрөлгөм. Ошол жерден мектепти бүтүрүп, 18 жашка толгондо армияга алынгам. Фронтко барып, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын 27-артиллерия полкунда байланышчы болуп кызмат өтөгөм. Согуш бүткөнгө чейин майданда болдум.
- Чыгармачылыкка канча жашыңызда чыйыр сала баштадыңыз. Эң алгачкы чыгармаңыз эсиңиздеби?
- Майданда кээде уруш токтой калган учурлардан пайдаланып, жер кепеден жазган алгачкы ырым "Алдыга жүргүн, кыргыздар!" деген ат менен 1943-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына (анда редактор Ж.Бөкөнбаев эле) чыккан. Согуш аяктагандан кийин чыгармачылыгыма баш-отум менен кирише баштагам.
- Акындык жолдун артынан эмнелерге жетише алдыңыз?
- Мен Оштогу 2 жылдык мугалимдер институтун, андан кийин Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун 5 жыл окуп аяктагам. Көп жерлерде иштедим. Жазуучулар союзунун мүчөсү да болгом. 40 тан ашуун китептерим жарык көрдү. Ошолордун арты менен Токтогул сыйлыгын алдым. 1981-жылы КРССРнин "Кыргыз Эл акыны", лауреат , 2007-жылы "Кыргыз Республикасынын баатыры"- деген наамды ыйгарышты. Азыр 83 жашка чыктым, 63 жылдан бери эл менен аралашып, аман-эсен жүргөнүмө, калемимди колдон түшүрбөй эмгектенип жатканыма сыймыктанам. Мен бул жашоодо бактылуумун десем жаңылышпайм.
- Адабиятта "тууроо, таасирленүү" дегендер болот эмеспи. Сизде да ушундай учурлар болгонбу?
- Биз эми атактуу акындарыбыздан үлгү алып келгенбиз. Мисалы: Аалы Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, А.Осмонов ж.б. Булардын чыгармаларын окуп шыктандык, үлгү алдык десем жаңылышпайм.
- Бүгүнкү замандагы сүйүүнүн дастаны катары биз "Канат менен Заринаны" элестетип жүрөбүз. Бул чыгарманы сиз кандайча жаратып калдыңыз, чыгарманын кыскача тарыхын айта кетсеңиз?
- Менин Гүлнара деген кызымдын баласы Канат. 13-мектепте окуган, мектепте окуп жүргөндө 16 жаштагы Зарина деген кыз менен мамиледе болуп жүрөт. 19 га чыкканда экөө үйлөнүүнү көздөп жүрүшөт. Ошол мезгилде Канаттын жүрөк оорусу бар эле, бир күнү жүрөгү кармап көз жумат. Заринанын дос кызы телефондон айтат: "Канат Акунов деген жигит өлдү"-деп. Биз ушул короодо боз үй тигип, сүрөтүн кырчоого алып койгонбуз. (Биз отурган үйдүн короосун көргөздү) Анткени, Канат экөөбүз олтурган ушул үйдө чоңойгон, сөөгү да ушул үйдөн чыкты да. Кыз машинасы менен келип, боз үйдүн бетинде илинип турган жигитинин сүрөтүн көрүп чоң жолго чыгып, "Манас" аэропортун көздөй бет алат. Катуу ылдамдыкта келе жатып, оң жактагы дарактарды көздөй машинесин буруп жиберет. Ошентип кыз да ал жерден каза табат. Биз билчү эмеспиз, ал кыз көз жумгандан кийин баары белгилүү болду. 2003-жылы 12-январда Канатты көмдүк, 13-январь күнү Канаттын жанына катарлаш кыздын сөөгү жашырылды. Ошондон улам неберемдин элесине арнап 3 айдын ичинде "Канат менен Зарина" деген поэманы жаздым. Менин поэмам окурмандар тарабынан бааланды, биринчи калтырбай алып кетишти. Экинчи нускасын кыздын апасы Клара Кыдыршаева чыгарып, окурмандарга таратылды. Мындай эки жаштын сүйүүсү, мурда жомокто болгон, биздин заманда жок эле. Адамдар үчүн аябай таң калыштуу болду. Бүгүнкүдөй сүйүүнүн баркы жок болуп бараткан учурда бул чыгарма алар үчүн сабак болуп калат.
- Үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- 6 кызым, 1 уулум бар, 7 неберем, чөбөрөлөрүм да бар. Мен ушул балдарым менен бактылуумун.
- Азыр жаш акындарды көрүп жаткандырсыз, сиздин жаштарга болгон үмүтүңүз канчалык?
- Адабиятта көп жанр бар да, ошолордун ичинен азыр көбүнчө проза менен поэзия ээлеп жатат. Чоң жазуучулардан башка, жаштардан Б.Чотурова, Ж.Исабаева, Сагын Акматбекова дагы ушулардай көп таланттарды айтсак болот. Булардан үмүтүбүз чоң.
- Сиз бул жашоодо эмнеге өкүнөсүз?
- Албетте өкүнүчтөр болбой койбойт. Азыркы жашоонун татаалдап бараткандыгы, калемдештеримдин ич тардык менен мамиле жасашкандарына өкүнөм. Кыргыздарда ичкүйдүлүк бул оору болуп келет. Кыргызга кең пейилдүүлүк гана жарашат.
- Сиз баалаган адам?..
- Мен көбүнчө Ч.Айтматовго баа берем. Ал менден 3 жаш кичүү, бирок чыгармачылык деңгээлин менден жогору коём. Ушул (биз отурган бөлмөнү көрсөтүп) эки бөлмөнүн бирөөсүндө Чыңгыз бирөөндө мен турчумун. Анда квартира жетишпеген учур да. Ошентип 2 үйбүлө 3 жыл жашаганбыз. Ошондон баштап экөөбүз сыйлашып, достошуп калганбыз. Эң урматтаган адамым ушул, жакшы мамиледе болуп келе жатабыз.
- Маегибиздин соңунда элиңизге эмне айтаар элеңиз?
- Турмуштары оңолуп, бай болушсун, тынччылык болсун. Кубаныч көбүрөөк орун алсын, кыскасы жакшылык эле болсун.
- Сизге рахмат, оорубаңыз, кыргыз элинин сыймыгы болуп жүрө бериңиз!
Фарида Тукаева




Өмүр
Айтканымдын жоктур деймин төгүнү:
Адамдын бир болот жаны, өмүрү.
Ар өмүрдө болот өсүү, өнүгүү,
Болот толуу, болот кээде төгүлүү.

Көрүнгөнсүп бирде алтын, бирде жез,
Өмүр жылат бирде кашаң, бирде тез.
Көптү көргөн кары барктайт өмүрдү,
Көпкөн жигит өз өмүрүн иргебес.

Бир өмүрдө кездешпестер кездешет,
Беттешпеген нерселер да бетешет.
Ачуу, таттуу кээде жасап ымала,
Чектешпеген нерселер да четтешет.

Ар бир өмүр ажырабайт адамдан,
Ал жаралат ар шилтеген кадамдан.
Жоомарт жандан жоомарт өмүр жаралган,
Сараң өмүр чыгат нагыз сараңдан.
Канат менен Зарина
Арзып, самап махабатты таптыңар,
Анын таттуу, ачуу даамын таттыңар.
Табышмактуу тайкы жолдо, тар жолдо,
Татаал болду тагдырыңар, бактыңар.

Канат менен Зарина,
Экөөң кеттиң кайда учуп?
Жерди таштап, жанашып,
Жеттиңерби айга учуп?
Кейитпей да, сагынтпай,
Келсеңерчи кайра учуп.

Атагыңар тарап жаркын жаштарга,
Айландыңар экөөң ырга, дастанга.
Адал сүйүп, аруу сүйүп, ак сүйүп,
Сүйүү баркын көтөрдүңөр асманга.

Кош аккуудай бир-бириңе окшошуп,
Кошо жүрүп аздектешип, достошуп.
Аттиң, неге экөөң кайып болдуңар,
Ажарданган дүйнө менен коштошуп?




(Башталышы
өткөн сандарда)
Өзүнө бир керден жуурат куюп алып, Бөрүбай кайрадан кобурайт.
- Бүгүнчө ушуга каниет кылалык, карындашым. Баары бир этсиз жашоо кыйын.
- Айттым го, мен деле от жагып, сизге эт бышырып бергенди үйрөнөм, байке.
Кыздын жообуна ыраазы болгон Бөрүбай бул сапар үмүттөнө жалооруйт.
- Эми сен менин үйүмдөн такыр кетпе, Арзыгүл. Жалгызчылыктан ансыз да жададым. Менин коломтомдун куту бол…
- Андан кам санаба, байке. Мен сизди атайын издеп келдим. Кыздын сыпайыкерчилик кылбай шар айткан жообуна толкунданган жигит:
- Чын элеби? - деп, калдастай ордунан тура калат.
- Чын айтам, байке. Анан өзүмдүн да барар жерим жок.
Жигит эми айласы түгөнгөндөй муңканат. Кантсе да кыздын жообуна ишене албай жатса керек.
- Сага ыраазымын, Арзыгүл. Сага туш кылган теңирге ыраазымын…
- Экөөбүз бактылуу болобуз десеңиз, убадага бек туруңуз. Болбосо менин убалыма каласыз.
Бөрүбай кызга берген убадасын эстейт да:
- Түн жамынып көчөбүз. Ой-Кайыңда мен билбеген буйга жер жоктур,-деп ордунан туруп, үй чечүүгө киришет.
Табышмактуу сулуу кыз да үй ичиндеги эмеректерди таңуунун камын көрүп, түн ката эл көзүнө чалдыкпай көчүп кетишиптир алар.
Эмки сөз, балдарым, Арзыгүл менен Бөрүбайдын эрди-катын болуп чогуу жашап калгандыгы жөнүндө. Аябай сүйүндүңөр го. Жомоктун ушу эле жери силерге жага бербей калса мейли. Үйбүлөчүлүк дегенибиз, негизинен турмуш куруудан башталат. Ал тууралуу кеп салуунун эрөөнчүлүгү жок. Силердин ага кызыкканыңардын да жөнү бар. Канча миңдеген жылдан бери адам өмүрү эмне үчүн үзүлбөйт. Аял менен эркек затынын ошентип эрди-катын болгон жуп мамилеси гана өмүрдү улап келатпайбы…
Жайдын толуп турган кезинде Ой-Кайыңдын ичиндеги көз кумарыңды арбаган кооздукту сүрөттөп айтууга адамдын ой-кыялы жардылык кылар дечү атам. Ой-Кайыңды тегерете алкак-алкак тоолор курчап жатат деп башында айтпадымбы. Ал эми ошол алкак тоолордун этек четинде көк-жашыл боло булоолонгон бөксө тоолор эбегейсиз көп. Алардын кокту-колоттору сайын кызыл кайың менен жашыл карагайлар жыш өскөн: шилби, четин, долоно, жапалак арча, эчки тал, мажрүм тал жана табылгыга окшогон дарак аттуулар ал жерде сансыз. Улуу тоо жана анын ичиндеги жапалак арча, жашыл токой, шар аккан суу, мөлтүр булак, жаркын көл - бир эле өрөөндүн энчисине бүтүп; ээндикке, эркиндикке тунган мындай кооз жерден нечен түрлүү жапайы аңы, канаттуулары аралаш өссө - бул керемет эмей эмне? Касиеттүү Ой-Кайыңда аркар, кулжа, кийиги койдой жайылса, кыраан бүркүтү менен улары улуу тоонун көркү. Билип алгыла, деги эле Ой-Кайың каркыра-турна менен тоодактын, аңырдын мекени. Ал жерде суу бойлой учуп-конгон кичинекей сарала чымчык бар. Ал эртели-кеч "эжеке, бээ саа", "эжеке, бээ саа" деп жаны тынбай сайрай берет. Ошондуктан чымчыктын аты да "эжеке, бээ саа". Демек, Ой-Кайың бүт бойдон жомок сыяктуу ажайып кооз жай болсо, Бөрүбай менен Арзыгүл көчүп келишкен Аңыр-Көлдүн жакасы өзүнчө эле бейиш экен дейт.
Айгыр-Жал деген ноочонун как ортосунда кал сыяктуу уюган Аңыр-Көлгө адам буту оңой менен басчу эмес. Көлдүн төрт тарабы аска-зоо экен. Анын күн чыгыш жагындагы тар кыянын башы Кекилик-Ашуу. Ошол Кекилик-Ашуу аркылуу гана Аңыр-Көлгө ашып түшөөрүн билишсе да, көлдүн ээси бар, ал алтымыш кулач ажыдаар деп түшүнгөн ырымчыл эл ал жерге караманча каттаганын коюшса керек. Жер кезип, кыр кезип күлү бир жерге додо болбогон Бөрүбай ал жердин шартын эң жакшы билгендиктен көчүп келген. Анын үстүнө көлдүн тегерегине айыл конуп, кой жаюуга тар болгондуктан, ээн жата берген окшойт. Көл үстүндө өрдөк-чүрөк канчалык көп болсо, аңыры андан да көп экен. Жердин Аңыр-Көл аталышы да ошондон болсо керек. Тегерегине өлөң чөп, тулаң чөп, ат кулак, жөргөмүшкө окшогон чөптөрү, жыш өскөн музоо көзүндөй моймолжуган кичинекей көлдүн четтериндеги карагайлар кадимки эле каректин четиндеги кирпикке окшоп типтик өсүп турганына таң калган Бөрүбай бул кооздукка суктануудан не бир тажабай, Арзыгүл жарына болгон махабаты күндөн -күнгө артып, карабашыл адамдагы бактылуулук дегенди ошо жолу гана түшүнөт. Ал чөлкөмдөгү кожогат, карагат, уу шилекей дегендин молдугун айтпа. Кожогат бышкан кезде, аны аралап эле кеткен жан шүүшүнгө жуунгандай кыпкызыл болуп чыкчу тура. Дагы айтам, балдарым, аңыры аңкылдап көл жакалай учса, күн-түн дебей булбулу тынбай сайраган, күкүгү таңшыган бул жерди кантип бейишке салыштырбайт Бөрүбай. Аскадан ылдый кулаган шаркыратманын боюндагы самын таштардын биринен-бирине секирип ойной, жанагы мен айткан кичинекей сарала чымчык "эжеке, бээ саа, эжеке, бээ саа!" деп эртели кеч тынбай сайрап жатса, Арзыгүл аны менен өзүнчө сүйлөшө кетет: "Бээбиз жок болсо кантели, мынакей уй саап жатам". Анда келинчегине өзүнчө жалооруйт, ага жалынгандан арданбай: "Бээлүү да болобуз, бээ да саайсың"-деп бооруна бек кыса, өз бактысына бир туруп өзү ишенбей кетчү экен бечара жигит! Аруу жер экен, бейиш жер экен Аңыр-Көл. Эртең менен күн нуру чачыраганда Ой-Кайыңдын ичи түтөгөндөй көгүш булоо асманга көтөрүлүп, чалкайган көк асман алдында аскар тоо чокулары бүлбүлдөй, бирде кылайып, андан ары дүйнөнүн чеги бүткөнсүп, төшү түктүү кара жердин уюлу, борбору ушу деп өзүнчө ой жоруган Бөрүбай канчалык үй-оокатка, сырткы иштерге алаксыйын десе да келинчеги Арзыгүлдүн жанынан алыс кете албай имерчиктей берет. Буларды айтып отурганымдын себеби, дүйнөдө мына ушундай аруу жерде, ээн жерде ал экөөнүкүндөй эркин, элирген махабат сейрек учурайт. Жалпы адамзат өмүрү чексиз дейбиз. Андай болсо, анда адам өмүрү эч качан үзүлбөсө, табият махабаттын нечен бир сонун түрлөрүнө күбө болоору анык. Ал эми Ой-Кайыңга окшош ажайган жаркын жер дүйнө жүзүндө өтө аздыр. Азырынча кайран жерибиз илгеркисиндей, ата-бабаларыбыз мекендеген кезиндей эле жапжаш жана жашыл бойдон жатат дей










??.??