presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№18, 03.06.08-ж.
  Кумир менен баарлашуу

Күнүнө бир кыз менен таанышам…

"Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабыздын бүгүнкү коногу репертуарындагы "Ал менин махабатым", "Сезим", "Нарындык периштем", "Махабатым" деген ырлары менен жумурай журтка таанымал болуп калган ырчы Акбар Сүйүнбаев болуп, күйөрмандары менен чер жазышып маектешип алды окшойт.

Акбары, 23 жашта:
- Акбар саламатсыңбы, сени менен жакындан баарлашып отурганыма абдан кубанычтамын. Сен кыргыздын келечектеги мыкты эр - азаматтарынын бирисиң. Мен сенин талантыңды баалайм.
- Рахмат Акбары, мен да силердей болгон күйөрмандарым менен сыймыктанам.
- Сенин ысымың менен менин атым уйкаш экен. Андыктан атыңды ким койгон?
- Менин атымды белгилүү акын Акбар Рыскулов койгон. Мен төрөлгөндө атам мага ат койгонду унутуп калып эле достору менен майлап жүрө бериптир. (Күлүп) Ошол күндөрдүн биринде атам иштеген лицейге жогору жактан текшерүү келип, комиссиялардын арасында белгилүү акын Акбар Рыскулов агабыз да бар экен. Атам ага жолугуп: "Балалуу болдум эле, атын сиз коюп бересизби" десе, ал киши "чоңойгондо мендей белгилүү адам болсун" деп мага өз атын ыйгарыптыр. Ошондо Чыңгыз Айтматовдун бир китебине "Акбар агасынан, Акбар инисине" деп автограф жазып берген. Ал китеп менде азыркы күнгө чейин сакталуу.
- Сенин чыгармачылыгың боюнча билгим келет. Эмне себептен продюсериң жок?
- Башынан эле өз тушоомду өзүм кесип, эл алдына чыктым. Ыр дүйнөсүнүн ысык-суугу менен жаштайымдан алектенип жүргөндүктөн продюсер жасаган жумуш өзүмдүн да колуман келет. Ошон үчүн мен продюсердин көмөгүнө муктаж эмесмин.
Наргиза, 22 жашта:
- Акбар, сага чыгармачылык эргүү каалайм. Ар дайым жүзүңдөн жылмаюу кетпей, жумурай-журтту шаңга бөлөп жүрө беришиңе тилектешмин.
- Рахмат Наргиза. - Бул жашоодо эмнени ыйык тутасың, турмушта эмнеден коркосуң жана өкүнөсүң?
- Биринчи сурооңо жооп бере турган болсом, жашоодогу ыйык тутканым мени жарыктыкка алып келген ата-энем. Алардын тарбиялоодогу чеккен азаптарын эч нерсеге салыштыра албайм. Анан албетте Кудайды ыйык тутам. Өзүмдүн чөйрөмдө аралашып жүргөн эки жүздүү, өзгөрүлмө адамдардан корком. Ошон үчүн айтылып калса керек элибизде, "өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" деп. Жаныңда жүргөн өзгөрүлмө адамга жашыруун сырыңды айтсаң көпчүлүккө ашкере кылганы жаман да. Ал эми өкүнгөнүм, алды-артын карабай зымырыктап мезгилдин тез учканы.
- Достукту кандай түшүнөсүң?
- Билгенге же кадырыңа жеткенге дос, баарынан кымбат. "Өздөн көрө жат жакшы" деген накыл сөз бар эмеспи, жаман туугандан жакшы достун кадыры артык болгон учурлар далай кездешет эмеспи. Ошондуктан "Жүз сомуң болгончо, жүз досуң болсун" деген кеп чыккан да, мен досторго өтө баймын. Аларды санасам сан жетпейт.
- Күйөрманыңдан кызыктуу белек алдың беле?
- Ырас, күйөрмандарымдан ар кандай белектерди көп эле жолу алгам. Алардан өзгөчөлөнүп эсимде калганы Токтогулда жүргөндө Назгүл деген күйөрман кыздан 24 метрлик кат алгам. Менин көңүлүмө жакканы мында өзүм эске албаган балалык чагымдан тарта ар бир арыштуу кадамдарыма чейинки кызыктуу маалыматтарды жазганы болду. Ушул маалымат боюнча өзүм жөнүндө китеп жазса деле болчудай…
Нуржамал,18 жашта:
- Гүл экөөңүздөрдү кыз-жигит дешет, бул сөз ушак эмеспи?
- "Калк айтса калп айтпайт" эмеспи. Бул сөздүн да канчалык бир деңгээлде чындыгы бар. Чынында Гүл экөөбүз группалашпыз жана жакын достордонбуз. Сиз айткан Гүл экөөбүздүн жакындыгыбыз ушундан улам айтылса керек. Кошумчалай кетсем менин арзуум Гүлгө эмес, анын курбусуна арналган. Анын жанына барганымда сүрдөгөнүмдөн, сүйлөөр сөзүмдү таппай, жер тиктеп калчумун. Сүйүүнүн күчүн, кереметтигин ошондо сезгем. Учурда ал кыз турмушка чыгып кеткен. Жүрөгүм азырынча бош.
- Сиз мурун намаз окучусуз, азыр да окуйсузбу?
- Менин жалкоолугумданбы же болбосо жумушумдун көптүгүнөнбү азыр намаз окубайм. Бирок, эртедир-кечтир окуу дилимде бар.
- Анда көөп кеткен экенсиз да?..
- Бул жоругумду көпкөндөй эмес көр тириликтин майда бирок, маанилүү иштердин кызыкчылыгынан го деп ойлойм.
- Бош учуруңузда эмне иш жасайсыз?
- Кээде киши өлтүрүп коём (тамашалап), кадимки эл аткарган иштерди аткарам. Андан сырткары чыгармачылык изденүү менен алектенем.
- Чыгармачылыктан сырткары жеке турмушуңуз жөнүндө айта кетсеңиз?
- "Заманың бөрү болсо бөрү, жору болсо жору бол" дейт эмеспи, мен да эл катары соода иштери менен алектенип келем.

Айжамал, 21 жашта:
- Акбар, эмне себептен башка ырчылар сыяктуу көлгө гастролдоп барбайсың?
- Жашоодо өйдө-төмөн түрдүү кырдаалдар болуп турат го. Кээде чыгармачылыктан алыстоо, кээде чыгармачыл инсан катары сүңгүп кирүүгө туура келет. Көлгө гастролдоо албетте, оюмда бар Кудай жалгаса быйыл көлгө баруу планымда бар.
- Мен көлдүн кызы болом, гастролдоп барып калсаң конокко чакырсам барасыңбы?
- Эч кимдин көңүлүн калтырган эмесмин, чакырылган жерден калбаймын. Эгер дарегиңизди таштасаңыз сыйлуу коногуңуз болуп, колумдан келишинче маанайыңызды көтөрүүгө аракет кылам. Азырынча сиз күткөн учур келе берсин деп туралы.
- Студенттик жылдарыңды жатаканада өткөргөн экенсиң, эсте калган кызыктуу учурлардан айта кетсең?
- Биз Султан, Мирбек үчөөбүз чогуу жашадык. Бөлмөбүздөн кыздар такыр үзүлчү эмес. Кийинки күндөрү вахтёршалар да тажап бүтүштү. Анда мен студсовет болуп, досторума келген кыздарды киргизбөөнү моюнга алдым. Кийинки күндөрү Султан менен Мирбекке келген кыздарды, "карындашым болот" деген шылтоо менен киргизип, алардан акча алчумун. Ал күндөрдө чиркейден пил жасап, лапшаны кулакка илчүбүз да…
- Качан бойдокчулукка чекит коёюн деп турасың?
- Ушул маселеде өзүм да баш катырып, үйлөнөйүн деген чечимге келгем. Бирок, бул оюм ордунан чыкпай калды. Айылдан апам келип "үйлөнбөй коё тур!" деген сунушун айтты. Ата-эне өз баласына эч качан жамандык каалабайт да, энемдин сөзүн эки кылбай айтканына ынанып, макул болдум.

Гүлмира, 23 жашта:

- Сахнада эл көзүнчө ыңгайсыз калган учурдан бир көз ирмем айтып өтсөң?
- Ыңгайсыз калган учурлар сахна адамдарында көп эле учурайт эмеспи. Эсимде, жакында Сокулукта Ильяздын концертине барып, мага кезек жеткенче башымдын ооруганы күчөп чыкты. Башымды мыкчып олтурсам: "Ал менин махабатым" сахнада Акбар Сүйүнбаев деп чакырып калды. Уят өлүмдөн катуу деген сөздү туу тутуп сахнада ырдап жаттым. Ушундайда убакыттын узундугу ай, температурам көтөрүлүп, башымдын ооруганы күчөп чыкса болобу. Биринчи куплетти кайырмасы менен ырдап бүттүм экен деп бийлеп жатсам, экинчи куплет башталып, ырдалып жатат. Аны да жакшы да укпайм десең. Тыңдап көрсөм, ырас эле араң экинчи куплети ырдалып жатыптыр. Ошондо, өзүмдү ыңгайсыз сезгенимден заматта баш оорум да басыла түштү.
- Өзүңө жаккан жана жакпаган сапаттарың?
- Жакшы сапаттарымдын бири кыздар мен бат тил табышып кеткеним. Жок эле дегенде күнүнө бир кыз менен таанышуу менин адатым. А бүгүн болсо беш кыз менен таанышып жатпаймынбы. Бийкечтер менен сүйлөшө билүү да өзүнчө эргүү жаратат. Кемчиликсиз адам бул жашоодо чанда гана жаралса керек. Өзүмө жакпаган сапатым ашыкча эле ак көңүлмүн, ишенчээкмин. Мунун айынан көп эле азап чегем.

Уюштурган
Чынара Абдраева,
Мээрим Сатарова










??.??