presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№16, 21.05.08-ж.
  Билгениң оң

"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

76- 80- серияларында…
Виктория Ярославга болгон чындыкты айтып, Асянын байлыгы үчүн үйлөнүү тоюн уюштурганын мойнуна алат. Апасынан кече албаган Ярик анын болгон күнөөсүн кечирүүгө аргасыз болот. Асянын түйшүгүн жеңилдетүүнүн чарасын көргөн Ваня Светик менен мушташканда канга булганган көйнөгүн тергөөчүгө көрсөтөт. Иштин чоо-жайын билүү үчүн тергөөчү булганган көйнөктү экспертизага өткөзүп, Иванды үйүнө коё берет.
Бул учурда Ася адвокатка тергөөчү ага Светиктен алган сүрөттөрүн көрсөткөнүн айтып берсе, Ольга тергөөчүгө жаш кызга психикалык жактан кысым көрсөткөнүн айтып, күнөөлөйт. Дайын - оту менен жоголгон Тамараны издетиш үчүн Вальдемар Степанды бошотот. Раиса менен коштошуп ал жолуна түшөт. Тергөөчү экспертизадан көйнөктөгү кан менен Ярославдын канынын тобу дал келгенин билет.
Өз күйөөсүнүн актыгын далилдегенге эки көзү төрт болгон Галина тергөөчүгө келип, ал түнү Иван экөө чогуу болгонун айтып ишендирүүнүн аракетин кылса, Алена Галинага паракорлук жолу менен иш кылуусуна кеңеш берет.
Тергөөчү жардамчысы экөө Ася эмес Иван өлтүрүшү мүмкүн деп болжолдошкону менен Асяны абактан чыгаруудан баш тартат.
Викторияга келген Мальковцевге күйөөсүн өз колу менен эч качан өлтүрбөсүн айтып, үйүнөн кууп чыгат, баласына үйүндөгү болуп өткөн окуяны айтып берсе, ал дароо Мальковцевге барып, байкесинин өлүмүнө шектүү деп эсептеп жатканын ачык айтат.
Ярик Саша менен жолугуп ошол түнү эмне окуя болуп өткөнүн айтып берүүсүн суранса, эч нерсе түшүнбөгөн Саша "Светикти" баарына сен күнөөлүүсүң деп болгон айыптын баарын мойнуна жүктөйт. Доктур Викторияга Павел кайсыл учурда болбосун көз жумаарын айтып, көңүлүн түшүрөт. Галинанын акчасынан баш тарткан тергөөчү аны жылуу сөздөрү менен эшикке узатып коёт. Өз ишин мыкты билген Ольга Асяны бошотуусун талап кылып өз мүдөөсүнө жетет. Эркиндикке чыккан Ася анын ордуна Иван отурганын билет. Кепке-сөзгө келбеген Ася менен Ярик сүйлөшө албай бир топ убара болсо, тергөөчүгө келип Иван менен жолугуштуруусун суранат. Жини кайнаган Ваня Ярикке атырылып, кол көтөргөнгө чейин барганы үчүн жанына бир адамды кошуп отургузушат.
Инисинин эмнеге карыз алганын, алган акчасын казиного ойноп уттурганын Вениктин оозунан уккан Ярик эми өз алдынча изилдөө жүргүзгөнгө бел байлайт.
Зергер менен жолуккан Петр Аркадьевич фибуланын экинчи түгөйүн көрөт.
Аштан чыккан томуктай болгон циркке кайтып келсе, Галина аны киши өлтүргүчсүң деген жалаа коёт. Уулуна сарсанаа болгон Вика эми эмне болот деп санаага батат. Петр Аркадьевич Малковцевдин кеңсесине зергер менен чогуу кирип бара жаткан жеринен Ярик аларды сүрөткө тартып алганга үлгүрөт.
Кийинки жумада боло турган серияларын алдын ала "Обон" гезитинен гана окуй аласыз.
Даярдаган
Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Кактуска айланган кыз
Гүл короосунда суу куюп жаткан кыз, капысынан кактус гүлүнө чалынып гүлдүн, бир нече ийнечелерин колуна киргизип алат. Эки күн өткөнчө колго кирген тикенге маани деле бербептир. Күн өткөн сайын гүлдүн тикендери колуна жаңыра өнө баштаганынан кыз өзү жашаган аймактагы дарыгерге кайрылат да ийнечелерди пинсеттин жардамы менен тердирип салат. Арадан бир ай өткөндө экинчи колуна да тегиз кактустун ийнечелеринин тараганын көрүп, чочулайт. Дарыгерлерге кайрылганда алар: "Мындай нерсе дүйнөгө белгисиз экенин айтышып, кыздын денесиндеги клеткасы менен өсүмдүктүн клеткасынан кандайдыр бир окшоштугун табышкан. Алар денеге тараган тикенчелерден убактылуу арылтканы менен анын эмнеден улам пайда болгонун далилдей алышпаган. Кийин дарыгерлердин кызга жасаган атайын операциясы майнапсыз болуп, төрт жылдан кийин бүтүндөй денесине кактустун тикенчелери тарап, ар бир үч күндө денеден 70 тикен териле турган болсо, кийинки үч күндө 100 болуп көбөйүп, мунун натыйжасы клеткалардын өлүмүнө дуушарлантат. Аталган кызды тикенден биротоло айыктырып алуу үчүн Армения, Франциянын мыкты медиктерине кайрылып көрүшкөндө муну: "хирургиялык эмес микробиологиялык мүнөзүнүн жана клеткалардын төп келүүсүнөн улам пайда болгон" -деген жыйынтык чыгарышкан. Кадимки кактуска айланып бараткан бул бийкеч азыркы күндө да тирүү, бирок акыбалы өтө оор. Ал таң аткандан күн батканга чейин жаткан ордунан турбайт жана эч кимди көргүсү келбейт.

Бактылуу болуш үчүн эмне кылуу керек?
Гарвард университетинин психологу Дэн Гилберттин айтымында адам заманбап, эч нерсеге муктаж болбогон жашоодо жашабаса өзүн эч качан бактылуу сезбейт. Ал эми көптөгөн окумуштуулардын - "Адам кайсыл учурда өзүн бактылуу сезет?"- деген суроолорун чогултуп, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарат. Эгерде адамга толук эркиндик менен өз каалоосун бүт жасай ала турган мүмкүнчүлүгү канчалык көп болсо ал ошончолук бактысыз. Анткени өзү тойсо да көзү тойбогон адам баласы колунда барга каниет кылбай, андан да көпкө умтулуп жүрүп жашоонун кызыгын сезбей өмүрү текке кетет экен. Ал эми адам барына азыр, жогуна кайыл болуп жашаганда, жана "мен бактылуумун" деген сөздү күнүгө кайталап турса, психологиясына оң таасир тийгизип, жыйынтык берет.

Дүйнө жүзүндөгү эң чоң дарбыз
Лузинадагы Систранктардын үйбүлөсү жайы менен кылган эмгегинин акыбети кайтып, дүйнө жүзүндөгү эң чоң дарбызды өстүрүшкөн. Салмагы 114, 5 кг, ал эми узундугу 95 см ден ашкан бул өсүмдүктү сабагынан үзөөрү менен салтанаттуу түрдө айылындагы жашоочуларды чогултуп Систранктардын үйбүлөсү коноктошкон. 1476 күн өскөн бул дарбыздын уругун алар ири өлчөмдөгү акчага сатып алышкан. Эске салсак бул үйбүлө 2005-жылы да 122 килограмм салмактагы дарбызды өстүрүп калктын көңүлүн өзүнө бурган.

Ийненин тарыхы
Көзгө илинбегени менен тиричиликте чоң роль ойногон бул буюм 20 миң жыл мурун пайда болгон. Эң биринчи жаныбарлардын сөөгүнөн, мүйүзүнөн жасалган ийнелер Батыш Европада жана Орто Азияда 17 миң жыл мурун табылган. Африкалыктар ийнени пальма өсүмдүгүнөн жасашчу. Ал эми механизациянын жардамы менен 1785-жылы Англияда чыгарышкан.

А. Дүйшөналиева




  Пайдалуу кеңештер

Бөрү карагат
Элдик медицинада бөрү карагаттын сабагы менен тамырынын кыртышын кызыл жүгүрүккө, өттө таш пайда болгондо, сарыкка жана боор оорусуна карата колдонсоңуз болот. Мөмөсү заара жолдорунан өттөгү ташты айдайт жана он эки эли ичеги оорусуна, геморройго, ич өткөккө С витамининин жетишсиздигине карата да колдонсоңуз өтө пайдалуу. Бөрү карагаттын жалбырактары да баалуу, анткени, анын тундурмасын өт жолдорунун , өт баштыкчасынын сезгенүүсүнө колдонсоңуз оңтойлуу. Аталган өсүмдүктү пайдаланууңузда 5-6 күндө абалыңыздын жакшырганын баамдайсыз.

Кант кызылчасы
Кызылчанын канттуулугу 20-25 пайызды түзөт. Минералдык туздардан магний, кальций, темир, иоддор жана фолит кислотасы бир нече витаминдер, пигменттер жана майлар бар. Элдик медицинада кан басымы жогорулаганда пайдаланып келишет. Андан сырткары шишиген жериңизге жалбырагы менен азык болуучу тамырын майдалап бассаңыз шишигиңиз таркайт. Аз кандуулуктан арылгыңыз келсе кызылчаны кара түрп менен сабиздин ширесине аралаштырып, бир аш кашык менен үч маал ичсеңиз жүрөктүн иштөө системасын жакшыртат.

Ит уйгак
Элдик медицинада баштын канаганы күчөп, териси ириңдеп кетсе, жара же денедеги ар кандай кычышчаак темгилдердин пайда болуусуна каршы ит уйгак сунуш кылынат. Ал үчүн ит уйгактын 4 аш кашык майдаланган чөбүнө 1 литр кайнак суу куюп 15 мүнөт демдеп коюңуз. Андан сырткары 45 мүнөт муздатып таза марли менен сүзүп, стакандын бирден төрт бөлүгүн 3-4 маал ичүүңүз кажет. Орто Азия элдик медицинасында ит уйгактын чайын жылан, кара курт чакканда ууланууга каршы колдонушат.

Гилас
Гиласты заара жолдорунда таш пайда болгонун баамдасаңыз аталган өсүмдүктүн сабактары менен мөмөсүн атайын дарылыкка колдонуңуз. Мөмөсүнүн сабагында органикалык кислоталар көп. Ага долононун кабыгын, четиндин мөмөсүн жана чалкандын жалбырагын кошосуз. Бул аралашмадан эки аш кашык алып, анын үстүнө 2 стакан суу куюп, түнү бою печка ичинде демдеп, андан соң 10-15 мүнөт кайнатыңыз. Таза марлиге сүзүлгөндөн кийин 2 ге бөлүп төрт маал ичесиз.

Баклажан
Баклажандагы өзгөчө дарылыгы бар заттардан солонин М болуп эсептелинет же болбосо муну мелонгена деп атап да коюшат. Бул зат жемиш жетилгенде топтолот. Баклажанды жеп жүрсөңүз кандагы холестериндин саны 50 пайызга чейин азаят. Ошондой эле баклажан жүрөктүн иштешин жакшыртат. Эгер жашыңыз улгайып калса баклажандан жеп жүрүү өтө пайдалуу экенин эсиңизден чыгарбаңыз.

Даярдаган
Чынара Абдраева










??.??