presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№16, 21.05.08-ж.
  Саламат плюс

Пластикалык хирургия кыргызстанда
4 багыт боюнча жасалган хирургиялык операциялар
1. Пластикалык, косметикалык операциялар. Буларга: көзгө сурма салуу; бетти тарттыруу; кулакка, мурунга операция жасоо жана аялдардын төшүнө, эркектердин жыныс мүчөсүнө жасалган операциялар кирет.
2. Реконструктивдүү (калыбына келтирүүчү) операциялар. Кээ бирөөнүн колу-буту же колу-буттарынын манжалары иштебей калат. Айрымдары тарамыш, нервдерин кесип алышып, убагында тийиштүү жардам көрсөтүлбөй жүргөн болот. Мына ушундай учурларда биз калыбына келтирүүчү операциялар аркылуу жардам көргөзө алабыз.
3. Ылдам жасалчу операциялар. Биздин бөлүм республика боюнча ар кандай кырсыктардан улам жабыркаган адамдарга күнү-түнү тез жардам көргөзөт. Мисалы, колун чаап же станокко алдырып алган учурларда, нерв кан-тамырларын кесип алганда жасалчу операциялар.
4. Күйгөндөн кийинки реконструктивдүү операциялар; күйүктөн кийинки калган тырыктарды пластикалык жол менен оңдоп түзөө.

Аялдардын төшүн чоңойтуу же кичирейтүү
Учурда мындай операцияны биздин бөлүмдө жасаса болот. Аялдардын төшүнө имплатант салуу - бул өтө татаал операциялардын бири. Мындай операцияны дасыккан гана адис дарыгерлер жасоосу зарыл. Анан алардан өтө кылдаттык талап кылынат. Операцияга бараардан мурда айымдар биринчиден психологиялык жактан даяр болуп, өздөрүнүн каалоолору жогору болуусу зарыл. Дарыгерлер аларды эч качан мажбурлабайт. Экинчиден, алар алдын-ала медициналык текшерүүдөн өтүүлөрү абзел. Имплатанттарды болсо операция жасатам деген айымдар өздөрү заказ кылып алдырышат. Негизинен аялдардын төштөрүнө салынчу имплатанттар бизге Россиядан жана Европа өлкөлөрүнөн алынып келинет. Алардын баасы сапаттарына жараша 300-1000долларга чейин. Операция убактысы 1-2 саатка созулат. Операция аяктап, наркоз тараганда операция жасалган жер аябай катуу оорутат. Анан акырындык менен сакайып отуруп, жарым жыл ичинде толук натыйжаны көрүүгө болот. Операция кылдырам деген айым мына ушунун баарына кайыл болуп, даяр туруусу керек. Операция жасалган соң, айымдар дарыгер айткан эрежелерди толук сактоолору зарыл. Эгер операция ийгиликтүү өтсө- бул операциядан айымдар эч качан жабыр тартышпайт.
Кыргыздын менталитетинен уламбы же айымдарыбыз уялышабы, айтор, бул тармактагы операциялар азырынча аз. Бир айда 1-2 гана операция жасалат. Учурда көбүнчө казакстандык айымдар келишүүдө.

Бетти тарттыруу
Бетти тарттыруунун 3 түрү бар.
1. Жогору жагынан
2. Ылдый жагынан
3. Экөө кошулуп тартылат
Операциянын мындай түрүн бетиндеги бырышты кетирип, жашарабыз деген айымдар жасатышат. Бетти тарттырууда айымдар 10 жылга жаш көрүнө алышат. Төштү чоңойткон сыяктуу эле операцияны жасатаардан мурда алдын-ала медициналык текшерүүдөн өтүүлөрү зарыл. Бул операциянын да тобокели чоң. Анткени беттеги жайгашкан нерв системаларынын түзүлүшү татаал келет. Кокусунан ал нервдердин бир эле бутагына бычак тийип жабыркаса, кайра аны калыбына келтирүү өтө оор. Натыйжада, адамдын көзү ирмелбей, оозу жабылбай же ачылбай, бети кыйшайып калышы мүмкүн. Кудайга шүгүр, биздин бөлүм мындай каталарды кетире элек жана кетирбей эле койсун.Колубуздан келишинче кылдаттык менен жасаганга аракет кылып келебиз.
Операцияга жогорку сапаттагы жиптер колдонулушу абзел. Андыктан биз дайыма "Этикон", "Шарпоинт" сыяктуу чет өлкөлүк фирмалардын жиптерин колдонобуз. Азыр бул тармак боюнча биздин бөлүмдө айына 2-3 айым бетин тарттырат. Ал эми операциянын толук натыйжасы 5-6 айда билинет.

Жекече клиникалар
Өзүңүздөр күбө болгондой борбор шаарыбызда пластикалык хирургия боюнча иштешкен жекече клиникалар арбын. Мындай клиникаларда эмгектенип жатышкан адис хирургдардын көбү чындыгында биздин бөлүмдө иштеп кетишкен. Бир жагынан турмуш шарты себепчи болсо, экинчи жагынан көп жылдан берки иштеген өз тажрыйбаларына таянышып, өз алдынча иштеп кетишээрине толук көздөрү жеткен соң гана минтип жекече клиникаларды ачышууда.

Улуттук Госпиталдын пластикалык, реконструктивдик микрохирургия жана манжа хирургиясы бөлүмү 1985-жылы ачылып, элге медициналык тейлөө көргөзө баштаган. Учурда бул бөлүмдү дүйнөгө аты таанымал, медицина илимдеринин доктору, профессор Мусса Матеев жетектейт.
Дареги: Тоголок Молдо көчөсү 1, Улуттук Госпитал Пластикалык, реконструктивдик микрохирургия жана манжа хирургиясы бөлүмү:
Тел: 66-06-19, Моб: 0772 51-44-30

Айта кетүүчү жагдай бөлүм башчыбыз Мусса Аспекович жакында эле Индия жергесине сапар тартып, ал жерде өткөн Бүткүл дүйнөлүк пластикалык хирургдардын конгрессинде өзүнүн ойлоп тапкан жаңы ыкмасы менен көрсөтмө операциясын жасап, лекция окуп келди.

Көзгө сурма салуу
Учурда бул тармак боюнча бизге кайрылышкан жаш кыздар жана айымдардын саны өтө көп. Бул операция жергиликтүү анестезия аркылуу 1 сааттын ичинде кылынат. Операция бүткөн соң болгону 40-45 мүнөт көзгө муз басылат. Андан кийин үйлөрүнө кете беришет. 3 күндөн кийин жиптер алынып салынат. Ал эми толук натыйжасы 2-3 айда көрүнүп калат. Менимче, бул операциядан жакшы жагын гана көрсө болот. Канчалаган кыздар көздөрүндө сурма жок, өздөрүн ынгайсыз сезишип, өздөрүнө нааразы. Ал эми аталган операциядан соң көздөргө кадимкидей сурма түшүп, ал тургай көз караш да мурункусунан жагымдуураак болуп калат.Азыр мындай операцияны бизде күнүнө 2-3 адам жасатат. Операция жолу менен жасалган көздөгү сурма жок болуп кетпейт жана эч кандай ден-соолукка зыяны жок.


Эркектердин жыныс мүчөлөрүн узартуу
Жыныс мүчөсүнө операция жасатчу эркек баарынан мурда башка жыныстык оорулар же инфекциялар менен жабыркабаган болуусу күтүлөт. Эгер эркек простатит, уретрит жана башка жыныстык оорулар же жыныстык инфекциялар менен ооруган болсо, операциянын натыйжалуулугу аз болот. Эркектин жыныс мүчөсүн микрохирургиялык операция жолу менен 3-4 см узартып, потенциясын арттырууга болот.

Ден соолук!!!
Рак, онкология, миома, жүрөк, кан тамыр, инфаркт, инсульт, ашказан жарасы, гастрит, гепатит, бруцелез, остеохондроз, полиартрит, радикулит, кант диабети, геморрой, тукумсуздук, тери оорулары, анемия, импотенция, гипертония
Тибет ден-соолукту чыңдоо медицинасы мына ушул оорулардан айыгууну сунуш кылат. Стабилдүү жыйынтык! Дарыгер дайындоосу жана кеңеши акысыз!
Тел: 0773 63-48-43, 0555 67-14-18










??.??





??.??